МАЗМУНУ
А. Алланы сүйүү (мухаббатуллах)
В) Диндеш мусулманга бапестелген сүйүү
Г. Жаамы макулукка сүйүү бапестөө
2. Алладан коркуу - коркунуч жана үмүт
4. Аманатка бек болуу жана убаданы так орундатуу
7. Тобокел жана таслимият-моюн сунуу
10. Аккөңүлдүк, жароокерлик жана боорукерлик
12. Жоомарттык жана берешендик
14. Зухд-байлыкты жүрөктөн оолак тутуу
19. Кадырбилги жана оопалуулук
22. Напсини тарбиялоо жана жүрөктү аруулоо
Тирүүлүк ааламын, аcыресе өмүр жашоодогу адам болуу дөөлөтүн Сүйүктүү Пайгамбары менен баралына келтирген жана ошондой эле өмүрүнө ант этип Ааламдардын Ардагын (саллаллаху алейхи васаллам) шарапат-ариеттүүлүктүн башаты кылып, биз пенделерин ага үммөт болуу бактына жеткирген Жараткан Алла Таалага сансыз мактоо, чексиз алкыш болсун!
Аалам атпайга береке-мээримдин кайнар булагы болуп кашкая чыга келип, нары артыкча, нары изги жүрүм-туруму менен ахлак деген түшүнүктүн ажатын ачкан, адампендеге түбөлүктүтүн теңдешсиз үлгүсү этилген пайгамбарлардын Султаны Азирети Мухаммад Мустафага (саллаллаху алейхи васаллам) салам жана салават!
Жер менен көктөгү барча жаратылмыштын жандуусу да, жансызы да адамзааданын пайдасына, кызматына жаратылган. Адамзаада мына ушул Кудайы сыйга топуктуу болуп, шүгүр кылып өмүр кечириши керек. Муну орундатуу үчүн ириде изгилике жана нарк-парасатка сугарылган кулпенделикти жашоо зарыл. Кулчулуктун өзөгүн эмне түзөт деген суроого, албетте, эң алгачкы кадам катары «макарим-и ахлак», Жаратканды ыраазы кылгыдай ийги жүрүм-турум, нукура ахлак деп жооп узатууга болот...
Азирети Пайгамбырыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) муну минтип тастыктайт:
«Мен башка бир максат менен эмес, бир гана изги ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм» (Муватта, Хуснул Хулк, 8). Ардактуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бул хадиси менен орошон озуйпанын купуя сырын ачып, изги ахлактын маанилүүлүгүнө басым жасаган. Сан жеткис тарыхый булактар тастыктагандай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүрүм-турумунун кай жагына карек оодарбаңыз, баралына келген үлгүлүүлүктү, кынтыксыз өрнөктүүлүктү көрүүгө болот. Буга:«(Элчим!) Сен шек күмөнсүз изги ахлактын сересиндесиң!» (Калам, 4) деп Жараткан Алла Өзү баа берип, тастыктап жатпайбы.
Улуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Кураны Каримдин сөзүн, окулуш кыраатын же маанисин үйрөтүүчү устат катары гана эмес, анда айтылгандардын баарын өз боюна сиңирип, жашоо ыңгайына айлантып, үммөттөрүн Туура Жолго багыттоодо өрнөк көрсөтүү менен өмүр кечирген. Демек, ал эң акыркы пайгамбар болгондуктан, өмүр жолу кыяматка чейин жашай турган жаамы адам урпагы үчүн негизги үлгү болуп кала бермекчи.
Чынында эле Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) төрөлүшү менен ааламдын карарган мейкиндиги нурга толуп, адамзат күткөн таалайдын таңы аткан. Жүрөктөр жибип, аң-сезим агарган. Туңгуюкка кептелген баам-парасат туура багытын тапкан. Башка бир өңүттөн айта турган болсок, адамзатты аруу касиетке, кайырымга, жакшылыкка, акыйкатка, адилеттүүлүккө жана ар тараптуу артыкчалыкка ошол орошон пайгамбар жылоологон. Жашоонун жана түбөлүктүүлүктүн сырын Жараткан Алланын амири менен ал үйрөткөн.
Азирети Мухаммаддан (саллаллаху алейхи васаллам) кийин пайгамбар келбейт деп башта айтканыбыздай адампендеге зарыл болгон кандай гана артыкчалык, кандай гана мыкты кулк-мүнөз болбосун ошо акыркы пайгамбардын кишилик затына ширетилген. Анда-ал сүйүүнүн туучокусу. Ал -каармандыктын, сабырдуулуктун, туруктуулуктун туучокусу. Берешендиктин, ак-көңүлдүүлүктүн, камкордуктун туучокусун Ааламдардын Мырзасы багынткан. Баасы баш айланткан олжо, дүнүйө-байлык улагасына келген чакта да, азгырылбай зухдчулукту, канаат-топуктуулукту кармана алган. Мээримдүүлүктүн, боорукерликтин, кайырымдуулуктун туучокусуна акыркы Пайгамбар гана чыга алган. Ыкластуулуктун, такыбаалыктын сересин Жаратылыш Нуру багынткан. Ыйгарылган ырыскыларга ыраазылык билдирип, шүгүр келтирүүдө эч бир пенде Алланын Сүйүктүү пайгамбарына жете алган эмес. Жараткан Алланы Азирети Мухаммадчалык эч ким тааный албаган. Пайгамбарлыктын көч башында ошол Акыркы Пайгамбар турат. Ал илим-билимдин, Кудайы адептин жана тарбия көрнөгүнүн туучокусу. Ардактуу Пайгамбырыбыз-дарттуу көңүлдөргө эм болалган нукура даабагер. Чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн туучокусунда Ишенимдүү Мухаммад турат. Санак жеткис макулуктун ичинен Азирети Мустафа гана Жаратканга чыныгы дос болуп, Анын сүйүүсүнө арзыгандардын алдыңкы сабында келет. Кыямат күнү адам атпай чоң аянтка жыйналган кезде дал ошол Пайгамбар жол башчы болот бизге. Күнөөкөрлөргө шапааты менен ошол Пайгамбар гана жардам этет. Кыскасы, Азирети Мухаммад жамы артыкчылыктын, адеп-ахлактуулуктун, сооптуу кызматтардын, эң изги кулчулуктун туу чокусу болгон.
Мына ошентип кулк-мүнөз, жүрүм-турум жана артыкчылыктардан турган Алла ыраазы болор жаамы изги ахлакты кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүзөгө ашырышы жана тил менен насаатташы аркылуу мусулмандардын калың катмарына кеңири кулач жайган. Жараткан Алла дин Исламды жөнөтүүдө «камил инсанды-ар тараптуу жеткилең инсанды» өстүрүүнү максат кылып, анан ошол максаттагы үлгүнү Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) адамдык сапатына ширеткен.
Натыйжада Азирети Пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү, иш-аракеттери, дегеле жашоо ыңгайы өз замандаштары баш болгон кыяматка чейинки бардык үммөтү үчүн өрнөк-эрежелердин шаң салтанаты болду.
Акыл-эси вахий (Кудай Тааланын, билдирүүсү, аяны) менен тарбияланбаган фиолософтордун залкар Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) каршы чабуул иретинде коомдук этика-эстетиканын атын чапкылап, адеп-ахлактап жар салган жакшы-жаман пикирлери көп учурларда китепканалардын чаң баскан текчелериндеги китептерде калып келет. Жашоого аралашкандарынын өмүрлөрү кыска болот. Бул фиолософтор ошо ооздон чыккан сөздөрүн өздөрү пир тутуп жашаган деле эмес. Ошону үлгү катары жашап башкаларга көрсөткөн да эмес. Айтылган сөздөрүнүн көпкө жашай албашы ошондон. Алардын пикирлери тек гана көзкараш катары калып жүрөт.
Маселен, Аристотелди алалы. Аристотель ахлак фиолософиясынын бир топ мыйзам-эрежелеринин пайдубалын түптөгөн. Ошого карабастан Алланын вахийинен насипсиз болгону үчүн бир да адам анын фиолософиясы менен жашап, бак-таалайды тапкан эмес. Фарабинин да атактуу фиолософтордон экени талашсыз. Фарабинин кыялында бышып жетилген «сулуулуктун шаары жана идеал коом» аттуу пикирин жүзөгө ашырган эч бир жанды учурата албайбыз. Башкача айтканда, Фарабинин пикирлери да китептен жүзөгө ашкан эмес. Анткени булардын баары жашоодо баштан өткөрүлгөн соң айтылган эмес. Жазылган чакта да, төрт тарабы шай акыбетке жетелей ала турган өзгөчөлүгү жок.
Ал эми Ардактуу Мухаммад Мустафа пайгамбарлык озуйпа келе электе өзүн элге-журтка сүйдүрө алган. Анын кылт эткис изги адамгерчилигин жатка таанып бүткөн журтчулук «Сен ал-Аминсиң- ишенимдүүсүң! Сен Сыддыксың-чынчылсың!» деп ишеним артышкан. Элдин көңүлүнөн, ишениминен түнөк тапкан соң гана пайгамбарлык милдетке кадам таштаган.
Анын айтып бүткүс изги ахлагы жана рухий тарбиясы менен эчен урпактар жашоонун жаңы нугуна түшүп, адамзатка «бактылуулуктун кылымы» багышталган. Ислам укугунун чыгаан жылдызы саналган Карафи (ө. 684):
«Башка мужизасы (керемет көрсөтмөсү) жок болгон чакта деле Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын тастыктоого кутман сахабалары жетишүү болмок» деген.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын өзүн да, сөзүн да, жүрүм-турумун да бүт бойдон Куранда айтылган изги ахлактардын өзөгү, тафсири-чечмелениши деп түшүнүү абзел. Артыкчылык атпайдын эң мыкты үлгүлөрү да анын өмүр жолу аркылуу көргөзмө-багыттама кылынган.
Адампенде Кудай Тааланын эң ийги өкүлү , залкар чыгармасы болуп саналат. А Азирети Пайгамбарыбыз болсо, адамзаттын руханий жашоосунун туучокусу. Дин Ислам Жараткан Алланын даргөйүндө жападан жалгыз эң улуу, эң акыркы дин болгондуктан Пайгамбарына моюн сунууну Өзүнө моюн сунуучулук, Пайгамбарына баш ийбөөнү Өзүнө баш ийбөөчүлүк деп кабылдап, бул жобону Куран аркылуу жарыя кылган.
«Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт, күнөөңөрдү кечирет. Алла-Кечиримдүү, Угуучу жана Көрүүчү!» (Аали Имран, 31).
Ширкке жолобоо шарты менен Азирети Пайгамбарыбызга кай жагынан болбосун, жарашыктуу мактоо айтууга болот. Бирок канчалык мактабайлы, ал тууралуу акыйкаттан ашыкча сөз айта албасыбыз да айдан ачык.
Улуу Кудуреттин ажайып чеберчилиги саналган Ардактуу Пайгамбарыбызды пенделик таакаттын гана чегинде таанып, анын өрнөктүү изин бизге жеткиргендердин башында кутман сахабалар турат.
Чынында эле Алла Элчисинин жүрүм-турумдагы, ибадаттагы жана мамиледеги тактыгын, астейдилдигин келечек муунга жеткирүү озуйпасы да ошол кутман инсандарга насип кылыныптыр. Анткени алар аны менен бир доордо замандаш жашап, анын берекелүү дилмаектеринен шарапат тапкан. Мына ушул себептен аларды «көктөгү жылдыздарга» Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Өзү теңеген.
Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык ахлагынан үлүш алып, акыретке даярдалган жакшылыктар, сооптор нукура кенч экенин аңдай алган сахабалардын Алланын ыраазычылыгын көздөп көрсөткөн камкордугун, жакшылык иштерин жана патриоттуулугун сөзгө сыйдыруу кыйынга турар. Алардын мындай жигердүүлүгүн артыкчылык деп билүү кажет. Сахабалар аманат өмүрдү Жараткандын ыраазычылыгына арнап салып, пайгамбардан уккан ар бир чындыкты көпчүлүкө ынтаа менен жеткирген, бардык угармандарга бактылуу жылмайып мээрим төгүшкөн. Колунда жоктордун кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюшкан. Айтууга караганда тавхидди (Алланын жалгыздыгын даңазалоо) жайып жүргөн кез ал ардактуу муундун өмүрүндөгү эң бактылуу, эң бейпил учуру экен.
