МАЗМУНУ
2. Илим менен Куранды жайылтуу кызматы
3. Эл керегине жараган кызматтар
а. Жаратылган жандуу-жансызга болгон боорукерлик (шафкат ли-Халкиллаах)
в. Алла Тааланын жолундагы кайрат
г. Алла Тааланын жолунда бүт нерсеге даяр болуу
4. Кайгылуу, азалуу адамдардын жанында болуу
а. Мусулмандардын арыз-муңун угуужана камкордук
б. Жетим, жесирлерге көңүл буруу
г. Муктажга, карызы барга жана жолдо калган мусапырга жардам берүү
д. Ач адамды тойгузуу, чаңкага суу берүү
е. Жаназа намазын окуу жана маркумду акыркы сапарга узатуу
5. Жакшылык ишке жарышуу жана ашыгуу
6. Башкаруучулук кызматтарда жоопкерчиликти сезе билүү
7. Жаратылган жаамы жандуу-жансызга Жараткандын назары менен кароо
Сөздүн эң улуусу, ыйыгы – Алланын Китеби.
Жолдун эң мыктысы, эң аруусу – сүннөт жолу.
Эң кубаттуу калкан – такыбаалык.
Айтылгандын эң шарапаттуусу – Алланын сөзү.
Топук кылып, шүгүр келтирилген азыноолак мал-мүлк топук кылынбаган көп дүнүйөдөн артык.
Эң пайдалуу илим – ирфан илими.
Эң оор дарт – өлүм алдындагы оору.
Эң жаман абал – кыяматтагы бушаймандык.
Эң чоң жаңылыштык – жалганчылык.
Эң пайдалуу байлык – топук, канаат.
Эң мыкты ыйман - жүрөктөн түнөк тапкан ыйман.
Зекетсиз, кайыр-садагасыз табылган акча акыретте ээсин жер каратат.
Кирешенин эң жаманы – кызыл кулактык менен табылган жана пайызга алынган акча.
Сокурлуктун эң оору – жүрөктүн сокурлугу.
Ысыраптын баары – биринен-бири өткөн оор күнөө. Бирок, эң кейиштүү нерсе – адамдын өзүн-өзү ысырапка учуратышы.
Ааламдардын ардагы Азирети Мухаммадка (саллаллаху алейхи васаллам) бизди үммөт кылып, нагыз бак-таалайды ыроологон Улуу Алла Таалага чексиз алкыш жана даңк!
Бүткүл ааламга ырайым катары жиберилип, өзүнүн үлгүлүү адамгерчилиги менен «Исламдын изги маданиятын» түптөп, жалпы адам баласына бейиш жолун көрсөтүп кеткен пайгамбарлардын султаны Азирети Мухаммад Мустафага сан миң салаваттарды айтабыз!
Ааламдагы мүлдө макулуктун ичинен адамзааданы гана ахсан-и таквим-эң көрктүү түзүлүштө жараткан Алла Таала пендесинин бардык иш-аракетин, адеп-ахлагын, ибадаттарын, түбөлүк ааламга кайтышын эң изги таризде жүзөгө ашып туруусун каалайт. Анткени Алла Таала жер жүзүнө өкүл кылып дайындаган адампенденин бул улуу шарапатка татыктуу болуп өмүр кечиришин, натыйжада бейишти да, ал аркылуу Өз жамалын көргөзүүнү да максат кылган.
Ошол себептен адампенде өмүрү өткөнчө Куран менен сүннөттөн тайбай, изгиликтин майданында жашай алса, чыныгы инсандык баага арзыйт. Атагы алыска кеткен залкарлардын: «Адам уулу канткенде адам болот?» деп башкатырган суроосунун түйүнү дал ушунда жатат. Анткени ар бир макулук өз деңгээлине жараша жашап өтөт. Эгер өз деңгээлине жарашпаган иштер менен алек болуп, жаңылыш жолго түшкөн болсо, өз деңгээлине көө жапкан болот.
Маселен, жакут, бермет жана алмазды алалы. Бул таш тегиндеги заттар, адатта бекем, нары кооз кутуларда сакталып, өтө маанилүү иштерге жумшалат. Демейки шагыл таштар болсо жолдогу чуңкурларды толтуруу үчүн колдонулат. Кызыгы, баасы кымбат ошол акак, жакуттарды «эмне болсо болсун, баары бир таш эмеспи» деген түшүнүк менен жолдогу чуңкурларды толтурууга жумшоо, арийне, жеткен акмактык жана жосунсуз жорук!
Мына ушул сыяктуу барча макулуктун көз кареги саналган адамзааданын өтө маанилүү, өзгөчө касиеттүү амалдарды өтөөнүн ордуна кайдыгерликте ныксырап өтүшү ашкере акмакчылык. Жадагалса өзүнүн инсандык баркын, бийик шарапатын аңдай албоо – наадандык, нары кайдыгерлик. Мындай адамдар Алланын алдындагы ызаат-урматтан, инсандык касиеттен кол жууп, өзүнө-өзү жамандык тилеген болуп эсептелет.
Адам баласынын бул сынак дүйнөдөгү кайдыгерлигине жана наадандыгына ишаарат кылган Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген:
«Жакшы болуу кыйын, шермендечилик көз ачып жумганча».
Бул багытта кеменгер ата-бабаларыбыздын:
«Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бирпаста».
«Жакшыга жанаш, жамандан адаш» деген накыл кептери бекеринен айтылган эместир.
Бул өңүттөн адампенде ар дайым рухий тарбияга муктаж. А тарбия болсо адамдын табиятында жок нерсени жаратпайт. Маселен, такыбаалык менен бузукулукка, жакшылык менен жамандыкка болгон шык адамдын табиятында бар. Рухий тарбия – киши табиятындагы терс шыктын, ышкынын баарын өчүрүп, жакшы жактарын өөрчүтүүнүн жападан жалгыз жолу.
Ошол себептен Жараткан Алла Таала напсинин сан миң азгырыктарына алданбай, ыплас жашоодон оолак болуп, табиятыбыздагы асыл сапаттарды өөрчүтүү үчүн «ахсан-и таквийм - эң мыкты түзүлүш» аттуу изги долбоорду Өзүнүн китептери аркылуу жалпы адам баласына маалымдаган. Аны ишке ашырып, бизге таалим берсин деп пайгамбарларды жиберген.
Анткени бир нерсени жаратуу үчүн тек гана мыкты деп эсептелген жоболорду жаза кою же иштеп чыгуу жетиштүү эмес. Жол-жоболор, мыйзам-өкүмдөр канчалык кынтыксыз болбосун, алардын кагаздан жүзөгө, сөздөн ишке ашырылышын тастыктоо кажет. Тескерисинче, ал изги жоболор адамдын аң-сезимине сиңбей, куру кыял бойдон калып кетет. Бул нары катаал, нары татаал сынак дүйнөдө пендезаада үлгүгө муктаж болгону болгон. Акыйкат-чындыкты, дүйнөнүн сулуулугун, өмүрдүн баалуулугун өрнөксүз, мисалсыз аңдоо мүмкүн эмес. Үлгүнүн шарапаты менен аң-сезим агарып, жакшыны да, жаманды да таамай тааный алат. Ошондуктан адамды түбөлүк бак-таалайга жеткире турган, Жараткан койгон изгилик жоболорун жүрүм-туруму, жашоо ыңгайы менен көрсөтө турган мыкты үлгүгө, ахлактык жолбашчыга муктажбыз.
Азирети Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу Ыйык Курандын жиберилишиндеги аялуу сыр да мына ушул жерде жатат. Тактап айтканда, Курандагы өкүмдөрдү, буйруктарды жүзөгө ашырып, аны менен жашоо гана туура болоору Алла Элчисинин өмүр-жашоосунан кашкайып көрүнүп турат. Пайгамбарыбыз болбогондо, көрпенде напсиге алданып диндин өкүмдөрүнө кол шилтеп, аларды жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигин жар салмак. Анткени мурунку пайгамбарлардын көзү өтүп, алар алып келген улуу мыйзамдарды орундатар адамдар калбай калган доорлордо пенделер Алланын китептериндеги нечендеген изги эреже-жоболорду, буйруктарды четке кагуу менен: «Буларды жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес!» деп өз кызыкчылыктарына жараша жеңилдетип, бузуп жок кылышкан.
Буйрулган улуу мыйзамдарды жүзөгө ашырууга чындыгында адам баласынын дарамети жетерин тажрыйба өзү көрсөткөн. Алланын акыркы Китеби саналган Ыйык Куран Азирети Мухаммаддын жүрөгүнө илхам кылынып, аты аталган жогорудагы улуу долбоор ага ыроолонгон. Жалгыз өзүнө гана ыроолонбостон аманат катары, белгиленген чекке чейинки адамдарга жеткирүү, аларга сүйдүрүү, «мыкты түзүлүшкө» өрнөктүк кылуу шарты менен берилген.
«... (Элчим!) Мурунку Китеперди тастыктоо, адамдарга жолкөрсөтүүчү жана сүйүнчү иретинде Алланын уруксаты менен сенин жүрөгүңө Жабраил Куранды салган» (Бакара сүрөсү, 97-аят).
Ардактуу Пайгамбарыбыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан Куран заматта анын бүтүндөй турпатынан көрүнө баштайт. Дене-турпатынан гана эмес, сөзүнөн да, жүрүм-турумунан да, абийири, ой-пикиринен да оргуштап, көптөрдү ойго салат. Ошентип Азирети Мухаммад Мустафанын бүтүндөй жашоосу Ыйык Курандын жандуу мүнөздөмөсү, акыйкат аныктамасы, чечмелениш-тафсири болуп кала берди. Кудай Таала анын жеке адамдык сапатын Өзүнүн акыйкаттары жана артыкчылыктары менен шөкөттөйт.
Адампенде өзү жактырган тарапты үлгү тутат. Бирөөгө окшошууга болгон арзуусу күчөсө, окшошууга аракет кылса, демек, анын сүйүүсү күчтүү. Өрнөк тутунуу – катуу жактыруунун белгиси. Ар бир элдин калыптанган багыты, ошол жакшылыкты таштап кеткен көсөмү болот. Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) үлгүлүү адамгерчилигинен, сүйүүсүнөн жаңы жашоо тапкан сахабалар анын Пайгамбарлык тарбиясынан калыптанып, тарыхка «асры-саадат - бактылуулук кылымын» тартуу кылды. Хунайн казатында сахабалар андан кайрат алды, Ухуд согушунда берилүүнү жана тобокелчиликти аны менен кошо баштан кечирди. Жумушта, үй-бүлөдө, соодада, жеке мамиледе, социалдык вазийпаларда, ахлактуулукта болсун, же ибадат кылууда болсун, сахаба атпай аны үлгү тутунуп, бүтүндөй изгиликти андан алды. Пайгамбарга болгон ысык ыйман, урмат-сый жана талыкпай ээрчүүнүн натыйжасында гана алар сахаба деген улук шарапатка эгедер болуп, ахлак менен адамгерчиликте кол жеткис бийиктерге жетишти.
Куранда минтип айтылат:
«(Элчим!) Сен шек-күмөнсүз изги ахлактын сересиндесиң!» (Калам сүрөсү, 4-аят).
Азирети Пайгамбарыбызга Курандагыдан артык мүнөздөмө берүүгө мүмкүн эмес. Анткени Жараткан Алла Таала адам баласына тиешелүү барча асыл сапаттарды, ахлактуулукту, изги кулк-мүнөздүн эң мыктысын Азирети Мухаммаддын боюна ширеткени чындык.
Ушул себептен болсо керек, ыймандуусу да, ыймансызы да Алла Элчисинин ажайып ахлагына жана асыл сапаттарына таң калып келет. Жадагалса, көптөгөн Ислам душмандары: «Биз сенин ишенимдүү жана чынчыл адам экендигиңди билебиз. Бирок ушу алып келгениңди каалабай турабыз» деген каардуу мушрик Абу Жахилден тарта бүгүнкү күндөгү нечелеген таанымал каапырлар да ардактуу Пайгамбарыбыздын адамдык сапатынын бийиктигин, анын улуу инсан экендигин моюнга алып жүрүшөт. Тарых анын изгилигин ошондон берки ар бир кылымда эң алдыңкы сапка каттап келет. Мына ошонун бирине назар салалы.
