Excerpt for Мээрим Желаргысы by Osman Nuri Topbas, available in its entirety at Smashwords

Мээрим Пайгамбарынан

МЭЭРИМ ЖЕЛАРГЫСЫ

Осман Нури Топбаш


Published by Erkam Publications at Smashwords

Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas

Smashwords Edition, License Notes

All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying, recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.

E-mail: english@islamicpublishing.net

Web site: http://www.islamicpublishing.net

МАЗМУНУ

Урматтуу окурмандарга...

КИРИШ СӨЗ

Урматтуу окурман!

ААЛАМ СЫЙМЫГЫ АЗИРЕТИ МУХАММЕДДИН (саллалоху алейхи ва саллам)

ДҮЙНӨБҮЗДҮ ӨЗГӨЧӨ МАРТАБАГА ЖЕТКИЗГЕНИ

АЗИРЕТИ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН

ҮЛГҮЛҮҮ АДЕП-АХЛАГЫ ЖАНА БАШКА ПАЙГАМБАРЛАР АРАСЫНДАГЫ ОРДУ

Мээрим Пайгамбарынын адамдык сапаттарынын мушриктер тарабынан тастыкталышы

МЭЭРИМ ПАЙГАМБАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНӨН ҮЛГҮЛӨР

Мээрим Пайгамбарынын такыбалыгы жана напсисин аруулоосу

Мээрим Пайгамбарынын кичипейилдиги

Мээрим Пайгамбарынын Hазиктиги, Mээрими жана Kамкордугу

Мээрим Пайгамбарынын Aдамдарга Болгон Mамилеси

Мээрим Пайгамбарынын Жардыларга Болгон Cыпаалыгы

Мээрим Пайгамбарынын Аялдарга Болгон Мамилеси

Мээрим Пайгамбарынын Айбанатка Болгон Мамилеси

Мээрим Пайгамбарынын Жетимдерге Мамилеси

Мээрим Пайгамбарынын Kоңшу Aкысы Боюнча Cунуштары

Мээрим Пайгамбарынын Душмандарына жана Каапырларга Кылган Мамилеси

Мээрим Пайгамбарынын кечиримдүүлүгү

Мээрим Пайгамбарынын Жоомарттыгы

Сахабаларынын Жоомарттыгы

Мээрим Пайгамбарынын Чынчылдыгы, Тууралыгы жана Дурустугу

Мээрим Пайгамбарынын Уяты

Мээрим Пайгамбарынын Aдамдарга Жакшылык Каалоосундагы Өзгөчөлүгү

Мээрим Пайгамбарынын Оопасы

КАСИЕТТІІ ХИЛЙЕ

Бийик Адеп-Ахлагы жана Мамилесинин Кээ Бирлери

Теңдешсиз Эр Жүрөктүүлүгү жана Баатырдыгы

УЛУУ СҮЙҮҮСҮНӨ ЫШКЫЛУУ СӨЗДӨР

КОРУТУНДУ

МЭЭРИМ ПАЙГАМБАРЫНЫН КУРАН МУУЖИЗАЛАРЫ

Чечендиги жана Стили

Стилдик өзгөчөлүктөрү

II) Куран Керимдин Адамзаттык Кийлигишүүлөрдөн Аруу Болушу

Вахийдин Азирети Пайгамбарды Эскертүүсү

Вахийдин Туюк Келүүсү

III) Кайыптан Кабар Берүүсү

IV)Илимий Ачылыштар Тууралуу Кабар Берүү

Биология

Дактилоскопия

Дерматология

Сүттүн пайда болушу

Эне сүтү

Астрономия

Ботаника

Геология

Физика

Генетика

Гигиена

Урматтуу окурмандарга...

Улуу Пайгамбарыбыз тууралуу бул китептин мазмунун бүгүнкү күндүн окурмандары толук түшүнө тургандай жөнөкөйлөштүрүп которууга аракеттендик. Албетте, албан жыл бою атеист болуп, тарыхын танып, Теңирдикн унутуп бараткан калкыбыздын көзүн ачып, көңүлүн тазартууда бул китептин агартуучулук кадыр-баркы зор болоруна ишеним бар. Бул китеп – тарыхый шартка байланыштуу дин жагынан бир топ мүчүлүштүктөргө учураган элибиздин аалам дүйнө жөнүндө акылын, ишенимин арттырып, улуу мусулман дининин улуулугун дагы терең, дагы таасын түшүнүүгө өбөлгө болот деп ойлойбуз.

Эзелтен элибиздин кат тааныган акыл-эстүү алдыңкы адамдары Куранды, дин китептерин тектеш татар, башкыр, казак тилдеринен окуп келишкен. Ошондуктан дин адабияттарынын өзүнчөлүк кыргызча стили али иштелип чыга элек, ушул жагдайдан алып караганда - бул котормо китепте бир топ мүчүлүштүктөр, кемчиликтер болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да чыгып жаткан бул китеп дин адабияттарынын өзүнчөлүк стилине калыптандырууга өз үлүшүн кошот деген үмүт бар.

Китептин мазмуну диний багытта болгондуктан кээ бир дин сөздөрүнүн аталышы арапча берилди. Түшүнүктүү болсун үчүн беттердин ылдый жагына түшүндүрүлмөлөрдү киргиздик. Кыргызчага мааниси дал келбеген ошол араб сөздөрү кыргыз баласынын аң-сезимин арттырып, түшүнүгүн кеңейте бара-бара кыргыз сөзүнө жат болбой, өз болуп аралашып кетер, сөз да, акыл да байлыгыбыз артар деген да ишеним болду.

Алгач чыгып жаткан бул китепте ар кыл кемчиликтер арбын болушу ыктымал, бирок ошол кемчиликтердин арасынан жылт эткен жылдыздын жарыгындай жарык, Сиздердин жүрөктү тазартып, динге, дүйнөгө болгон акыл -эсиңиздерди арттырып, бир улуу ишенимге алып келсе, анда ушул китептин маани-максаты аз да болсо ишке ашты деп каниет кылабыз.

Улуу китептеги улуу максаттар жүрөгүңүздөрдү тазартып, жашартып ылайым ийгилик ыроолосун! Ар кыл аруу ачылыштарга бир гана Алла Таала жеткирет!

Котормочулардан

Бул китепти жазууда талыкпастан өз эмгегин

кошкон Мухаммед Али Эшмелиге,

доктор Алижан Татлыга жана

доктор Өмер Челикке чын дилимден

ыраазычылык билдирип, ошондой эле

чың ден-соолук, иштеринде ийгиликтердин

жарала беришин Кудайдан тилейм.

Осман Нури Топбаш


КИРИШ СӨЗ

Бизди, алсыз кулдарын ыймандуу болуу бактысына жеткизген, бардык кемчиликтерден аруу Алла Таалага мактоолор жана шүгүрлөр болсун!

Адамзаттын караңгылыктан чыгып, касиеттүү нурга бөлөнүшүнүн данакери, ааламдын түбөлүктүү сыймыгы Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам)1 салату-салам болсун!

Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) ааламга үлгү-өрнөк болгон дөөлөттүү өмүрүн бул китепке сыйдырууга жасаган аракетибиздин негизги себеби – адамзат дүнүйө-мүлккө берилип, көпчүлүгү напсинин кулу болуп өмүр сүргөн азыркы заманда кысылган, чарчап-чаалыккан бейтап-бечара жан-дүйнөлөргө, өксүк өмүрлөргө анын руханий дүйнөсүнөн бир жарык нур сунуу. Мындан тышкары, дарак менен таш сыяктуу жансыз жаратылыш өзүнө салам берген жана ааламдын улуу жаратуучусунун сансыз периштелери менен бирге”алкыш жана салам» ыроолоп урматтаган, өзгөчөлөнгөн улуу Пайгамбардын пазилетинен, бөтөнчө жетишкендиктеринен бир насиб ала билүү.

Ааламдын жаралуусуна себеп болгон сүйүүдөгү сырлардын бири – сүйгөндүн сүйүлгөндүн таасири менен өзгөрүүсү. Сүйгөндүн дарамети, шык-жөндөмү канчалык күчсүз болсо да сүйгөнүнөн кандайдыр бир өлчөмдө насип алат.

Бүткүл адамзат Пайгамбарыбыздын данакерлигине жана шапаатына муктаж. Анны адамдык аң-сезим менен толук түшүнүш мүмкүн эмес, түшүнсө да аны сөз менен ачык айкын, жеткиликтүү айтып берүү мүмкүн эмес. Негизинен Анын улуу жаратылышынын маани-мазмунуна караштуу баяндаманы чексиз сүкүткө берилип, кабыл алуудан башка чара жок. Анын үлгүлүү өмүрүн түшүндүрүүдө тил дегенибиз алсыз болуп, көңүлүбүздөн тилибизге”түшкөн» баяндамалар мухиттин бир тамчысы гана сыяктуу. Анткени көңүл менен тил Аны түшүндүрүүдө өтө алсыз. Бирок буга карабастан Аны баяндаган жана эске салган ар бир нерсе бөтөнчө бир чагылыш, өзүнчө бир руханий дүйнө, өзүнчө бир ыр дүйнө жана да өзүнчө кылдаттыкка ээ көркөм дүйнө.

Карапайым адамдарга ылайыкташтырылып жазылган бул чыгармада туура-бакыт жолуна баштоочу жана аалам сыймыгы Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) туура жолунун шам чырагы болгон Курандын кыямат-кайымга чейин жашап, жан-дүйнөлөрдү нурлантуучу муужизаларынын бир бөлүгүн акыл-эсибиздин жана жөндөмүбүздүн дараметине жараша түшүндүрүүгө дилгирлендик.

Өткөн Пайгамбарлардын муужизасынан жана алып келген диндеринен азыркы күнүбүзгө чейин жашап келген эч нерсе жок сыяктуу. Ал эми Куран муужизасы болсо, Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) бактылуу үммөтүнө Алла Тааладан берилген өзгөчө бир жакшылык, сыйлык катары кыяматка чейин өкүм сүрмөкчү.

Ушул теңирдик сыйлык Алла Тааланын бизге кул болгонубуздун маанисин жана биз ээ болгон сансыз ырыскынын улуулугун эске салат.

Шарапаттуу Куранды канчалык бийик жерлерде жана атайы кастарланган орундарда сактасак, Раббибиз да ошол ыйык аманатын сезимдердин эң кылдат орду болгон жүрөгүбүзгө”саймалап» жазып, рухубузга шыпаа булагы кылып, эки дүйнөдө бактылуу болуубузга себепчи болсун!

Ар бир үрөн өзүнүн өзгөчөлүктөрү кандай болбосун, өзү эгилген топурак касиетине жараша түшүм берет. Анын сыңарындай, биздин жан-дүйнөбүз аркылуу бул”Мээрим желаргысы» кичине чалараактай болуп көрүнсө, анда кемчилик өзүбүздө деп билебиз. Бирок канчалык кемчиликтүү болсо да Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) сүйүүсүнө татыктуу болуу ниети менен жазылган бул чыгарманы Алла Таала көңүлүбүздүн кубанычы жана береке-нур булагы кылсын!

Кандай бактылуу ал момундар, алар Алла Таалага жана анын Элчисине көңүл берип, жүрөгүнө сүйүү жандырат. Алар бул сүйүүнү башка сүйүүлөрдөн жогору тутууга эрки жетет!


Урматтуу окурман!

Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) үчүн көбүрөөк салату-салам окуп, Алла менен болгон байланышыбызды Ал аркылуу күчөтөлү. Анткени эң коогалуу күндө, арийне махшарда Анын шапаатына өтө муктаж болобуз.

Алла Тааланын”Сираты мустаким» деп аталган туура жолунун жалгыз гана жол баштоочусу – Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) терең маанилүү, кең руханиятынан жүрөгүбүзгө бакубат бир насип буйруп, жан-дүйнөбүзгө берекет нурлары буюрсун! Жүрөгүбүз Алла Таалага жана анын Пайгамбарына деген сүйүүбүздүн түбөлүктүү оруну болсун!

Алла Таала бардыгыбызды Анын улуу шапаатына жеткизсин!

Оомийин!...

Дахилек йа, Расулалла!..

Медет, йа, Расулалла!..

Шапаат, йа, Расулалла!..

Осмон Нури Топбаш

21.08.1997

Үскүдар/Стамбул


ААЛАМ СЫЙМЫГЫ АЗИРЕТИ МУХАММЕДДИН (саллалоху алейхи ва саллам)

ДҮЙНӨБҮЗДҮ ӨЗГӨЧӨ МАРТАБАГА ЖЕТКИЗГЕНИ

Эки дүйнөнүн таксыры

Мухаммед Мустафага салават!

Адам-жин Пайгамбары

Мухаммед Мустафага салават!