Сахаба атанган бактылуу муундун артынан алар таштап кеткен аманат из менен кыяматка чейин астейдил баскан Алланын жамы олуялары аныгында Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) изгилигинин берекеси менен белгилүү деңгээлге жетишкен.
Бул абалды Азирети Мавляна минтип жар салган:
«Кел, келе бер эй көңүл! Ардактуу Мухаммадка жалгашуу анык майрам. Анткени ааламдагы жарыктык ал кутмандын жамалынын нуру менен жаркып турат».
Пайгамбарлардын мураскери деген улуу мартабага татыган Алланын достору - аалымдар менен рухий көсөмдөр- бийик адеп-ахлакты кан-жанына сиңирип, улуу озуйпаны аркалаган жана доордон доорго жалгашкан ийги дөөлөттүн учкуну болуп саналат. Алар Азирети Пайгамбар менен сахабаларды көрбөсө да, бардык адамдар үчүн Жараткандын назары түшкөн ар тараптуу изгиликтин жолбашчылары экени талашсыз.
Изгиликтин өзөгүндө жана көч башында пайгамбарлардын турарында кыпындай да шек жок. Сапка тизилген ал элчилердин иралдында имамчылыкта пайгамбарлардын Султаны Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) турат, ар дайымкысындай көзүнөн жаш кылгырып. Алардан кийин кербендин төөлөрүндөй жай чубалжыган бул көчтү руханий даражаларына жараша ыкласман аалымдар, салих пенделер, көсөмдөр, ашыглыкка моюн сунган дервиштер жана башкалар толуктап келет. Алар - Жаратканга кулчулук кылуу амалын жана кайырлуу иштерди буйрулгандай аткарганы себептүү миллиондогон пенделердин арасынан тандалууга татыган. Дал ошолор буйрулган жакшылыкты чын ыкласы менен жашаганы себептүү көркөмү көңүл сүйүнтөр чанда кезикчү көөнөрбөс кенчтерди улам кийинки муундарга багыштоо менен «Изгилик Маданиятын» жаратышкан. Алардан калган изгиликтин акыйкат икаялары киши рухуна ырахат тартуулап, дарттуу жандүйнөлөргө эм болот.
Изгиликтен ибарат алууга чакыруу усулун эң оболу Курандан табууга болот. Ошол себептүү мындай икаяларды эстеп, колдон келсе жаттоо керектиги туурасында Иммамы Аазам абу Ханифа мындай деген:
«(Салих) аалымдардын дилмаегине катышуу жана алардын албан артыкчылыгынан кеп салган икаялар мага фикх-укуктук маселерден да сүйкүмдүү. Анткени бул икаялар Жаратканга жакын жүргөндөрдүн адеп-ахлагын үйрөтөт».
Кандай гана маселе болбосун адампенде ал тууралуу өрнөк өңдүү бир нерсени көрбөй туруп шыр түшүнүп кеталбайт. Анын сыңарындай жакшылык да, жамандык да өрнөктөрдүн изи менен жүз берет. Ал тургай сүйүү да өз үлгүсү менен дагы да чырайына чыгат. Сүйүлүп жаткан тараптын руханиятына сүңгүү андан көрүнгөн изги үлгүлөр менен жүзөгө ашат. Изгиликке үлгү болуу нары маанилүү, нары сыйкырлуудай оп тартып турган Кудайдын насиби болгондуктан, адамзааданы бат эле нарктуу касиетке эгедер кылат.
Малик бин Динар:
«Салих пенделердин икаялары мага кудум бейиштин белектериндей сезилет» дейт.
Демек, изгиликке чакырган икаялардын баарын тартуу кылынган баа жеткис белек деп түшүнүүдө пайда бар.
Кыскасы, маселенин төркүнү мыкты ахлакты, барча изгиликти жашоо ыңгайынын эрежеси кылып, ошого калыптандырууга барып такалат экен. Акыл-насааттардын багытына бурулуш жасай алуунун өзү чоң эрдик, бирок булардын баарын биздей эле кишилер жасап, көрсөтүп өткөн. Демек, муну биз деле орундата алабыз.
Азирети Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам): «Кыямат күнү мусулман пенденин таразасында мыкты ахлактан оор отурган нерсе жок. Жаман жорук-жосундарды жасап, жаман сөздөрдү айткандарды Алла Таала жек көрөт» деген хадисин айткан (Тирмизи. Бирр, 62/2002).
Азирети Пайгамбар жана анын изинен баскан ыкласман пенделер менен достошуу аркылуу Алла буйруган изги ахлакты үйрөнүп жашоого болот. Изгиликтин алкагына кадам таштоонун алгачкы шарты мына ушул. Керисинче, Жараткандын назары түшкөн бул пенделер менен достошуудан бой качырып же байланышты үзүп, кайдыгерликтин туңгуюгуна сүңгүү - адеп-ахлактын начарлыгын, тарбияны сүйбөөчүлүктү каңкуулайт. Кудсий-хадисте ушул акыйкатка ишаратталып минтип айтылат:
«Кимде-ким (чын ыкласы менен Мага кулчулук кылган) досума душмандык кылса, Мен ага каршы согуш ачам. Пендем Мага Мен буйругандан башка эч бир жол менен жакындай албас. Пендем Мага (парздарга кошумчалап аткарган) напил ибадаттар менен жакындай алат. Ошондо Мен аны сүйөмүн. Пендем Мени сүйсө, Мен анын угар кулагы, көрөр көзү, басар буту, акылдашар жүрөгү жана сүйлөр тили болом! Эмне каалаган болсо, аны сөзсүз берем. Мага калкаланса, коргойм. Мен жалгыз гана момун пендемдин рухун алууда арсар абалда калам. Башка эч бир иште эки анжы болуп такалбайм1. (Анткени) ал өлүмдү сүйбөйт, ага жакпаган нерсени Мен да сүйбөйм» (крз. Бухари, Рикак, 38; Ахмад, VI, 256; Хайсами, II, 248).
Кудай Тааланын даргөйүндө кабылданар изгиликке жетүү үчүн Азирети Пайгамбарга жана Алланын досторуна чын дилден сүйүү бапестеп, алар менен ажырагыс бүтүндүккө баруу кажет.
Акыркы Элчи (саллаллаху алейхи васаллам) жашап өткөн доор менен биз жашап жаткан замандын аралыгында далай кылым кайталангыстыкка житип кеткен. Биз пайгамбарды көрө албайбыз. Бирок аны таануу үчүн далилдер менен такталган тарыхый маалыматтар ого эле көп, мүмкүнчүлүк жетиштүү деп айтсак туура болор. Ал тууралуу китептер өтө көп жазылган. Тээ Адам Атанын доорунан бери ушу күнгө чейин эч бир адамдын өмүр тажымалы, жашоосунун ар бир майда бараты, сүйлөгөн сөзү Азирети Мухаммадчалык (саллаллаху алейхи васаллам) изилденген эмес. Биз бүгүн аны таанысак, кыямат күнү махшар майданында ал бизди тааныйт. Ага түз көз менен карап, көөдөн көзүбүз менен аңдап сүйөр болсок, ал бизге назар салат. Аны угуп, сөзүн карманчу болсок, кыяматта биздин аянычтуу абалыбызга кол сунат. Мына ушундай өңүт менен башка адамдар үчүн үлгү болорлук абалды багынта алабыз. Баарыбыз үчүн нукура изги маданият мына ушул!
***
Урматтуу окурман, колуңуздагы «Изгиликтин Маданияты-2» чыгарма жогоруда сөз болгон изгиликтин өрнөктөрүн маалымдап жеткирүү үчүн колго алынган. Мындагы изгиликтин өрнөктөрү Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бийик сапатындагы мисалдар жана ушул мисалдардын кынтыксыз күзгүсү өңдөнүп, албан жетишкендик менен жашап өткөн сахабалардын, олуялардын, аалымдардын жана салих пенделердин жол көрсөтөр иш аракеттери менен толукталган.
Жана ошондой эле пайгамбарлардын же такыба пенделердин ибараттуу икаялары менен эле чектелип калбастан, саясий башкаруучулук жана социалдык окуялардын чордонунда бышып жетилген тырыхый залкарлардын жана тарыхта аты калган, адамзатка багыт берген каармандардын көптөгөн үлгүлүү изги иш-аракеттерин жазууну да туура көрдүк. Максат - келечекте журт башкарып же элдин камы үчүн кызмат кылар улан-кыздарыбыз мына ушундан өздөрүнө керектүү ибарат алса.
Албетте, нечен кылымдан бери жазылса да, айтылса түгөнбөй керисинче, улам бир жаңылыгы табылган Ааламдардын Ардагын (саллаллаху алейхи васаллам) толук бойдон түшүндүрүп берүү же бир китепке сыйдыруу биз өңдүү дили алсыз, тили жакыр пенделер үчүн мүмкүн эмес. Анын өмүр жолунун ар бир кадамын изилдеп, аныктап-тактап элге жеткире албасак да болгону анын чексиз берекелүү дайрасынан бир тамчы болсо да даамын татуу, ага бир кадам жакындоо, ага болгон сүйүүбүздү жаңылап жандандыруу, ага моюн сунуп жашаганыбызды тастыктоо, шапаатын алууга жан далбас урууну максат кылдык...
Бизди эч кандай акы төлөөгө кириптер кылбай Өзүнүн сүйүктүү Пайгамбарына үммөт кылган Кудай Таалага сансыз алкоону айталы!!! Билсек, мунун өзү чоң шарапат! Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) калтырып кеткен баа жеткис мураска бекем болуп, мураскерлери саналган олуя заттар сымал (алыбызга жараша) пайгамбарлык ахлакты бек тутунуп жашоо аркылуу гана Алланын ыроосунун акыйкатын аңдап, Алла Элчисинин сүйүүсүнө жана «биртуугандарым» деген жакындыкка арзый алабыз.
Ошондуктан эртең кеч болуп кете электе айтылып кеткен улуу инсандар сымал жүрөктү сүйүүгө толтуруп, анын изги ахлагын окуп үйрөнүүнү талап кылышыбыз керек. Кылымдар көөнөрүп, нечендеген маданияттар, не деген гана ооматтуу «...измдер» эскирип кургуйга житип кетсе да, оболку тазалыгын сактап келген Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагынын, сүннөтүнүн азыр абадай зарыл болуп турган чагы. Андыктан ахлактуу жашап, аны башкаларга үйрөтүү мындан кабардар пенделердин милдети. Анткени - бул Ааламдардын Ардагынын (саллаллаху алейхи васаллам) чыныгы үммөтү болуу шарапатына эгедерликтин акысы.
Ушундай ой-сезимдер менен жазылган бул эмгектин даярдалышына көмөк көрсөткөн Мурат Кая, Акылбек Халбеков баш болгон жалпы академиялык жааттагы ишмер бирбоорлорума ыраазылыгымды билдирип, алар көрсөткөн көмөктүн ачык кайырым болуп кабылданышын Жараткан Алладан тилейм...
Өз ыраазылыгына төп келген жакшы амалдарды жана изгилик менен көктөп өнгөн өмүрдү өткөрүүнү Кудай Таала баарыбызга насип кылсын. Эки дүйнөдө тең сүйүктүү Элчисине жакын дос кылсын, анын шапаатын буйрусун!...
Оомийн!...
Осман Нури ТОПБАШ
Стамбул-Үскүдар 2006.
Сүйүү - бул жашоонун маңызы, кубанчы, бейпилдиги, жыргалы. Тирүүлүк камыры сүйүүнүн көрөңгөсү менен ийленген. А адампенденин көкүрөгүндөгү албырттаган сүйүү сезими Жараткан Алла ыроологон эң улук немат болуп саналат. Бул өңүттөн алганда, сүйүү-чыныгы кулпенде болалган жандүйнөлөргө гана жарашат, ушундайлар гана колдонсо болот. Тилекке каршы, көрпенденин көпчүлүгү Алланын бул улук ыроосун жалган дүйнөгө, напсилик азгырык атпайга коротуп келет. Кудайын тааныбаган, сүйө албаган ташжүрөк мерездердин рухий абройу, баа-баркы канчалык деңгээлде болду экен?
Көкүрөккө ширетилген баа жеткис кенчти-сүйүү сезимин убактылуу азгырыктарга арнап, Жараткандын сүйүүсүнөн куру калган бактысыздарга Азирети Мавлана төмөнкү мисалды айтат:
«Дүнүйөкорду аңчыга окшотууга болот. Маселен, анын көлдө атасынан калган байлыгы деле жок. Шашкалактаган аңчы жээктеги талда конуп турган канаттуунун көлөкөсүнө ок чыгарып, ок житкен тарапка үмүттүү карайт. Талдагы канаттуу аңчынын акмакчылыгына таңкалат».