Америкалык илимпоз Майкл Харт 1979-жылы тээ Адам Атанын доорунан берки жашап өткөн эң таасирлүү адамды аныктоо боюнча атайын иликтөө жүргүзөт. Улуу инсандардын, залкарлардын баарын шык-жөндөмүнө, күрөшүнө, ийгилигине, иш-аракеттерине байланыштуу толгон токой маалыматтарды топтойт. Жумушчу топтун бир канча айга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгында Азирети Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөдөгү эң таасирлүү адам деп табылат.
Мындан көп өтпөй 1979-жылы Ле Поинт аттуу француздардын журналы Мухаммад Пайгамбарыбызды «жылдын адамы» деп тандайт. 1979-жылдын 29-декабрында чыккан бардык гезиттер бул тандоону: «Азирети Мухаммад 571-632-жылдар аралыгында жашап өткөнүнө карабастан анын таасири бүгүнкү күндө арткандан-артып, миллиондогон адамдар ал салган чыйыр жолдон тайбай келе жатышат» деп түшүндүрүшөт (Зафер журналы, 97/3-8).
Анткени анын жолу менен жашоо адам баласы үчүн тозоктон аман калуунун, кутулуунун, бак-таалайдын жападан жалгыз жолу.
Анын изинен басуу - жакшы өмүр кечирүүнүн себепкери.
Сахабалар жеткен улуу шарапатка жана ызаатка жетүү үчүн акыркы Пайгамбарды жандан артык сүйүп, бул жалгандагы бардык иш-аракеттерибизди анын сүннөтү менен салыштырып, ошого жараша багыт алышыбыз зарыл. Аны жөн гана окуп же угуп койбостон, чын жүрөктөн ыйман келтирип, башкаларга таанытып, башкаларга да сүйдүрүшүбүз абзел.
Айтылгандардын баарын жүзөгө ашыруу үчүн оболу канткенде анын жолунан тайбай баса алаарыбызды ойлонушубуз керек. Ушул ой-санаадан арылтуу, бизди түйшөлткөн бул суроого жооп берүү үчүн колуңуздардагы «Исламдын изги маданияты - 3» аттуу китепти жазууну эп көрдүк. Кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мыкты калыпка салынган жашоосунун изги элестерин мурдатан жаза келген ыкма менен түшүндүрүүгө аракет жасадык. Бул эмгекти жазууда мурда басылган китептерибизден жана башка белгилүү булактардан пайдаландык. Биз канчалык аракеттенсек да, бул эмгек адеп-ахлактын туу чокусуна жетип, жалаң изгиликти таштап кеткен кадырман Пайгамбарыбыздын кадыр-баркын чагылдырууда деңиздин тамчысындай эле кеп экендигин баса белгилеп койгонубуз абзел. Ал эми бул жерде айтылган жана айтылбай калган изгиликтердин баарын акактан тунук адамгерчилигине сиңирген Пайгамбарыбыз экени түшүнүктүү. Ал таштап кеткен изгилик ааламын таанытуу үчүн жасаган далаалатыбыз, мактообуз, эскерүүбүз, арийне аздык кылат. Муну биз эле эмес, Алла Элчисин өз көзү менен көргөн сахаба Азирети Али да моюнга алган:
«Кимге Алла Элчисинен бир хадис, же бир абал маалымдала турган болсо, хидаят, намаз жана такыбаалык өңүтүнөн Азирети Пайгамбарыбыз ошо айтылгандардан алда канча жогору турарын билип койсун!» (Ахмад, I, 122).
Мына ушундай сезим, ушундай кылдаттык менен адам баласына эки дүйнөдө тең пайда келтире турган кызмат жана ынтымак-ырашкерликке данакер болчу өз ара мамилелер тууралуу ардактуу Пайгамбарыбыз коюп кеткен эреже-жоболорду мүмкүн болушунча жугумдуу, нары түшүнүктүү кылып жеткирүүгө аракет жасадык. Ошондой эле бул маселелерди дагы да ынанымдуу түшүндүрүү үчүн Алла Элчисинин руханий тарбиясында жетилген кутман сахабалардын, элчилердин мураскерлери саналган олуялардын1 жана алардын изи менен келе жаткан инсандардын ибараттуу икаяларынан, үлгүлүү жактарынан мисал келтирдик.
Азирети Пайгамбарыбыздын, сахабалардын жана Жараткандын сүйүктүү олуя пенделеринин бийик ахлагынан аз да болсо таалим алуу, Куранда буйрулган ахлактуулукту жашай билүү, өмүрдү Алла Таала жана Анын Элчиси ыраазы боло тургандай изгилик менен кечирүүдөн башка эч кандай ниетибиз жок. Окурмандарыбыз бул китепти окугандан кийин ушу айтылган ниеттерге кошулса, жакшылык тапса дейбиз.
Сөз соңунда бул эмгекти даярдоодо жакындан жардам берген Мурат КАЯ баш болгон ак ниеттүү досторубуздун баарына жана китепти кыргыз тилине которгон котормочу Акылбек Халбековго чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Алардын бул албан мээнети эсепсиз соопко айланышын Жараткандан тилейм! Алла аларга ыраазы болуп, эки дүйнөдөгү жашоосун нурга бөлөсүн! Бул эмгек бир кишиге болсо да өз таасирин бере алса, өзүбүздү бактылуу сезебиз!
Жараткан Алла Таалам бардык жакшы ниеттерибизди кабыл кылсын, амал дептерлерибизди соопко толтурсун! Бийик ахлагы менен Курандын жандуу көрүнүшү саналган Азирети Пайгамбарыбыздын руханий берекесин көөдөнүбүзгө жаадырсын!
Оо, Жараткан Кудай Таалам, Азирети Пайгамбарыбыздын жолунда аны сүйүп, анын ахлагынан таалим алып, Исламдын изги маданиятын көтөрүүнү бизге насип кыл!
Оомийн!
Осман Нури ТОПБАШ
2007-жылдын апрель айы.
Стамбул-Үскүдар
«Ким элине ак кызмат өтөсө, ырасында, ал кадырман, улуу инсан» (куттуу хадис. Дайлами, Муснад, II, 324).
«Бүгүн Алла ыраазылыгы үчүн эмне жакшылык кылдың?!»
Кызмат – Жараткан Алла Таала тарабынан бизге тагылган пенделик милдет. Момун мусулмандын жашоосу жаратылыштагы бүтүндөй жандууларга кызмат кылуу менен берекеге, шаңга жана бакытка тунат. Өлчөлүү аманат өмүрдү Алланын ыраазылыгы үчүн кызматка арнаган пенде өлүмсүз жандүйнөсүн түбөлүккө азат кылган болуп эсептелет.
Азирети Мавлана муну мындайча чечмелейт.
«Ибадаттарыңды орундатып, башкаларга урмат-сый көрсөтүп, элге-журтка жакшы ниет менен кызмат кылган сайын жандүйнөңдүн көзү ачылып, азыркы көрүнгөн түстөрдөн башка дагы ажайып түстөрдү көрө баштайсың. Жөнөкөй таштар акак, жакут болуп көрүнөт».
Жараткан Алла Таала пенделерине сансыз жакшылыктарды берген. Мунун артында көптөгөн максаттар бар. Ошолордун бири – айлана чөйрөбүздөгү макулуктарга кызмат кылуу. Ыроолонгон жакшылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске албастан өз көмөчүнө күл тартып кызматтан качкан пенделерди мөмөсүз даракка салыштырууга болот. Адам баласы бул өңүтүнөн чынар терекке окшош. Мисалы, чынар теректин баркы өтө жогору. Жүз жылдар бою жашай алат. Бирок анда мөмө деген нерсе болбойт. Жадагалса тилинип курулушка колдонууга да жарабайт. Тек гана отун кылып жакса болот. А зейтунду алалычы. Тигилгенден бир жыл өткөн соң эле кадимкидей мөмө бере баштайт. Чынар теректей болуп калдайып, узарып да кетпейт.
Адамзаада мал-мүлк, саламаттык, илим-билим сыяктуу дагы башка көптөгөн заттык жана рухий албан мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонуна карабастан чынар терек сымал мөмөсүз жашоону тандаса, анда өз бактысына өзү балта чапкан болот. Андыктан мусулман пенде зейтун дарагы сыяктуу дароо мөмө берүүгө жан үрөп, айлана-чөйрөсүнө пайда келтирүүнүн камын көрүшү керек. Момун мусулмандын мөмөсү – элге, журтка, айлана чөйрөгө кызмат кылуу.
Жараткан Алла Таала кызматтын артына купуя сырды катып койгон. Аллага ибадат кылуу үчүн жаратылган пенделерге кам көрүү, кызмат кылуу, жардам берүү өтө сооптуу иштердин катарынан орун алат. Динге кызмат кылган, кыйналып жүргөн пендеге жардам берген адамдын башына түшкөн мүшкүлдөрүн жеңилдетүүнү Алла Таала Өзү кепилдикке алат. А өз дартынан башканы ойлобогондорду өз алдынча койот.
Кызмат – бул напсинин өзүмчүлдүгүнөн арылып, камкордук сапатты өнүктүрүү менен бирге Жараткандын ыраазылыгын табуу. Ак дилден өтөлгөн кызмат Аллага болгон ысык ыймандын белгиси.
Ар бир момун мусулман Жараткандын ыраазылыгын табуу үчүн өз коомуна астейдил кызмат кылууну маанилүү милдет катары көрүшү керек. Кызмат кылууну жашоонун мазмунуна айландырган инсанды коомчулук жерге таштабайт, кадырлайт, баалайт. Пенденин сыйы пендечиликтин чеги менен аныкталат, бирок инсан Алланын даргөйүндө гана бийик мартабага жетерин эч убакта эсинен чыгарбашы керек. Куттуу хадисте минтип айтылат:
«Ким элине ак кызмат өтөсө, ал кадырман, улуу инсан»2.
Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) айтымына караганда сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Бир пенде жолдо жаткан шакты көрүп «Аллага ант болсун! Мусулмандарга залакасын тийгизбесин үчүн муну жолдон алып салайын» деп айтканын орундатты. Ал ушул себептен бейишке татыктуу болду» (Муслим, Бирр, 128).
«Бир адам жолдун ортосунда жаткан тикенди көрүп аны жээкке ыргытып салды. Ушул себептен Алла ага ыраазы болду жана күнөөлөрүн кечирди» (Бухари, Азан, 32, Мазалим, 28; Муслим, Бирр, 127, Имара, 164).
Жараткандын ыраазылыгы кээде чын дилден аткарылган кичинекей бир иштин артында катылуу болушу мүмкүн экендигин эч качан унутпашыбыз керек. Андыктан чоң-кичине дебестен колдон келген пайдалуу иш жасап, такай Улуу ыраазылыкты издегенибиз дурус.
Алланын даргөйүндөгү эң жагымдуу амал – Анын ыраазылыгы үчүн адамдарга кызмат кылуу жана ахлактуулук. Чындыгында Алланын жолунда жүрүү коомго кызмат кылууну, камкордукту жана ибадаткөйлүктү туюнтат. Буга ишаарат кылган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Адамдардын эң жакшысы – айлана чөйрөсүндөгү адамдарга пайдасын тийгизген адам» (Ибн Хажар, ал-Маталибул-Алийа, I, 264).
Ошондой эле маанисиз көрүнгөнү менен Анын ыраазылыгына төп келген айрым бир кызматтар ордун тапса, нечелеген нафил ибадаттардан жогору турат. Бул чындыктын мисалы тээ Пайгамбарыбыздын заманында болуп өткөн:
Аптаптуу күн как төбөдөн уруп турган маал. Сапарга чыккандардын арасында Алланын Элчиси да бар эле. Жолоочулар тыныгуу үчүн ылайыктуу жер тандайт. Төөлөрүн чөгөрөт, жүктөрүн чечишет. Орозо кармаган сахабалар курсак ачып чаалыккандыктан баштарын катып, уйкуга кетишет. Орозо кармабагандары болсо көлөкөлөгөнгө чатыр тигет, мал-жандыкты сугарууга жана дааратка суу ташышат. Аны менен катар орозо кармагандарга да кызмат кылышат. Ооз ачар маал болгондо Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Бүгүн орозо кармабагандар ашыкча соопко эгедер болушту» (Бухари, Жихад, 71; Муслим, Сыям, 100-101; Насаи, Савм, 52).