Куттуу эки жердин2 имамы

Мухаммед Мустафага салават!

Асан, Үсөндүн таятасы

Мухаммед Мустафага салават!

Ааламды чексиз мээримине бөлөгөн кудурети күчтүү Алла Таала мээриминин эң кынтыксыз натыйжасы болгон адамзатка жаратылгандардын ичинен эң жогорку мартаба берип, аны ошол даражага ылайык болуучу бир нече өзгөчөлүктөр менен жабдыган.

Ушул тандоо дагы адамдын улуу акыйкатка жетүүсүнө (Алла Таала күткөн даражада) жетишсиз болгондуктан, акыл-эс, аң-сезим сыяктуу жөндөмдөргө кошумча жол көрсөтүүчү катары Пайгамбарлардын жиберилиши менен адам баласынын”өз эгесине жетүү жолу» кынтыксыз толукталган. Алла Тааладан тартууланган бул жардамдын эң сонуну – жаратылуусунда тунгуч, дүйнөбүзгө жиберилүүсүндө соңку орунда болгон”Мухаммед нуру» жана ошол нурдун дүйнөбүздөгү формасы катары акыр заман Пайгамбары Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам).

Жаратылгандар тизмегинин себепчиси жана туу чокусу болгон Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Миладий3571-жылы 20-Апрелге туура келген 12-Рабиул-Аввалда4 дүйшөмбү күнү таң куланөөк салганда жарык дүйнөгө келип, дүйнөбүздү чексиз бир мартабага жеткизген.

Алгач ирет Анын нурунун жаратылганы белгилүү чындык. Бүткүл жаратылгандар ошол нурдун урматына жаратылган.

Анын дүйнөгө келүүсү менен Алла Тааланын мээрими ашып- ташыды. Таң менен кечтин түсү өзгөрдү. Санаа-сезимдер тереңдеди. Сөздөр, сухбаттар, лаззаттар жаңы бир мүнөзгө ээ болуп, шексиз чексиз бир күүгө түштү; ар бир нерсе жаңы, өзгөчө бир маани менен кооздукка бөлөндү. Буттар5 козголуп, кыйрады. Перс мамлекетиндеги Медайин шаарынын сарайларындагы түркүктөр менен мунаралар кулады. Атактуу, ыйык деп эсептелген Саава көлү зулумдуктун сазында кургап калды.

Жан-дүйнөлөр нур жана береке менен оргуштады. Анткени ошол убакытта дүйнөдө болуп өткөн кызык окуялар – шарапаттуу Пайгамбардын дүйнөгө келүүсүнүн эң алгачкы кабарчылары болчу.

Атасы Шам шаарына соода-сатык менен барып, кайтарда Мадина шаарында ооруп, анын төрөлүшүнөн эки ай мурун оо дүйнө салган.

Ошол кут даарыган бала аба-ырайына байланыштуу жана араб элинин салт-санаасы боюнча төрт жашына чейин сүт энеси6 бактылуу аял Халиманын колунда өскөн.

Алты жашка толгондо энеси Азирети Амина атасынын күңү Умму Айманды ээрчитип,”Жаратылыш Нурун» атасы Азирети Абдулланын мүрзөсүн зиярат этүү үчүн Мадина шаарына алып барат. Ошол сапарда Азирети Амина ооруп калат да, Абва айылында кайтыш болуп, ошол жерге коюлат. Бир акын энесинин өзгөчөлүгүн:

«Эй, Абвада жаткан өлүү!

Бакчаңда ачты дүйнөнүн

Эң чырайлуу сонун гүлү!» – деп өтө жакшы сүрөттөгөн.

Ошентип”Жаратылыш нуру» энесинен да айрылып, жетим калгандан кийин Умму Айман менен бирге Мекке шаарына келишет.

Сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб, андан кийин ал үчүн жанын садага чабууга ар дайым даяр турган коргону, атасынын иниси Абу Талиб дүйнө салат. Ушул себептер менен бүткүл жалган жана тышкы көмөктөр үзүлөт. Мындан кийин Анын ээси, коргоочусу жана тарбиялоочу Алла Тала гана болду. Өмүрүнүн эң кыйын кездеринде көрүнгөн бул убактылуу көмөктөр Кудайдын каалоосу менен, ошондой эле дүйнөдө анын үммөтү андан үлгү ала алышы үчүн болчу, болбосо Пайгамбарыбыз эч кимден жардам албай, түздөн-түз Алладан алмак.

Анын жетимдик менен өткөн балалык жана жаштык чагы руханий тазалык жана нурлуу келечекке татыктуу түрдө өтүп жатты.

***

Акыры 25 жашка толгондо курайш уруусунун мартабалуусу Азирети Кадича (Алла ага ыраазы болсун) менен үйлөнүп, баш кошту. Таза тектүү аял Азирети Кадича жаны жана мал-мүлкү менен Ага жаңы бир күч-кубат булагы болду. Азирети Кадича”Жаратылыш Нурунан» он беш жаш улуу, бала-чакалуу, жесир аял эле. Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) аны менен бирге бүткүл адамзатка үлгү болор таптаза өмүр сүрдү.

Бир күнү Хира үңкүрүндө алгачкы келген вахийдин таасиринен улам өтө толкундана үйүнө кайтып келип:

«Йа, Кадича! Мага ким ишенет?» – дегенда, жароокер зайыбы:

“Алла Тааланын сени эч качан уяткарбасына жана сени максатына жеткирбей бош таштабай турганына ант беремин! Анткени, сен туугандарыңды коргойсуң, өз ишин аткарууга күчү жетпеген алсыздардын ишин өз мойнуңа аласың, бей-бечараларга садага таратып, эч кимдин бералбасын бересиң, мейманды сыйлайсың, адилдикти жактагандарга көмөк көрсөтөсүң…

Эй, Алла Элчиси! Сени мен кабыл кылам жана тастыктаймын! Ушул Алла Тааланын жолуна эң биринчи мени чакыр!» – деп, ал алгачкы ишенген жана эң алгач сүйөнөөр, таянар адамы болду.

Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) анын руханий байлыгын, назиктигин жана асылдыгын эч качан унуткан эмес. Ошондуктан Азирети Кадича (Алла ага ыраазы болсун) кайтыш болгондон кийин да эгер курмандык чалса, ар дайым бир бөлүгүн Азирети Кадичанын туугандарына жиберип турчу. Азирети Кадича бар дүнүйөсү менен”Жаратылыш Нуру» болгон Пайгамбарыбыздын унутулбас”кымбат эстелиги» эле.

Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) үй-бүлөлүк өмүрүнүн жаш жана мыкты чагындагы алгачкы 24 жылы Азирети Кадича (Алла ага ыраазы болсун) менен бирге өткөн. Анын мындан кийинки никелери толугу менен исламдык жана саясий максаттар менен болгон. Булардын көбү өзүнөн жашы улуу жана жесир болгон аялдар эле. Алардын ичинде бакира7 жана жаш кыз бир гана Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) эле. Мунун себеби болсо - шарият боюнча аялдарга караштуу маселелердин туруктуулугун жана анык болуусун камсыздоо болчу. Чынында да ал акылы жана парасаттуулугу менен аялдарга караштуу шарият маселелерин толук түрдө түшүнүп, Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кайтыш болгондон кийин узак жылдар бою өмүр сүрүп, мусулман аялдардын диний сабатсыздыгын жойгон жана шарият өкүмдөрүнүн негизги бөлүгүн түзгөн. Негизи Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):”Диниңердин жартысын Айшадан үйрөнгүлө.» - деп келечекте боло турган бул чындыкты билдирген. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) Айша менен баш кошуусунун экинчи бир себеби – Савр үңкүрүндөгү”экөөнүн экинчиси» деп аталган Азирети Абу Бакирдин (Алла ага ыраазы болсун) менен болгон руханий жакындыкты кызы Айша менен никелөө аркылуу да бекемдегиси келгени болчу.

Бул никелердин кандай улуу максаттары менен кылдат сырлары болгонун тек ыйман түшүнүгү бар илим-билимдүү жана абийирдүү адамдар гана түшүнө алат.

Пайгамбарыбызга күчтөп болсо да кине койгон ниети бузуктар айткандай бул никелердин негизги себеби напсини канааттандыруу болгондо, ал куттуу инсан өмүрүнүн эң жаш жана эң толуп ташкан чагын өзүнөн он беш жаш улуу, бала-чакалуу жесир аял менен өткөрмөк эмес.

“Бул никелердин себеби тек гана аялжандуулук!» - деген көз караштагы тайыз ойлонгондор бул чындыкты түшүнө албайт. Аң-сезими менен жүрөктөрүн напсилик каалоолор менен булгаган адамдардын адилетсиздик менен берген өкүмдөрдү – алардын караңгы дүйнөлөрүнүн сыртка чагылышы.

***

Ааламдын жаратылуусунун себепчиси болгон бул инсан жаштыгы өтүп, бакубат бир үй-бүлөлүк өмүр сүргөн соң кырк жашына келгенде Пайгамбарлык даражасына ээ болду. Кырк жашына алты ай калганда Алла Тааланын кудурети менен ага Хира үңкүрү ладунний (адамдык жеке аракеттер менен жетүүгө мүмкүн болбогон) мектеп катары ачылды.

Жашыруун түрдө болгон бул теңирдик таалим алуунун берекелүү үйүндө түбөлүктүүлүк сабактарын окуду. Акыры, кырк жашка толгондо Алланын:

«Сени жараткан Раббиңдин аты менен оку!» (Аълак:1) – деген буйругу менен туура жолго баштоо уруксаты жана Пайгамбарлык күбөлүгү берилген.

Пайгамбарлыктын алгачкы алты айы акылыбыз жетчү даражада, тура-чындык түштөрдү көрүү менен өткөн. Чындыгында, Хира үңкүрүндө болгон жагдай топурак алдында өнүп келе жаткан үрөнгө окшош, бирок анда эмне болуп өткөнү адам баласына түбөлүк беймаалым болуучу окуя жери. Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) бул жерге алып келген себептер көрүнүштө элдин туура жолдон чыгып, азганы көңүлүнө көк талкандай тийиши жана анын бүткүл ааламды кучагына алган мээрими болчу. А чынында болсо, адамзатка түбөлүк чырак болуп жарык нур чача турган Курандын Алла Тааладан Пайгамбардын таза жүрөгү аркылуу адамзаттын аң-сезимине жеткизүү үчүн болгон даярдык болчу. Ушул жагдай, кубаты күчтүү электр тогунун жерге таралуусундай. Ошондуктан бул Алла Таала менен Анын хабиби (сүйгөн кулу) ортосунда сыр бойдон калышы адамзаттын көзүнөн оолак бир үңкүрдө болушун талап кылып турган. Жөнөкөй адамдар чыдоого мүмкүн болбогон оор жүк-вахийди кабыл алууда Пайгамбардын табигый жөндөмүнүн иштөө мезгили келген эле. Тагыраак айтканда, чийки (сырье абалындагы) темирдин болотко айлануу жөндөмүнүн иштелишиндей. Бул сырдын түйүнүн чечүүчү акыл-эстин болушу мүмкүн эмес жана аны толук түшүндүрүүгө сөздүн күч-кубаты жетпейт.

Бул сыр ааламын жан-дүйнө терезесинен карай албагандар – Абу Жахил менен Абу Лахабдын (Пайгамбарыбыздын доорундагы исламдын эң чоң душмандары) капкара түстүү туусунун алдына жыйналган бетпак-бактысыздар тобу.

Расулалланын өмүрү андан мурунку жашап өткөн Пайгамбарларга да насип болбогон, адам акылы калчагыс шарапаттуу көрүнүштөргө толо. Алла Таала”хабибим» (сүйүктүүм) деп бир гана Аны атаган. Мираж - Пайгамбарлардын ичинен бир гана Ага буюрган.

Масжиди-Аксада бүткүл Пайгамбарларга имам болушу анын артыкчалыгын далилдейт. Мусса алейхиссаламга айтылган”Лан тараани8» сыры, Расулаллада болсо”Кааба кавсайни ав аднаа9» болуп чагылганАлла Таала менен жолугуу борбору болгон намаз Анын дининде үммөтүнө кичи мираж иретинде белек катары берилген.

***

Мекке шаарында өткөзүлгөн он үч жылдык исламды жайуу аракетинен кийин ага экинчи бир үңкүр көрсөтүлгөн. Бул хижрат10 жолундагы Савр үңкүрү эле. Бул үңкүр окуу үчүн эмес, теңирдик сырларга ээ болуу жана жан-дүйнөнү ачуу жайы болчу. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) үңкүрдөн үч күн, үч түн чыккан жок. Ал жалгыз эмес эле. Жанында бүткүл Пайгамбарлардан кийин ааламдагылардын эң бийик даражалуусу болгон Азирети Абу Бакир бар эле. Азирети Абу Бакир аны менен шериктеш болуу даражасына ээ болгон. Бул шериктештик себептүү”экөөнүн экинчиси» деп аталды.”Аалам Нуру» бул кадырлуу шеригине:

“Муңайба, Алла биз менен бирге!..» (Тообо: 40) – деп ошол эле учурда Алла Таала менен бирге болуу жагдайын, өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү. Ушул абал жашырын зикир таалим-тарбиясынын эң алгачкы баштылышы жана көңүлдөрдүн Алла Таалага ачылып, жай табуусу эле.