Акыры бара турган «Жаратканды» унутуп, мал-мүлк, атак-даңк, мансап-байлык, үй-бүлө же аял өңдүү убактылуу сүйүүнүн бирине ашкере баш байлап, былк этпей туруп берүү жандүйнөнү зыянга учуратуу дегенге жатат.
Мажнундун нагыз жеңиши акыл-эсин ээлеп алган Лейлага гана байланбай, ажайып сулуулукту жараткан Улуу Алланы тапкандыгында.... Ал сүйгөн адамынын артыкчылыгына ой жүгүртүп олтуруп анык сүйүүнү тапкан. Болбосо Лейла бирөөлөр үчүн тек гана бир аялзат, бирөөлөр үчүн бир макулук, бирөөлөр үчүн болсо атак-даңк эле. Көзгө көрүнбөй көкүрөктү гана жалындаткан мындай сүйүүлөр чыныгы, акыйкат сүйүүгө көпүрө болушу кажет.
а. Алланы сүйүү (Мухаббатуллах)
Адамзаада өз жүрөгүндөгү арзуунун улуулугуна, даңазалуулугуна жана албетте аруулугуна жараша акыбет табат. Мына ушу себептен пендезаада сүйүүнүн жүрөктөгү тубаса жөндөмүн Жаратканга багыттаганда гана жолдуу болот. Анткени Алла Таала чыныгы сүйүүгө татыктуу жалгыздын Жалгызы. Ал жаамы сүйүүлөрдүн кайнар булагы.
-Ал бар ааламды, болумуш атпайды жараткан, жандуунун баарына ырыскысын ыроолоп, коргоп сактаган нагыз орошон, нары кудуреттүү, бирок эч нерсеге окшобогон БАРЛЫК.
-Ал пенделерин сүйөт. Адам Атаны бейиште ажайып сулуу кейипте ынтаа менен жараткан. Ал калган пенделерин да бейишке киргизүүнү каалайт. Бирок сүйүүгө сүйүү менен гана жооп берүү кажет экенин эсибизден чыгарбасак1.
-Өзүнө алып келе турган бардык жолдорду пенде таакаты жеткидей деңгээлде жеңилдеткен.
-Ал бул дүйнөнүн да, акырет майданынын да жападан жалгыз Ээси.
-Адампенде акырында Анын алдына барат. Андан башка пааналай турган башкалка, дем бере турган демөөрчү таба албайт. Сан миң аааламды жараткан Кудай Таала теңдешсиз Камкор, теңдешсиз Боорукер.
-Бизге багыштаган санак жеткис нематын ыроолоп, Өзүнүн эң сүйүктүү Элчисине үммөт кылды, нукура жеткилең китеби-Куран менен сыйлады. Мына ушу себептүү Жаратканга чексиз алкыш айтуу, шүгүрчүлүк билдирүү мойнубуздагы карыз да, парз.
Андыктан акыл калчап, кулпенделиктин негизги шартын орундатып, сүйүүбүздү анык Ээсине бурганыбыз оң.
Алланын досу атанган олуялар жана көсөмдөр сүйүүнү туура пайдалангандыктан сүйүү аларга анык үзүрүн берген. Сүйүү жолунун түрдүүлүгүн ошол олуялардын таржымалынан көрүүгө болот. Маселен, Азирети Мавлана жандүйнөнү жалынсыз өрттөгөн анык сүйүүгө башбайлап, натыйжада тилинен даанышмандык оргуштап, көркөмсөз чеберчилигинин дайрасына айланган. Бахауддин Накшибанди болсо көптөгөн жылдар бою кароосуз калган жарадар жаныбарды даарылап, көчөлөрдү тазалап, калайык жүз үйрүгөн дарттуу пенделердин дабаа табышы үчүн жан үрөп кызмат көрсөтүп олтуруп Алланын ажайып Кудеретин тааныган. Натыйжада артындагылар өлбөстүктүн киймин кийгизишкен. Бул өңдүү мисалдарды жазып олтурсак өтө көп. Жакшылап назар салсак, усулдар түрдүү, бирок жүрөк кенчи бир гана: Ашыглык жана Алланы жандилден сүйүү.
Жараткан Алла түрдүү кереметтерди багыштаган жаамы олуяларын, аныгында ашыглык жана Кудайтааным илими менен байытып сүйүүнүн сүйкүмдүү гүлү катары бүтүндөй адамзатка тартуу эткен.
Жыйынтыктап айтканда, Жаратканды сүйгөн момун-мусулман тирүүлүктө эч нерсенин ээси эмес экенин аңдап-сезиши керек. Анткени сүйүү арналууну талап эткендиктен ээлик кылуу акылга сыйбаган жорук. Башкача айтканда, сүйгөн жан сүйгөнү үчүн бүт нерсеге кайыл болушу керек. Арзыганга рухий жана заттык жантартуу сезими жаралат сүйүүдөн. Бирок, бул сүйүүнүн табына жараша жүзөгө ашат. Ошо себептен пенделердин айрымдары сүйгөнү үчүн бүт байлыгын сарптайт, мүлкүн чачат, жадагалса жанын берүүгө даяр болот.
Аллага жана Азирети Мухаммадка болгон сүйүүнү бүт нерседен жогору коюп, жапайы гүлзардын жасалма гүлүнө алданбаган кутман момундар кандай гана бактылуу!!!
Изгилик элестери
Алланы сүйүү өңүтүнөн эң бийик мартабаны багынткан пенде Азирети Мухаммад экенинен эч ким шектене албайт. Дуба кылганда ар дайым Алланын албан сүйүүсүнө арзыган пенде болууну сурап Азирети Давуддун төмөнкү мунажатын талыкпай кайталачу экен:
«Аллахым! Мени сүйүшүңдү, Сени сүйгөндөрдүн сүйүүсүн жана Сүйүүңө арзыта турган амалды сурайм! Аллахым! Өзүңдү сүйүүнү, өз напсимден, үй-бүлөмдөн, мүлкүмдөн жана муздак суудан да сүйкүмдүү кыл!»
Ошондой эле төмөндөгү дубаны айтып көп тилек кылчу экен:
«Аллахым! Мага Өз сүйүүңдү жана сүйүүсү Даргөйүңдө кабылдана турган жандын сүйүүсүн насип кыл! Аллахым! Өзүң сүйгөн жана Өзүң ыраазы боло турган амалдарды так орундатуум үчүн кайра эле Өзүң ыроологон жана мен жакшы көргөн нематтар аркылуу мага күч-кубат бер!» (Тирмизи, Даават, 73/3491).
«Арзыган жан тилинен сүйгөнүн эгерим түшүрбөйт, ар убак ал жөнүндө ойлонот» деп тажрыйбадан айтылган эреже бар. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мына ушул айтымдын акыйкат экенин тана албай, Улуу Жаратканды ар убак эстеп, качан болбосун Анын сыпаттары, кудурети, даңазасы жана ылгабай тартуулаган ырыскысы жөнүндө ойлонуп, Ага жалбарганы жалбарган эле. Арийне, бир жака жөнөгөндө, бир жактан кайтканда, отурганда, турганда, бир ишти баштаганда, бүтүргөндө жана ар кандай абалдарда, жерлерде тилеген дубасын сахабалары жаттай албай калган дешет. Сахабалар ошондуктан кыска-нуска дуба кылууну кутман Элчиден өтүнгөн.
***
Кудай Таала кимди сүйгөн болсо, демек ошол пендесине ыраазы жана ал пендесинин жүрөгүнө хушуу-коркуу сезимин жандырат. Төмөнкү маалымат мунун чындык экенин тастыктап турат.
Сахабалардын айрымдары күндөрдүн биринде Алла Элчисине суроо узатышат:
-Коркуу сезими айрым момундарда күчтүү экенин көрсөк, а айрымдардан мындай сезимди көрө албай келебиз. эмнеликтен мындай айырмачылык болот?
-Ыйман даамын таталалган момун мусулман коркуу сезимине ээ болот. Ыйман даамын таталбагандарда коркуу сезими болбойт!
-Айтыңызчы, ыймандын даамын кантип татса болот?
-Алланы сүйгөнү анык болсо, сүйүүгө бек болуу менен жетүүгө болот.
-Алланы кантип сүйө алабыз?
-Алла Элчисин сүйүү аркылуу жогорку сүйүүгө барса болот. Андыктан силер Алла жана Анын Элчисинин ыраазылыгын кайра эле Алла жана Анын Элчисине сүйүү бапестөөдөн таба аласыңар, деди Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) (Сандаруси, Кашф-и Илахий, II, 651; Халаби, Мавсуатул-Ахадис, VI, 492/16010).
***
Алланы сүйүп жана Аны көрүүгө кусадар болуп өмүр кечирген Азирети Мухаммад барган сайын оорусунун күчөгөнүнө карабастан ажалды үйлөнүү тою болуп жаткан жаш уландай кубанычтуу тосуп алган. Бул окуяны Азирети Айша эне (Алла ага ыраазы болсун) минтип баяндайт:
«Алла Элчиси өмүрүнүн акыркы ирмеминде башын менин көкүрөгүмө коюп алган эле. Мен ичимден сыздап; «-Оо, Жараткан! Оорудан айыктыр! Чыныгы Даабагер, анык шыпаа берүүчү Сенсиң!» деп жалбардым. Алла Элчиси болсо:
«-Жок! Аллахым мени Өз даргөйүңө алып кет! Оо, Аллахым! Мени кечир! Ырайымыңды төк! Мени Улуу Дос - Өзүңө жолуктур!» деп кайталап жатты (Ахмад, VI, 108, 231).
***
Көз жумаар алдында Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) менен ажал периштесинин ортосундагы береги баарлашуу анын Алланы канчалык даражада сүйөрүн айдан ачык аңдатып турат:
Өлүм периштеси ичкери кирүү үчүн Алла Элчисинен уруксат сурайт. Ортомчу адаттагыдай эле Жабраил: -Оо Алла Элчиси! Бул жаналгыч периште. Жаныңа кирүү үчүн сенден уруксат сурап турган кербези. Бул периште сенден оболу эч бир пендеден уруксат сураган эмес, сенден кийин да сурабасы анык! Ага уруксат бер!
Ошентип, жаналгыч перише Алла Элчисинин алдына кирет да:
-О, Алла Элчиси! Уллу Алла мени сага жөнөттү. Ошондой эле сенин ар бир буйругуңа баш ийүүнү буйруду мага. Эгер кааласаң жаныңды алайын, каалабасаң өз эркиң! дейт. Жүзү кадимкидей кулпуруп чыккан Азирети Мухаммад көргөн көзүнө ишенбегендей суроо узатты :
-Сен чындап ушу ишти аткарасыңбы?
-Кандай гана жагдай болбосун сага баш ийүүгө милдеттендирилгем!
Эки, үч кадам ыраакта турган Жабраил периште сөзгө аралашты:
-Эй, Ахмад! Улуу Жараткан сени сагынып турган чагы!
Чыдамы кеткен пайгамбар:
-Алла даргөйүндөгү нерсе анык кайырлуу жана түбөлүктүү! Ажал периштеси, буйрукту орундат, жанымды ал! деп уруксат этти2.
***
Аллага бапестелген сүйүү өңүтүнөн пайгамбарлардын өмүр жашоосунан көптөгөн мисалдарды берүүгө болот.
Риваяттардын биринде Азирети Ибрахимдин (алейхис салам) он эки миң кою, бул койлорду кізөтө турган көптөгөн иттери бар эле.
Кіндөрдін биринде периште Жабраил бейтааныш адам кейпинде кубулуп келип, эсен-соолук сурашкан соң:
-Улугум, бул талаалардын баары эле жайнаган короо-короо кой экен. А ээси ким болду экен? деп суроо салды.
Азирети Ибрахим өтө жөнөкөй нускалуу тил менен:
-Раббимдин койлору. Мен жөн гана аманатчымын! деди сыпаа гана.
Жабраил (алейхиссалам):
-Буларды мага сатасыңбы?
Кыраакы Ибрахим бейтааныштын жізіндөгі ыйман нурун, аруу касиеттерин, жупуну тірін байкай коюп:
-Раббимдин ысмын бир жолу айта сал, койлордун ічтөн бирин берейин; іч жолу айта алсаң, баары сеники болсун дейт.