Ардактуу Пайгамбарыбыздын бул нускасын аңдап түшүнгөн ар бир инсан анын адам баласы үчүн ашкере камкор, эмгекчил, нары кеменгер экенине күбө болот. Ал бүт өмүрүн адашкандарды туура жолго салуу, жандүйнөнү тазартуу, жүрөктү рухий жактан азыктандырууу сыяктуу улуу кызматтарга арнаган. Ал муну менен катар коомдогу кызматтарды да майын чыгара аткарып, жалаң ийгиликтерди жараткан.
Маселен, Каабаны оңдоп-түзөөдө, Куба, Набавий (пайгамбар) мечиттерин курууда, Хандак казууда кадырман сахабалардын тосконуна карабастан алар менен теңата иштеген. Дагы бир жолу жоро-жолдоштору менен тоо кыдырып келүүгө барышат. Чаалыккан мезгилде тамактануу үчүн баары бирден иш бөлүштүрүп алышат. Калыстыктын таасым үлгүсү саналган Азирети Пайгамбарыбыз отун жыйноо ишин өз мойнуна алат. Сахабалар бул ирет дагы өздөрү жыйнарын айтып көңдүрө албай коюшат. Бир жолкусунда аны менен таанышуу үчүн арап урууларынын билермандары келишет. Ошондо да, али Исламды кабылдай элек билермандарга астейдил ызаат көрсөтүп, жеке өзү аларга кызмат көрсөтөт. Бир иш менен үйүнө келген адамга көңүл буруп, көпчүккө отургузуп, сыртта болсо үстүндөгү чепкенин жерге жая салчу экен жарыктык Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам).
Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) мындай кичи пейилдиги менен ак көңүлдүгүнөн адам атпай үлгү алышы керек. Астейдил назар салсак, ал өмүрүн Жаратканга, пендезатка жана макулукка кызмат кылууга арнаган. Анын тарбиясын алган алтын муун бүт өмүрүн дин Исламга арнашкан. Сахабалар Алла жолуна кызмат кылган мезгилдерин турмуштун эң таттуу учуру катары эскеришкен.
Биртуугандык сезимдер алсырап, коомдон бейпилдик, ынтамак качып, кекчилдик менен түркөйлүк тушап турган азыркы заманда айрыкча «пайгамбар доорунун кызмат ышкына» муктаж болуп турабыз. Ушундай оомалуу-төкмөлүү кезеңде чын ыкластан кылынган кичинекей гана жакшылык менен кайрымдуулукка Жараткан Алла өтө чоң сооп тартуу кылары шексиз. Бул жагдай тууралуу атактуу аалым Имам-и Раббани мындай деген:
«Ким ардактуу Пайгамбарыбыздын сүннөтүн тутунуп жана ал апкелген өкүмдөргө моюн сунуп жүргөн болсо, ал чыныгы бактылуу адам. Бүгүнкү күндө анын динин акыйкат дин деп ишенип, жасалган азыноолак жакшылыктар опол тоодой иштерге тете...» (Мактубат-и Раббани, 44. Мактуб).
Ошондуктан оболу өзүбүздү жана урпактарыбызды Алла Элчисиндеги кызмат ышкына тарбиялап, жакшылык кылууну жандай сүйгөн чыныгы момун мусулман болууга кам көрүшүбүз керек.
Айта кетчү нерсе, биз жасаган жакшылыктар Алла Тааланын даргөйүндө айрым шарттардын негизинде кабыл кылынат. Ошол себептен шартка ылайык мейли кайрымдуулук болсун, мейли жакшылык же кызмат болсун чын ыкластан, боорукерлик, камкордук менен орундатылып, ниетте Алланын ыраазылыгынан башка эч нерсе болбошу керек.
Асыресе кызматта ийги ниетиң болгонуна карабастан ныксыраган тейде жай кыймылдоо жакшылыктын баркын түшүрөт. Алланын ыраазылыгына татыктуу болуу үчүн кызматты чоң немат, улуу мүмкүнчүлүк деп билүү, айрыкча соопко эгедер бололу десек, ибадаттагыдай берилүү менен өтөө керек. Кутман сахабалардын заманында болуп өткөн береги окуядан ар кимибиз сабак алсак болот:
Сахабалар казатка аттанат. Дайындалгандардын арасынан бирөө «Булар кете беришсин. Мен бешим намазын Пайгамбарым менен чогуу окуп, аны менен саламдашып, батасын алгандан кийин жолго аттанайын» деген ойдо топтон бөлүнүп калып кетет.
Бешим намазы өз убагында окулат. Топтон калган сахаба намаздан кийин Алла Элчисине салам берет. Чочулаган Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) суз гана алик алат да, таң калып сурайт:
– Жолдошторуң сенден канчалык узап кеткенин билесиңби?
– Ооба, бир кыйла узап кетишти, анткени алар эртең менен аттанышкан.
– Напсимди Кудурети менен кармап турган Жаратканга ант этем, жакшылыкта алар сенден чыгыш менен батыштын ортосундагы эң узун аралыктай узап кетишти (Ахмад, III, 438).
Башка бир вариантында:
«– Эми, жер жүзүндөгү бүт нерсени кайрым кылсаң да, эртелеп кеткен топтун ийгилигин таба албайсың» дейт (Тирмизи, Жума, 28/527; Ахмад, I, 256; Байхаки, III, 187).
Бул сахаба өз оюнда жакшы ниетте болгону менен кызматтан артта калгандыгы үчүн Алла Элчисинин эскертүүсүнө дуушар болду. Азирети Пайгамбарга жакын болоюн, аны кубантайын деген ою ишке ашпай, тескерисинче анын жүрөгүн оорутуп алат. Демек, Алла жолунда ак дилден кызмат кылуу көп нерседен жогору турат. Жеке кызыкчылык үчүн топтон бөлүнүп кызматтан калуу чоң жоготууга алып келээрине күбө болдук. Жараткан Алла биримдикте, ынтымакташа кызматташууну жана кызмат өтөгөнүбүздү көргүсү келгенин билсек кана, атаганат!
«Акыйкатта, Алла Таала Өзүнүн жолунда бекем дубал өңдүү катар туруп күрөшкөндөрдү жакшы көрөт» (Саф сүрөсү, 4-аят).
Сүйүү – бул машакатты мээримдүүлүк жолу менен жоюп жиберген эң таасирлүү күч. Сүйүү менен аткарылса, өтө оор деп эсептелген кызматтар да жеңилдейт, бат бүтөт. Алла жолундагы кызматтарды чын ыкластан, сүйүп орундаткан камкор момун-мусулман айлана чөйрөсүнүн тиреги, бейпилдик булагы. Мухаммед Икбалга таандык береги тамсил кыйынчылыкка сабыр кылгысы келген камкор пенделерге дем берет:
«Бир кийик бир кийикке арыз-муңун айтып турат:
– Жетишет, мындан кийин Ыйык Каабада жашайм. Ошол жайда жатып-туруп, оттоп курсак тойгузам. Анткени аңчылар тоого тузак койгондуктан, жаныбыз ар дайым бычак мизинде. Аңчылардын азабынан кутулуп, тынчтыкта жашагым келет!
Арыз-муңун сабырдуулук менен уккан экинчи кийик ага минтип кеңеш берет:
– Эй, акылдуу досум! Жашагың келсе, коркунучка тобокел кылып жаша. Өзүңдү ар дайым бүлөөгө кайрап, болот кылычтан өткүр жаша! Коркунуч күч-кайратты, кудуретти сынайт. Дене-турпаттын, анын ичиндеги көзгө көрүнбөгөн киши рухунун эмнелерге кудуреттүү экенин бизге ошо кооптуулук билгизет».
Бул дүйнөдө жасай турган эң зарыл кызматыбыз – Исламды жаю жана адамдарга ыйман таалимин берүү. Тактап айтканда, жакшылыктын, сулуулуктун, акыйкаттын маанилүүлүгүн жетик түшүндүрүүнү, маңкурттуктан, жамандыктан кайтарууну мусулмандык милдет катары санашыбыз керек. Жараткан Алланын Китеби менен Анын Элчисинин улуу сүннөтүн жашоонун маңызына айлантуу үчүн иралды эл-журтка кызмат кылуу, акыйкатка чакыруу өңдүү вазийпаларды сүйө аткарышыбыз керек.
Мээримдүүлүк, ырайымдуулук – мусулманды башка пенделерден айырмалаган өзгөчө касиеттерден. Жаратканы себептүү жаратылган жандуу-жансызга көрсөтүлгөн боорукерлик жүзөгө аша алса, нагыз кызмат ошо. Алла Тааланы таанууга, Ислам динине, сүйүүгө чакыруу мына ошол кызматтагы алгачкы кадамдар.
Элди жакшылыкка үндөө, жаңылыштыктарын түзөлтүү, билбеген нерселерин үйрөтүү, алардын ыйманына дем берүү жана Аллага жакын пенде болуунун багытын көрсөтүү – бул улуу кызмат. Пендезаттын бул дүйнө жана акырети үчүн пайда келтирген бул кызматты канчалык бериле аткарсак гана ыйманды ыроологон Жараткан Алла Таалага шүгүр келтирген болобуз. Ошону менен катар бул салих амал Алланын ыраазылыгына жеткирип, өмүрүбүздү берекеге карк кылат. Адам баласына Жараткандын береги мактоосуна татыктуу болуудан өткөн таалай болбосо керек:
«(Адамдарды) Аллага ыйман келтирүүгө чакырып, салих амалдарды аткарган жана «Мен мусулманмын!» деген пендеден өткөн чынчыл ким болушу мүмкүн?!» (Фуссилат сүрөсү, 33-аят).
Жараткан бизди Өз ыраазылыгына татыган, түбөлүк бак-таалайды багынткан момун мусулман болушубузду каалайт.
«Араңарда жакшылыкка чакырып, сооптуу амалдарга үндөгөн жана жамандыкты тыйган бир жамаат болсун. Мына ошолор – (азаптан) кутулуучулар» (Аали Имран сүрөсү, 104-аят).
Касиети улук чакырыктын маанилүүлүгүнө ишаарат кылган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Жараткан Аллага ант этип туруп айтам! Сенин себепкерлигиң менен Алла Таала бир пендесин туура жолго баштаган болсо, бул сен үчүн (ошол кезде өтө баалуу мүлк саналган) кызыл төөлөрдүн ээси болгонуңдан да пайдалуу» (Бухари, Асхабун-Наби, 9).
Азирети Абу Бакр (Алла ага ыраазы болсун) дүнүйө-мүлкүнүн көбүн кулдарды азаттыка чыгарууга жана аларды ыйманга чакырууга сарптачу экен. Момун мусулманды кубантуу жана анын мусулмандык милдеттерин тоскоолсуз орундатылышын камсыз кылуу Азирети Абу Бакр үчүн сөз жеткис бакыт эле. Байлыктын ушундай жолго жумшалып жатканын жактыра бербеген атасы Абу Кухафа күндөрдүн биринде уулуна сөз салат:
– Уулум, сен качан болбосун алсыз кулдарды сатып алып азат кылып жүрөсүң. Андай эле кул азат кылгың келип жатса, күч-кубатуу, олбурлуу, каруулуу кулдардан сатып ал. Ар кандай кооптуу жагдайларда алар сага жансакчылык кылат, ишиңе да жарайт...
Атасынын жаңылыш түшүнүгүн оңдоо үчүн ал өз максатын баян кылат:
– Атаке, менин мындагы негизги максатым – Алланын ыраазылыгын табуу. Мен бул иштен Кудайымдын үзүр-сообун гана тилейм, башка эч нерсени эмес.
Азирети Абу Бакрдын ушул жана башка берешендигин жана кызматты сүйгөн аккөңүлдүгүн мактоо иретинде береги аят түшүрүлгөн:
«Мал-мүлкүн Алла жолуна сарптаган такыбаанын (арамдан сактангандын), ал улуу сөздү (Лаа илааха илла-Аллах, Мухаммур-Расуулуллах (келмени) тастыктаган адамдын жолун жеңил кылабыз» (ал-Лайл сүрөсү, 5-7-аяттар)3.
Кадырман Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадис:
«Туура жолго чакырган адам, чакырыкка моюн сунгандардын үзүрүнө тете үзүр табат. Бирок моюн сунгандардын үзүрүнөн эч нерсе кемибейт. Жаман жолго баштаган адам ошол жолго түшкөндөрдүн күнөөлөрүндөй күнөөгө батат. Бирок, өзүн ээрчигендердин күнөөсүнөн эч нерсе кемибейт!..» (Муслим, Илим, 16; Абу Давуд, Суннат, 6/4609).