Башкача айтканда, Савр үңкүрү пендени сансыз сырлар ааламынан Аллага жеткирүүчү негизги жан-дүйнөлүк таалим-тарбиянын башталгыч жайы жана бул теңирдик жолдун баштапкы убактысы.

Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) нур булагы болгон жан-дүйнө ааламындагы сырларды үммөтүнө билдирүү алгачкы ирет Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) менен ушул үңкүрдө башталып, кыяматка чейин үзүлбөй жалгана берүүчү”алтын чынжырчанын»11 алгачкы шакекчеси болгон. Ыймандын күчү Пайгамбарга болгон сүйүүдө. Бардык бул улуу жолдор Ага арналган сүйүү менен башталат. Ушуну менен Улуу Алла Таалага жетүүнүн жолу бир гана Пайгамбарга болгон сүйүү менен бекилген.

Анткени сүйүүнүн шарты, ашыктыктын мыйзамы – сүйүлгөн кишиге деген болгон сүйүү жана ошол сүйүү аркылуу анын сүйгөн нерселерин сүйүү. Бул Аллага болгон сүйүүнү чийки жана тайыз акылыбыз менен түшүнүшүбүз мүмкүн эмес. Төмөнкү аңгеме ар бир жан-дүйнөгө жөндөмдөрүнө жараша таасир берет деген ойдобуз:

Азирети Абу Бакир Сыддык өмүр бою Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) менен болгон ар бир сүйлөшүүсүндө өзгөчө бир жаңы лаззат алып, Пайгамбарлык сырлардын эң кылдатына да жетип, жанында турса да Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) сагынып, куса болуп кетчү.

Арийне, Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):

«Абу Бакирдин мал-мүлкүн пайдаланганымдай башка эч кимдин мал-мүлкүн пайдаланбадым.» – дегенда, Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) көзү нымдалышып:”Мен жана мал-мүлкүм бир гана сеники эмеспизби, йа, Расулалла?!» (Ибн Маажа, Фазаилу Асхабин Наби, 11) – деп жооп кайтаруу менен өзүн бардык нерсеси менен бирге Азирети Пайгамбарга (саллаллоху алейхи васаллам) арналганын жана анын жолунда фаани12 болгонун далилдеген (бул сопулук жолунда”фанаа фир-расуль» мартабасы деп аталат). Ал бүткүл байлыгын Алла Тааланын жана Пайгамбарынын жолуна жумшаган.

Ал Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):

«Ислам кошуунуна жардам бергиле!» - дегенде бар байлыгын калтырбай алып келет. Алла Элчисинин:

«Бала-чакаңа эмне калтырдың, йа, Абу Бакир?» - деген суроосуна күчтүү бир ыйман толкуусу менен:”Алланы жана Элчисин!» – деп жооп кайтарат (Сарраж, Ал-Лума, 169-б).

Азирети Муавийа бин Абу Суфьян бул киши тууралуу:”Дүнүйө Абу Бакирди каалаган жок. Ал дагы дүнүйөнү каалабады.» – деген.

Бирок муну баса белгилей кетиш керек, Азирети Абу Бакирдин (Алла ага ыраазы болсун) бүткүл дүнүйөсүн садага катары бериши жана Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) ага мындай кылууга тыюу салбашы - өзгөчө бир жагдай. Бул жагдай Азирети Абу Бакирдин жана анын үй-бүлөсүнүн сабырлуулугу менен тобокелчилигинин күчтүүлүгүнөн улам да болушу мүмкүн.

Бул эки улуу жолоочунун орток сүйөнүчү, таянычы, руханий башпаанеги Алла Таала эле. Үңкүрдүн алдына чейин кууп келгендер жөргөмүштүн желесинен башканы көрө алышкан эмес. Бул тууралуу бир акын:

«Жөргөмүш абада эмес

Сууда эмес, жерде да эмес

Алланы көрө албаган көздөрдө эле» – деген.

Бул эки азиз жолоочу Кудай Тааланын коргоосу менен Мадина шаарына жакын Куба деген айылга жеткенде, ынтызарлык менен күтүлгөн кадырлуу коноктордун урматына, Мадинадагы кайнаган калың журт өтө чоң шаан-шөкөт менен тосуп алган эле.

Дөбөлөрдөн жаңырган”Таля ъаль бадру ъалейна13» - деген адамдын жүрөгүн элжиреткен мукам ыр асман менен жерди дүңгүрөттү. Бул мезгил рабиуль-аввалдын он экисине туш келген күн болчу. Тарых ошол күндөн баштап, кыяматка чейин келе турган окуяларды эсептей турган хижрий жылэсеп башталган болчу.

Мадина шаары ошол күндөн баштап ислам дининин дүркүрөп өсүп-өнгөн мекенине айланган. Каапырлыктын караңгы жүзү ушул хижрат менен токтогон. Масжиди Куба (Куба мечити) бөтөнчө бир мааниге ээ болуп, махшарга чейин бул куттуу көчтүн ыйык мекени жана табериги болуп калган.

Ансар өзүнүн дүнүйөсүн көрсөтүп:”Мына бул мал-мүлкүм, ал, жарымы сеники!» – деген. Өзүн эмес, өзгөнү ойлогон өзгө камдуулуктун туу чокусуна жеткен ислам боордоштугунун пайдубалы ушинтип түптөлгөн. Мадина шаары ислам тарыхында түбөлүк кулабай турган руханий-материалдык тактыга айланып, ошону менен бирге бөксөрбөгөн сый-урматка бөлөнгөн. Ошондуктан Мадинада азан, орозо айт, зекет бөтөнчөлүккө ээ болуп, бардык үммөткө идеалдуу үлгү болуп калган.

***

Бадр согушу ыймандын каапырдыкка каршы эң алгачкы кайраттуу каршылык көрсөтүүсү болуп, мусулмандардын жеңиши менен аяктаган. Бул согушта дин боордоштугу кан боордоштугунан жогору болгон. Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) уулу менен, Aбу Убайда бин Жаррах (Алла ага ыраазы болсун) атасы менен, Азирети Хамза (Алла ага ыраазы болсун) иниси менен согушкан. Алла Таала бул үрөй учурган согушка периште кошуунун жөнөткөн. Бул толкундуу согушка катышкан периштелер башка периштелерге караганда жогорку мартаба алды. Бул зор жеңиштен кийин Алла Таала мусулмандардын мактанычка, текебердикке түшпөшү үчүн”Анфаал» сүрөсүнүн 17-аятын түшүргөн:

«(Эй, Пайгамбар!) Ошондо аларды силер өлтүргөн жоксуңар, бирок Алла өлтүрдү. (Бир ууч топуракты) ыргыткан кезиңде сен ыргыткан жоксуң, Алла ыргытты. Дагы бул жеңишти Алла Өзү тарабынан момундарга көркөм белек болсун, деп кылды. Албетте, Алла Угуучу да, Билүүчү!»

***

Ал Бадр жеңишинен кийин болуп өткөн Ухуд согушунда Азирети Хамзанын канына боелду. Аны менен шейиттердин14 саны жетимишке жетти. Шейиттердин жаназа намаздарын окуу үчүн ичинде Азирети Хамза баш болуп он шейит алып келинди. Намаздан кийин тогузу көмүлдү, ал эми Азирети Хамзанын сөөгү жерге коюлбай, ар жолу алдына жаңыдан алып келинген тогуз шейит менен бирге жаназасы кайра-кайра окулду. Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) абасы, жан-жүрөгү жана”шейиттердин мырзасы» аталган бул куттуу шейиттин жаназа намазын көп жолу кайталап окуду.

Ошентип, Бадр жеңишинен кийинки Ухуд согушу үрөйдү учурган кайгылуу көрүнүштөр менен болуп өткөн. Өмүрдүн бардык ачуу, таттуу кездери кубаттуу кулчулук менен өтүп жатты жана Аллага тобокелчилик, моюн сунуу, тагдырга ыраазылык туу чокуда эле.

Булардан башка жер менен көктү титиреткен окуя: Расулалланын зоотунун эки алкасы мубарек жүзүнө батып, бетин жырып, бир тишин сындырып кеткени болду. Ошол кезде бүткүл сахабалар менен периштелер терең бир кайгыга батып турган.

Улуу Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) мубарак жүзүнөн топуракка таамп жаткан канды Алла тарабынан келчү азапка себеп болбосун деген ой менен тазалап аарчып, Алла Таалага жалбара:

«Йа, Рабби! Коомум караңгы, эмне кылыбатканын билбейт. Сен аларды туура жолго сал! » – деп дуба кылган.

Кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Жабрайил периштеден:

- Асмандан жер жүзүнө түшкөн кезиңде толкундандыңбы?» – деп сураганда, ал:

- Ырас, төрт жерде ошондой болду, - деп ошол окуяларды баяндаган:

- Биринчиси: Ибрахим алейхиссалам отко ыргытылганда;

Экинчиси: Ибрагим алейхиссалам бычакты уулу Ысмайыл алейхиссаламдын мойнуна такаганда;

Үчүнчүсү: Жусуп алейхиссалам кудукка ыргытылган чакта, толкунданып жер бетине түштүм. Аларды куткарып Кудайдын амирин аткардым.

Төртүнчүсү: Ухуд согушунда каапырлар сага зыян келтирип, тишиңди сындырган кезде Алла Таала:”Кулума жеткин! Каны жерге тамбасын! Эгер хабибимдин каны жерге тамса, жерде бир да бир өсүмдүк, бир да бир дарак өстүрбөймүн!» – деп буйрук берди.

Мына ошо жерде да кабатырланып, дароо мубарак жүзүңүздөн тамчылаган канды алып, абага аралаштырып жок кылып жибердим - деген экен.

Мына, Ухуд согушунда мына ушундай өзгөчө олуттуу бир жагдайлар болгон.

Пайгамбардын кадырлуу достору улуу сахабалар Бадр согушунда Алла Элчисине кыйшаюсуз түрдө баш ийишчү. Алар:

“Йа, Расулалла! Биз сага, Алла Тааладан келген Курандын чындык экенине чын ыкыласыбыз менен ыйман келтирдик жана сага баш ийип, моюн сунуп, артыңдан ээрчүүгө убада берип шерттештик. Кандай кааласаң, ошондой буйрук кыл, биз сени менен биргебиз. Сени жиберген Алла үчүн деңизге кирсең, сени менен бирге киребиз, эч бирибиз калбайбыз!» – деген сахабалар теңирдик толкуунун туу чокусуна чыгышкан эле.

Ухуд согушунда Алла Элчисинин буйругун орундоодо көз ирмемчелик кайдыгерлик кылып, дүнүйөгө азыраак ыктоо согуштун тагдырын өзгөртүп, Кудайдын эскертүүсү катары жеңиштин кийинкиге калышына себеп болгон.

Башка өңүттөн караганда, Ухуд согушу Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) көңүлүндө өзгөчө бир орунга ээ болгон. Бул себептен улам, ал өмүр бою Ухуд тоосу менен Ухуд шейиттеринин мүрзөлөрүн үзгүлтүксүз түрдө зыярат кылып турган.

Кээ-кээде:”Биз Ухудду сүйөбүз, Ухуд да бизди сүйөт!» – деген сөздөрү менен шейиттер мекенине урмат көрсөтчү. Ошондуктан бул жер кыямат-кайымга чейин Расулалланин сүйүүсүнө бөлөнгөн мекен болуп, үммөтүнө кучагын кенен жайып тосуп ала турган ыйык зыяратканага айланып калган.

***

Хандак согушунда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) сындырууга эч кимдин күчү жетпей турган чоң ташты биринчи ирет урганында Кайсардын15, экинчисинде Кисранын, үчүнчүсүндө Сана сарайларынын кулап, жер менен жексен болгонун көргөнүн айткан. Ушуну менен бул мамлекеттердин бардыгы”Илайи Келиматуллага»16 ээ болорун сүйүнчүлөй убада кылып, үмүтсүз көңүлдөрдү келечектеги жеңиштер менен үмүттөндүргөн. Алла Тааланын жакын арада баатыл17 деп аталган бурмаланган ишенимдердин баарын жоерун сүйүнчүлөп, адам баласынын эч качан болбойт деп ойлогон бүткүл нерселердин бир күнү ишке ашарын билдирген.