Жабраил периште үч жолу:
-Оо, Жараткан улуу Раббим! Сен Өзіңдін Теңирдигиңе жарашпас бардык кемчилик сыпаттардан таптазасың жана ыйыксың! Сен периштелердин жана Жабраилдин Жаратуучусусуң! деп кайталаган соң Ибрахим пайгамбар:
-Койлордун баары сеники. Кайда айдасаң, өз эркиң дейт.
Жабраил периште:
-Урматтуум, алалбайм. Мен периштемин деп кетенчиктейт.
Азирети Ибрахим:
-Сен периште болсоң, мен Алланын досумун. Берген нерсени кайра алуу мага жарашпаган жорук!… деп кол шилтей чоң тійшіктөн кутулгансып, бир кыйла жеңилдей тішті.
Ибрахим (алейхиссалам) ошентип короо-короо койун сатты. Кирешесине кенен жана мол тішімдіі жер сатып алып, ыйман келтирген момундардын пайдасы ічін кайрымга бекитип салды.
Алланын досу атыккан Ибрахим пайгамбар кыска убакыттын ичинде бітіндөй мал-мілкін Кудай ыраазычылыгына атап, бул чоң сынакта да ийгиликке жетип чыныгы дос экендигин далилдей алат.
***
Жүрөктүн толтосунан орун алган чыныгы сүйүү... Болгондо да Улуу Сөздү аңдап, барктоо...
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бир сахабаны кошуунга башчы кылып жөнөтөт. Кошуун саркерликке дайындалган сахабаны имамчылыкка өткөрүп намаз окушат. Кызыгы, имам намаздын бардык кыраатын Ихлас сүрөсү менен аяктайт. Көп өтпөй кошуун Мединага кайтат. Болуп өткөн окуя Азирети Пайгамбарыбызга маалымдалат.
-Эмне үчүн бир сүрөнү кайталап окушунун себебин сурагыла! деп тапшырма берет маалымдап келгендерге. Себебин сурагандарга саркер сахаба:
-Мээрбан Алланын сыпаттары тууралуу кеп салгандыктан такай ушу сүрөнү окуганды жакшы көрөм деп түшүндүрөт.
Сахабанын жообун уккан Азирети Мухамад мындай дейт:
-Айтып койгула, Алла Таала аны жакшы көрөт (Бухари, Тавхид, 1).
***
Аммар бин Ясир (Алла ага ыраазы болсун) аттуу белгилүү сахаба дин үчүн казатка аттанат. Эфрат дарыясын жээктеп баратып Аллага бапестеген сүйүүсүн минтип төккөн:
«Мына ушу тоонун башынан ылдай секирүү Сени ыраазы кылар болсо, дароо секирем. Тоодой отту жагып, жалынга секиришим Сени ыраазы кылар болсо, дароо аткарам. Оо Жараткан! Сууга боюмду таштап, атайлап чөгүү менен Сенин ыраазылыгыңа жете турган болгонумда, токтоосуз ыргымакмын. Аллахым! Мен жалгыз Сенин ыраазычылыгың үчүн согушууга баратам. Мени зыянга учуратпа, мен Сени сүйөм!» (Ибн-и Саад, III, 258).
***
Абдулла бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) сахабалардын нары такыбаа, нары ыкластууларынан эле. Байлыгынын көбөйүп кетишине жол бергиси келбей, колуна тийген кирешесинин дээрлик көпчүлүк бөлүгүн кембагалдарга, колунда жокторго кайрым кылчу экен. Өзү ээлик кылган нерселердин ичинен көзүнө эң сүйкүмдүү көрүнгөнүн Алла жолуна каржоо үчүн бөлгөнү өзүнчө бир үлгү. Жүрүм-туруму мыкты, намаз окуп жүргөн кулдарды көрсө азат кылмайын жаны жай алчу эмес экен, жарыктык сахабанын. Күндөрдүн биринде досторунун бири, кулдардын айрымдары Алла ыраазычылыгы үчүн эмес, азаттыка чыгуу үчүн гана мечитке келип жатканын айтып, эскертүү берет. Азирети Абдулланын береги жообу анын Аллага бапестеген сүйүүсүнүн нары таза. нары таптуу экенин айгинелейт:
«-Алла менен алдагысы келгендерге алданууга ыразымын!» (Ибн-и Асийр, Усдул Гааба, III, 343).
***
Баяндамаларга караганда өлүм жазасына тартылуудан бираз мурда Халлаж Мансурдун береги дубасы анын Кудай Таалага болгон сүйүүсүнүн бийиктигин жана ыкластуулугун айкын чагылдырып турат:
«Аллахым! Сага болгон жакындыгы жана динге бектиги себептүү Сенин кулдарың мени өлтүрүү үчүн жыйналышты. Кечир аларды. Мага ыроологон сырларды аларга да маалымдаганыңда, балким, мен тууралуу мындай кадамга барышмак эмес. Эгер алардан жашыруун туткан нерселерди менден да жашырганыңда, балким мындай курч абалга дуушар болбос элем. Аллахым, аларды кечир! Алар мени Сага жөнөтүп жатышат».
Халлаждын ахыбалына рухий терезеден көз салып тургандардын айтуусуна караганда, дарга асылган учурда анын жанына иблис келет:
«-Сен - «Мен!3» деп бир жолу айттың, мен дагы «Мен!» деп бир гана жолу айттым. Натыйжада сага ырайым, мага наалат жаап турганына түшүнө албай турам! деп делдейет.
Халлаждын иблиске айткан жообу мындай болду:
«-Сен «Мен!» деп айтуу менен өзүңдү Адамдан жогору койгуң келип, текеберлигиңди ачык билдиргенсиң. Мен болсо «Мен Алламын!» деп айтуу менен өзүмдү Аллага арнап, атап салдым. Менменсинүүнүн белгиси саналган текеберчилик тозоктун алааматы. «Менменсинүүнү» жок кылуу, Жаратканга биротоло сүңгүп кирүү «өзүн жок саноонун» белгиси. Ортодогу айырма мына ушунда. Ошондуктан мага ырайым, сага азап, каргыш жаады».
***
Зыярат үчүн келген Ибрахим бин Фатик мырзага Халлаж Мансур мындай деген экен:
-Уулум! Айрым адамдар мени каапыр болду дешсе, айрымдар дилинде олуялык даражаны мага ыйгарып келишет. Алла даргөйүндө жана менин көзкарашымда мени каапырлыкка чыгарган жандар мага олуялыкты ыйгаргандардан да сүйкүмдүү.
-Коюңузчу мырзам. Кантип ошондой болсун?
-Мени олуя деп санагандар мага бапестеген жакшы ойлору себептүү, ал эми ал каапыр болду, дегендер динге болгон бектиги, ыкластуулугу себептүү пикирлерин ачык билдиришти. Демек, Алла даргөйүндө динине бек инсандар, тек гана жакшы ойлуулардан алда канча сүйкүмдүү да сүйүктүү.
***
Жолдошторунун бири Маруф Кархиге суроо салат ынтызарлана:
-Эй, Маруф! Ибадатка ушунчалык берилип кетишиңе эмне себеп болду?
Олуя тымтырстыкка сүңгүдү. Жолдошу кайра такып:
-Өлүмдү көп ойлогондуктанбы?
Маруф:
-Өлүм дегениң эмне өзү?
-Кабыр жана акырет азабын көп эстегендиктенби?
-Эмне дегениң кабырдан коркуп!?
-Же болбосо тозоктон коркуп, бейиштен көп үмүт кылгандыктан ибадатка берилип кеттиңби?
Акыры айтылчу акыйкатты олуя Маруф айтып берди:
-Булар эмне өзү! Сен санагандардын баарын тизгиндеп турган Улуу Кудай чексиз Улук Жаратуучу. Эгер көөдөнүңдө Ага арнаган нары аруу, нары салмактуу сүйүү болсо, Ал ушу айтылгандардын баарын эсиңе түк келтирбейт. Алла менен сенин араңда айкындык, сүйүү жаралат, натыйжада саналгандардын баарынан сени куткарат4.
***
Олуя инсан бир чабандын Аллага бапестеген сүйүүсүнүн туу чокуга жеткенин береги чындык икая менен минтип баян этет:
Чегине көз жетпеген нары кең, нары ээн өрөөнгө жолум туш болду. Карып кейиптенген бир чабандын ушунчалык берилүү менен намаз окуп жатканын, бул эле эмес кыйла обочодо койлорун карышкырлар кайтарып турганын көрүп, өзүмдү кызыктай сезип, ажайып көрүнүшкө түшүнө албай селейдим. Кыйла күттүм. Акыры чабан намазын аяктаган соң:
-Эй, чабан! Карышкырлар кантип койлоруң менен достошту? Алардагы душмандык жана жырткычтык бейпилдикке, сүйүүгө кантип орун бошотту? деп сурадым.
Саждага такай баш койгондугу себептүү жүзүнөн нур тамылжыган намазкөй чабан минтип жооп берди:
-Эй карып жолоочу! Карышкырдын койлор менен достошуусунун сыры, жаамы макулуктун түпкү Ээси менен чабандын ортосундагы бекем достукта жатат. Махабаттагы бул сыр, арийне, сени таң калтырып жатат.
***
«Алла сулуу, сулуулукту сүйөт!» (Муслим, Иман, 174).
Жаамы сулуулардын ээси саналган Алла ошол эле учурда чыныгы сүйүүнүн булагы. Анткени анда Вадуд5 деген сыпат бар. Бул куттуу сыпаттын мааниси «бапестеп сүйгөн» «аша сүйүлгөн» деген маанилерди билдирет6 Демек, Теңирий сүйүүнү жүрөккө, дилге жана тилге ширетүү момун мусулмандын озуйпасы. Момун мусулман Жаратканга бапестеген сүйүүсүн, көөдөндөгү дүнүйөлүк сүйүүдөн далай-далай бийиктерге чыгармайын «Анык Туура Жолго - Сырат-ал Мустакиймге» чыга албайт.
«Момундардын Аллага бапестеген сүйүүсү бүт нерседен алдаканча жогору турат, алдаканча кубаттуу...» (Бакара, 165).
Мындай абал момун мусулмандар үчүн зарыл экендиги Тооба сүрөсүнүн 24-аятында эскертилет:
«Эгер атаңар, балдарыңар, биртуугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калышынан корккон соода-сатыгыңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Алладан, Анын Элчисинен жана Анын жолу үчүн артык көрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө» деп айт. Алла бузуку коомду Туура жолго баштабайт!».
Аллага сүйүү бапестөө үчүн ириде Алланы чын жүрөктөн таанып, кабылдап, Анын куттуу ысымдарына акыл калчап сүңгүү кажет.
Эч болбосо Жараткан Алланы эстөө да албан сүйүүнүн оожалышына өбөлгө болот.
Азирети Мухаммаддан (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадис;
«Алла Тааланы эстөөнү жакшы көрүү Алланы сүйгөндүктүн жышааны» (Суюти, II, 52).
Бапестелген сүйүүнү оожалтуу үчүн оболу жүрөк ошого туруштук берала тургандай күчкө ээ болушу керек. Маселен, пенденин өз ата-энесин, үй-бүлөсүн жана башкаларды сүйгөнү өңдүү аяр сезимди өнүктүрүү үчүн белгиленген чектин алкагында көнүктүргөнү дурус.
Мына ушундай абал менен жүрүп олтуруп Аллага айныгыс сүйүү бапестелген чакта адамбаласы өз жаратылуу максатына ылайык жашап, Жараткандын ыраазылыгына татыйт. Анткени исламдан адампендеге сунулган Теңирий сунуштардын сереси жана болжогон акыркы чеги - васыл-ы илаллах-Аллага жалгануу, арналуу, жуурулушуу... А сүйүү болсо, бул улук иш үчүн зарыл азык. Жарамдуу амалдар болсо, сүйүүнүн табын жоготпоо үчүн өзгөчө муктаждык.