Маалым болгондой, жакшылыкка, акыйкатка чакыруунун үзүрү да, жаман, бузуку жолго баштоонун кесепети да асмандан жааган кар сымал көбөйүп олтуруп нары салмактуу, нары чоң үймөккө айланып калып жатат.
Чакырык-даават иши ошол эле маалда «чоң күрөш-жихад» деп аталат. Анткени Алла Таала Куранда мындайча буйруйт:
«Каапырларга эч убакта моюн сунба! Жана мунун (Куран) жардамы менен бар күчүңдү сарптап, аларга каршы чоң күрөш ач!» (Фуркан сүрөсү, 52-аят).
Аяттагы «чоң күрөш» деген буйруктун Мекке доорунда, мусулмандардын каапырларга каршы чыккыдай күчкө ээ боло элек кезинде келиши жихаттын чыныгы маанилеринин бирин, башкача айтканда, Куранды жана андагы өкүмдөрдү элге жеткизүүнүн зарылдыгын ортого коюда. Анткени бул аят түшкөн маалда момун мусулмандардын колунда Алланын сөзүнөн башка эч нерсе жок эле. Болгону алар Куранды өздөрү үйрөнүп, муну менен катар ага ыйман келтирип, аны сүйө окуунун пайдалуулугун башкаларга түшүндүрүү менен алектенип жаткан эле. Өмүрдүн бычак мизинде турганына карабастан Исламга чакырууну үзгүлтүккө учуратышкан эмес эле.
Үгүт кызматында көздөгөн максатка жетүү үчүн иралды дааватчы өзү Куранды түшүнө билген, анын буйруктарын кынтыксыз аткарып, аны менен жандүйнөсүн байыткан жана анда айтылган адеп-ахлакты тулку боюна сиңирген деңгээлде болушу керек. Анткени Исламга чакыруудагы эң мыкты үгүт жана эң мыкты усул – адам өзү биринчилерден болуп Курандын өкүмдөрүн жана Исламдын изги маданиятын ибадаткөйлүгү, такыбаалыгы, жүрүм-туруму, кийген кийими, сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен көрсөтө алышы керек. Ошондо гана максат жүзөгө ашат.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үгүт-насаат вазийпасын жана мусулмандык жоопкерчиликти үммөтүнүн эсине салып, бул улуу кызматка дайыма шыктандырып турган. Ал өз хадисинде минтип айтат:
«Менден бир аят болсо да аңдап угуп, адамдарга жеткиргиле!» (Бухари, Анбия, 50).
«Менден бир хадис угуп, аны башкаларга жеткирүү максатында өзгөртүүсүз сактаган пенденин жүзүн Алла Таалам жер каратпасын! Анткени укканын уккандай, дегенин дегендей, жадагалса ошол изгиликти айтып берген адамдан да жакшы түшүнгөн, андан да жакшы жүзөгө ашырган адамдар бар» (Тирмизи, Илим, 7).
Адамзааданы жамандыктан, бузукулуктан тосуп, жакшылыкка жылоолоо Кудайга болгон ыйманыбыздын салмагын туюнтарын эске салган Пайгамбардын береги сөзү абдан ибараттуу:
«Кимде-ким бир жамандыкты көрсө, колу менен түздөсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен жайгарсын. Эгер буга да дарамети жетпесе, ошол ишти жүрөгү менен жаман көрүп койсун. Бул (жүрөктөн жагымсыз кабылдоо) – алсыз ыймандын абалы» (Муслим, Иман, 78).
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде жакшылыкка үндөө, жамандыктан тосуу жоопкерчилиги тууралуу кеп кылып олтуруп мындай мисал келтирген:
«Сапарга чыккан жүргүнчүлөр кеменин жогорку жана төмөнкү кабатына жайгашышат. Төмөнкү кабатка жайгашкан саякатчылар: «Сууга болгон муктаждыгыбызды айтып улам эле чыга берсек, жогорку кабаттагылардын тынчын алыпкоюшубуз ыктымал. Андан көрө кеменин түбүнөн кичинекей тешели да, сууну ушул жерден алалы» деп өз-ара кеңеш курат.
Мына ушундай кырдаалда жогорку кабаттагылар төмөндө жайгашкан саякатчыларды чукул арада токтотуп калбаса, баары чөгүп кетишет. Эгер алар кеменин түбүн тешүү өтө жаңылыш экенин түшүндүрө алышса, өздөрүн да, башкаларды да чөгүп кетүүдөн аман сактап калышат» (Бухари, Шахадат, 30; Тирмизи, Фитан, 12).
Азирети Пайгамбарыбыз жөөт элинин кантип бузулганын мындайча кабарлаган:
«Башында алар жагымсыз ишти кылып жаткан бирөө-жарымды көрүп калса: «Эй тууган! Кудайдан корк, бул жоруктан баш тарт! Бул ишти жасоо сага адал эмес!» деп эскертчү эле. Кийинчерээк айыпкердин күнөөгө батып жатканын көрсө да, аны менен чогуу олтуруп, кошо жеп-ичүү үчүн көрмөксөнгө салчу болушту. Ошондон тарта Алла Таала алардын жүрөгүн бири-бирине окшотуп салды».
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васалла) жамбаштап жаткан жеринен дароо туруп, малдаш токуна олтуруп сөзүн минтип толуктаган:
«Ошондуктан силер да бири-бириңерди жакшылыкка үндөп, жамандыктан тосуп, заалымдын өкүмзордугуна каршы турушуңар керек. Болбосо, Алла Таала жөөттөр сымал жүрөгүңөрдү бири-бирине окшотуп, силерге да каргыш айтат»4.
Улуу ойчул, Ислам аалымы Газалинин пикиринде кайрыдиндер жана күнөөкөрлөр менен убакыт өткөрүү иралды пакиза адамдын акыл-эсин азгырат. Убакыттын өтүшү менен ошолорчо ойлонуп, жадагалса жүрөк да ошолор каалаган нерселерди самай баштайт. Бул көрүнүш кулпенденин капшаптуу азапка өз ыктыяры менен бара жаткандыгын каңкуулайт.
Исламга үгүттөө вазийпасын таштап салуу мусулманды бул дүйнөдө да, акыретте да чоң кыйынчылыктарга кириптер кылат. Бул чындык тууралуу Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) мындайча маалымат берет:
«Биздин угушубузга караганда кыяматта адамдын жакасына бейтааныш бирөөлөр келип асылат экен. Шашкалактаган адам анын эмне талап кылгандыгын жана аны тааныбасын айтат. Ошондо жакалаган адам доомат койот:
– Тигил дүйнөдө жашап жүргөндө мени жаңылыш иштерге тарттың, эскертүү бербедиң, бузукулуктан тосподуң! 5».
Баштай айтылгандай, үгүт-насаат вазийпасын аркалаган мусулман илимдүү, такыбаа жана ахлактуу болушу керек. Анткени караңгы же жүрүм-туруму начар пенденин үгүтүн кайсыл жагынан алып карабайлы жаңылыштыктарга жол ачышы толук мүмкүн. Андыктан бул жолдо эң оболу «илим жана жана рухий байлык» өтө зарыл деп эсептелет.
Элге Исламды жеткирүүнү самаган момун мусулман оболу жеке кишилик сапатын оңдоп, терең ойлонуп иш алып барышы керек. Анткени карапайым калкты бир нерсеге чакыруу жана ага ишендирүү үчүн оболу насаатчы өзү ишенип, айтылган сапаттарды өзү көрсөтө билиши керек. Тактап айтканда, дааватчы өзү ыймандуулуктун, акыйкаттын, ахлактуулуктун, кичи пейилдиктин, такыбаалыктын, кыскасы, жаамы изгиликтин жандуу өрнөгү болушу керек. Антпесе элди ээрчитүү мүмкүн эмес. Бул өңүттөн биз үлгү туткан пайгамбарлардын баары чакырык мазмунундагы нерсенин баарына өзү жандилден «ишенерин жана карманаарын тажрыйба жүзүндө тастыктап», чөйрөнүн кызыгуусун арттырган. Дааватчынын кыраакылыгы жана даанышмандыгы айрыкча мына ушул жерде талап кылынат. Ошол себептен руханий жактан кирдеген, жүрөгүндө чакырыктан башка дарты барлардын дааватка билек түрүнүшү оркойгон жаңылыштык болуп эсептелет. Мындай диндештерибиз «чылпагын алам деп көзүн оюп алган» сыңары, дин эмне экенин түшүнбөй туруп Исламга доо кетирет, түшүнбөөчүлүктөргө жол ачат.
Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) айткандай «Ийри нерсенин көлөкөсү да ийри болот». Ырас, ийри сызгычтан эч убакта түз сызык чыкпайт, жалгыз Алла Таалам кааламайын.
Куранда Исламга чакыруунун усулу мындайча белгиленген:
«(Элчим!) Элди Жараткан Эгеңдин жолуна көсөмдүк жана нуска насаат (жылуу сөз) менен чакыр! Ошондой эле ийги ыкма менен иш жүргүз...» (Нахл сүрөсү, 125-аят).
Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) даанышмандык менен изги насааттын баалуулугун:
«Адамдардын жүрөгүн жумшартуу үчүн кишини ойлонто турган накыл сөздөр менен эскертүү бер. Жүрөгүңдү насаат менен көрктөндүрүп, даанышмандык менен нурлант!» деп сырдуу сөздөр менен түшүндүргөн.
Исламга кыска, нуска жана түшүнүктүү жана жатык тил менен чакыруу кажет. «Канчалык көптү билген аалым болбо, көңүлүңдөгүнү угарманга жетик түшүндүрө албасаң, бекер убарасың!» деп Мавлана олуя6 түшүндүрө билүү жөндөмүнүн жана тил байлыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Момун мусулман дааватта «сындоо, кемчилик өзүмө, мактоо, татыктуулук башкаларга» деген ийги усулду колдонуп, жалпы угармандар түшүнө ала турган жатык тил менен түшүндүргөнгө аракет кылышы керек. Дааватчы ошондой эле коомдун алдындагы милдетин сезе билип, тыңдоочуну баалап, ага астейдил сылык мамиле жасаганы оң.
Изгиликтин үлгүсү
Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Исламга чакыруудагы кыраакылыгын жана темирдей кайраттуулугун Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Сен (оболу) жакын туугандарыңды чакыр (акырет азабын эскерт!)» (Шуара сүрөсү, 214-аят) деген аят түшүрүлгөн соң Алла Элчиси мени чакырып мындай деди:
– Али, Улуу Алла Таала мени эң жакын туугандарыма эскертүү берүүгө буйруду. Бул мени сар санаага салды. Мен эгер муну эл-журтка билдирсем, сөзсүз жагымсыз нерселерге туш болушум ыктымал. Муну жүрөгүм сезип турат...
Ошондуктан сен койдун бир санын салып тамак жаса. Бир идишке сүт алып кел. Андан соң Абдулмуталлибден тарагандарды чакыр. Алар менен дидарлашып, келген буйрукту аларга жеткирейин».
Туугандар топтолуп келди, сый тамак желди. Бир кишилик тамактын кырк кишиге жеткенин көргөн Абу Лахап:
– Чынында таң калыштуу иш болду. Мухаммад силерди сыйкырлап салды! Буз буга чейин мынчалык ажайып сыйкырды көргөн эмепиз – сыяктуу обу жок нерселерди айтып, эми эле сөзгө баштаган Алла Элчисин сүйлөткөн жок.
Абу Лахаптын сөздөрү Пайгамбарыма өтө оор тийди. Ал унчукпай олтуруп калды. Келген меймандар да тарап кетишти7.
Алла Элчиси буга майышып олтуруп калбай, кыйынчылыктарга сабырдуулук менен көкүрөк кере баштады. Анын эртеси туугандарын дагы чакырып дагы жагымсыз сөздөрдү укту. Ошого карабай максатын түшүндүрүүгө талыкпай аракет жасай берди8.
***
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде Жараткандын буйругун орундатуу максатында Сафа дөңсөөсүнө чыгып Курайш уруусуна үн салды. Эмне жаңылык болуп кетти деген кызыгууга жетеленген аламан дөңсөөнүн бооруна жыйналып келишти. Бийигирээк борчук таштын үстүнө чыккан Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) элге кайрылды:
– Кадырман Курайш жамааты! Ушу тоонун ары жагында же ушул өрөөндө душмандын аттары турат. Азыр силерди басып кирип, мал-мүлкүңөрдү талап кетет десем мага ишенесиңерби?