Хандак согушу чарчоо, ачкачылык, суук сыяктуу миңдеген азап-тозоктун кармашы болчу. Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):”Йа, Рабби! Нагыз өмүр – бир гана акыреттеги өмүр. Ансар18 менен мухажирлерге19 жардам кыл!» – деп жалбаруу аркылуу дүйнөдөгү бүткүл азап менен кыйындыктын акырет соңсуздугунун алдында маанисиз экенин билдирип, сахабасына акыретти максат кылып көрсөтүп жаткан.

***

Биринен соң бири келген жеңиштердин натыйжасы катары Мекке Худайбиянын20 бир сүйүнчүсү катары кечирим, тынчтык, коопсуздук жана туура жол – бардыгы бирге руханий бир жеңиш менен өзүнүн”чыныгы ээлерин» кучак жайып тосуп алган. Азапка, зулумдукка жана машакатка толо Меккеге болгон сагыныч бүткөн эле, узак жыл созулган кайгы-капа шаттыкка алмашкан эле. Бул жеңиштен кийин шүгүрчүлүк иретинде адамзат тарыхында кечиримдин эң чоң үлгүсү көрсөтүлдү. Мунун натыйжасында мусулмандарды өлтүргөн бир далай кылмышкерлер да туура жолго түшүшкөн.

Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) өзүнүн мамлекети, мекени жана туулган жери Меккени колго алган убакта, ансар:”Алла Таала Пайгамбарына (саллаллоху алейхи васаллам) Меккени ачып берди. Эми Ал Меккеде калат, Мадинага кайтпайт!» – деп өз ара шыбырашып, тынчсыздана баштайт.

Ансар бул кепти бир гана өз араларында айтканына карабастан Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) алардын ойлорун өздөрүнө айтканда алар уялып, каталарын моюндарына алат. Анан Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) ансарга:

«Минтүүдөн мени Алла Таала сактасын. Өмүрүм да, өлүмүм да силер менен бирге болот...» – деп айтып, адам баласынын түшүнүгүнөн да жогору турган адамгерчилик үлгүсүн көрсөткөн. Ошентип ал кайра Мадинага кайткан.

Акыры коштошуу ажылыгы кезинде соңку аят түшүп, ошону менен диндин толукталганы белгилүү болгон. Бул ошол эле учурда ааламдарга мээрим катары жиберилген Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) милдетин жашыруун түрдө толуктап, Раббисине кайтар убакыттын келгенин билдирүү эле. Ал сахабаларынан динди даават кылышына байланыштуу:

“Сахабаларым! Даават кылдымбы? Даават кылдымбы? Даават кылдымбы?» – деп үч жолу сурап, сахабаларынын үч ирет тастыктоосун алган. Андан кийин алакан жайып, Алла Тааладан күбө болууну сураган:

«Күбө бол, йа, Рабби!

Күбө бол, йа, Рабби!

Күбө бол, йа, Рабби!»

Ушу менен жыйырма үч жылда келип толукталып бүткөн касиеттүү аманат кыяматка чейинки келечек үммөтүнө бир мээрим катары тапшырылган.

***

Мурда да айтып кеткенибиздей Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) Пайгамбарлыгы биринчи адам Азирети Адам жаралардан мурун теңирдик чагылыш менен башталган. Тагыраак айтканда, эң биринчи болуп жаркыраган аалам асылзаты”Мухаммед нуру» болгон.

Азирети Мухаммед Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) нуру менен Азирет Адамдан мурун, ал эми материалдык денеси менен бүткүл Пайгамбарлардан кийин жаралуу аркылуу Пайгамбарлык күнбарагынын эң алгачкы жана эң соңку бети болду. Ал убакыт жагынан алганда эң соңку, ал эми жаратылыш жагынан эң алгачкы Пайгамбар. Анткени Пайгамбарлык күнбарагы барлыктын эң алгачкысы болгон”Мухаммед Нуру» менен башталып, эң соңку барагы”Мухаммеддин (материалдык) денеси» менен аяктаган. Бул боюнча төмөндөгүлөрдү айтууга болот:

«Периштелер ага сажда кылганга мажбур болгон Адам алейхиссалам;

Жети кабат көктүн купуя сырына каныккан Идрис алейхиссалам;

Жер бетин топон суусу менен каапырдыктан тазалаган Азирети Нух алейхиссалам;

Алла Таалага ишенбеген коомду бороон-чапкын менен астын үстүнө келтирген Худ алейхиссалам;

Чектен чыга көөп, кутурган коомду зилзалалар менен жексен кылган Салих алейхиссалам;

Намруттун отун21 Алла Таалага тобокел кылуу менен гүл-бакчасына айландырган Ибрахим алейхиссалам;

Ыкылас, тууралык, тобокелчилик жана Алла Таалага чын көңүлү менен моюн сунуунун үлгүсү болгон, кыяматка чейин созулуучу ажылык кезинде бүткүл момундардын эсине окуясы түшүрүлгөн Ысмайыл алейхиссалам;

Урпагынан Исрайылуулдары (жөөттөр) Пайгамбарлары чыккан Исхак алейхиссалам;

Чектен чыккан адеп-ахлаксыздыктары себептүү жер менен жексен болуп,”тарыхтын таштандысынан» орун алган”Содом-Гоморра» калкынын муңайым Пайгамбары Лут алейхиссалам;

Тавхид22 туусун чыгыштан батышка чейин жеткирген Зулкарнайн алейхиссалам;

Жүрөгү сүйүү жана сагыныч менен”куурулган» жана сабырдуулуктун үлгүсү болгон Жакып алейхиссалам;

Бир аз убакыт кул болуп, анан түрмөдө жалгыздык, карыптык, азап, ачкалык жана напсиси менен күрөшүү сынынан өтүп Мисир (Египет) мамлекетине жана адамдардын сый-урматына жетип, көңүлдөргө султан болгон жана толгон айдай сулуулуктун ээси Жусуп алейхиссалам;

Сүйлөгөндө көңүл терметип,”Хатибул-Анбия»23 деген лакапка ээ болгон Шуайб алейхиссалам;

Теңирдик сырларды Азирети Мусага үйрөткөн Кыдыр алейхиссалам;

Фараондун султандыгын астын-үстүн кылып, Кызыл деңизди аса таягы менен муужиза-кереметтүү түрдө жара жол ачкан Муса алейхиссалам;

Муса алейхиссаламга ар дайым жардамчы болгон салих иниси Харун алейхиссалам;

Айткан зикир-дубасы менен тоо-ташты, жапайы айбандарды эргиткен Давуд алейхиссалам;

Кудурети күчтүү султан болуп туруп, аны менен көңүлүн кирдетпеген Сулайман алейхиссалам;

Өлгөндөн жүз жыл өткөндөн кийин кайра тирилтилип, кыяматтагы кайра тирилүүгө үлгү болгон Узайр алейхиссалам;

Терең ойлору менен сабырдын кайрак ташы болгон Аййуб алейхи салам;

Күчтүү бир толкуу абалында истигфар (кечирим суроо), дуба жана зикирдин акыйкаттыгына тереңдеп, караңгылыктардан аша алган24 Йунус алейхи салам;

Аркасынан”Ильяска салам болсун!» деген Алла Тааланын кайрылуусуна татыктуу болуп, сөзү аркылуу Алла Тааланын көңүлү менен өзгөчө назарына жеткен Илияс алейхи салам;

Ааламдарга үстөм кылынган Альяса алейхи салам;

Теңирдик мээримге бөлөнгөн салих Пайгамбар Зулкифл алейхиссалам;

Акылман насааттары аркылуу белгилүү болгон сырткы жана ички25 дарыгерлердин пири болгон Улукман Аким алейхиссалам;

Араа менен экиге бөлүнүп жатканда да үн чыгарбай Аллага болгон тобокелдүүлүгү менен моюн сунуучулугун сактаган, зулумдук-кордук көргөн Пайгамбар Закария алейхиссалам;

Атасы сыяктуу шейит кеткен Яхья алейхиссалам;

Башкалардан өзгөчө напсисин арылткан Алла Таалага сыйынуусу жана жалынуусу аркылуу бейтаптарга шыпаа берип эмдеген, өлгөндөрдү тирилткен, көктөгү Иса алейхиссалам;

Сөздүн кыскасы, жүз жыйырма миңден ашык Пайгамбар жана алар аркылуу келген теңирдик көрүнүштөр көктөмдүн берекелүү булуттары сыяктуу толуп болгондон кийин адамзаттын жан-дүйнө”топурагына» мээрим болуп куюлду. Ошондой эле берекелүү бир хидаят (туура жолго салуу) нуру болгон калган бардык Пайгамбарлар ааламга мээрим болуп жиберилген Азирети Мухаммед Мустафанын (саллаллоху алейхи васаллам) келерин билдирген сүйүнчү-кабары болгон.

Ибни Аббастан төмөнкүчө риваят кылынат:

«Алла Таала Хавва (Обо) энебизди Азирети Адамдын сол кабыргасынан жараткан. Адам алейхиссалам ошол убакта уктап жаткан болот. Ойгонсо кашында жаңы ачылган гүлгө окшош Обону көргөндө көңүлү эргип, ага кол созо бергенде периштелер:

“Эй, Адам, ага тийишпе! Али никеңер кыйыла элек!» – деп кыйкырык салат.

Андан кийин Азирети Адам менен Азирети Обонун никелери кыйылат. Махрдын26 шарты болсо Азирети Мухаммед Мустафага үч жолу салам-дуба жолдоо түрүндө аткарылат. Бул Алла Тааланын алдындагы Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) салам-дуба жолдонуп кыйылган эң алгачкы нике болчу. Ушу менен нике Азирети Мухаммед Мустафага жолдонгон салам-дуба аркылуу бийик мааниге ээ болгон. Бул нике мээрим, береке жана нурга карк болду.

Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) риваяты боюнча Адам алейхиссаламдын бейиштен чыгарылышына себепкер болгон зеллесинин27 кечирилиши үчүн Азирети Мухаммед Мустафаны данакер кылып, Алла Таалага төмөнкүчө жалбарган экен:

«Йа, Рабби! Мухаммеддин урматына мени кечирүүңдү тилейм!» Алла Таала:

«Эй, Адам! Али Мухаммедди жарата элегимде эле сен аны кайдан билесиң?» – деп сурайт. Адам (алейхи салам):

«Йа, Рабби! Сен мени кудурет колуң менен жаратып, жансыз денеме рухуңан үйлөгөндө башымды көтөрүп, арштын устундарында”Ла илаха иллаллох, Мухаммед Расулуллах» деген жазууну көрдүм. Сен өз ысмыңа тек гана жаратылгандардын эң сүйүүктүүсүн кошооруңду түшүндүм» – деп жооп берет. Бул жоопко Алла Таала:

“Туура айттың, эй, Адам! Арийне, Ал – жараткандарымдын ичиндеги эң сүйүктүүсү. (Дуба кыларыңда) анын урматына мага дуба кыл! (Анткени так азыр Анын урматына дуба кылгандыгың себептүү) мен сени кечирдим! Эгер Мухаммед болбогондо, сени жаратпас элем. Ушуну бил!» - дейт.( Хаким, Мустадрак – 11-672, Байхаки, Далаил 7, 488-489)

***

Биз алган маалымат булагы боюнча Алла Элчисинин сүт энелеринин бири – бактылуу аял Сувайва болчу. Бул аял Расулалланын душманы Абу Лахабдын күңү эле.

Сувайва Абу Лахабга инисинин туулганын сүйүнчүлөгөндө бир гана өз уруусунан төрөлгөн балага урмат кыла Абу Лахаб бул күңүн азат кылган. Ушул уруучулук кубанычтын өзү эле тозокто Абу Лахабдын дүйшөмбү кечтери азабынын жеңилдетилишине себепкер болду.

Абу Лахаб өлгөндөн кийин анын абалы бирөөнүн түшүнө кирет:

- Эй, Абу Лахаб, алың кандай? - деп сураса, ал мындай деп жооп берет:

- Тозоктомун, көрбөгөн азапты көрүп жатамын. Бир гана дүйшөмбүнүн кечинде тарткан азабым жеңилдетилет. Бул кечтерде беш салаамдын арасынан суу агат. Ошол сууну ичип, эс алам. Анткени дүйшөмбү күнү Сувайба жүгүрүп келип, ошол таңда Алла Элчисинин туулганын сүйүнчүлөп, мен аны азаттыкка чыгарманмын. Алла Таала да бул ишим үчүн дүйшөмбү кечтери азабымды жеңилдетүү аркылуу ыракым кылууда.