Алланы таанып, Ага айныгыс сүйүү бапестей алган момун мусулман напсинин наздуу шыбышынан, шайтандын азгырыгынан оолактап, жалгыз Алланын ыраазылыгына гана жетүүнү самап, жалбарып сурап өмүр кечирет. Аалам аттуу алп китептин барактары ага ачылып, жаамы макулук менен достук маанай жаралат. Тактап айтканда, макулукка Кудай Тааланын назары менен карек оодара алган өзгөчөлүктү багынтат. Ал мына ошентип дасыгып олтуруп ааламдагы Теңирий даанышмандык жана санмиң ажайып сырдын агымына көз чаптырып, эчен албан ибаратты табат. Мына ушул эле биз сөз кылып жаткан момун мусулман Жараткан буйруган парз баш болгон кулчулук озуйпаларын бүт дилден берилип орундаткандан кийин, зарылчылыгы жок болсо деле көөдөндөгү оргуштаган сүйүүсү себептүү нафил ибадаттарды жана кайырлуу амалдарды өз эрежеси менен ыктыярдуу түрдө ынтызарлана көбөйтүүгө жан үрөйт. Напсиге таандык жалпы жыргалчылыкка артын салып коюп, анык жыргалды, теңдешсиз лаззатты ыймандан табат.
Алла Элчисине бапестелген сүйүү - бул алкагы чектелүү сүйүүлөрдүн туучокусу. Адампенденин сүйүүсүнө андан артык, андан ылайыктуу эч бир жан ойго келбесе керек. Анткени:
Жамы болумуш жаралгандыгы үчүн Алланын Азирети Мухаммадка бапестеген сүйүүсүнө карыз...
-Алла Элчиси алмусак жана түбөлүк аттуу эки акыйкатты инсан менен жин ааламына тааныштырып, түбөлүктүү акырет азабынан кутулууга себепчи болгон.
- Кудай Таала Куран менен Ислам кенчин биз кулпенделери үчүн Азирети Мухаммаддын таза жүрөгүнө ширеткен.
-Ал өз үммөтү үчүн эч бир пенденин башына келбеген муң-кайгыга, кыйынчылык менен машакатка тушугуп, оор кордукту тарткан.
-Момун мусулмандар үчүн анын мээрими, күйүмдүүлүгү жана камкордугу ашкере кенен болгон. Ал мээрим мухити. Үммөтүнө аша күйүмдүү. Үммөттөн бирөө жарымдын касырет чегиши анын түн уйкусун бузуп, тынчын алган7.
-Кулчулук озуйпа үчүн нагыз үлгү, анык идеал инсан эле.
-Ал пенделерге Жаратканды тааныта турган нукура башат, данакер көпүрө эле.
-«Өмүрүңө ант болсун!» деп жыйырма төрт миң пайгамбар ичинен Кудай Таала жалгыз анын аты менен ант эткен. Ал мына ушул тариз менен үммөтүнүн бар ынтаасын Акыркы Элчисинин өрнөктүү өмүрүнө буруп, ушундай асылдыкты кесипке айлантууну арзуу кылган.
-Жараткан Алла пенделерин сүйөрүн жар салган. Бирок Сүйүктүү Элчисине баш ийип, моюн сунуу шартын койгон.
«(Элчим) айткын: «Эгер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңүрдү кечирет. Алла - Кечиримдүү, Боорукер!» (Аалу Имран, 31).
-Алла Элчисине бапестелген сүйүү Кудайдын каарынан, азабынан кутулууга өбөлгө.
«(Элчим!) Сен алардын арасында турган чакта Алла аларды азаптабайт!» (Анфал, 33).
-Эң маанилүү тарабы - Алла аны сүйүп, «Хабибий-Сүйүктүүм» деп кайрылган8. Алла Тааланын Сүйүктүүсүн сүйүү кандай улук шарапат!
Демек, ал ардактуу султандын жагымдуу ысмын, Улук даргөйдөгү наамын жана салаватты сүйүүнүн өчпөс сыясы менен жандүйнөгө саймалаганыбыз дурус иш...
Бирок, Мухаммад Пайгамбарыбыз сүйүүдөгү акыркы чек эмес экенин эстен чыгарбоо кажет. Инсан үчүн сүйүүнүн эң жогорку чеги, анык туруму жалгыз гана Кудай Таала.
Изгилик элестери
Кутман сахабалар берилип сүйгөндүктөн жарыкты чарк айланып учкан көпөлөк сымал качан болбосун Алла Элчисин тегеректеп, анын ар бир сөзүн кунт кою менен тыңдап орундатышкан. Ал эле эмес дилиндеги оюн көз карашынан аңдап:
«Ата-энемди, мал-мүлкүмдү ал тургай жанымды да сенден аябайм Пайгамбарым! Жарайт!» деп, анын ым менен берген буйругун жароокерлик менен талашып аркарышчу экен.
«Ушу эки колум менен Алла Элчисине кол берип антташтым!» деп колдорун көрсөткөн сахабалар болгон (Ибн-и Саад, IV,306; Хайсами, VIII, 42).
Абу Ашма аш-Шамии (Алла ага ыраазы болсун) Алла Элчисине элчи катары келет. Өкүл кылып жиберген урууга маалымдай баруу үчүн Исламдын негиздерин, белгилүү шарттарын үйрөнгөн соң Азирети Мухаммаддын колун кармап антташат. Дал ошол маалда сахаба Аалам Ардагынын колунунун жылуулугуна, рухунун мээримине балкыйт. Ал Жаратылыш Нурунун берекесин, жылуулугун жоготпой, алгачкы ырахатты дайым сезе жүргүсү келгендиктен болсо керек, дал ошол учурдан тарта көзү өткөнгө чейин эч кимдин колун кармабаптыр (Ибн-и Хажар, ал-Исаба, IV, 7).
***
Сахаба аялдар балдарына Пайгамбарды сійііні насаат кылышар эле. Төмөнкі окуя бул жакшы жөрөлгөні эң сонун чагылдырып турат:
Балдары Азирети Пайгамбарыбыз менен көпкө көрішпөй калса, сахаба аялдар балдарын урушуп калчу экен. Хузайфа (Алла ага ыраазы болсун) бир топ кіндөн бери Алланын Элчисин көрбөй калганы ічін энеси ага ачууланып урушуп коюптур. Бул окуяны өзі мындайча эскерет:
Энекем менден сурап калды:
-Акыркы жолу Пайгамбарыбыз менен качан жолуктуң эле?
-Бир топ кіндөн бери ага жолуга элекмин.
Энекем мага ачууланып жемелеп кирди. Мен болсо шашканымдан:
-Энеке, сабыр кылыңыз! Мына, азыр эле Алланын Элчисинин жанына жетип барып, шам намазын чогуу окуп жана экөөбіздін кінөөлөрібіздін кечирилиши ічін дуба кылышын Андан суранайын…» дедим (Тирмизи, Манакыб, 30/3781; Ахмад, V, 391-392).
***
Топту баштап келген Мусаб (Алла ага ыраазы болсун) өз үйүнөн мурда Алланын Элчисине барды. Сагынычтуу жолугушуудан кийин Ислам динин Мединалыктардын жылуу кабылдап жатканын маалымдап, Ааламдардын Ардагын сүйүндүрдү. Көпкө кобурашып олтурган соң уруксат алып үйүнө кетти.
Мусабдын энеси Аллага ишенбеген жандардан эле. Үйгө келүүдөн оболу Азирети Пайгамбарга барганын кулагы чалып, ачууланып, кейип-кепчип калды. Мусаб бир чети энесинин көңүлүн ооруткусу келбеди, ошентсе да, чындыкты айтты:
-Мен Алланын Элчиси турганда башкалардын алдына бара албаймын. Кантип мен Алланын бизге жөнөткөн Элчисин аттап кетейин?!» ( Ибн-и Саад, III, 119).
***
Хижрат (Меккеден Мединага көчүү) учурунда Савр іңкірінө бараткан жолдо Азирети Абу Бакир бирде пайгамбардын артында, бирде алдына чыгып, далдаалап баратты. Муну байкап калган пайгамбар андан сурайт:
-Эй, Абу Бакир, эмне ічін минтип жатасың?
-Пайгамбарым! Оюма ар нерсе келіідө. Аркабыздан жетип келеби деп артыңыздан, алдыбызга буктурма курганбы деп алдыңызга өтіп кетип жатам!
Акырында Савр іңкірінө да жетип келишет. Анын күтө турушун өтүнүп өзү іңкіргө кирет. Ичин тазалайт. Ал тургай колу менен жерди сыйпап көріп, тешик, ойук жерлерди кийиминен айрып бітөп, тіздөйт. Ал мына ушунтип сырткы кийиминен ізіп, іңкірдөгі тешиктерди бітөп чыгат. Болгону, бир тешикке гана бітөй турган нерсе табылбай калат. Тешиктин істінө согончогун коё салат:
-Эми кире берсеңиз болот, Пайгамбарым!
Таң атып, жарык жер бетине жайылып, іңкірдін ичи да жарык болуп калган кезде жолдошунун абалын байкап калган пайгамбар таң кала сурайт:
-Абу Бакир, кийимиңиз кайда калды эле?!
Абу Бакир караңгыдагы окуяны баян этет. Анын бул илбериңки ишине ичинен ыраазы болгон Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) колун көккө карай көтөріп, Азирети Абу Бакир ічін дуба кылат9.
Таң атып жерге жарык кирери менен Абу Бакирдин үйүнөн чыккан бир топ мушрик изди кууп олтуруп Савр Үңкүрүнүн оозуна чейин келишти. Аттан түшүп үңкүргө үңүлүп бакты. Үңкүрдүн киришин жөргөмүштүн желеси тосуп, кептер уялаптыр. Дал ошол маалда Сүйүктүү Пайгамбарынын жүзүн далдалап, жашыра турган жаш көчөттү жашылдантты Алла Таала. Демек, бул тарапка жакын арада эч ким баскан эмес деген бүтүмгө келип кайра тартышты5.
Кыска убакыттын ичиндеги болуп өткөндөр Азирети Абу Бакирди абдан коркутту. Алар чындап эле ошондой кооптуулукту баштарынан кечиришти. Өз жанынан эмес, Алланын Элчисине жакындап келген жамандыктан коркту…
Бирок куугунчу кутумдар жакшылап караганда, балким, көрүп калышса керек эле. Анткени үңкүрдүн ичи үңкүр дегенчелик кенен да эмес эле, анын үстүнө шоола кирип турган. Үңкүрдүн эки жагында борчук таштарды ары-бери тинтип кетишти.
Абу Бакирдин тынчы кетти. Оюна түркүн жамандык келип, сарсанга батты.
-Мен өлсөм эч нерсе эмес, жумуру башка бир өлүм, кыйышпайм. Жамандыктын бетин ары кылсын, сага бир нерсе болсо барча үммөт бүлүнөт! деп Азирети Пайгамбарга жалдырайт.
Алланын Элчиси намаз окуй баштады. Жандосу болсо денеси менен далдалап, эки жака көз салып турду. Намаз окулуп бүттү:
-Ушу иттер сени акмалап бул жерден алыстагыдай түрү жок. Кудайга ант! Мен өзүм үчүн эмес, сага залалы тийеби деп коркуп жатам.
Кутман Элчи кутман досуна ишенимдүү жылмайып:
-Абу Бакир, эч коркпо! Шек-күмөнсүз Алла Таала биз менен бирге! деди (Ибн-и Касийр, ал-Бидая, III. 223-224; Диярбекти, I, 328-329).
Үңкүрдө эки гана киши. Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу башын Азирети Абу Бакирдин тизесине коюп мемиреп уктап кеткен. Ойгоо олтурган киши жан жагында кичинекей оюк жерди көрөт да, уулуу макулуктун ийини экенин аңдай коюп, сапарлашына зыяны тийип калбасын деген ойдо буту менен тосуп алды.
Көп өтпөй Теңирий сынак анын оюнун үстүнөн чыкты. Ийиндеги уулуу жылан тумчугуп кеттиби, айтор, жолун бөгөп калган жумшак нерсени чагып алды. Буту жан чыдатпай ачыштырып, бүт денеси жалын болуп ысып чыкса да, Пайгамбарын ойготуп албайын деген тилек менен чыдаганга аракет кылды. Бирок көзүнөн чертиле түшкөн тамчы жаш уйкудагы затты ойготуп жиберди. Абу Бакирдин кубарып калган өңүн көрүп бир нерсе болгонун баамдай койду:
-Эмне болду сага, Абу Бакир?!
Эч нерсе болбоду деген таризде баш чайкап көпкө көшөрдү. Бирок көңүл бөлүп улам такып сураган Пайгамбардын шагын сындырып албайын деп10 болгон окуяны айтып берди (Байхаи, Далаил, II, 477; Ибн-и Касийр, ал-Бидая, III. 223).