Аламан калк эч ойлонбой туруп бир ооздон:
– Ооба ишенебиз! Анткени ушул убакка чейин сенин бир да жалган айтканыңды уккан эмеспиз! Сени ар убак туура жүрүп, туура сүйлөгөн чынчыл адам катары тааныйбыз! – деп чуулдап жиберишти9.
Келгендердин бир ооздон берген таасым баасын алгандан кийин Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аларга Кудай Таала жөнөткөн жарлыктарды угуза баштады:
«– Андай болсо мен азыр силерге алдыда коркунучтуу азап күнү күтүп турганын, Алла Таалага ишенбегендердин ошол азапка дуушар болоорун кабарлап жатам. Ошол азапты эскертүү үчүн мен силерге пайгамбар болуп жөнөтүлдүм.
О, Курайш жамааты! Менин ушу азыркы абалым кудум кооптуу душманды көрүп, үй-бүлөсүнө зыяны тийип калышынан чочулап, кабар берүү үчүн алдастап чуркап келген адамдын абалына окшоп турат.
Баарыңар уйкуда мемиреген өңдүү өлөсүңөр. Уйкудан адаттагыдай ойгонгон сыңары тирилесиңер. Мүрзөдөн туруп Алланын алдына барарыңар, бу дүйнөдөгү жасаган бардык иш-аракетиңердин эсеп-кысабын берчү күндүн келээри кашкайган чындык. Натыйжада кайрымдуулугуңардын жана ибадатыңардын үзүрүн көрөсүңөр, же күнөөңөрдүн жазасын алып катуу азабын чегесиңер! Үзүр – түбөлүктүү бейиш, жаза – түбөлүктүү тозок 10».
Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бул кайрылуусуна угармандар эч кандай деле жалпы каршылык билдирген жок. Бир гана жакын тууганы Абу Лахаб:
– О, колу куругур! Бизди бул жерге ушул үчүн гана чакырдың беле? – деп ачуу, нары орой акаарат келтирип Азирети Пайгамбарыбыздын пакиза жүрөгүн оорутту.
Абу Лахаптын мындай орой кадамына жооп катары «Таббат сүрөсү» түшүрүлдү:
«Абу Лахаптын эки колу курусун! Куруду да жок болду. Байлыгы жана жыйгандары ага пайда берген жок. Аны менен курма буласына таңылган отунду жүктөнгөн аялы алоолонгон тозок отуна кирет!» (Таббат сүрөсү, 1-5-аяттар) (Бухари, Тафсир 26/2, 34/2, 111/1-2; Муслим, Иман, 355).
Бул сүрөдө Абу Лахаптын аялы жөнүндө да айтылат. Анткени ал Алланын сүйүктүү Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өтө турган жолго тикен коюп, ага азап тарттырган.
***
Өз милдетине бөгөт боло турган дүнүйөлүк бардык сунуштарды ойлонбой туруп четке кагып, Жаратканга кул болууну бүт нерсени жогору койгон Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) дин Исламды жайып жатышы мушриктердин түн уйкусун бузуп, кекиртегине кептелген кокотикен болот. Мусулмандарга заарын чачып, азаптап көрүшөт. Анткени жаңы келген дин алардын кызыкчылыгын колдобой турганын жакшы билишээр эле. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн Абу Талипке барышат да, абалды түшүндүрүп, Азирети Мухаммадды бул жолдон кайтарууну өтүнүшөт. Абу Талип болсо чынчыл тууганына ооз ачпай, далай ирет аларды сылык гана узатып койот.
Убакыт улам өткөн сайын абал өзгөрмөк тургай башка нукта өнүгүп баратканын көргөн бутпарастар ого бетер жинденет. Абу Талипке кайра келишет. Бирок бул келиште:
«– Абу Талип! Мындан ары чыдай албайбыз! Өзүң жакшы билесиң, тууганыңдын уулу биздин динибизди четке кагып, кудайларыбызды жамандап-жектеп келет. Ошо менен эле калбастан аларга сыйынгандыгыбыз үчүн бизди чектен чыгарып салган. Эгер тууганыңды тосуп, бул жолодон баш тарттырбасаң, сага да, иниңе да каршы чыгабыз. Ошондо көрөсүңөр көргүлүктү! Акыркы талабыбыз ушу: же аны бул иштен кайтарасың, же аны өз карамагыңдан чыгарып саласың! Биз өзүбүз эсептешип алабыз…» деп катуу талап коюп кетишет.
Санаасы тынчыбаган Абу Талип мушриктердин койгон талабын Алланын Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) сылык түрдө түшүндүрөт. Аны өз карамагынан чыгаргысы келбегенин жана мушриктердин колуна салып берүүнү эч убакта каалабасын билдирүү иретинде:
– Каралдым! Мени да, өзүңдү да корго! – дейт.
Азирети Пайгамбарыбыз абасынын бул сөзүнө абдан капа болот. Анткени абасынын бул сөзү керек болсо аны коргоп жүрүүдөн баш тартуу дегенге жатат эле. Маржандай болгон куттуу көздөрү нымдашып кетти. Анткени мусулмандарда байлыктын ичинде сүзүп жүргөн мушриктерге туруштук бере турган күч-кудурет жок эле. Аллага тобокел кылып туруп, абасы Абу Талипке козголгус ыйманы жана каармандыгы менен буларды айтат:
«-Абаке! Алла Таалага касам этем! Булар бир колума Күндү, бир колума Айды алып беришсе да чакырыгымдан баш тартпаймын! Же Улуу Алла бул динди бүт ааламга жаят, же вазийпам бүтөт да, бул жолдо жан берем!»
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул сөздөрдү айтып жатып көзүнөн мончок-мончок жаштар акканын байкабай калды. Ошентип абасынын карамагынан өз ыктыяры менен чыгып кеетет (Ибн Хишам, I, 278; Ибн Касир, ал-Бидая, III, 96-97; Ибн Асийр, ал-Камил, II, 64).
***
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Ислам динин жаю, б.а. эң улуу кызматты өтөө үчүн эшикме-эшик каккылап, Алланын акыйкат сөздөрүн кайталоодон тажаган эмес. Ташбоор дин душмандарына да акыйкатты даршан эткенден тартынган эмес. Береги окуяны Мугира бин Шуба маалымдайт:
«Абу Жахил экөөбүз көчөдө баратканбыз. Алдыбыздан Алланын Элчиси чыкты. Ал түз эле Абу Жахилге кайрылды:
– Абу Жахил! Алла Таалага жана Анын Элчисине моюн сун. Сенин жакшылыгың үчүн дуба кылайын..
Ширкчилик түшүнүгүнө белчеден батып калган түркөй Абу Жахил мындай деп жооп берди:– Мухаммад, сен дагы эле баягыңды айтып, кудайларыбызга тил тийгизгиң келип жатабы?! Бизди аларга сыйынуудан тосоюн деп келдиңби? Сенин айткандарыңдын акыйкат экенин кабылдасам, эбак сени ээрчип кетмекмин!
Ичинен түтөп баш чайкаган Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) узап кеткенден кийин: «Ант болсун! Анын айткандарынын баары акыйкат жана чындык экенин жакшы билем!» деп ал мага ичинде сактап жүргөн аялуу сырын айтып алды. Ошону менен катар эмне үчүн ыйман келтирбей жүргөндүгүнүн себебин төмөнкүчө түшүндүргөн:
«Мухаммаддын айткандарынын туура экенинен кабардарбыз! Бирок ушуга чейин Анын уруусу эмнени жасаса, биз да жасап, алардан төмөн болуп кала элекпиз. Эми болсо алар: Бизден бир пайгамбар чыкты!» деп сыймыктанып жатышат. Эми биз кантип арабыздан ал сыяктуу пайгамбар чыгара алабыз? Бул мүмкүн эмес! Демек мен Мухаммаддын пайгамбарлыгын өлсөм да кабылдабайм!…» (Ибн Касийр, ал-Бидая, III, 113).
Бул айтылгандар жалгыз Абу Жахилдин гана мисалы. Андан башка дагы көптөгөн каапырлар Алланын жалгыздыгын, Исламды жана Куранды абийрде кабылдаганы менен напсинин тузагынан бошоно албай өтүшкөн. Алла Таала мына бул аятты түшүрүү менен алардын кейиштүү абалын бизге мисал кылды:
«Алардын айткан-дегени кептер сени капа кылып жатканын Биз билебиз. Чындыгында алар сенин жалганчы эмес экениңди билишет. Бирок заалымдар (адашкандар) Алла Тааланын аяттарын жокко чыгарышат» (Анаам сүрөсү, 33-аят) 11.
***
Исламга чакыруу өнөктүгүндөгү Ардактуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) асыл сапаттарын таасым чагылдырган береги окуядан ибарат алалы:
Курайш уруусу Хусайн аттуу инсанды өтө сыйлап, урмат кылышчу. Алар күндөрдүн биринде Хусайнга барышат да:
– Биздин атыбыздан тиги Пайгамбар менен сүйлөшүп кел. Ал биздин кудайларыбызды жектеп, жамандап жүрөт – деп өтүнүшөт.
Курайш тыңчыкмалары Алла Элчисинин эшигине чейин келишет да, өздөрү сыртта калып, дайындалган өкүлдү ичкери киргизишет. Сахабалары менен сукбатташып олтурган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
– Карыяга орун бошоткула! – дейт.
Хусайндын мусулман болгон уулу Имран бул жаммааттын арасында болот. Көпчүлүктүн арасынан орун алган мушрик өкүлү уруксат алып сөзүн баштайт:
– Ушу сен эмнелерди айтып жүрөсүң? Биздин кудайларыбызды четке кагып, аларга тил тийгизип жүрөт экенсиң. Чындыгында, сенин атаң акылдуу, мээримдүү киши эле жарыктык.
Азирети Пайгамбарыбыз ага суроо узатат:
– Хусайн аба, канча кудайга ишенесиз?
– Жетөө жерде, бирөө көктө, жалпы сегиз кудайга ишенем.
– Башыңызга мүшкүл иш түшкөндө кайсынысына жалынасыз?
– Көктөгү Теңирге.
– Мал-мүлкүңүз кыргынга учураганда кайсынысына жалбарасыз?
– Көктөгү Теңирге.
– Жалгыз Кудай Таала бардык каалоолоруңузду орундатып жатса, анан эмне үчүн Ага шерик кошуп жатасыз? Сиз мындай жорук менен ага шүгүр келтирип аларды ыраазы кылып жатам деп ойлоп жатасызбы же зыяны тийет деп коркосузбу?
– Жок, андай себептерден эмес.
Хусайн өмүр бою Азирети Мухаммад сыяктуу инсан менен мындай терең мазмундуу маселе тууралуу сүйлөшүп көрбөгөндүктөн катуу ойлонуп калат.
– Хусайн аба, кел мусулман бол! Кудай буйруса, мусулманчылыктан сөзсүз утушка ээ болосуз!
– Анда мени күтүп жаткандарга жана туугандарыма эмне деп айтам?
Каапырлардын өкүлүнүн жибип баратканын көргөн Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) береги дубаны үйрөтөт: «Оо, Жараткан Алла Таалам! Ишиме жеңилдик бер, жашоодо мга туура жолду насип кыл! Мага пайда келтире турган илим бер!»
Хусайн ушу дубаны айткандан кийин шыр эле мусулман болот. Жөнөө үчүн ордунан турары менен маңдай жарыла кубанган уулу Имран жете келип атасынын колун жана бутун өбөт. Бул көрүнүш Алланын сүйүктүү Элчисин элжиретип, ыйлатат. Ыйлашынын себебин сурагандарга:
– Имрандын кичи пейилдигине ыйладым. Атасы каапыр абалда ичкери кирген маалда орун берген эмес, жадагалса жүзүнө дагы караган эмес. Исламды кабылдаган соң перзенттик милдетин өтөдү. Мына ушул аяр мамиле мени ыйлатты. Тургула, Хусайнды үйүнө чейин күзөтүп баргыла!
Көпчүлүктүн ызаатуу коштоосунда чыгып келе жаткан өкүлүн көргөн мушриктер: «Биз ишенген Хусайн да өз динин чанып кеткен тура!» деп, ага таарынган бойдон тарап кетишет 12.
Бул жерде Азирети Пайгамбарыбыздын Хусайнды (Алла ага ыраазы болсун) ушунчалык акылмандык, таасирлүү сөздөр менен, асыресе өзүнүн пакиза ахлагы менен Исламга тарта алганына күбө болдук. Бул ажайып жемиштүү усулдун алдында шам чырактай ээриген Хусайн заматта ыймандуулар жамаатына кошулган.