Ибни Жазарий:”Абу Лахабдай каапыр Алла Элчиси туулган күнү бир уруудан болгону үчүн гана көрсөткөн жакшылыгына жооп катары тозоктун ичинде да пайдасын көрүп жаткандан кийин, биз, момун мусулмандар, ал түнгө урмат көрсөтүп, ааламдын түбөлүк сыймыгына жан-дүйнөбүздү арнасак, Алла Таала тарабынан кандай гана чоң бакты-таалайга жетерибизди салыштырып көрүшүбүз керек. Мусулман үчүн ылайык болгону – Пайгамбар туулган айда көбүрөөк диний таалим жүргүзүп, көңүл нурун тазалоо, куттуу айдын руханиятынан пайдаланып калуу үчүн элге дасторкон жайып, конок ко чакыруу, жарды, карып, жетим, бечара жана эч кими жок адамдарга ар кандай жакшылык кылып, жабыркаган көңүлдөрдү көтөрүп, шаттандыруу, аларды кайыр-садагалар менен кубандыруу жана Куран окуу...» – дейт.

***

Ал жетим жана уммий (окуу-жазуусу болбогон), башкалардан сабак алган жок, ал бүткүл адамзаттын куткаруучусу, кайып28 ааламын бизге баяндаган жана Алла мектебинин мугалими болду.

Азирети Муса бир далай өкүмдөрдү алып келген. Азирети Давуд Алла Таалага көп дуба кылып, жалбарууну бекемдетип айтканы менен өзгөчөлөнгөн. Азирети Иса адамдарга жакшы кулк-мүнөздү жана дүнүйөгө кызыкпай, татыктуу өмүр сүрүүнү үйрөтүү үчүн жиберилген. Ислам Пайгамбары Азирети Мухаммад Мустафа (саллаллоху алейхи васаллам) болсо ушулардын баарын алып келген. Напсини агартып, таптаза жүрөк менен Алла Таалага дуба кылууну үйрөттү. Ал эң жакшы адеп-ахлакты көрсөтүп, өз өмүрүндө ошолордун баарын ишке ашырып, эң жакшы үлгү болгон. Дүнүйөнүн алдамчы сулуулугуна азгырылбоону сунуш кылган. Кыскасы, бүткүл Пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүн, милдеттерин өзү жана өзүнүн жашоосу аркылуу көрсөткөн.

Анын кыркынчы жашы адамзат үчүн бурулуш доорунун башталгычы болгону талашсыз.

Кырк жыл караңгы бир коомдун ичинде өмүр сүрдү. Кийин пайда болуучу кереметтеринин көбү калкына али белгисиз эле. Не мамлекет адамы, не чечен болору белгилүү эмес эле. Улуу бир колбашчы болуп сөз айтуу мындай турсун, катардагы жоокер болушу беймаалым болчу.

Өткөн кылымдардагы улуттар, Пайгамбарлардын тарыхы, кыямат, бейиш жана тозок тууралуу эч айткан эмес. Бир гана өзүнө таандык адеп-ахлакка ээ болчу. Бирок Алланын буйругу менен Хира үңкүрүнөн кайтканда таптакыр өзгөргөн эле.

Таблиг (дин таратып, жаюу) кыла баштаганда бүткүл Арабстан коркту жана айран-таң калды. Анын ажайып чечендиги, таасын сөздөрү аларга чоң таасир калтырды. Ыр, адабият, чечендик жана айтыш дароо токтоду. Ошондон кийин эч бир акын айтышта утуп алган ырын Каабанын дубалына илбей калды. Ушу менен кылымдар бою келе жаткан бир салт жоюлду. Бул ушундай күчтүү даражада болгондуктан атактуу Имриул-Кайстын кызы Курандан кыска бир үзүндү укканда таң калганын жашыра албастан:

“Бул адам баласынын сөзү болушу мүмкүн эмес! Дүйнөдө ушундай сөз болгондон кийин, атамдын ыры Каабанын дубалынан алып салынышы керек. Барып аны алып, ордуна бул аяттарды илип койгула» – деп айтууга мажбур болгон.

Ал бүткүл ааламды Курандын сүрөлөрүнө окшош бир сүрө жазууга чакырды. Алла Тааладан башка ишенген бирөөсү бар болсо, жардамга чакырып, Куран сүрөлөрүнө окшош бир сөз, бир сүйлөмдү айтуу жөнүндөгү Курандын талабы ушу күнгө чейин жоопсуз келет...

Алла Таала бул тууралуу мындай дейт:

“Эгер кулубузга (Пайгамбар алейхиссаламга) түшүргөндөрүбүздөн күдүктөнсөңөр, анда ага окшош бир сүрө келтиргиле. Алла Тааладан башка жардамчыларыңарды чакыргыла, эгер айтканыңар ырас болсо!» (Бакара: 23)

***

Маданияттан алыс, караңгы бир коомдун ичинен чыккан бул уммий инсан илими, даанышмандыгы менен өз доорунун адамдарын дармансыз бечара абалда калтырган сыяктуу эле, кыяматка чейин эч ким жете албас өтө чоң, мухиттей терең бир муужиза болуп келген. Бул төмөнкү нерсе менен далилденген: Куран өткөн доорлордун тарыхый окуяларынан келечек доорлордо пайда боло турган нерселерге чейин бир далай илимий маселелер тууралуу айткан, кызыгы, 1400 жылдан бери бир дагы илимий ачылыштар аны жалганга чыгара албады. Ал эми бүгүнкү дүйнөнүн эң атактуу энциклопедиялары да жыл сайын кошумча томдор менен толукталып, түзөтүүлөр киргизилип, өзгөртүүлөргө мажбур калуулары Курандын кыяматка чейин өзгөрүлбөс туруктуулугун аныктайт.

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бүткүл адамзатка өзүнүн Алла Тааланын жер жүзүндөгү өкүл-халифасы экенин практикалык түрдө далилдеди.

Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) илимпоз-окумуштуулар өмүр бою жүргүзгөн изилдөөлөрү аркылуу адамдарга, нерселерге жүргүзгөн тажрыйбаларынан кийин гана чыныгы сыры түшүнүктүү болгон коомдук, маданий жана экономикалык түзүлүш, эл башкаруу жана эларалык катнаштардын эң кынтыксыз эрежелерин эң оболу ал түзгөн. Албетте, адамзаттын теориялык билими жана практикалык тажрыйбасы өнүккөн сайын Азирети Мухаммед Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) дагы да жакшы түшүнүү мүмкүн болууда.

Мурда колуна кылыч кармабаган, аскердик таалим-тарбия көрбөгөн, бир жолу гана байкоочу катарында согушка катышкан бул улуу Пайгамбар бүткүл адамзатты кучагына алган кенен мээримине карабастан, коомдук бейкутчулук үчүн кааласа да, каалабаса да, тавхидди (Алла Тааланын бирдигине ишенүү) коргош үчүн кандуу согуштардын чордонунда жүргөн жоокерге айланды. Тогуз жыл ичинде көбүнчө душмандан аз болгон кошууну менен бүткүл Арабстанды колго алды. Ошол доордун жүрүм-турумсуз, тартипсиз адамдарынын жан-дүйнөсүнө куйган руханий күч жана аскерий таалим-тарбиясы аркылуу мамлекеттерди исламга багындырууда зор жеңишке жетти. Бул ушундай улуу даражада болгондуктан аны ээрчиген сахабалары ошол доордун эң күчтүү эки мамлекети болгон Рим жана Перс империяларын чөгөлөткөн. Ошентип Анын көп убакыт мурун айткан:

«Лаа илааха иллаллох» – дегиле, Иран менен Рим силердики болсун!» – деген кабары жана убадасы жүзөгө ашкан.

Ушинтип, ар кыл терс шарттарга карабастан адамзат тарыхында эң зор төңкөрүш жасаган Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) зулумдарды курутуп, кордук көрүп эзилгендердин көз жашын токтотту. Анын куттуу колу жетимдердин чачын тараган тарак болду. Анын жооткотуусу аркылуу көңүлдөр муңдан арылды.

Мехмед Акиф муну мындайча баяндайт:

Кырк жашка чыкканда ал жетим,

Элди эзген кандуу колдор куруду!

Жагымдуу илеби адамзатты куткарды

Бир заматта кайсар, кисраны жеңди.

Дайыма эзилген алсыздар жанданды.

Эртеңин ойлободу зулумдук, куурады.

Ааламга мээрим эле, апкелди шариятты

Канатын адилет издеген журтка жайды.

Дүйнөдө эмне болсо, жаралды баары Анын урматына,

Карыз коому, карыз дүйнө, карыз бүткүл инсан ага!

Йа, Рабби! Бизди ушул сезим менен тирилт махшарда! »

Эгер бул өзгөчөлүктөрдүн баарына ээ болгон Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дүйнөгө келбегенде, адамзат кыяматка чейин зулумдукта, жапайылыкта калып, алсыздар күчтүүлөрдүн кулу болуп калмак. Жамандыктын пайдасына теңсалмактык бузулуп, дүйнө заалымдарга, алдым-жуттумдарга таандык бойдон калмак. Акын муну ыр саптарында абдан сонун чагылдырган:

«Йа, Расулалла, келбегениңде сен ааламга,

Гүл ачылбай, булбул сайрабай,

Ааламдын мааниси калбай,

Ысымдар белгисиз бойдон калмак эле Адамга...»29

***

Анын башчылыгы менен жыйырма жети согуш, кырк-элүүдөй”сариййа»30 деп аталуучу аскердик кичине чабуулдар жасалды. Меккенин алынышы менен түбү бекиген Ислам:

«...Бүгүн силерге диниңерди толуктадым, нимет-жакшылыгымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн исламды гана дин кылып тандадым...» (Маида: 3) деген аяты менен толукталды.

Эми адамдар менен коштошуунун жана Алла Таала менен жолугуунун убактысы келген эле.

Ооруп калардан бир күн мурун Мадина шаарындагы Жаннатуль-Баакы деп аталган көрүстөнгө барып, өлүүлөр үчүн:

- Йа, Рабби! Ушул жерде жаткандардан мээримиңди аябай, кечире көр!» – деп дуба кылды.

Ушу менен арбактар менен да коштошкондай болду.

Көрүстөндөн кайткандан кийин кезек сахабалар менен коштошууга келди. Аларга эң акыркы насаат айтты жана:

“Атагы улуу Алла Таала бир кулуна дүнүйө менен анын зыйнаты жана өзүнүн (Алла Тааланын) алдындагы белектеринин арасында тандоону буюрду. Ал кул болсо Алла Тааланын алдындагыларды тандап алдым!» - деди.

Бул сөздөр айтылгандан кийин сезимтал жана кылдат жүрөккө ээ Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) Азирети Пайгамбардын коштошуу сөздөрү экенин сезип койду. Катуу кайгы жүрөгүн эзип, муңга толду. Көңүлү чөгүп, көздөрүнөн жаш төгүлдү. Өксүп-өксүп алган соң:

- Ата-энем сага курман болсун, йа, Расулалла! Атабыз, энебиз, бала-чакабыз жана мал-мүлкүбүз сага курман болсун! – деди.

Жамааттын ичинде Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) терең сезимин андан башка эч ким туюп сезген эмес. Анткени, бул Савр үңкүрүндөгү аятта айтылган сөз”экинин экинчиси» бир гана Абу Бакир эле. Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) ал тууралуу мындай деген:

«Жүрөгүмдө эмне бар болсо, бардыгын Абу Бакирге бердим.» – деген.

Сахабалар Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) бул кадырлуу досунун ыйлаганын көргөндө, бири-бирине аң-таң калып:

«Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) Раббисине жетүүнү тандап алган салих (туура, таза, пайдалуу иш кылган) адам тууралуу айтып жатканда аксакалдын ыйлашы кандай таң калычтуу!» - дебатышты.

Ал эми Азирети Абу Бакирдин (Алла ага ыраазы болсун) сезимтал жүрөгү чоң коштошууну сезип, айрылууга кайгырып, сыбызгыга окшоп сыздап, ичинен зарлап турган эле. (М. Асым. Көксал, Ислам Тарыхы 11, 35-36)

Жаннат канышаларынын бири Фатима энебиз мубарак атасы мээримдүүлүк Пайгамбарынан убактылуу айрылуудан ушунчалык катуу капа болгондуктан:

«Ааламдын сыймыгы Пайгамбарыбыздын о дүйнө салышы мага келген ушундай бир балээ болду, эгер ушу балээ караңгылыктын үстүнө түшкөндө, анын түсүн өзгөртүп жибермек.» – деген.

Ал бизге Куран жана сүннөт деп аталган эки чоң жолкөрсөткүч калтырды.

Куран менен сүннөт – ушу дүйнө менен акыреттин бакыт ачкычы жана Пайгамбарыбыздын түбөлүктүү эстелиги.

Ал Мадина шаарына кайткандан кийин 13 күндөй сүргөн катуу оорунун натыйжасында 632–жылы 8-июнда, хижрий жылэсеп менен 11-жылы 12-Рабиул-Аввалда, дүйшөмбү күнү”Рафикуль аълаасына» (Улуу дос Алла Таала менен) кездешти.

Пайгамбарыбыздын эки далысынын ортосунда Пайгамбарлыгынын далили катары теңирдик белги бар эле. Бир далай сахаба ошол белгини өбүүнү көксөп жүрүп өттү. Имам Бейхаки мындай деп айтат:

«Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) түбөлүк ааламга көчкөн убакта куттуу жүзүндө эч бир өзгөрүш болбогондуктан сахабалар Анын кайтыш болгонунан күмөн санады. Ошондуктан Асмаа (Алла ага ыраазы болсун, Пайгамбарыбыздын бир зайыбынын аты) аркасындагы мубарак Пайгамбарлык мөөрүн издеди. Мөөрдүн жоголуп кеткенин көргөндө, түбөлүк ааламга кайтканы айкын болду.» (Термезий)

Дин толукталып, сахабалардан Пайгамбарлык милдеттин толук аткарылышына байланыштуу тастык алынып жана Алла Таалага да күбөлүк беришкен. Ушундан кийин көп өтпөй ал түбөлүк ааламга чакырылды.

Эми Ал махшарда, сыратта жана бейиште кавсар булагынын башында үммөтүн күтүп олтурат.

Шапаат кыл йа, Расулалла!

Медет бол йа, Расулалла!

Дахилек31, йа, Расулалла!

***

12-Рабиуль-авваль, дүйшөмбү күнү туулуп, дүйнөнү шарапаттандырган.

Дал ошол 12-Рабиуль-авваль, дүйшөмбү күнү Алла Тааладан Пайгамбарлык милдети берилген. Азирети Абу Катада минтип риваят кылат:

«Азирети Пайгамбардан дүйшөмбү күнү кармалуучу орозо тууралу суралды. Ал болсо:

- Бул менин туулган күнүм жана Пайгамбар катары жиберилген күнүм, – деп жооп берди.» (Муслим)

Ошол эле 12-Рабиуль-аввалдын дүйшөмбү таңында Мадинага кирип, жаңы курулган жана кыямат кайымга чейин кулабай турган Ислам Мамлекетинин негизи түптөгөн.

Акыры 12-Рабиуль-авваль дүйшөмбү күнү акырет ааламына көчкөн.

Анын төрөлүшү, Пайгамбарлыгы, хижраты жана кайтыш болушу, теңирдик чагылыш иретинде дайыма 12-Рабиуль-авваль дүйшөмбү күндөрүнө кез келүүсү – бул айдын канчалык касиеттүү, маанилүү экенин билдирет.

Бул дүйнөлүк жашоодо Алла Тааланын жамал менен жалал32 сыпатынын бир көрүнүшү катары сүйүнүч менен кайгы бирге болот. Көңүлдүн майрам шаттыгы менен өлүм ачуусу бири-бирине карама- каршы сезимдер болсо да бирге.

Алла Элчисинин бул жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө, бакты-таалай ааламына кайтышы менен Андан айрылып калган бул дүйнөнүн оопасыздыгын Азирети Азиз Махмуд Худайи ыр саптары аркылуу мындайча сүрөттөйт:

Ким күтөт сенден оопаны,

Жалган дүйнө эмессиңби?

Мухаммед Мустафаны

Алган дүйнө эмессиңби?


АЗИРЕТИ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ҮЛГҮЛҮҮ АДЕП-АХЛАГЫ ЖАНА БАШКА ПАЙГАМБАРЛАР АРАСЫНДАГЫ ОРДУ

Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) адеп-ахлагы ар бир киши үчүн эң кемчиликсиз үлгү:

Ал - диний лидер, мамлекет башчысы катары үлгү, ошондой эле Алланын сүйүү бакчасына киргендерге да үлгү. Раббисинин ырыскы-ниметтерине карк болуп турса да шүгүрчүлүгү жана кичипейилдиги менен адамдарга өрнөк болгон.

Кыйын кезең жана жерлерде сабыры, Аллага моюн сунуучулугу менен үлгү; согушта олжого кызыкпай, аларды муктаждарга тараткан жоомарттыгы менен, үй-бүлөсүнө аталык мээрими менен, багар-көрөрү жок байкуштарга, бечараларга, кулдарга ыракымдуулугу менен ошондой эле кылмышкерлерге кечиримдүүлүгү жана айкөлдүгү менен үлгү болгон.

Эгер эсепсиз мал-мүлккө ээ болгон бай болсоң, бүтүндөй Арабстанга ээлик кылып, бүтүндөй араб урууларын өзүнө сүйүү менен багынткан ошол Улуу Пайгамбардын жөнөкөйлүгүн, айкөлдүгүн жана жоомарттыгын эсиңе ал!

Эгерде карапайым калктан бирөө болсоң, Меккеде заалым, талоончул бутпарастардын тартиби менен өмүр сүрүүгө мажбур болгон Пайгамбарыбызды өзүңө өрнөк кыл!

Эгерде жеңиштерге жеткен колбашчы болсоң, Бадр жана Хунайн согуштарында душманын жеңген эркин толук Аллага берген эржүрөк Пайгамбардын өмүрүнөн сабак ал!

Алла көрсөтпөсүн, бирок жеңилүүгө дуушар болгон кездериң болсо, анда Ухуд согушунда шейит кеткен, же жараланып жерде сулап жаткан сахабаларын эч коркпостон кыдырган, Кудай Таалага тобокел кылган Пайгамбарды эсте!

Эгер мугалим болсоң, мечитте асхаабы суффага33 назик, сезимтал көңүлүнүн нурун төгүп, теңирдик буйруктарды үйрөткөн Пайгамбарды ойло!

Эгерде окуучу болсоң, өзүнө вахий апкелген Жабрайил периштенин маңдайында тизелеп олтурган Пайгамбарды элестет!

Эгерде үгүт-насаат айткан дааватчы-муршид болсоң, масжиди набавинин ичинде сахабаларына даанышмандык үрөнүн чачкан Пайгамбарды тыңша! Анын жагымдуу үнүнө кулак төшөп, көңүл кой!

Эгерде акыйкат үчүн күрөшүп, акыйкатты жайылтуу, акыйкатты туу тутуп көтөрүүнү кааласаң жана бул жолдо сени жөлөп таяган бир жардамчы, же кеменгериң жок болсо, Меккеде бардык жардамдардан куру калып, сүйөнөр–таянарсыз калган шарттарда заалымдарга акыйкаттыкты даңазалап, аларды хидаятка (туура жолго) чакырган Пайгамбардын өмүрүнө кара!

Душманыңды жеңип, анын белин мертинткен болсоң, каршыңдагы тоң моюн душмандын мойнун бурап, алдыңа чөгөлөткөн болсоң, баатылды жоюп, акыйкатты даңазалаган болсоң, Мекке алынган күнү касиеттүү чөлкөмгө ээ бир колбашчы болсо дагы, чоң кичипейилдүүлүк менен төөсүнүн үстүндө башын ээрге сажда кылып аткандай абалда кирип барган Пайгамбарды көз алдыңа келтир!

Эгерде өздүк чарбаң (ферма) бар болсо жана аердеги иштериңдин ийгилигин кааласаң, Бани Надр, Хайбар жана Федек деген жерлерге ээ болгондон кийин аларды түзөтүп, эң жакшы жол менен башкара алчу кишилерди иштеткен Пайгамбардан өрнөк ал!

Эгер багар–көрөрү жок бирөө болсоң, Абдулла менен Аминанын жетими, боор эти менен бир болгон жалгыз сүттөй таза, күнөөсүз, нуру жанган жетимди ойло!

Эгер жетилген бир жигит болсоң, Меккеде агасы Абу Талибдин малын баккан, келечекте Пайгамбар болуучу жигиттин өмүрүнө кара!

Эгер соода кербендери менен жолго чыккан соодагер болсоң, Сириядан Бусрага баруучу кербендердин эң улугу болгон инсандын абалын жакшылап ойлон!

Эгерде казы, же сот болсоң, Меккенин уруулары бири-бири менен чабышмакчы болуп калган убакта Хажаруль-Асвадды Каабадагы ордуна коюуда Анын адилеттүү жана баам-парасаттуу чечимин ойло!

Кайрадан карт тарыхка карек оодарып, Мадинадагы Масжиди Набавида олтуруп жокчулук ичиндеги бей-бечаралар менен байлык ээси байларга бирдей мамиле кылып, инсандарга эң адилеттүү түрдө өкүм берген Пайгамбарга бир кара!

Эгерде үй-бүлөлүү болсоң, Азирети Кадича менен Азирети Айшанын жубайы болгон Ал куттуу инсандын таза адеп-ахлагына, терең сезимталдыгын жана мээримдүүлүгүн байка!

Эгерде ата болсоң, Фатимат-уз-Захранын атасы жана Азирети Хасан менен Азирети Хусейндин таятасы болгон бул улуу инсандын аларга кылган мамилесин үйрөн!

Сен кандай даражада болсоң да, кандай шартта болсоң да, эртели-кеч ар убак Азирети Мухаммедди (саллаллоху алейхи васаллам) өзүңө табылгыс жолбашчы катары көр!

Ал ушундай кынтыксыз муршид болгондуктан, анын сүннөттөрү аркылуу кетирген бардык жаңылыштарыңды оңдой аласың... Жүрүшпөй калган иштериңди жүргүзөсүң. Анын нуру менен жолбашчылыгынын аркасында турмуштун түркүн тузактарынан кутулуп, чыныгы бакытка жетет.

Чынында эле Анын адеп-ахлагы өтө сейрек кездеше турган жыпар жыттуу назик гүлдөрдөн куралган гүлдестеге окшош.

***

Дүйнө жүзүндө адамзат арасында өкүм сүргөн бир адилеттик көзүңүзгө урунса, адамдардын жүрөктөрүн бири-бирине байлаган бир мээримдүүлүк жана боорукерлик бар болсо, же болбосо бир коомдо байлар колунда жокторго мээримдүүлүк менен мамиле жасап, жардам берип жаткан болсо, алдуулары алсыздарын коргоп, колунда барлар бечараларга көмөк көрсөтсө, дени соолор майыптарга медет көргөзсө, байлар жетим-жесирлерге көз салып, алардын кардын тойгузса, бул адамдык жогорку сапаттар ар дайым Пайгамбарлардан жана алардын жолунда жүргөндөрдөн калган жол экендигине күдүк-күмөнсүз ишенишиңиз керек.

Бул чындыкты Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жашоосунда дагы да ачыгыраак көрсө болот. Анткени Ал Пайгамбарлыктын жеткен туу чокусу. Анын бул кемчиликсиздигин башка диндин ынсаптуу өкүлдөрү да байкап, моюндарына алууга аргасыз болгон. Англис ойчул-окумуштууларынын бири Mr. Carlyle (Мр. Карлайл)”Каармандар» деген китебинде адамзат тарыхында ар бир кесиптин эң улуу адамын аныктап, анын өмүрүн жана эмгектерин изилдеген. Мисалы акындар ичинде кимиси мыкты, колбашчылар арасында кимиси эң күчтүү ж.б. Христиан динине ишенген жана эмгектеринде анысын жашырбаган Мр. Карлайл Пайгамбарлар ичинде Азирети Пайгамбарыбызды теңдеши жок деп таанып, аныктаган.

Жыйырманчы кылымдын ортосунда Голландиянын Лахей шаарында топтолгон илимпоздор, окумуштуулар уюму дүйнөнүн жүз улуу адамын тандап, бардыгы христиан экенине карабастан бул калыстар биринчи орунга Азирети Пайгамбарды коюуга мажбур болушкан.

Негизи инсандын улуу касиети, өзгөчөлүгү – анын душмандары тарабынан да тастыкталышында жатат. Азирети Пайгамбардын пазилети менен даанышмандыгын ага ишенбегендер да ырасташкан.

Анткени Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) өзгөчө адеп-ахлагы, түрдүү иштердин ар бирине ылайык жооп берүүчү кулк-мүнөз касиеттерин өзүнө топтогон. Ар кандай абалда болгон адамдардын жашоосунун бардык жагдай, шарттарында аларга бир гана Анын адеп-ахлагы жол көрсөтүүчү, туура жолго багыттоочу жана өрнөк болуучу касиетке ээ. Ал жер жүзүндөгү бүткүл адамдардын таалим-тарбиясынын эң башкы үлгүлөрүн көрсөтүп турат. Ал нур издегендерге нур чачат. Анын туура жолго баштоосу – туура жол издеген ар бир адамды адаштырбас ак шоола. Ал – бүткүл адамзаттын жападан-жалгыз тарбиячы-муршиди.

Анын таалим-тарбиясы адамзат катмарларынын бардык тобун камтыйт. Бардык улуттар тилдеринин, түстөрүнүн жана класстарынын айырмасына, коомдук абалы жана маданияттарынын түрдүүлүгүнө карабастан анын дининде топтолгон. Бир да адамды бул динге кабыл алышка тоскоол болгон эч бир окуя кездешпейт. Бул дин жалгыз бир гана коомго таандык болбостон, адамды адам катары караган илимий борбор сыяктуу. Алсыз менен алдуунун бири-биринен айырмасы жок.

Азирети Пайгамбарыбызга моюн сунуп, анын изи менен жүргөндөрдү карагылачы, алардын ичинен Хабаш (азыркы Эфиопия) өкүмдары Нажаши, Меандын улугу Фарва, Химяр башчысы Зулкила, Фирузи Дейлеми, Йемен улуктарынын бири Маракабуд, Умман акимдеринен Убайд жана Жафар сыяктуу тандалган инсандарды көрө алабыз.

Кайра бир назар жүгүртө турган болсок, бул падыша жана өкүмдардан башка Билал, Ясир, Сухайб, Хаббаб, Аммар, Абу Фукайха сыяктуу кулдар менен алсыздар: Сумаййа, Лубайна, Зиннира, Нахдиййа, Умми Абис сыяктуу күңдөр жана багар-көрөрү жок аялдардар да бар эле.

Анын улуу сахабаларынын арасында акылы зирек, терең ойлуу чечендер болгондой эле, ошону менен катар эң кылдат иштерди аткара алган, дүйнөнүн сырларын билген, мамлекеттерди кыраакылык жана билгичтик менен башкара алган инсандар да бар болгон.

Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) ээрчигендер шаарларды башкарып, аймактарга өкүм жүргүзүшкөн. Адамдар алар аркылуу бакты-таалайга жетип, адилеттүүлүктүн даамын татышкан. Калк арасында саламаттык менен бейкуттук орноп, адамдар бири-бири менен боордоштук мамиледе өмүр сүрүшкөн.

1789-жылкы Франция революциясынын идеологиялык негиздерин иштеп чыккандардын бири болгон философ Лафайет белгилүү”Адам укуктары декларациясы» жарыялангандан мурун бардык укук системаларын изилдеп чыгып, ислам укугунун жогору экендигин көрүп, мындай деген:

«Эй, Мухаммед! Сенин адилеттүүлүктү жүзөгө ашырууда жеткен деңгээлиңди али эч ким көрсөтө элек!»

***

Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) берген сырткы жана ички тарбиясы ушундай таасири күчтүү дарыдай жарым жапайы, көбү адамгерчиликтен кабары жок түркөй бир коомду адамзат азыр да эңсеп, суктанган”сахаба» деп аталган эң жогорку даражага жеткирген. Аларды жалгыз бир диндин, бир туунун, бир укуктун, бир маданият жана башкаруунун алдына топтоп, бириктирген.

Наадан, канкор адамдарды маданияттуу; жапайы, кылмышкер жана жан-дүйнөсү пастарды Алла Таалага сүйүп, ошол эле учурда андан коркуп жашаган жарамдуу-салих инсандарга айланткан.

Кылымдар бою көзгө көрүнөрлүк бир да адам жетилте албаган бул коом Анын нурдуу таалим-тарбиясын көргөн нечен инсандарды өстүрүп чыгарган. Бул инсандар ал аркылуу ээ болгон ыйман нурларын илим жана ирфан менен жуурулуштурулуп, төгөрөктүн төрт бурчуна жеткиришкен. Чөлгө түшкөн нур кыяматка чейин туура жолду көрсөтүш үчүн адамзатка жайылган. Алла Тааланын:”Сен болбосоң (Азирети Мухаммед) ушул ааламды жаратпас элем» – деген сыры ушундайча белгилүү болгон. Ааламдын жаралыш максаты жүзөгө ашкан.

Ал кыска убакыттын ичинде эле бир дагы падыша жете албаган мүмкүнчүлүктөргө жетип, жүрөктөрдү багынта бүтүндөй адамзат эңсеген жолбашчысы болсо да, алдына чачылган дүнүйөнүн эч бирине көңүл бурбастан мурункусундай карапайым, жөнөкөй жашаган. Мурдагысындай эле кыштан тургузулган кепесинде жөнөкөй, кедей кейпинде өмүр өтөгөн. Курманын жалбырактары толтурулган төшөктө уктаган. Жупуну кийимдерди кийген. Жарды адамдан да төмөн болгон шартта күн кечирген. Кээде жегенге эч нерсе табалбаган убакта Алла Таалага шүгүр кылып, ачкалыгын басуу үчүн ичине таш байлап алган күндөрү болгон. Кылган жана кыла турган бүткүл күнөөлөрү кечирилсе да шүгүрчүлүгүн жана жалбаруусун токтоткон эмес. Түндөрдү буттары шишигенче намаз окуу менен өткөрчү. Бей-бечараларга жардамын аячу эмес. Багар-көрөрү жок жетимдерге жөлөк-таяк болчу. Ал улуктугуна карабастан, эң кембагал кишилер менен өзү алек болуп, аларга боорукерлик жана мээримдүүлүк канатын жайган.

Адамдардын көзүндө эң күчтүү, кубаттуу болуп көрүнгөн Мекке алынган күнү меккеликтер коркуудан улам тиши-тишине тийбей калчылдаганда:

- Йа, Расулалла! Мага исламды үйрөтүңүз! - деген жердешине өзүнүн өмүрүндөгү убайлуу убагын эскерип, жай үн менен:

- Коркпо, бир боорум! Мен падыша, же султан эмесмин! (Ыраматылык энесинин атын айтып) Курайш уруусунан чыккан сүрсүгөн эт жеген сенин мурунку коңшуңдун жетимимин! – деп адамзат тарыхында болуп көрбөгөн кичипейилдүүлүктүн туу чокусун көрсөткөн.

Ошол эле күнү карыган атасын жонуна көтөрүп, алдына алып келип, ага ыйманды үйрөтүүнү сураган,”үңкүр шериги» Азирети Абу Бакирге:

«Йа, Абу Бакир! Бул карыган атаңды эмне үчүн бул жерге чейин алып келип кыйнадың? Ага биз барсак болбойт беле?» – деп жооп берүү менен жөнөкөйлүүлүгүн көрсөткөн.

***

Бүткүл өлкөлөр өз ыктыяры менен сүйүнө Анын коргоосуна өтүп, ал бүтүндөй Арабияга ээ болгон. Каалаган нерсесин кылууга мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок Ал ага карабастан кичипейилдигин, жөнөкөйлүгүн таштаган эмес. Өзүнүн эч бир нерсеге ээ эместигин, бардыгы Алла Тааланын кудуреттүү колунда экенин айтчу.

Мезгил өзгөрүлүп, чоң байлыкка ээ болду. Байлык жүктөлгөн төө кербендери аркылуу Нурдуу Мадинага байлык, мал-мүлк суудай акты. Ал булардын барын муктаж болгондорго таратып, мурунку карапайым жашоосун уланта берди. Ал:

«Ухуд тоолорундай алтыным болсо да (карызымдан тышкары) үч күндөн калтырбайт болчумун» (Бухарий, Таманна – 2; Муслим, Зекет 31) – деген.

Пайгамбарыбыздын үйүндө көбүнчө от жагылып, казан асылбай, карды ачка таң атырган күндөр болгон.

Бир күнү Азирети Умар Азирети Пайгамбарыбыздын куттуу үйүнө кирет. Бөлмөнүн ичине бир сыйра көз чаптырат. Бөлмө жылан сыйпагандай бош эле. Болгону ичине курма жалбырактарынан жасалган төшөк бар экен. Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) анын үстүндө жаткан экен. Бул төшөнчүнүн изи Анын куттуу жүзүнө түшүп калыптыр. Бөлмөнүн бир бурчунда биртике арпа уну, дубалдагы мыкка илинген эскирген бир суу чаначы турат. Бүтүндөй Араб жарым аралы кол алдында болгон кездеги Анын дүнүйө, мал-мүлкү ушулар эле. Буларды көрүп, өзүн токтото албаган Азирети Умардын көздөрү жашылданат. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):

- Йа, Умар! Эмне үчүн ыйлап жатасың? – деп сурайт. Ал болсо:

- Кантип ыйлабайын, йа, Расулалла?! Римдин, Перстин өкүмдарлары дүнүйө лаззатынын ичинде сүзүп жүрүшөт. Алланын Элчиси болсо куу чийдин үстүндө өмүр сүрүүдө! – деп жооп берет.

Анда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Азирети Умардун көңүлүн көтөрө мындай дейт:

- Йа, Умар, алар дүнүйө ырахатына батышып, доор сүрө беришсин! Бизге акырет жетет!

Дагы ушуга окшош бир окуядан улам мындай дегени бар:

«Дүнүйөнүн мага эмне кереги бар? Мени менен дүнүйө жайдын ысык күнүндө сапарга чыккан кишинин бир дарактын көлөкөсүндө уктап, ойгонгондо жолуна түшүүсүнө окшош.» (Термезий, Зухд 44; Ибни Мажа, Зухд 3)

Муну айткан Расулалланын адеп-ахлагы чынында эле кынтыксыз болчу.

Анын өмүрү – үммөтүнүн бай-кембагал, алдуу-алсыз бардык кишилерине теңдешсиз үлгү.

Кайтыш болгон кезинде не бир дирхем, не бир динар акчасы, не бир кулу, жок дегенде бир кою да болгон эмес. Андан тек гана бир качыр, бир согуш куралы жана мусулмандарга багыштаган”Фадак» аттуу жери калган. Башкача айтканда, мураскорлоруна мурас калган эмес. Ал тургай, мусулмандар бардык зекеттерин берип салбасын деген кооптонуу менен өз тукумунан тарагандардын зекет алуусуна тыюу салган.

Ушул мисалдардын баары 1400 жылдай мурун”жахилия»34 деп аталган караңгы доордо дүйнөгө келген бул уммий (сабатсыз) инсандын бүгүнкү күнүбүздүн жана болочок доорлордо бир да адам баласы Ал жеткен деңгээлге жете албасын далилдейт.

Ал байлык менен ырахат жашоого, падышалык менен атакка, жыргалчылык менен молчулукка такыр маани берген эмес. Тавхид үчүн жүргүзгөн күрөшүнүн жанында дүнүйөнүн бардык байлыгы жана салтанаты Ал үчүн бир куурайга да татыбаган нерсе болчу.

Азирети Айшанын айтуусу боюнча, мадиналык бир аял Расулалланы (саллаллоху алейхи васаллам) зыярат кылганы келгенде анын төшөгү кунарсыз териден куралганын көргөн соң үйүнө жүгүрүп барып, ичине жүн салынган төшөгүн алып келет. Бирок Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) төшөгүнүн алмашканын жактырбай, Азирети Айшага:

«Йа, Айша! Төшөктү ээсине кайтарып бер. Алла касам кылам, эгер кааласам, Алла Таала мага алтын менен күмүштөн курулган тоолорду бермек.» (Ахмед бин Ханбал, Китабуз – Зухд 30 б) – дейт.

Бул окуя Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) дүнүйөгө такыр маани бербегендигин айгинелейт.

Анын бул үстөм сапаттары менен катар эң жакшы мүнөздөрүнүн бири – үммөтүнө болгон чексиз сүйүүсү. Бул өзгөчөлүк бир аятта мындайча баяндалат:

“Арийне, силерге ичиңерден ушундай ардактуу бир Пайгамбар келди, ал силердин капалансаңар капаланат, кубансаңар кубанат, момундар үчүн жүрөгү мээримдүүлүк менен согот!» (Тообо: 128)

***

Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) теңдешсиз адамгерчилигинин айсбергдин көрүнгөн гана бөлүгүндөй аз гана бөлүгү да адамдык сапаттын эч ким жете алгыс туу чокусун түзөт. Анткени, Алла Таала аны бүткүл адамзатка бир”усвайи хасана», башкача айтканда, эч бир кемчилиги жок үлгүлүү инсан кылып жараткан. Бул себептен улам, аны коомдогу алсыз жана бей-бечаралардын эң төмөнкү тепкичи болгон”томолой жетимдиктен» баштап, турмуштун бардык даражаларынан өткөрүп, күч-кудурет жана бийлик жагынан алганда эң жогорку даражага, башкача айтканда, Пайгамбарлык жана мамлекет башчылыгына чейин көтөргөн. Эмнеге дегенде, турмуштун тигил, же бул деңгээлинде болгондор Андан өздөрүнө эч кемчиликсиз жүрүм-турум үлгүлөрүн алып, өз чама-чаркына, жөндөмүнө жараша жүзөгө ашырууга тырышсын деп. Муну эң сонун түшүнгөн түрк калкы Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) ысымынын кичинекей модели катары”Мехмед, Мехмедчик» деген ысымдарды колдоно башташкан.