Жылан чаккан жаракатка Алланын Элчиси шилекейин сүртөрү менен жанды ачыштырган оору басылып, жарааты бүтөлүп, шыпаа тапты.
***
Азирети Умар Халифа (Алла ага ыраазы болсун) болуп турган кезде, халифаны Азирети Абу Бакирден жогору койгон таризде сүйлөп койгондорго:
-Кудайга ант болсун! Абу Бакирдин ошол бир гана түнү силер мактап, көтөрмөлөгөн мынабул Умардан (деп өзүн көрсөтүп,) жана бүт урук-урпагынан да кайырлуу! Алланын Элчиси үңкүргө баруу үчүн үйүнөн чыккан кезде Абу Бакир анын жанында болгон! деп элдин оюн түзөп койгон (Хаким. III, 7/4268).
***
Сахабалар Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) тууралуу эскеріілөрді угуудан кут алгандай кубанып калаар эле.
Атасынын, кандай гана учур болбосун, Пайгамбар тууралуу эскеріілөрді угууга зар экенин Бара (Алла ага ыраазы болсун) мындайча эскерет:
Азирети Абу Бакир атамдан он іч дирхамга бир ыңырчак сатып алды да:
-Барага айтсаң, мобул ыңырчакты ійгө жеткирип берсин деди. Атам:
-Жок! Азирети Пайгамбар экөөңөрдін артыңардан мушриктер аңдып, кууганына карабастан Меккеден Мединага кантип жеткениңди айтып бермейин суранчың орундалбайт деп көшөріп туруп алды. Унчукпай кутулушуна көзі жетпеген Абу Бакир эми ал сапарды кайра көздөн өткөріп баяндап кирди (Бухари, Асхабун-Наби, 2; Ахмад, I, 2).
***
Ислам кошууну Бадрга келип, белгиленген жерге орук курган соң Саад бин Муаз (Алла ага ыраазы болсун):
-О, Алланын Элчиси! Биз Сага көлөкөлүү чарпая тургузалы. Төөлөрүң жаныңда турсун. Жоо менен биз чабышабыз. Эгер Алла күч-кубат берип, жеңишке жетип калсак, ырас! Эгер жеңишке жетпей калсак, Сен атыңа минип, артта калган боордошторубузду карарсың! О, Алланын Пайгамбары! Алар да Сени биз сыяктуу жакшы көрүшөт. Эгерде алар Сенин чабыш майданына кире турганыңды билгенде, жүрүштөн калбас эле. Алла Таала сени ошолор менен коргойт. Алар Сага жан көңүлдөрү менен берилген, Алла жолунда жихад кылышат! деп Аллага жана Пайгамбарыбызга болгон терең сүйүүсүн, күйүмдүүлүгүн билдирет (Ибни Хишам, II, 260; Вакиди, I, 49).
***
Абдуррахман бир Авф (Алла ага ыраазы болсун) жетидеги тестиерден баштап жетимиштеги абышкага чейин Алла Элчисине бекем сүйүү бапестеген сахабалар тууралуу буларды айтат:
«Бадр казаты жараян эткен күнү оң-солума карандым. Эки жагымда Ансардан эки жаш улан туруптур. Кыйла ардандым. А мен алардан да күчтүү баатырлар менен бирге болгум келген. Жанагы экөөнүн бири менден сурады:
-Аба! Сиз Абу Жахилди тааныйсызбы?
-Ооба, тааныйм! Аны эмне кыласың?
-Угушума караганда ал Алланын Элчисине акаарат сөз айтат экен! Аллага ант этем! Аны көрдүм дегиче иштин бүткөнү. (Абу Жахил) Экөөбүздөн бирибиз тынчымайын аны менен чабышканым чабышкан! деди.
Жаш уландын бу сөзү мени айран таң калтырды. Экинчи жигит да ушул сыяктуу сөздөрдү айтты. Бул эки улан менен турганыма кайра сүйүндүм. Бираздан кийин Абу Жахилди чабыш майданында жүргөнүн көрүп, жанымдагы жаш жигиттерге:
-Тигине, силер издеп жүргөн адам! дедим.
Алар дароо кынынан кылычтарын сууруп Абу Жахилди көздөй бет алышты. Айтканыдай согуш майданында аны өлтүрүштү. Бу эки жигит Муаз бин Афра менен Муаз бин Амр эле» (Бухари, Магази, 10; Муслим, Жихад, 42).
***
Бар ааламдын Нуру Пайгамбарыбыз жарат алган кезде:
-Алла Таала, Элчисинин жүзүн жаралаган коомго катуу ачууланды! деп буюрган экен.
Саад бин Абу Ваккас (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
-Ант болсун! Алла Элчисинин бу сөзүн укканда биртууганым Утба бин Абу Ваккасты өлтүрүп салгым келди!
Арийне, Саад чабыш майданында Утбаны өлтүрүүгө канча аракет кылса да, учуру келбейт. Алла Элчиси аны тоскон11.
***
Бул капсалаңдуу чабышта бутпарастар бир топ мусулман жоокерди кырышат. Айрым бутпарастар Мухаммад Пайгамбарыбызды көздөй атырылып чабуул коюшат. Бар Ааламдын Мырзасына чабуул күч ала баштайт. Талха бин Убайдуллах (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
Сахабалардын шаштысы кетип ыдырай баштаган маалда, бутпарастар чабуулга өтүп, Пайгамбарыбызды төрт тараптан курчоого алышты. Пайгамбарыбызды биринчи алдынанбы, оңунанбы, артынанбы же сол жагынан коргосомбу деп башым айланып турду. Кылычымды сууруп алгач алдынан, экинчи ирет аркасынан келгендерге тап берип, жолоткон жокмун. Акырында тарап кетишти (Вакиди, I, 254)
Көзгө атар мергенчилиги менен таанымал бутпарас Малик бин Зухайр Алланын Элчисине жебе тарткан эле. Абу Талха Алла Элчисине жебе келатканын көрүп, дароо Пайгамбарыбызды коргоого жандалбас урат. Жебе Абу Талханын бармагын жулуп өтөт. Абу Талха ошентип бармагынан ажыраган экен.12
Мусулмандардын бир бөлүгү Алла Элчисин тегеректеп коргоого алышат. Анын алдында шейит кетүүгө даяр турганына ант ичип:
-Мал-дүнүйөм, жаным курман сага, о, Алланын Элчиси! Алланын саламы ар дайым Сен үчүн болсун! Жаныңдан карыш жылбайбыз! дешип, чабыштын акырына чейин бар күчтөрү менен жан үрөй салгылашат (Ибни Саад, I, 46; Вакиди, II, 240).
***
Катада бин Нуман (Алла ага ыраазы болсун) да Алла Элчисине калкан болуп коргоп, жаасы жараксыз абалга келгенге чейин жоого удаама-удаа жебе тартып жатты. Акырында бир көзүнө ок жаңылат. Кареги агып түшүп, көзүнөн ажырайт. Катаданы көргөн Пайгамбарыбыздын зээни кейип, жүрөгүнөн сызылган кайгы-муң, көзүнөн кан тамгыдай ачуу жашка айланып чыгат. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Катаданын карегин колуна алып, ордуна салат. Ошентип Кудай Тааланын амири, Пайгамбарына ыроологон ажайып керемети менен Катаданын бул көзү экинчисине караганда жакшы көрүп калат13.
***
Аял кишилерден Умму Умара (Алла ага ыраазы болсун) да Ухуд казатында жоого жаа тарткандардан болгон. Казаттан соң Мединага кайткан Алланын акыркы Элчиси:
-Чабыш майданында оң жагымды карасам да, сол жагымды карасам да Умму Умараны жанымдан алыс кетпей чабышып жүрөт дейт (Ибни Хажар, аль-Исаба, IV, 479).
Алла Элчисинин алкышына, дубасына ээ болгон Умму Умара айым Азирети Пайгамбарыбызга кайрылат:
-Бейиште сага кошуна болушум үчүн Алладан бата тилеңз!
«Оо, Жараткан Алла! Буларды мага бейиште кошуна жана дос кыла көр!» деп дуба кылынган соң Умму Умара:
-Эми мындан кийин кандай кыйынчылык болбосун буйруса жеңилбейм! деген экен (Вакиди, I, 273; Ибни Саад, VIII, 415).
***
Анас бин Надр (Алла ага ыраазы болсун) (мусулмандарга аттын кашкасындай таанымал Анас бин Маликтин абасы) үмүтүн үзүп, айласын таппай калган мусулмандардан «Алла Элчиси шейит кетти» деген суук кабарды укканда жүрөгү мыжылып:
-Алла Элчиси шейит кеткен соң жашоонун эмне кереги бар! Кана, силер да Пайгамбарыбыздай жоого кылыч сундуруп, шейит болгула! деп кыйкырып, бутпарастарга чабуул коет. Көп өтпөй ал да шейиттик шербетинен даам татат. Анас бин Надр сексенден ашуун жеринен жарат алганын көргөн сахабалар аңыз кеп кылып айтып жүрүшкөн (Ахмед, III, 253; Ибни Хишам, III, 31).
***
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Саад бин Рабини (Алла ага ыраазы болсун) таап, андан кабар алуу үчүн сахабаларынан бирин чабыш майданына жөнөтөт. Чабыш майданына келген сахаба Саадды көпкө издеп таппайт, айласы кетип кыйкыра баштайт. Жооп жок. Акыркы үмүт менен шейиттер тарапка үн салат:
-Эй, Саад! Мени Алланын Элчиси жиберди. Алланын Элчиси сенин дайыныңды билүү үчүн жөнөттү!
Ошондо акыркы ирмемин жашап, жооп берүүгө да дарамети жетпей жаткан Саад (Алла ага ыраазы болсун) «Алланын Элчиси сенин дайныңды билгиси келет» деген сөздү укканда бар күчүн топтоп:
-Мен эми өлүктөрдүн катарындамын! дегенге гана араң жарайт. Ал бу кезде акырет жакты көрүп турган эле. Сахаба үн чыккан тарапты көздөй чуркайт. Чын эле бу үн Сааддыкы эле. Саад жатат денеси канга боёлгон абалда. Бир да жери соо эмес. Бышып кетишиптир. Сахаба Сааддын араң кыйкыстап мындай дегенине бериле кулак төшөйт:
-Кудайга ант! Көзүңөр тирүү турган чакта Пайгамбарыбызды душмандардан коргобой, башына балээ келип калышына себеп болсоңор, силер үчүн Алланын алдында эч бир жүйөө кечирим болбойт! (Муватта, Жихад, 41; Хаким, III, 221/4906; Ибни Хишам, III, 47) .
Ошентип, Саад бин Раби (Алла ага ыраазы болсун!) үммөткө осуят иретинде айтылган мындай ары маңыздуу, ары эскертүүчү сөздөрү менен одүйнө салып кете берген экен.
***
Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) Ухудда жараян эткен чабыш жөнүндө кабар алуу үчүн бир топ аял кишилер менен жолго чыккан эле. Харра деген жерде бир такыба аял Хинд бинти Амрга (Алла ага ыраазы болсун) жолугат. Хинд өмүрлүк жары Амр бин Жамухтун, уулу Халладдын жана биртууганы Абдуллахтын сөөктөрүн бир төөгө артып алып келе жаткан эле. Азирети Аиша андан сурайт:
-Артта кандай кабар бар?
Хинд:
-Жакшылык. Алланын Элчиси аман. Ал соо болгон соң калган бардык кыйынчылыктар түккө турбаган кеп14! деген экен.
***
Ухуд күнү Мединага бир суук кабар жетет. Ал «Мухаммад Пайгамбар о дүйнө салыптыр!» деген кабар эле. Шаар уңулдаган үнгө толуп, мусулмандардын ыйы Арышка чейин көтөрүлүп жатты. Ансарлардан Сумайрага эки уулу, атасы, күйөөсү жана биртууганы шейит кеткени угузулса да, зар какшап олтуруп албастан дароо Алла Элчисинин абалын сураштырып кирет:
-Ага бир нерсе болдубу?
Айрым сахабалар:
-Жакшы, Аллага хамд-шүгүр! Ал тирүү!
-Аны мага көрстөкүлө, көңүлүм жай болсун дейт. Пайгамабарыбызды өз көзү менен көрүп, чепкенинин этегинен кармап:
-Ата-энем курман сага, о, Алланын Элчиси! Сен соо болгон соң эч нерсеге кабатырланбайм! деген экен (Вакиди, I, 292; Хайсами, VI,115).