***
Азирети Аиша энебиздин:
– Ухуд согушунан башка сизди абдан кейиткен учур болду беле? – деген суроосуна Алла Элчиси мындай деп жооп берген:
«– Ооба болгон. Сенин коомуң мага көп жамандыктарды жасады. Мага эң чоң жамандыкты Акаба Күнү13 жасашты. Ошо кезде Таифтик Абдукулалдын уулу ибн Абдиялил өз карамагына алуудан баштартып, өтүнүчүмдү четке какты. (Мени ташбараңга алдыртып, жарадар кылышты). Муң-кайгыга буулуп артка кайттым. Карнус-Са-алибке жеткенге чейин өзүмө келе албай, абдан буулуктум. Капыстан өйдө карасам, мени бир булут күндөн калкалап баратыптыр. Жакшылап үңүлө тиктеп булуттун ичинде жүргөн Жабраилди (алейхис салам) көрдүм. Ал мага:
– Тиги коомдун сага эмне дегенин жана сени карамагына алуудан баштартканын Алла Таала көрүп турат. Сен каалаган нерсени орундатуу үчүн Алла сага тоону томкоро турган «тоо периштесин» жиберди, – деп айткычакты тоо периштеси мага үн салды:
– Мухаммад! Бул коомдун сага берген жообун Жараткан Алла укту. Мен тоо периштесимин. Каалаган нерсеңди орундатуу үчүн Алла сага жиберди. Айт, эмне кылайын? Кааласаң мына бул эки тоону көчүрүп (Меккедеги Абу Кубайс тоосу менен Куайкыан тоосу) аларды жер менен жексен кылайын!
– Жок! Мен алардын урпактарынан Аллага гана ибадат кылган жана Ага шерик кошпогон адамдар чыгышын тилейм! дедим» (Бухари, Бадул Халк, 7; Муслим, Жихад, 111).
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) адамзатты актыкка, бактылуулукка чакыруу үчүн мына ушундай азаптарды чеккен. Кандай гана кыйынчылык болбосун таарынуу деген нерсе болгон эмес. Жеке өкүмүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдөн сабырдуулук, токтоолук менен баштартып, пендезаттын туура жолго түшүшүн баарыдан жогору койгон.
***
Үгүт-насаат, даават иши доско да, душманга да бирдей айтылышы керек. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сүйүктүү кызы Зайнапты төөдөн жыгытып, анын өлүмүнө себепкер болгон дин душманы Хаббар бин Асвадка, Мекке каратылганга чейин мусулмандарды кордоп, далай мусулмандын башын жуткан Икрима бин Абу Жахилге, Азирети Хамзаны шейит кылган Вахшиге, жадагалса агасынын көкүрөгүн жарып боорун чайнаган канкор Абу Суфяндын аялы Хиндке кек сактап, жаман ой бапестеген эмес. Бар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай аларга да дин Исламды түшүндүрүп жүрүп өткөн.
***
Ибни Масуд (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Алла Элчисинен кабар алганы бардым. Ал абдан ысытмалап, шайы жок жаткан экен. Алаксытып кепке тарткым келди:
– Пайгамбарым, чынында ысытмаңыз өтө көтөрүлүп кетиптир.
– Ооба, эки киши араң көтөрө ала турганчалык кыйын абалдамын.
– Менимче, бул эки эсе сооп алышыңыз үчүн болуп жатса керек?
– Ооба, ошондой. Пенденин бутуна кирген тикен кирсе же башына н мүшкүл иш түшксө, Алла Таала анын күнөөлөрүн кечирет. Ошондо ал мусулмандын күнөөлөрү дарактан төгүлгөн жалбырактай болуп төгүлөт» (Бухари, Марда, 3, 13, 16; Муслим, Бирр, 45).
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өлүм алдында катуу ооруп жатканына карабастан сахабаларына түбөлүктүү акыйкатты үйрөтүп, Исламдын нукура тарбиясын берүүгө далалат жасаган. Бул абал анын Пайгамбарлык вазийпага өтө тактыгын жана үммөтү үчүн чексиз мээримдүү экендигин айгинелеп турат.
***
Алла Тааланын динин жаю жана анын баалуулуктарын үйрөтүү пайгамбарлардын шарапаттуу вазийпасы болгон. Жараткан тарабынан тандалган татыктуу Элчилер өз милдеттерин өтөө учурунда жан чыдагыс көптөгөн машакаттарды тарткан. Адамзатты 950 жыл бою сабырдуулук менен ыйманга чакырган Азирети Нух пайгамбар (алейхис салам) алардын бири болуп эсептелет.
«Уулун жетелеген адам жолдо бараткан эле. Нух пайгамбар алардын алдынан карпа-курпа чыга калат. Сөөмөйү менен Азирети Нухту уулуна көрсөтө:
–Көрдүңбү мобул кишини? Буга ишене көрбөгүн! – дейт. Атасынын акылына муюй түшкөн өспүрүм колундагы таяк менен Нух пайгамбарды сабап кирет. Заматта пайгамбардын башынан кан сызылып киймине жайыла берет.
Нух пайгамбар ошондо сабырдуулук кылып:
“Оо, Жараткан Алла Таалам! Жакшылык кылам десең, ушуларды туура жолго Өзүң башта! Же аларга деген өкүмүңдү чыгарганга чейин мага сабыр бер! Өкүмдарлардын эң мыктысы Өзүңсүң!” деп жалбарат».
***
Шуайб пайгамбардын (алейхис салам) чакырыгынан бир элести Куран-и Карим бизге кабарлайт:
“(Шуайб) айтты: Оо, эл-журт! Айткылачы, эгер менде Раббим тарабынан ыроолонгон анык далилим болсо жана Ал мага Өз тарабынан жакшы ырыскыны тартуулаган болсо буга эмне дейсиңер? Өзүм баштаган нерсеге тескери иш кылып силерге каршы чыккым келбейт. Мен бар болгону дараметимдин жетишинче түзөтүүнү гана каалаймын. Менин ийгилигим Аллага гана таандык. Мен жалгыз Ага таянам жана Ага моюн сунамын!” (Худ сүрөсү, 88-аят).
Азирети Шуайб бул аяттагы «Өзүм баштаган нерсеге тескери иш кылып силерге каршы чыккым келбейт» деп айтуу менен «Силерге болгону өзүм аткарып жүргөн изгиликтерди буйруп жатам. Эгер мен силерди бир нерседен тоскон болсом, эң алгач аны өзүм таштайм» деген маанини билдирген.
Даават ишинде жогоруда айтылгандай касиетке эгедер болгон пенде гана Кудай Тааламдын мактоосуна татыйт. Башкаларды жакшылыкка чакырганы менен өзүн унутта калтырууга катуу тыю салынган.
«Силер Китепти (Тооратты) окуп туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп койосуңарбы? Акылга келбейсиңерби?!» (Бакара сүрөсү, 44-аят).
«Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?! Алла Тааланын даргөйүндө өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар чоң азапка себепкер болот!» (Сафф сүрөсү, 2-3-аяттар).
***
Кутман сахабалар дин Исламдын шарапаты менен жүрүм-турумун, сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин, ал тургай акылындагы оюн да Алланын ыраазылыгына төп келе турган таризде изги калыпка сала алган үлгүлүү инсандарга айланышкан. Алар бардык мүмкүнчүлүктөрүн, жадагалса өмүрүн Алланын сөзүн жеткирүүгө арнашкан. Алардын пикиринде өмүрдүн эң кызыктуу, эң кубанычтуу, нары бактылуу учурлары – адам баласына тавхид ишенимин жеткирген мезгилдер эле. Акыркы керээзин айтуу үчүн үч мүнөттүк убакыт берген «байкуш, заалым өкүмдарга» ыраазы боло өлүмгө буйрулган сахабага мындай деген:
«– Ушул үч мүнөт үчүн сага терең ыраазычылыгымды билдирем! Эми мага белек катары берилген үч мүнөттүк убакыт ичинде сени Алланын жалгыздыгына-тавхид ишенимине чакырайын. Балким туура жолду тандап калгың бардыр...»
***
Жыйынтыктап айтканда, Алланын жолуна, акыйкат динге чакырууда кажыбас кайрат менен, жеңил ойго, алдамчы сезимдерге алдырбай үзгүлтүксүз күрөшүү жаамы момун мусулмандардын ыйык милдети. Түбөлүк бак-таалайды Жараткан Алланын Өзү убада кылган.
Жараткан Алла дин Исламды элге, журтка татыктуу жеткире албагандыгы жана аны толук кантуу аткарбагандыгы үчүн мусулманды жоопко тартат. Ал эми «Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан тосуу» деген улуу вазийпаны кынтыксыз аткарганга жан үрөгөндөр Жараткандын ырайымы менен бейишке кирип, түбөлүк бак-таалайга тунат. Тескерисинче, өзүнүн мусулмандык милдетине кайдыгер карап, кунарсыз өмүр кечиргендер акыретте чоң азапка дуушар болору шексиз.
Алланын динине үгүт жүргүзүү өнөктүгүндө пайдалуу натыйжага жетиш үчүн иралды үлгүлүү кулк-мүнөздү, парасаттуу адамгерчиликти көрсөтө билүү абзел. Анткени турмушта кездешпеген, же иш-аракеттерден көрүнбөгөн нерселер чындык да болсо теориядан иш жүзүнө аша албай калат. Иш жүзүнө ашырылбаган пикирлер, китептердин беттеринде гана калып кетет.
Демек, мусулман пенденин дин Исламга кыла турган алгачкы кызматы – дилиндеги акыйкат чакырыкты оболу өзү жасап, өзү үлгү болушу керек. Айткан сөзү менен жасаган иш-аракеттери бири-бирине дал келбеген пендезат эч убакта башкаларды ынандыра албайт.
Ошол себептен Жараткан Алла Таала адампендеге сөзүн өзүнө, айтканын иш-амалына терс келтирбөөнү буйруган14. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ушундай кайчылаш абалдагы көрпенделердин азаптуу кесепетин мындайча билдирген:
«Кыямат күнү бирөөнү алып келип тозокко салышат. Анын ичегиси чубалып, кырман басып жаткан эшектей тегеренип калат. Буга күбө болгон тозок калкы жакын келип суроо салышат:
– Эй, паланча, бул эмне деген кебете?! Сен бизге жакшылыкты насаат кылып, жамандыктан тосчу эмес белең?
Жаман абалда калган пенде:
– Туура айтасыңар. Мен силерди жакшылыкка чакырганым чын, бирок аны өзүм аткарбайт элем. Силерди жамандыктан тосконум чын, бирок аны өзүм жасачумун (Мына ошонун кесепети!) – деп жооп берет» (Бухари, Бадул-халк, 10).
Башкаларга насаат айтып, жакшы адеп-ахлакка чакырганы менен өзүн унутуп койгон кайдыгердин бул кейиштүү акыбети баарыбызга сабак болушу керек. Үйрөнгөн жакшы нерселерди башкаларга жеткирүүдөн алдын аларды өз жашообузга сиңирип, ахлагыбызга ширетишибиз абзел. Мына ушуну астейдил жүзөгө ашыра алган момун мусулман жүзүнөн нур тамылжып турган Алланын сүйүктүү пенделеринин катарынан орун алат.
Кутман сахабалардын:
– Кимдер Алланын сүйүктүү пенделери боло алышат? – деген суроосуна Пайгамбарыбыз минтип жооп берген:
«–Жүзүнүн нуру Алла Тааланы эстеткен пенделер» (Хайсами, X, 78; Ибн Мажа, Зухд, 4).
Ушу айтылган хадистин чечмелениши дейбизби, айтор, башыбыздан өткөн бир окуяны айта кетели:
Сами аксакал, атам (Алла экөөн тең ырайымына алсын) Муса жана мен болуп Бурсадан Истамбулга карай келе жатканбыз. Яловага жеткенде унааларды кемеге жүктөө үчүн кезекке турууга аракет кылып жаттык. Колундагы таякчасын айдоочуларга жаңсап, унааларды катарга киргизип жаткан кызматкер биз турган тушка жеткенде, артта олтурган эки аксакалга көзү илинип калды көрүнөт, күн сайын миңдеген адам менен бетме-бет көрүшүп жүргөнүнө карабастан эски таанышын көргөндөй немедей нес болуп катып калды. Тунжурап бир кыйла кыймылсыз турган жанагы адам нестейген бойдон унаага жакын келип терезеден ичкериге тигиле карап терең үшкүрдү да мындай деди:
«Оо, Кудайым! Кандай гана ажайып дүйнө! Бул ааламда периште өңдүү жүздөр бар... Намрут кейиптенген жүздөр да бар....»
Кыскасы, жакшы жүрүм-турум, изги иш-аракет, мыкты кулк-мүнөз жана тунук баам-парасат менен өрнөк болуу Ислам дааватчылыгында эң таасирлүү тилге тете. Бул тил даанышмандык жана ибарат көргөзмөсү саналган ааламдын үн-сөзсүз, бирок ажайып көркөм, ажайып ынанымдуу тили сымал. Бул тил – акыйкатка эшиги ачык бүтүндөй аң-сезим түшүнө ала турган «ахлак (хал) тили». Улут атпайдын баары мындай таасири күч изги тилди буйдалбай түшүнөт. Ахлакттуулукту кулпулуу сокур жүрөк ээлеринен тышкары бүтүндөй адамзат кош колдоп кабылдоого тийиш. Ахлактуулуктун «хал» тили жаңылбайт, аягы мүдүрүлбөйт. Бул абдан жатык, мазмундуу, таза жана түшүнүктүү тил.
Изгиликтин үлгүсү
Жараткан Алланын сүйүкттүү Пайгамбары Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) бул дүйнөгө келгенден тарта адаттан тыш ажайып окуяларга аралаш чоңойгон. Кырктын кырына келип, Ислам динин жаю милдетин алгандан тарта эң оболу кайсы жаатта болбосун өзү баштап үлгү болгон.
Жараткандын Элчиси болуу жоопкерчилигинин тоо көтөргүс салмагына санааркап кыжаалат болгон Пайгамбарды Хатижа энебиз жубатууга аракет кылган:
«–Эч корко көрбө! Кудай алдында касам этем, Жараткан Кудурет сени эч убакта уят кылбайт. Анткени сен тууган-уругуңду коргойсуң, колунда жокторго кол кабыш кыласың, кембагалдарга жардам берип, эч кимдин колунан келбей турган жакшылыктарды кылып келесиң жана меймандос инсансың. Ак жолунда калкка жардамыңды аябайсың. Аманатты татыктуу сактайсың. Сен ахлактуулуктун аруу үлгүсүсүң» (Бухари, Бадул-вахий, 1; Муслим, Иман, 252; Ибн Саад, I, 195).
Шек-күмөнсүз бул айтымдар ааламга ырайым, адамзатка өрнөк иретинде жиберилген Алла Элчисинин сан миң жүрөктү багынткан жакшы жактарынын бир бөлүгүн гана эске салат.
***
Исламга үгүттөгөн чакырык катты алган Оман падышасы Гуланди Алла Элчиси тууралуу билгиси келет. Анын ахлагынын бийиктигин, инсандык артыкчылыктарын билген соң ыйман келтирип, мусулман болгонун жар салат:
«Кат тааныбаган Пайгамбарды таанууну Алла Таала мага насип кылды. Ал өзү жасабаган жакшылыкты башкаларга буйрубайт экен. Жамандыктан оболу өзү сактангандыгы үчүн башкаларды андан тосот экен. Ал сөзсүз ааламды каптайт, эч ким ага бөгөт койо албайт. Сөзсүз үстөмдүк кылат, кыйын-кысталыштын баарын жеңип өтөт. Ал убадасын орундатат, сөзүн аткарат. Мен чын дилден ишенүү менен Мухаммаддын анык Пайгамбар экендигин кабыл кылдым!» (Ибн Хажар, ал-Исаба, I, 262).
Ислам тарыхынын кайсы гана булагына назар оодарбаңыз, кандай буйрук болбосун, Азирети Пайгамбарыбыздын биринчилерден болуп үлгү катары өзү аткарганына, андан соң сахабалардын аны ибадаттагыдай сезим менен кунт койо орундатканына күбө болосуз. Бул Алла Элчисинин эң маанилүү жана эң негизги таалим усулу болгон. Ошол эле учурда бул эреже Исламдын акыйкат дин экендигин тастыктаган далилдердин бири болуп саналат. Анткени Жараткандан келген буйрукту эң биринчи болуп өзү жүзөгө ашырган, тыю салынган нерседен биринчи болуп өзү сактанган, келген насаатты эң оболу өзү кабылдаган. Ошондой эле Алланын азабынан өзү корккондуктан, башкаларга эскертүү берген, үзүлбөс үмүткө өзү чындап байлангандыктан, коомду Алланын ырайымынан үмүт кылууга чакырган...
***
Малик бин Хувайрис (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Онго жакын теңтуштар болуп (Исламды үйрөнүү максатында) Алла Элчисине барып, ал жерде жыйырма күндөй болдук. Азирети Пайгамбарыбыз абдан мээримдүү, боорукер жан эле. Бала-бакыраны сагынгандыгыбызды айтып, кетүүгө уруксат сурадык. Жөнөөрдөн алдын ал бизге мындай насаатты айтты:
«– Эми үй-бүлөңөргө кайта берсеңер болот. Баргандан кийин керектүү маалыматтарды аларга да үйрөткүлө, айтыла турган нерселерди айткыла. Мен кандай намаз окусам, силер да ошондой окугула. Намаздын убагы кирери менен бирөөңөр азан айткыла, эң улууңар имам болгула» (Бухари, Азан, 18).
Маалым болгондой Азирети Пайгамбарыбыз бул сахабаларына жеке өзү иш-аракети менен өрнөк болуп, динди кантип тутуна жашоо керектигин үйрөткөн. Ошону менен катар өз элине баргандан кийин жүрүм-турум, иш-аракет жана айткан насааттарды үлгү катары өздөрүнүн аткарышын жана элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосууну буйруган.
***
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) намазды убагы кирери менен окууну сунуш кылып, маалынан кечиктирилишине көңүлү түтпөй береги эскертүүнү айткан:
«Намаз убагынын башталышында Алланын ыраазылыгы, ал эми убакыттын акыркы бөлүгүндө Анын кечирими бар» (Тирмизи, Салат, 13/172).
Үммөтүнө ушундай насаатты айткан Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) иралды айтылган изгиликти өтө кылдаттык менен өзү жүзөгө ашырган. Ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин намазын өз маалында окуган. Кайсы жерде, кандай шартта болбосун убагы кирген болсо, намазды токтоосуз окуп алууну жактырган15.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн бир мисал келтирели:
Көптөгөн сахабанын коштоосунда сапардан кайткан Алла Элчиси кечүүгө келип калышат. Аңгыча намаз убагы болуп калат. Жамгыр төгүп, ашуу али алдыда болгонуна карабастан Азирети Пайгамбарыбыз жамааттын алдына өтөт да, азан айтууну буйруйт. Ошентип баары унаанын үсүтүндө отурган бойдон нөшөрлөгөн жамгырдын астында намазды башташты. Азирети Пайгамбарыбыз бул ирет имамдыкка өтүп, намазды ымдоо ыкмасы менен окуду. Рукуудан бираз ийилип сажданы орундатып жатты (Ахмад, IV, 173-174).
Азирети Аиша энебиз (Алла ага ыраазы болсун) бир эскерүүсүндө мындай дейт:
«Алла Таала ардактуу Элчисин экинчи ирет намазды кечиктиргенге жол бербей, өз маалында окутуп жүрүп алып кетти» (Тирмизи, Салат, 13/174; Ахмад, VI, 92).
Тактап айтканда, бир гана жолу олуттуу үзүрү себептүү намазды бираз кечиктирип окуганга аргасыз болгон. Андан башка беш убак намазын өмүрү бою маалы кирери менен окуган.
***
Эми, Аалам Ардагынын (саллаллаху алейхи васаллам) арам нерседен астейдил сактанганын маалымдаган береги окуяга назар буралы:
Азирети Пайгамбарыбыз алтын шакек тагынуу эркектерге арам кылынганын сахабаларына маалымдайт. Келген буйрукту сөз жүзүндө гана билдирип тим болбостон колундагы алтын шакегин чыгарып:
«– Мен бул шакектин көзүн бармагымдын ички тарабына каратып алып тагып жүргөм. Аллага ант болсун! Мен мындан кийин муну такпайм!» деп жарыя кылат (Бухари, Айман, 6).
Чынында эле Ислам дини эркек атпайдын алтын шакек сыяктуу асем нерселерди тагынуусуна тыю салган. Анткени эркек эркектик сүрүн жана айбатын, айымдар аялдык өзгөчөлүгүн, касиетин сакташы керек, ортодо айырма болушу керек. Ушул мисалдан ачык байкалгандай Жараткан Алла Таала Өзүнүн буйруктарынын адам баласына жеткиликтүү жана сиңимдүү болушу үчүн Пайгамбарыбызды үлгү кылып тандаган. Ошол себептен элди Исламга жана ахлактуулукка үгүттөөнүн эң ийги жолу – Азирети Пайгамбарыбыз сыңары айтылгандарга оболу өзүбүз үлгү болушубуз кажет.
***
Кандай гана нерсе болбосун адампенде аны үлгүсүз, өз алдынча жасай албайт. Ага сөзсүз жакшы же жаман багытка бирөө үлгү болот. Ошондуктан айрыкча диний багыттын изги өрнөктөрү ар дайым «Биз үлгүбүз!» деген аң-сезим жана ураан менен жашашы керек. Керек болсо диний багыттагы өрнөк адамдардын болор-болбос жаңылыштыгы коомчулуктун адашсуусуна өбөлгө түзөт, айрымдардын ишенимине доо кетирет.
Күндөрдүн биринде Имам Аазам абу Ханифа баткакты кечип бараткан тестиерге кезигип калат. Балага мээрим төгө жылмаю менен:
– Уулум! Абайлап бас, баткакка жыгылып түшпө! – дейт.
Парасаттуу өспүрүм жаркыраган көздөрү менен имамга тигиле, күтүлбөгөн жерден миң төөлүк казынага алмашкыс берегидей акыл айтат:
– Урматтуу имам мырза! Чын-чынына келгенде мүдүрүлүп кетүүдөн сиз сактанышыңыз керек. Анткени аалымдын жыгылышы, ааламдын жыгылышына барабар. А мен жыгылсам да баткакты жууп салам, зыянын өзүм тартам. Бирок сиздин бутуңуз тая турган болсо, сизди ээрчигендердин баары жыгылат. Мунун убалы өтө оор!
Тестиердин сөзүнөн таасирленген Абу Ханифа катуу ойлонуп калат. Ошол күндөн тарта маселени окуучулары менен кеңири талкууга алып, жетик бышыргандан кийин гана бүтүм-фатва чыгармай болду. Окуучуларына минтип насаат берет:
«Эгер дагы да кубаттуу, дагы да бекем далилге күбө болсоңор, биз бүтүмүн чыгарган маселелерди колдонбосоңор да болот. Бул Исламдын өнүгүшүнүн жышаанасы. Силер менин бул айткандарымды жүзөгө ашыруу менен мага болгон сый-урматыңарды тастыктай аласыңар... 16»
Бир кездерде жылт эткен жылдыз сымал мусулман журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк таап, халифалык милдетти татыктуу өтөгөн Умар бин Абдулазиз көзгө басаар өрнөк инсандардан болуп эсептелет. Анын көптөгөн изги жактарынын бирин мисалга тарталы:
Адаттагы түндөрдүн биринде вазирлеринин бири халифанын каалгасын кагат. Вазирдин беймаалда эшик кагышы калдайган калың мусулман журтчулугунун бүтүндөй жоопкерчилигин моюндаган адилет жолбашчыны санаага салат:
– Күтүлбөгөн зыяратыңыздын себеби эмнеде?
Зарыл бир маселе тууралуу сиздин кеңешиңизди алууга туура келди.
– Маселени башка бөлмөдө кеңешүү үчүн караңгыны жарык кылар шамым жок. Казынадан болгону бир түнгө жеткидей май алып жүрөм. Аны үй-бүлөм менен колдонушум керек.
Халифанын жупуну турмушуна баш чайкаган вазир:
– Анда эртеңки үлүшүңүзгө тийе турган майды азыр барып алып келсек болбойбу? – дейт.