***

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) философтор баш болуп, мен жолбашчымын дегендердин бардыгынан айырмаланып, жашоосун Алланын жардамы менен баштаган, башкаларга окшоп, кишилигин (личностун) аста-аста толуктаган эмес. Ал али бала кезинде эле келечекте жүктөлө турган милдеттин ылайыктуулугун сездирген жүрүм-турумдун эң сонун үлгүлөрүн көрсөткөн.

Акылдары вахий менен тарбияланбаган философдордун болсо, жалпы дүйнөлүк милдеттери болбогондуктан, алардын кулк-мүнөз, коомдук тынчтык тууралуу айткан оң-терс пикирлери көбүнчө китептерде гана калып, аны жүзөгө ашыргандардын өмүрү өтө кыска болгон. Башка өңүттөн караганда, философтор адамдык сапаттар тууралуу айткан принциптеринин үлгүлөрүн иш жүзүндө аткара алышкан эмес. Ал эми адеп-ахлактык жүрүм-турумга практикалык өлчөм болгон Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) кыймыл-аракеттери адамзатка эң сонун, эң кынтыксыз үлгү.

Мисалы, Найс деген бир философ”Супер хьюмен» б.а., супер адам баласы тууралуу китеп жазган, бирок анын иш жүзүнө ашкан далилдери менен тастыктай алган эмес. Ал бар болгону бир ой, бир көз караш бойдон калган. Ал эми Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бүтүндөй адамдык бийик сапаттардын туу чокусун көрсөткөн жана анын иш жүзүнө ашыруу аркылуу бүткүл адамзатка ушу күнгө чейин жол көрсөтүүчү болуп келген жана кыяматка чейин улана бермекчи.

Дагы бир мисал, Аристотель адеп-ахлак философиясынын бир топ мыйзам жана эрежелеринин негиздерин иштеп чыкканына карабастан, вахийден алыс болгондугуна байланыштуу анын философиясына ынанып жашап, аны ишке ашырып бактылуу болгон бир да адамды көрө албайбыз. Анткени философтордун жүрөктөрү жамандыктардан, напсилери күнөөлөрдөн арылбай, ой-пикири менен иштери вахий менен коштолгон эмес. Бул себептен улам, ойлоп тапкан эреже-усулдары, системалары конференция залынан, же китеп барактарынан тышкары чыга алган эмес.

Ал эми Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) элчилик милдетин баштоодон мурун өзүн калкка сүйдүргөн жана адамгерчилиги менен калктын”Сен Амиин жана Садыксың» (Сен ишенимдүү жана туурасың) дегениндей татыктуу жетишкендиктерге ээ болгон. Мына ушундай жетишкендиктерден кийин Ал Алла Тааланын туура жолуна чакыруусун баштаган.

Калк Анын адамдык баалуу сапаттарын, жакшылыгын, тууралыгын Пайгамбарлык келе электен мурун эле билип, аны сүйчү. Ага”аль-Амин» (ишенимдүү) деген наамды ыйгарып, Кааба оңдолуп жаткан убакта хажаруль асвадды ордуна коюуда пикир келишпестиктер туулганда Анын калыстыгына кыйшаюусуз моюн сунушкан.

Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Пайгамбарлыгынан мурун жахилия (караңгы) доорунда да түрдүү зулумдуктарга өтө каршы турган. Ал Пайгамбарлыгынан мурун ылайык көрүп катышкан бир гана уюму:”Жакшылар келишими» бар болчу. Себеби”Жакшылар келишими» - адилеттүү уюм болуп, анда кабыл алынган чечимдер негизинен төмөнкүдөй эле:

«Меккелик, же четтен келген тигил, же бул киши адилетсиздикке дуушар болсо, кылынган зыян калыбына келтирилгенге чейин зулумдук кылганга айып тартылат. Адилеттүүлүк аркылуу коомдун бейкуттугу жана тынчтыгы сакталат.»

Зулумдук жана адилетсиздиктин алдын алган бул келишим, Расулалланы (саллаллоху алейхи васаллам) чексиз ыраазы кылган жана Пайгамбарлык келгенден кийин аны мындайча эскерген:

«Абдуллах бин Жудандын үйүндө агаларым менен бирдикте жакшылар жыйналышында болдум. Ал жыйналышка ушундай ыраазы болдум, эгер анын ордуна кызыл төөлөр (б.а. дүнүйө байлыктары) берилсе да мынчалык кубанбас элем. Мен азыр да ушундай жыйналышка чакырыла турган болсом, токтоосуз түрдө бармакмын.»

Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) жашоосунда көрүлгөн ушул жана ушуга окшош сан жеткис адилеттиктер, мээрим жана боорукердиктер – бүткүл ааламга кыяматка чейин үлгү. Ал теңдешсиз Күндүн ааламга чачкан жарык нурун эч бир ынсаптуу көз жокко чыгара албайт. Арийне, ыйман келтирбесе да, акылы тунук канчалаган чет элдик илимпоздор Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) артыкчалыгын жана жетишкен ийгиликтерин тастыкташкан. Алардын бири Карлайл:

«Анын туулушу – нурдун караңгылыктан айрылышы.» – десе, Сэр Муир:

«Адамзаттын оңолушу эч убакта Азирети Мухаммеддин заманынан кыйыныраак болгон эмес. дагы бакубат, күчтүү боло албады. Бирок кайтыш болгондон кийин артына калтырган бейкуттук жана ийгиликтеринен дагы да артыгыраак бир да жетишкендикти, же ийгиликти көрө элекпиз.» – деп баа берген.

Британика энциклопедиясында Пайгамбарыбыздын артыкчалыгын тастыктоо таризинде төмөнкүлөр жазылган:

«Мухаммед жетишкен ийгиликтерге тарыхта эч бир Пайгамбар, эч бир агартуучу жана ошондой эле дин кызматкери жете алган эмес.»

Б. Смит мындай деген:

“Мухаммед агартуучулардын эң чоңу экени талашсыз!»

Стэнли Лэйн-Поло төмөнкү чындыкты моюнга алат:

“Мухаммед эң улуу жеңишке жеткен күнү өтө чоң артыкчылыкка жеткен. Ошол күнү курайшты эч нерсе албастан кечирген жана анын бул кечирими бүтүндөй Мекке тургундарын камтыган.»

Буну улап Артур Гильман да:

“Меккенин алынышында анын улуулугуна күбө болобуз. Андан мурун Мекке калкынан көргөн азаптары Аны канчалаган душманынан өч алууга түрткү болору толук мүмкүн эле. Бирок Азирети Мухаммед кошуунун ыктымалдуу кан төгүүлөрдөн сактады. Чоң бир мээрим, айкөлдүк көрсөтүп, Аллага шүгүр кылды.» – деп мүнөздөмө берет.


Мээрим Пайгамбарынын адамдык сапаттарынын мушриктер тарабынан тастыкталышы

Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) жахилиййа арабдарынын ишенимине ушунчалык ээ болгондуктан анын айыгышкан душманы Абу Жахил дагы ага бир күнү:

- Эй, Мухаммед! Мен сага”Сен жалганчысың!» - дебеймин. Бирок, ушул диниңди каалабаймын... – деген.

Элдешпес душмандары да Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) чыныгы Пайгамбар экенин абийирлери кабыл кылса да, жалаң напси-ниеттеринин айынан кабылдашкан эмес.

Арийне, ыйык аятта минтип айтылган:

“Алардын сөздөрү сени чындап капалантканын билебиз. Чынында, алар сени жалганга чыгарышкан жери жок. Бирок ал заалимдер Алланын аяттарын ачыктан ачык жокко чыгарышууда.» (Анъаам: 33)

***

628-жылы перстерди жеңген Византия императору Гераклий согуштан кайтып келе жатып, Сирияга токтогон кезинде Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) аны исламга чакырган каты берилет. Бул катка ачууланбай, тескерисинче көңүл коюп, бул чакырыктын чоо-жайын жакшыраак билүүнү каалаган Византия императору бул тууралуу сурамжылоо үчүн Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) жердештеринин бирин апкелүүнү буюрат. Ошол кезде Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) эң айыгышкан душмандарынын бири Абу Суфьян меккелик соодагерлердин башчысы катары Сирияга келген эле. Ал кез хижраттын 6-жылы жана Азирети Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) менен курайштын ортосунда убактылуу тынчтык келишими бар эле. Гераклийдин адамдары аларды таап, падышанын алдына алып келишет. Гераклий ал кезде Байтул Макдисте35 болчу. Жанында Римдин сыйлуу адамдар болгон бир кезде Гераклий аларды кабыл алып, тилмечин чакыртат. Ошондо тилмеч аркылуу Гераклий менен Абу Суфьяндын ортосунда төмөнкүдөй маек болуп өтөт:

- Пайгамбарлыгын жарыялаган бул адамга тукуму жагынан эң жакыныңар ким?

- Эң жакыны менмин.

- Мен азыр сага бир нече суроо берем, бирок жолдошторуңуз угуп турушсун! (Жолдошторуна кайрылып): Мен каттын ээси тууралуу бул кишиге (Абу Суфьянга) суроо берем, жалган айтып жатса,”Жалган айтып жатат» - дегиле.

Арийне,”Кудай акы, эгер жалган айтканымды жолдошторум башкаларга ушактарынан уялбасам, Ал тууралуу жалган сүйлөмөкмүн!» - деген Абу Суфян суроо-жоопту төмөнкүчө улантат:

- Анын ата теги кандай?

- Анын ата теги өтө жогору!

- Силерге бул сөздөрдү Андан мурун айткан бирөө болдубу?

- Жок, болгон эмес!

- Ата-бабасынан өкүмдар чыкты беле?

- Жок, чыккан эмес.

- Аны ээрчигендер калктын жогорку даражалууларбы, же төмөнкү катмардагыларбы?

- Төмөнкү катмардагылар.

- Ага ишенгендердин саны көбөйүүдөбү, же азаюудабы?

- Көбөйүүдө.

- Ичтеринде Анын динине кирип алып, анан жактырбай динден кайткандары барбы?

- Жок!

- Пайгамбарлыгын жарыялаганга чейин анын жалганына күбө болдуңар беле?

- Жок!

- Убадасына турбаган кези болдубу?

- Жок! Ал берген убадасына турат, бирок биз аны менен белгилүү убакытка келишим түздүк. Бул келишимдин аралыгында эмне кыларын билбейбиз. (Кийин Абу Суфян:”Аны жамандоо үчүн ушундан башка сөз таба алган жокмун!» – деген.)

- Аны менен согуштуңарбы?

- Ооба!

- Ал согуштар кандай бүттү?

- Кээде ал бизди жеңчү, кээде биз аны.

- Болуптур, силерге эмнени кылууга үндөөдө?

- Бизге:”Бир Аллага гана кулчулук кылгыла; эч бир нерсени Ага орток кошпогула; бабаларыңар сыйынган буттарды таштагыла!» - дейт. Бизди намаз окууга, тууралыкка, ар-намыстуу болууга, тууган-туушкандар менен карым-катнашты үзбөөгө үндөөдө.

Мындай жооптон кийин Гераклий тилмеч аркылуу Абу Суфьянга мындай дейт:

- Анын ата тегин сурадым, ичиңерде өтө тектүү экенин айттың. Чыныгы Пайгамбарлар өз коомдорунун тектүүлөрүнөн жиберилет.

Ичиңерде андан мурун Пайгамбарылыгын жарыялаган бирөө болдубу деп сурадым, жок дедиң. Андан мурун Пайгамбарлыгын жарыялаган бирөө болгондо, аны туурап атат демекмин.

Ата-бабасынан өкүмдар чыкканбы деп сурадым, чыккан жок дедиң. Эгер ата-бабаларынан өкүмдар чыкканда, анда бабасынын мүлкүн кайтарып алууга жандалбастабатат демекмин.

Пайгамбарлыгын жарыялардан мурун анын жалган айтканына күбө болдуңар беле деп сурадым, жок дедиң. Элге жалган айтпаган киши Кудай тууралуу да эч качан жалган айтпайт!

Аны ээрчигендер калктын жогорку катмарынанбы, же төмөнкү катмарынанбы деп сураганымда, төмөнкү катмардагылар дедиң. Пайгамбарларды эң алгач ушундай адамдар ээрчийт.

Аны ээрчигендердин саны көбөйүп же азайып бара жатканын сураганымда, көбөйүп бара жатат деп жооп бердиң. Аруу, таза диндердин өзгөчөлүгү – толукталып бүткөнгө чейин ээрчигендердин саны көбөйө беришинде.


Continue reading this ebook at Smashwords.
Download this book for your ebook reader.
(Pages 1-66 show above.)