***
Күндөрдүн биринде Алла Элчиси Ухуд шейиттери жаткан жерден өтүп баратып:
-Алардын (ыймандуу, ыраскөй, чынчыл экендиктерине) күбөгө өтөм! деди.
Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун):
-О, Алланын Элчиси, биз алардын боордоштору эмеспизби? Алар кандай мусулман болсо, биз да ошондой мусулман болдук, алар кандай күрөшкөн болсо, биз да талыкпай күрөштүк! дейт.
Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
-Ооба, (кебиңде калет жок), бирок менден кийин кандай бидаттарды чыгарар экенсиңер, билбейм дейт.
Азирети Абу Бакир эчкирип ыйлап:
-Биз сенден кийин да жашайбызбы? деп мукураган экен» (Муватта, Жихад, 32).
***
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) дин Исламды элге үйрөтүп, жайылтуу максатында айланасындагы урууларга мугалимдерди жөнөтө турган. Жөнөтүлгөн айрым мугалимдерге кутумдук, кыянатчыл мамиле жасалган учурлар да болгон. Мындай кыянатчылыктардын бири - Ражи окуясы.
Күндөрдүн биринде Медина четинде жашаган Адал жана Кара уруулары Алла Элчисинен өздөрүн Ислам менен тааныштырчу мугалим сурап келишет. Алланын акыркы Элчиси Асым бин Сабитти жетекчи кылып он мусулман мугалим жөнөтөт.
Он сахабадан болгону экөө гана калат. Хубайб менен Зайд (Алла аларга ыраазы болсун). Бутпарастар экөөнү Меккеге алып барып сатып жиберишет. Коогалуу Бадр казатында Хубайб Харис бин Амрды өлтүргөн эле. Хубайбды Харистин балдары сатып алышат. Хубайб өлтүрүлчү күнгө чейин бутпарастардын туткуну болуп жашайт.
Хубайбдын шейиттиктен алдын сүйүктүү пайгамбарына сүйүүгө жалындаган салам жиберсем деген маанилүү арзуусу бар эле. Ал ошону орундатуу үчүн: «Оо, Жараткан Алла! Бул жерде душман жүзүнөн башка жүз көрбөй турам! Элчиңе өкүл катары бирөө жарымды жөнөтүүгө да эч ким жок! Ага саламымды Сен жеткире көр!» деп жалбарат.
Дал ошол маалда сахабалары менен Мединада отурган Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«-Ва алейхис-Салам. Ага да салам болсун!» дейт. Сахабалар таңдана сурашат:
-О, Алланын Элчиси! Кимдин саламына алик алдыңыз?
-Боордошуңар Хубайбдын саламын! Жабраил Хубайбдын саламын алып келди!
Пайгамбарыбыз бу сахабалардын шейит кеткендигин сахабаларына билдирет» (Бухари, Жихад, 170; Магази, 10, 28; Вакиди, I, 354-363).
Хубайбдын мойнуна сыйыртмак салынып, дарда турганда сурашат:
-Сенин жаныңды сактап, ордуңа бул жерде Пайгамбарыңдын болушун каалайт белең?
Хубайб бул суроого эч ойлонбостон толкундануу, тайманбастык менен кыйкырат:
-Эч качан! Анын бул жерде туруусу мындай турсун, азыр Мединада кут төгүлгөн таманына кыпындай тикендин киришине көңүлүм кыйбайт!
Анын бу жообуна аң-таң болгон Абу Суфян:
-Мен бул дүйнөдө достору тарабынан урматталган, сүйүлгөн Мухаммаддан башка эч бир кадырман адамды көргөн эмесмин! дегенден башка сөз айталган эмес экен (Вакиди, I, 360; Ибни Саад, II, 56).
***
Кааб бин Ужра (Алла ага ыраазы болсун) төмөнкү ибараттуу окуяны баян этет:
«Күндөрдүн биринде Набави мечитинде отурганбыз. Мечитте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) да бар болчу. Ал жерде ансарлардан, мухажирлерден жана Хашим уруусунан адамдар отурушкан. Алланын Элчиси ушул жердегилерден кимди эң жакшы көрөт? деп талашып-тартыштык. Биз ансар жамааты:
-Биз Алланын Элчисине ыйман келтирип, Ага моюн сундук, душмандары менен канмайданда чабыштык. Ошондуктан Алланын Элчиси бизди жакшы көрөт дедик.
Мухажир боордошторубуз:
-Биз Алла жана Анын Элчисинин жолунда бала-бакырабызды, мал-мүлкүбүздү таштап көчүп келдик. Силер жүргөн канмайданда биз да жүрдүк. Мына ошондуктан Алланын Элчиси бизди дагы да жакшы көрөт деп чыгышты.
Ал эми Хашим уруусундагы боордошторубуз болсо:
- Биз Алла Элчисинин тууган-уруктарынан болобуз. Силер болгон чабыштарда биз да салгылашканбыз. Ошол себептүү Пайгамбарыбыз бизди жакшы көрөт дешти.
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) жаныбызга басып келди:
-Баятан бери эмне тууралуу сүйлөшүп жатасыңар?
Ага маселенин чоо-жайын түшүндүрүп бердик. Ардактуу Пайгамбарыбыз ошол жерде отургандардын бардыгына суроо салды:
-Бул жагдай туурасында менин өкүмүмдү уккуңар келеби?
Баарыбыздын ынтызарлыгыбызды жүзүбүздөн байкаган кутман Пайгамбар:
-Силер, эй, ансар жамааты! Мен силердин боордошуңар болом!
-Алла улук! Каабанын Жаратуучусуна ант болсун, биз уттук! деп жиберишти ансарлар.
-Эй, мухажир жамааты! Мен силердикмин!
-Алла улук! Каабанын Жаратуучусуна ант болсун, биз уттук! дешти кубанычы койнуна батпаган мухажирлер ураалап.
-Эй, Хашим уруусу! Силер болсо мендиксиңер, силер мага келдиңер.
Хашим уруусу да:
-Алла улук! Каабанын Жаратуучусуна ант болсун, биз уттук! дешти. Бардыгыбыз ыраазы болуп турдук. Ошентип Алла Элчисинин мындай ары маанилүү, ары жылуу мамилеси бардыгыбызды кубантып, көңүлүбүздө кандайдыр бир жылуу сезим калтырган эле» (Хайсами, Х, 14).
***
Мекке колго алынган күнү жараян эткен төмөнкү окуя ардактуу сахабалардын жаркын жандүйнөлөрүнүн кеңдигин, жогорулугун айдан ачык айгинелеп турат:
Алла Элчиси Харам Мечитинде (Каабада) отурган. Азирети Абу Бакир атасы Абу Кухафаны Пайгамбарыбызга алып келет. Азирети Мухаммад карып калган Абу Кухафаны көрүп, боору ооруп:
-Эй, Абу Бакир! Улгайган атаңды бул жерге чейин алып келип, кыйнабай эле койсоң болмок, керисинче, мен өзүм барсам жакшы болот эле! дейт.
Абу Бакир:
-Пайгамбарым! Анын Сага келиши, Сенин ага барышыңдан да кайырлуу дейт, толкундана.
Азирети Пайгамбарыбыз Абу Кухафаны маңдайына отургузуп, куттуу колун көкүрөгүнө коюп:
-Абу Кухафа! Мусулман бол, бакытка жетесиң! дейт. Ошентип, Абу Бакирдин атасы мусулман болуп, чын ыкластан келме келтирет (Ибни Саад, V, 451).
Абу Кухафа (Алла ага ыраазы болсун) ант берүү үчүн Бар ааламдын сыймыгы атанган Пайгамбарыбыздын куттуу колуна кол сунуп жатканда Пайгамбар ашыгы Абу Бакир өзүн кармай албай жашып кетет. Алла Элчиси таң калып, эмне себептен ыйлап жатканын сураганда Азирети Абу Бакир:
-Кутман Пайгамбарым! Сага ант берүү үчүн сунулган мына бул кол менин атамдын эмес, сенин абаң Абу Талибдин колу болуп, ошол себептүү Алла Таала менин ордума сени сүйүндүргөндө, билбейм, кандай гана сөз жеткис кубанычка бөлөнмөкмүн! Анткени сен аны аябай жакшы көрөр элең, дейт көзүнөн жашын чуурутуп, жалындуу сөздөн кеп салып (Хайсами, IV, 174).
Мына, бар ааламдын сыймыгы, мырзасы атанган Азирети Мухаммад Мустафа Пайгамбарыбыздын теңдешсиз адамдык бийик касиетинен ылайыктуу түрдө пайдалана билүүнүн жана аны жандилден сүйүп, анын жандүйнөсүнөн үлүш алып, көөдөн ааламын көрктөндүрүүнүн жигердүү натыйжасы... Мындай айран таң каларлык урмат-сый, сүйүү тартуулаган рухий көрүнүш адамзат тарыхында канча ирет ишке ашты болду экен?!
***
Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) одүйнө салган кезде Азирети Фатима:
«Жаратканга эң жакын атакебайым! Жараткандын чакырыгына оң жооп салган атакебайым! Фирдавс бейишинен орун алган атакебай! Көз жумарын Жабраилге биз кабарлаган атакебай!» деп көз жашын чуурутат. Азирети Пайгамбарыбыз жерге берилген соң Анаска:
-Эй, Анас! Алла Элчисине топурак салууга көңүлүңөр кантип ыраазы болду?! дейт күйүтүнө чыдабай (Бухари, Магази, 83; Дарими, Мукаддима, 14).
Анас (Алла ага ыраазы болсун) бул суроого ызат кылып жооп кайтарбайт. Бирок анын ич ааламы: «Жок, эй, Фатима! Көңүлүбүз эч ыраазы болгон жок, бирок биз Алла Элчисинин буйругуна моюн сунуп, бул ишке аргасыздан бардык» дегендей (Камил Мирас, Тажрид Тержемеси, IX, 25).
***
«Алла Элчиси акыретке аттанды» деген кабарды уккан соң сахабалар кайгы-муңга батып, ээрип бараткан шам шекилде турду. Ал кіні Алла Элчисинен айрылган дилдер дирилдеп ыйлап турду, жірөк канап, каардуу деген Азирети Умар өзін жоготуп, Азирети Абу Бакир буркурап, көз жаш төгіп жаткан миңдеген көздөрді жубата албай каңырыгы тітөп кетти. Анткени ар кіні анын куттуу караанын көріп жіргөн, сійінтіп жіргөн жандар эми бул арман дійнөдө аны көрө албай калышпадыбы!!! Тулку боюн өрттөп бараткан кайгы-муңга чыдай албаган Абдуллах бин Зайд (Алла ага ыраазы болсун) алакан жайып, Кудай Таалага кійіттіі жалбарып:
«Оо, Жараткан Улуу Кудайым!» Көздөрімді алсаң болбойбу! Баарынан артык көргөн Пайгамбарымдан айрылган соң бу дійнөдө башка нерсени көрбөшім керек!..» деп буркурап ыйлап, дуба кылары менен көздөрі азиз болуп калган экен15.
***
Азирети Умар Алла Элчиси азат кылган Зайд бин Харистин уулу Усамага үч миң беш жүз, өз уулу Абдуллага үч миң дирхам үлүштөйт.
Аз алып калганына ичи чыкпаган Абдулла атасына нааразылыгын билдирет:
«Эмне үчүн мага караганда Усамага артык берип жатасың?»
Кылт эткис адилеттиктен тайбаган Азирети Умар уулуна берегидей жооп кайтарган:
«-Уулум! Азирети Пайгамбарыбыз сенин атаңа караганда Усаманын атасын жакшы көрчү. Асыресе, сага караганда Усаманы көп эркелетчү. Ушу себептен Алла Элчисинин сүйүүсүн өзүмдүн сүйүүмдөн жогору койдум» (Тирмизи, Манакыб, 39/3813).
***
Алла Элчиси кайтыш болгон учурда мусулмандар мүңкүрөп, аза күтүп, кайгыга батып, көз жаш төгүшөт. Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) да касыретке буулугуп:
«Эч кимден «Мухаммад көз жумду!» дегенин укпайын! Болбосо, башын алам! Алланын Элчиси Муса пайгамбар эс учун жоготкондой эсинен гана танды!...» деп сүйлөй берип оозунан көбүк агат.