– Болот! – деген халифа казына кызматкерине ишеним кат жазып берет. Вазир алып барган катты окуган казына кызматкери, халифанын эртеңкиге чейин жашай ала тургандыгын тастыктаган дагы бир колу болушу керектигин айтып артка кайтарат. Аргасы түгөнгөн вазир өз үйүнүн шамын алып келет да, маселени тактап, халифанын чечимин алат. Темирди кызуусунда чапкысы келген вазир халифага сунушун билдирет:
– Халифам, казынадан сизге бөлүнгөн нерселердин жетишсиз экендигине күбө болдук. Муну дагы бираз көбөйтүүгө өкүм чыгарбасаңыз болбойт. Бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн көзүңүз өткөндөн кийин бала-чакаңыздын муктаждыгы үчүн сактап койсок жакшы болобу дейм?
Вазирдин сунушун унчукпай олтуруп уккан Умар бин Абдулазиз берегидей ажайып жоопту узатат:
«– Эгер менин бала-бакырам, урпактарым динге ыкластуу момундардан болсо, алардын келечегинен кооптонбой деле койсом болот. Анткени Кудай Таалам: «...Алла Таала салих пенделерине Өзү көзөмөл болот» (Аараф сүрөсү, 196-аят) деп буйруган. Жараткан Өзү аларга кам көрүп, көзөмөл болоорун билдирип жаткандан кийин, алардын келечек ырыскысы үчүн өзүмдү кыйнагым келбейт. Эгер ыйманы тайкы, дүнүйөгө кызыккан пенделер болсочу. Алла Таалам мындайлар үчүн: «Мал-мүлкүңөрдү ысырапкорлорго бербегиле...» (Ниса сүрөсү, 5-аят) деп буйруган. Жараткандын ушундай кашкайган буйруктарына карабай ыйманы тайыз, дүнүйөкор урпактарыма мурас калтырайынбы?!»
***
Умар бин Абдулазиз халифа болгон күндөн тарта балдарына болгон мамилеси өзгөрөт. Халифалыкты өткөрүп алып жаткан күнү көпчүлүктүн ичинде кызмат кылып жүргөн Абдулмаликтин сырткы кийими жыртылат. Уулунун тытылган кийимин көргөн Умар бин Абдулазиз:
– Уулум, барып кийимиңди тиктирип ал. Анткени бүгүндөн тарта, балким, мына бул кийимден башка кийим табылбашы мүмкүн, буга муктаж болосун! – дейт.
Ошентип арадан күндөр өтөт. Халифа күн сайын кыздарына барып, алардын ал-абалын сураган соң өз бөлмөсүнө келип жатчу. Адаттагыдай жумуштан кийин кыздарынын эшигин кагат. Эшикти ачкан кыздарынын баары бир колу менен оозун жапкан абалда журт атасын тосуп алышат. Бул көрүнүшкө таң калган халифа тарбиячыдан кыздарынын эмне үчүн мындай кылып жаткандыгын сурап, берегидей жооп алат:
– Азыр буларда буурчак менен пияздан башка азык-түлүгү жок. Пияздын жыты сиздин көңүлүңүздү айлантпасын үчүн оозун колу менен тосуп жатышат.
Кыздарынын адептүү, ыйбаалуу тарбиясына күбө болгон халифанын көзүнө жаш тегеренет. Кыздарына ыраазылык билдирүү менен бирге: «– Кыздарым! Силердин түрдүү, таттуу тамак-ашты тойо жеп, дүнүйөгө малынып алышыңар акыретте атакеңерди бушаймандыкка салышы мүмкүн» дейт.
***
Жакшылыкка да, жагымсыз багыттарга да өрнөк болуу деген нерсе турмушта боло келгендигин башта айтып өткөн элек.
Амавий мусулман доорунун халифаларынан саналган Валид бин Абдул Маликтин кооз, көрктүү имараттарга кызыгы күч болгон. Жетекчиге жараша ой калчаган ал доордун адамдары үй куруу жаатында кишини таң калтыра турган кооздуктун кучагында жашоону самап калышат. Чоң жыйындар жана кеңешмелердин күн тартибине көбүнесе имараттарды кооздоо, ажайып көркөм көрүнгөн үйлөрдү куруу маселери коюла баштайт.
Ал эми Сулайман бин Абдулмалик болсо тамаксоо өкүмдар болгондуктан, анын доорундагы адамдар тамак-аштын түрү, анын кайталангыс даамы сыяктуу нерселерди талкуулоо менен көп убакытты ысырапка учуратышкан.
Умар бин Абдулазиз болсо ыймандуу, ыкластуу жана такыбаа жетекчи болгондуктан, ал доордун адамдары ибадат кылуу, кайрымдуулук жаатында жарышып жаткандай жандуу эле. Мечиттердеги мажлистерде мусулмандар бири-биринен: «Бүгүнкү түнү кайсы намазды окусак болот? Курандан канча барак жаттадың? Бул ай канча күн орозо кармадың? Канча өлчөмдө кайрым кылганыбыз жакшы?» деген суроолор жаңырып турчу17.
***
Алланын сүйүктүү пенделеринен саналган Абдуллах бин Мубарак кулк-мүнөзү жаман адам менен сапарлаш болуп калат. Сапар соңуна чыгып экөө эки жакка бөлүнөт. Өз жамаатына кошулуп сапарда көргөн-билгендери тууралуу кеп салып олтуруп айтылуу олуя ыйлап жиберет. Ыйлашынын себебин сураган досторуна ал минтип жооп берет:
«– Жолдун ошончолук узактыгына карабастан сапарлашымдын жаман ахлагын түздөй албадым. Ал байкушка жарытылуу пайдамды тийгизе албадым. Балким, өзүмдүн оркойгон кемчилигим себептүү аны жетелей албагандырмын деген ой келет. Эгер ал менин жаңылыштыгымды көрүп туура жолго түшкүсү келбеген болсо, эртең акыретте менин оор суракка тартыларым шексиз!»
***
Жыйынтыктап айта турган болсок, адамзаада тажрыйбадан көрүп үйрөнүүгө шыктуу. Жагымдуу өрнөктү көрөөрү менен дароо аны туурагысы келет. Ошол себептен Исламга чакырууда, адамды тарбиялоодо айтылгандарды тарбиячы үлгү катары өзү көрсөтө билсе, натыйжасы жемиштүү болот. Тактап айтканда, билген маалыматыбызга амал кылуу, үйрөткөнүбүздү өз ахлагыбыз менен тастыктоо сөзгө сөздү кынаптап адабий тил менен сабак өтүүдөн алда канча таасирлүү. Ошол себептен тасаввуф өкүлдөрү Алланын динин жаюда үлгүлүү адеп-ахлагы менен көпчүлүктү ынандырып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосууда дагы да албан ийгиликтерди жаратып келет.
Бул усул ошол эле маалда тарбиячыны изгиликке кадик көнүктүрүп, өз напсин жеңе билүүгө шарт түзөт жана жоопкерчиликтен кутултат. Анткени башта айтылгандай, өзү жасабаган нерсени башкаларга таңуулоо адамды Кудайы азапка кириптер кылат.
Жараткан Алла ооздон чыккан жана жазган акыйкаттарына жараша адампенденин асыресе ыкластуулугун ар убак сыноого алып келет. Демек, бул сынактан уттуруп жиберүү коркунучу билгенине амал кылбаган пенделерди өлөр-өлгөнчө тооруганы тооруган.
Жараткан Алла пендесинин сөздү таасирлүү, көркөм, так-таамай, адамды өзүнө тартып тургудай мазмундуу жана таттуу сүйлөшүн арзуу кылат. Куранда мындайча буйрулган:
«Пенделериме айт: «Сөздүн эң мыктысын сүйлөшсүн. Акыйкатта, шайтан алардын ортосуна от жагат. Анткени шайтан инсандын анык душманы» (Исра сүрөсү, 53-аят).
Жатык тил адамдын көңүлүн жибите турган эң таасирлүү каражат болуп саналат. Ошол себептен ата бабаларыбыз: «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет», «Жакшы сөз жыланды ийнинен чыгарат» деген накыл кептерди айтышкан. Айрыкча, Ислам акыйкаттарын толук кандуу жеткирүү өнөктүгү сылык-сыпаа, нары таттуу, нары маңыздуу тилди талап кылат.
Даават ишинде угармандарды тажатып же көңүлүн калтырып койбоо үчүн жагымдуу, жатык, сылык сүйлөө абзел экендиги көптөгөн аяттарда жана хадистерде маалымдалган. Кудай Таала Муса менен Харунду (алейхим ассаам) туура жолдон адашкан канкор, каардуу Фараонго жиберип жатып ийкемдүү ыкмага салууну буйруган:
«Ага жагымдуу сүйлөгүлө. Балким, насаатыңарды угуп, Алладан коркуп калгысы бардыр» (Таха сүрөсү, 44-аят).
Бул аяттан Кудайды чанган Фараонго жагымдуу сөз менен жанашуу буйрулганына күбө болдук. Демек, бул жерден, анчалык адашпаган, анчалык ашыкча кетпеген адамдарга кандай усул менен жакындоо керек экендигин оңой баамдоого болот.
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн сылыктыгы жана кең пейилдигинин берекеси менен Исламга чакыруу вазийпасын татыктуу орундатууда ой жеткис ийгиликти багынткан. Алла Таала Азирети Пайгамбарыбыздын бул жааттагы артыкчылыгын жана мыктылыгын төмөнкүчө билдирген:
«(Элчим!) Сен ошол маалда Алла Тааладан берилген мээримдүүлүк менен аларга жылуу мамиле кылдың. Эгер сенин жүрөгүң катуу же (сөзүң) орой болгондо, шексиз алар тарап кетмек...» (Аали Имран сүрөсү, 159-аят).
«Ант болсун! Силерге өз араңардан абдан ызааттуу пайгамбар келди. Силердин түйшүгүңөр канчалык оор келбесин, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримүү жана боорукер!» (Тооба сүрөсү, 128-аят).
Азирети Пайгамбарыбыздан бир хадис:
«Жараткан Алла Таала мени парздарды орундатууга, эл-журтка сылык-сыпаа мамиле кылып, жумшак сөз менен алардын жүрөгүнө сүйүү үрөөнүн сээп өндүрүүгө буйруган»18.
Усулдун мыктылыгы жана ийкемдүүлүгү сыяктуу үгүт ишине болгон ышкы да зор мааниге ээ. Муну бабалардан калган береги накыл тастыктап турат: «Жүрөктөн чыккан сөз жүрөктөн түнөк табат. Ооз учунан айтылган сөз бир кулактан кирип экинчи кулактан чыгып кетет».
Ушуга улай Азирети Мавлана мындай деген:
«Жүрөгү менен сөзү бир болбогон пенденин жүз тили болбосун, ал баары бир, тилсиз деп эсептелет».
Ошондуктан чын жүрөктөн жагымдуу, мазмундуу сүйлөө маданияттуулуктун жана адеп-ахлактын бийиктигинин жышааны. Бул бийик мартаба оройлукту да, кополдукту да көтөрө билүүгө жана ошондой эле кордукка, машакаттарга сабыр кылууга, түгөнгүстөй көрүнгөн жаңылыштыктарды кечире билүүгө даяр болушу керек. Ошондуктан жатык, жагымдуу сүйлөгөн сөзмөрлүк чындыгында нары кыйын, нары татаал, бирок, ийгиликке жеткире турган берекелүү жол.
Изгиликтин үлгүсү
Азирети Пайгамбарыбыз мээримдүү, сыпаа, кыраакы жана көңүлүндө кири жок пакиза инсан болгон. Көптөгөн адамдар:
– Эй, Мухаммад! Эй, Мухаммад! – деп кыйкырып орой кайрылса да, кутман Пайгамбарыбыз:
– Угуп жатам. Айта коюңуз, кулагым сизде – деп сылык мамиле кылуудан жазган эмес. Башкача айтканда орой мүнөздүү адамдарды жумшак, нары жагымдуу мамилеси менен өзүнө багынтып, жагымсыз жактарын жатык тил, изги ахлагы менен ээритип жок кылган19.
***
Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун) ардактуу Пайгамбарыбыздын сылыктыгын мындайча эскерет:
«Адеп-ахлактуулук жагынан Алланын Элчисинен өтөкөн адам жок эле. Сахабалары же бүлөсүнөн бирөө жарым чакырып калса, сөзсүз: «Кулагым сизде!» деп көңүл бура турган. Анын мындай бийик адамгеричилигин баалаган Алла Таала:
«Сен шек-күмөнсүз изги ахлактын бийик сересиндесиң!» (Калам сүрөсү, 4-аят) деген аятты түшүргөн (Вахиди, 463-бет).