Азирети Абу Бакир суук кабарды угуп дароо үзөңгүгө аяк коюп Мединага келет. Мечитке келип Пайгамбарыбыздын жүзүн ачат. Көз жашы чертиле түшөт. Күйүтү эт-жүрөгүнүн түпкүрүнөн сызылып жашка айланып, маңдайынан өөп:
«Алла Элчиси одүйнө салыптыр, оо катыгүн ай! Иннаа лиллахи ва иннаа илайхи ражиуун: Биз Жаратканга таандыкпыз! Алланын кулпенделерибиз! Ошондой эле баарыбыз кайра Ага кайтабыз! Ата-энем курман сага! Аллага ант болсун! Алла Таала сени эч качан эки ирет өлүмгө дуушар кылбайт! Сен тагдырыңа жазылган бир жолку өлүм каалгасына кадам таштадың! Мындан кийин Сага экинчи жолу өлүү деген болбойт! Эх, менин пайгамбарым!» деп бышактап Алла Элчисинин нур тамылжыган жүзүнөн өөп, анан башын көтөрүп:
«Эх, менин досум!» деп дагы бир ирет ийилип барча ааламдын Мырзасынын маңдайына маңдайын тийгизет.
«Эх, менин жалгызым!» деп кайра дагы өбөт, күйүткө күл болуп... Андан соң:
«Сен көзүң тирүү кезиңде да сулуу элең, көз жумган соң да чырайлуусуң! Сенин тирүү кезиң да, көз жумганың да кандай гана ажарлуу!» деп Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) нур жүзүн жаап, сыртка чыгат. Азирети Умар дале Пайгамбарыбыздын одүйнө салбаганын айтып, жандүйнөсү кайгынын канжарына канап турган эле. Азирети Абу Бакир:
-Отур, эй, Умар!
Азирети Умар отурбайт. Азирети Абу Бакир сөзүн эки-үч ирет кайталап, сөз баштайт:
Алла Таала Пайгамбарына көзү тирүү, силердин араңарда жүргөн кезде эле өлүмү жөнүндө кабарын берген. Силерге да ажалыңар келген кезде бу дүйнө менен кош айтышарыңарды угузган. Алланын акыркы Элчиси дүйнө салды! Эч ким өлүм менен жүз көрүшпөй койбойт! Ким Мухаммадка табынса, билип койсун, ал көз жумду. (Мухаммад Пайгамбарыбызга табынуу – Аллага шерик, орток кошкондук, арам иш. Табынуу, ибадат кылуу Жалгыз Улуу Жараткан Алла Таалага гана болот!) Ким Аллага ибадат кылса, эч калетсиз, Алла Таала тирүү, өлүмсүз! Улуу Жараткан Алла Таала:
«Мухаммад – Алланын Элчиси. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эгер ал көз жумса же киши колдуу болсо, артка чегинип, качып кетесиңерби?! Кимде-ким артты көздөй качса, ал (качуу менен) Аллага кымындай да зыян алып келалбайт (керисинче, ал өзүнө гана зыян). Алла шүгүрчүл пенделерин сыйлайт» (Али Имран, 144).
Эл бул аятты укканда Пайгамбарыбыздын одүйнө салганына толук ишенишет. Алар аятты угуп аң-таң калышкан эле. Азирети Абу Бакир аятты окуганга чейин бул аяттын түшүрүлгөнүн билбеген сыңары турушкан эле.
Азирети Умар мындай дейт:
Аллага ант болсун! Бул аятты ошол күнгө чейин эч укпагандай эле сезилди мага! Бул аятты Азирети Абу Бакир окуган кезде алдастап калдым. Эки тизем кадимкидей калчылдап, тамагым буулуп, бутума туралбай жерге жыгылдым» (Ибни Саад, II, 266-272; Бухари, Магази, 83; Хайсами, IX, 32; Абдурраззак, V, 436).
Азирети Умар Азирети Абу Бакирдин сөзүнөн кийин Алла Элчисинин жанына келип маңдайынан өөп, ыйлаган абалда мындай дейт:
-Ата-энем курман сага, о, Алланын Элчиси! Минбарга чыккан кезиңде өзүң жөлөнүп жүрчү курма дүмүрү энесинен айрылган ботодой боздогон эле. Анан ага кут төгүлгөн колуңду койгонуңда гана араң басылган эле. Ал эми үммөтүң Сенден айрылганына жаш төгүп, күйүткө батып сыздоого андан да татыктуу!
Ата-энем курман сага, о, Алланын Элчиси! Жаратканың:
«Кимде-ким Алланын Элчисине моюн сунса, Алла Таалага баш ийген болот...» (Ниса, 80) деп буйуруп, Сага баш ийүүнү Өзүнө баш ийүү деп эсептеп, Өз алдындагы кадырыңдын жогорулугун билдирет!
Ата-энем курман сага, о, Алланын Элчиси! Алла Таала Сени пайгамбарлардын эң акыркысы кылып жөнөтүп, Сага ыйман келтирип, жардам этүүлөрү жаатында мурдагы пайгамбарлардан антын – убадасын алуу менен Өз алдындагы Сенин жогорулугуңду жетчү чегине жеткирген!
Ата-энем курман сага, о, Алланын Элчиси! Тозокулар жазасын тартып:
«...Атаганат! Аллага баш ийгенибизде кана, Алланын акыркы Элчисине моюн сунганыбызда кана!» (Ахзаб, 66) деп жаткандагы Сага баш ийүүнүн кусалыгын тартышы, Сенин Алла алдындагы бийиктигиңди айгинелейт!» деп эчкирип ыйлайт (Касталлани, II, 492).
Умму Салама (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
«Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) одүйнө салган күнү тегеректеп алып ыйлап жаттык. Ал күнү түнү бою уктаган жокпуз. Алланын Элчиси үйүбүздө эле. Аны карап тынчып, сооронуп жаттык. Таңга маал жер казган күрөктүн үнүн угуп, жүрөгүбүз кысылып көздөрдөн мончок-мончок жаш кетти. Мечиттеги жамаат да Алланын акыркы Элчисинен айрылуу күйүтүнө күл болуп, энесинен айрылган ботодой зээн кейите боздоп турду. Мединаны ачуу кайгы-муң чуулгап алды. Асыресе, Билалдын азан чакырып: «Ашхаду анна Мухаммадар-Расуулуллах» деп Пайгамбарыбыздын ысмын оозанган маалда буулугуп көзжаш төгүшү, ансыз да мүңкүрөп турган жүрөгүбүздү ого бетер жашытып салды. Кандай гана суук кабар, кандай гана адам чыдагыс муң! Андан кийинки кыйынчылык, жамандык атпайга тушуккан маалда Алла Элчиси кайтыш болгон күндү эстеп, ага анча маани берчү эмеспиз» (Ибни Касир, Бидая, V, 256).
Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнө салышы ардактуу сахабаларды оголе оор кайгыга салды. Себеби Аны дүйнөдөгү барча жандуу-жансыздан жогору тутуп, жакшы көрүшчү. Ошол себептен сахабалардын арасында «аны көрбөгөн көздүн, аны укпаган кулактын, ал жашабаган жашоону жашоо кызыксыз» дегендер бар эле. Азирети Пайгамбарыбыз бул жагдайга ишаараттап көзү тирүү кезинде эле мындай деген:
«Мухаммаддын жанын кудуретттүү амиринде кармап турган Жараткан Аллага ант болсун! Бир күн келет, мени көрбөй каласыңар (мен түбөлүктүү сапарга аттанам). Ошондо силерден бирөө мени менен чогуу болууну үй-бүлөсүнөн да, мал-дүйнөсүнөн да жогору, артык көрөт» (Муслим, Фадаил, 142; Бухари, Манакиб, 25).
***
Мухаммад Пайгамбарыбыздын баш азанчысы, Пайгамбар мечитинин булбулу Азирети Билалдын (Алла ага ыраазы болсун) абалы таптакыр өзгөріп кетти. Азирети Пайгамбарыбыз бул ааламдан көчкөндөн кийин Азирети Билал кудум тилин жутуп алгандай тінт болуп кетти. Анын оозун бычак дагы ача албас болду го, кайран булбул!!! Чоң Медина шаары дагы тар келе баштады ага.
Халифа Азирети Абу Бакир Алла Элчисинин убагындагы азандын кубулжуган інін дагы бир жолу жаңыртуу арзуусу менен Азирети Билалга далай ирет өтініч жолдоду. Пайгамбардын кійітінө жалбырттап, дале болсо өзінө келе албай жіргөн муңдуу жан:
-Эй, Абу Бакир менин арзуумду сурай турган болсоң, Пайгамбарымдын көзі өткөндөн кийин азан айтууга дарманым жетпей келет. Мени кыйнаба! Суранам, өз жайыма койчу кымбаттуум! деп, ал да далай жолу кечирим сурап баш тартты.
Абу Бакир Азирети Мухаммадды (саллаллаху алейхи васаллам) сагынуунун кусалыгына барган сайын алдырып, эч болбосо ал ажайып учурду дагы бир жолу жірөк менен сезип кою ічін Билалдын жанын койбой:
-Алланын Элчисинин көзү өттү. Іммөт анын азанчысынан да куру калсынбы? деген сөздөр менен суранганын койбоду.
Анын мындай жалындуу сөздөрінө жана суранычына Азирети Билал эми чыдап тура албады. Акырында таңкы азанды айтуу ічін салаалап аккан көз жаш менен мунарага чыкты. Башы мурункудай тик эмес. Көптөн бери мунарага чыкпай койгондуктан мурунку бактылуу учурдун жандуу элестери көз алдынан кетпей койду. Азан айткысы келди. Тамагы буулуп, ый аралаш муңканган аваз келе баштады. Ошентип, азан айта албай кайра тішті. Күбө болгон Абу Бакир андан ары аны кыйнагысы келген жок.
Ошентип, булбул індіі Билал Алла Элчисинин куттуу элеси толгон Медина шаарында көпкө чыдап тура албасын тішінді да, ошол багымдат намазын окугандан кийин жол тартып кетти. Алгач Шамга (Дамаскка) барды. Пайгамбарына тез эле жолугууну самап, шейиттиктин шербетине чаңкагандай далай жолу кыйырлардагы казаттарга катышты. Бирок Жараткандын буйругу экен, качан болбосун, гази (каарман-баатыр) болуп кайтып жатты. Дайрадай агып далай жылдар өтті арадан. Жадагалса Шам элин кырып, кууратып, жыйырма беш миң инсанды жалмап кеткен жугуштуу чума ооруусуна карабастан Кудайдын амири менен Азирети Билал мында да аман калды. Бирок бул айрылуунун алоолонгон жалынынын ичинде көңіл дійнөсі өмірі өткөнчө куйкаланып кала берди.
Кіндөрдін биринде тішіндө Алла Элчисин көрөт. Ааламдардын Мырзасы ага:
«-Бул эмне деген айрылуу, эй, Билал! Мага зыярат кыла турган убагың дале келе элекпи?» деди, капалангандай элес менен. Уйкудан капалуу ойгонгон Билал ойлонуп олтурбастан дароо жолго чыкты. Бир топ кін жол жіргөн соң Алла Элчисинин мірзөсінө келди. Чөк түшүп алып төгүлүп ыйлады. Анын топурагына жізін, көзін тийгизип жірөктөн ыйлады. Дал ошол маалда Азирети Хасан менен Азирети Хусайн да келип калышты. Сійіктіі пайгамбарынын эки данакер небересин көрөр замат эстен танып, кійіткө жанып кіл болду. Өзінө келгени менен аларды кучагына басып, сійгөн адамынан калган сійіктіі жандардын башынан өпкілөп ыйлады. Алардын:
«Билал! Сенин азаныңды угууга акактап, чаңкап турабыз!» деген суранычын аткаруу ічін азан айта баштады. Дал ошол учурда Медина шаары біт кулак тіріп, мілдө шаардыктардын көңіл дійнөсү ажайып толкундардын арасында калды. «Ашхаду анна Мухаммадар - Расуулуллаах» деген айтылышты уккан эл “Алла Элчиси тирилгенби” деген ойго жетеленип, Пайгамбардын Мечитине карай агыла баштады. Азирети Пайгамбарыбыздан айрылгандан кийин Медина шаары элдин он салаа көз жаш төккөнінө минтип кібө болгон эместир.
Пайгамбарды жандилден сійгөн кутман сахаба алтымыш жашында Дамаскта көз жумган. Сапары жакындап калган кезде: