ИСЛАМДЫН ИЗГИ МАДАНИЯТЫ - I
Осман Нури Топбаш
Published by Erkam Publications at Smashwords
Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas
Smashwords Edition, License Notes
All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying, recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.
E-mail: english@islamicpublishing.net
Web site: http://www.islamicpublishing.net
МАЗМУНУ
1. ЫЙМАНДЫ АШЫГЛЫК, ЫНТАА МЕНЕН ЖАШОО
5. АЛЛАНЫН ЖАНА ЭЛЧИСИНИН БУЙРУКТАРЫН ОРУНДАТУУ
7. КУРАН-Ы КАРИМ МЕНЕН ЖУУРУЛУШУУ
9. АКЫРКЫ ДЕМ ЖАНА АКЫРЕТ ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮ
Тирүүлүк ааламын, аcыресе өмүр жашоодогу адам болуу дөөлөтүн Сүйүктүү Пайгамбары менен баралына келтирген жана ошондой эле өмүрүнө ант этип Ааламдардын Ардагын (саллаллаху алейхи васаллам) шарапат-ариеттүүлүктүн башаты кылып, биз пенделерин ага үммөт болуу бактына жеткирген Жараткан Алла Таалага сансыз мактоо, чексиз алкыш болсун!
Аалам атпайга береке-мээримдин кайнар булагы болуп кашкая чыга келип, нары артыкча, нары изги жүрүм-туруму менен ахлак деген түшүнүктүн ажатын ачкан, адампендеге түбөлүктүтүн теңдешсиз үлгүсү этилген пайгамбарлардын Султаны Азирети Мухаммад Мустафага (саллаллаху алейхи васаллам) салам жана салават!
Жер менен көктөгү барча жаратылмыштын жандуусу да, жансызы да адамзааданын пайдасына, кызматына жаратылган. Адамзаада мына ушул Кудайы сыйга топуктуу болуп, шүгүр кылып өмүр кечириши керек. Муну орундатуу үчүн ириде изгилике жана нарк-парасатка сугарылган кулпенделикти жашоо зарыл. Кулчулуктун өзөгүн эмне түзөт деген суроого, албетте, эң алгачкы кадам катары «макарим-и ахлак», Жаратканды ыраазы кылгыдай ийги жүрүм-турум, нукура ахлак деп жооп узатууга болот...
Азирети Пайгамбырыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) муну минтип тастыктайт:
«Мен башка бир максат менен эмес, бир гана изги ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм» (Муватта, Хуснул Хулк, 8). Ардактуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бул хадиси менен орошон озуйпанын купуя сырын ачып, изги ахлактын маанилүүлүгүнө басым жасаган. Сан жеткис тарыхый булактар тастыктагандай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүрүм-турумунун кай жагына карек оодарбаңыз, баралына келген үлгүлүүлүктү, кынтыксыз өрнөктүүлүктү көрүүгө болот. Буга:«(Элчим!) Сен шек күмөнсүз изги ахлактын сересиндесиң!» (Калам, 4) деп Жараткан Алла Өзү баа берип, тастыктап жатпайбы.
Улуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Кураны Каримдин сөзүн, окулуш кыраатын же маанисин үйрөтүүчү устат катары гана эмес, анда айтылгандардын баарын өз боюна сиңирип, жашоо ыңгайына айлантып, үммөттөрүн Туура Жолго багыттоодо өрнөк көрсөтүү менен өмүр кечирген. Демек, ал эң акыркы пайгамбар болгондуктан, өмүр жолу кыяматка чейин жашай турган жаамы адам урпагы үчүн негизги үлгү болуп кала бермекчи.
Чынында эле Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) төрөлүшү менен ааламдын карарган мейкиндиги нурга толуп, адамзат күткөн таалайдын таңы аткан. Жүрөктөр жибип, аң-сезим агарган. Туңгуюкка кептелген баам-парасат туура багытын тапкан. Башка бир өңүттөн айта турган болсок, адамзатты аруу касиетке, кайырымга, жакшылыкка, акыйкатка, адилеттүүлүккө жана ар тараптуу артыкчалыкка ошол орошон пайгамбар жылоологон. Жашоонун жана түбөлүктүүлүктүн сырын Жараткан Алланын амири менен ал үйрөткөн.
Азирети Мухаммаддан (саллаллаху алейхи васаллам) кийин пайгамбар келбейт деп башта айтканыбыздай адампендеге зарыл болгон кандай гана артыкчалык, кандай гана мыкты кулк-мүнөз болбосун ошо акыркы пайгамбардын кишилик затына ширетилген. Анда-ал сүйүүнүн туучокусу. Ал -каармандыктын, сабырдуулуктун, туруктуулуктун туучокусу. Берешендиктин, ак-көңүлдүүлүктүн, камкордуктун туучокусун Ааламдардын Мырзасы багынткан. Баасы баш айланткан олжо, дүнүйө-байлык улагасына келген чакта да, азгырылбай зухдчулукту, канаат-топуктуулукту кармана алган. Мээримдүүлүктүн, боорукерликтин, кайырымдуулуктун туучокусуна акыркы Пайгамбар гана чыга алган. Ыкластуулуктун, такыбаалыктын сересин Жаратылыш Нуру багынткан. Ыйгарылган ырыскыларга ыраазылык билдирип, шүгүр келтирүүдө эч бир пенде Алланын Сүйүктүү пайгамбарына жете алган эмес. Жараткан Алланы Азирети Мухаммадчалык эч ким тааный албаган. Пайгамбарлыктын көч башында ошол Акыркы Пайгамбар турат. Ал илим-билимдин, Кудайы адептин жана тарбия көрнөгүнүн туучокусу. Ардактуу Пайгамбырыбыз-дарттуу көңүлдөргө эм болалган нукура даабагер. Чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн туучокусунда Ишенимдүү Мухаммад турат. Санак жеткис макулуктун ичинен Азирети Мустафа гана Жаратканга чыныгы дос болуп, Анын сүйүүсүнө арзыгандардын алдыңкы сабында келет. Кыямат күнү адам атпай чоң аянтка жыйналган кезде дал ошол Пайгамбар жол башчы болот бизге. Күнөөкөрлөргө шапааты менен ошол Пайгамбар гана жардам этет. Кыскасы, Азирети Мухаммад жамы артыкчылыктын, адеп-ахлактуулуктун, сооптуу кызматтардын, эң изги кулчулуктун туучокусу болгон.
Мына ошентип кулк-мүнөз, жүрүм-турум жана артыкчылыктардан турган Алла ыраазы болор жаамы изги ахлакты кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүзөгө ашырышы жана тил менен насаатташы аркылуу мусулмандардын калың катмарына кеңири кулач жайган. Жараткан Алла дин Исламды жөнөтүүдө «камил инсанды-ар тараптуу жеткилең инсанды» өстүрүүнү максат кылып, анан ошол максаттагы үлгүнү Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) адамдык сапатына ширеткен.
Натыйжада Азирети Пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү, иш-аракеттери, дегеле жашоо ыңгайы өз замандаштары баш болгон кыяматка чейинки бардык үммөтү үчүн өрнөк-эрежелердин шаң салтанаты болду.
Акыл-эси вахий (Кудай Тааланын, билдирүүсү, аяны) менен тарбияланбаган фиолософтордун залкар Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) каршы чабуул иретинде коомдук этика-эстетиканын атын чапкылап, адеп-ахлактап жар салган жакшы-жаман пикирлери көп учурларда китепканалардын чаң баскан текчелериндеги китептерде калып келет. Жашоого аралашкандарынын өмүрлөрү кыска болот. Бул фиолософтор ошо ооздон чыккан сөздөрүн өздөрү пир тутуп жашаган деле эмес. Ошону үлгү катары жашап башкаларга көрсөткөн да эмес. Айтылган сөздөрүнүн көпкө жашай албашы ошондон. Алардын пикирлери тек гана көзкараш катары калып жүрөт.
Маселен, Аристотелди алалы. Аристотель ахлак фиолософиясынын бир топ мыйзам-эрежелеринин пайдубалын түптөгөн. Ошого карабастан Алланын вахийинен насипсиз болгону үчүн бир да адам анын фиолософиясы менен жашап, бак-таалайды тапкан эмес. Фарабинин да атактуу фиолософтордон экени талашсыз. Фарабинин кыялында бышып жетилген «сулуулуктун шаары жана идеал коом» аттуу пикирин жүзөгө ашырган эч бир жанды учурата албайбыз. Башкача айтканда, Фарабинин пикирлери да китептен жүзөгө ашкан эмес. Анткени булардын баары жашоодо баштан өткөрүлгөн соң айтылган эмес. Жазылган чакта да, төрт тарабы шай акыбетке жетелей ала турган өзгөчөлүгү жок.
Ал эми Ардактуу Мухаммад Мустафа пайгамбарлык озуйпа келе электе өзүн элге-журтка сүйдүрө алган. Анын кылт эткис изги адамгерчилигин жатка таанып бүткөн журтчулук «Сен ал-Аминсиң- ишенимдүүсүң! Сен Сыддыксың-чынчылсың!» деп ишеним артышкан. Элдин көңүлүнөн, ишениминен түнөк тапкан соң гана пайгамбарлык милдетке кадам таштаган.
Анын айтып бүткүс изги ахлагы жана рухий тарбиясы менен эчен урпактар жашоонун жаңы нугуна түшүп, адамзатка «бактылуулуктун кылымы» багышталган. Ислам укугунун чыгаан жылдызы саналган Карафи (ө. 684):
«Башка мужизасы (керемет көрсөтмөсү) жок болгон чакта деле Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын тастыктоого кутман сахабалары жетишүү болмок» деген.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын өзүн да, сөзүн да, жүрүм-турумун да бүт бойдон Куранда айтылган изги ахлактардын өзөгү, тафсири-чечмелениши деп түшүнүү абзел. Артыкчылык атпайдын эң мыкты үлгүлөрү да анын өмүр жолу аркылуу көргөзмө-багыттама кылынган.
Адампенде Кудай Тааланын эң ийги өкүлү , залкар чыгармасы болуп саналат. А Азирети Пайгамбарыбыз болсо, адамзаттын руханий жашоосунун туучокусу. Дин Ислам Жараткан Алланын даргөйүндө жападан жалгыз эң улуу, эң акыркы дин болгондуктан Пайгамбарына моюн сунууну Өзүнө моюн сунуучулук, Пайгамбарына баш ийбөөнү Өзүнө баш ийбөөчүлүк деп кабылдап, бул жобону Куран аркылуу жарыя кылган.
«Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт, күнөөңөрдү кечирет. Алла-Кечиримдүү, Угуучу жана Көрүүчү!» (Аали Имран, 31).
Ширкке жолобоо шарты менен Азирети Пайгамбарыбызга кай жагынан болбосун, жарашыктуу мактоо айтууга болот. Бирок канчалык мактабайлы, ал тууралуу акыйкаттан ашыкча сөз айта албасыбыз да айдан ачык.
Улуу Кудуреттин ажайып чеберчилиги саналган Ардактуу Пайгамбарыбызды пенделик таакаттын гана чегинде таанып, анын өрнөктүү изин бизге жеткиргендердин башында кутман сахабалар турат.
Чынында эле Алла Элчисинин жүрүм-турумдагы, ибадаттагы жана мамиледеги тактыгын, астейдилдигин келечек муунга жеткирүү озуйпасы да ошол кутман инсандарга насип кылыныптыр. Анткени алар аны менен бир доордо замандаш жашап, анын берекелүү дилмаектеринен шарапат тапкан. Мына ушул себептен аларды «көктөгү жылдыздарга» Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Өзү теңеген.
Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык ахлагынан үлүш алып, акыретке даярдалган жакшылыктар, сооптор нукура кенч экенин аңдай алган сахабалардын Алланын ыраазычылыгын көздөп көрсөткөн камкордугун, жакшылык иштерин жана патриоттуулугун сөзгө сыйдыруу кыйынга турар. Алардын мындай жигердүүлүгүн артыкчылык деп билүү кажет. Сахабалар аманат өмүрдү Жараткандын ыраазычылыгына арнап салып, пайгамбардан уккан ар бир чындыкты көпчүлүкө ынтаа менен жеткирген, бардык угармандарга бактылуу жылмайып мээрим төгүшкөн. Колунда жоктордун кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюшкан. Айтууга караганда тавхидди (Алланын жалгыздыгын даңазалоо) жайып жүргөн кез ал ардактуу муундун өмүрүндөгү эң бактылуу, эң бейпил учуру экен.
Сахаба атанган бактылуу муундун артынан алар таштап кеткен аманат из менен кыяматка чейин астейдил баскан Алланын жамы олуялары аныгында Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) изгилигинин берекеси менен белгилүү деңгээлге жетишкен.
Бул абалды Азирети Мавляна минтип жар салган:
«Кел, келе бер эй көңүл! Ардактуу Мухаммадка жалгашуу анык майрам. Анткени ааламдагы жарыктык ал кутмандын жамалынын нуру менен жаркып турат».
Пайгамбарлардын мураскери деген улуу мартабага татыган Алланын достору - аалымдар менен рухий көсөмдөр- бийик адеп-ахлакты кан-жанына сиңирип, улуу озуйпаны аркалаган жана доордон доорго жалгашкан ийги дөөлөттүн учкуну болуп саналат. Алар Азирети Пайгамбар менен сахабаларды көрбөсө да, бардык адамдар үчүн Жараткандын назары түшкөн ар тараптуу изгиликтин жолбашчылары экени талашсыз.
Изгиликтин өзөгүндө жана көч башында пайгамбарлардын турарында кыпындай да шек жок. Сапка тизилген ал элчилердин иралдында имамчылыкта пайгамбарлардын Султаны Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) турат, ар дайымкысындай көзүнөн жаш кылгырып. Алардан кийин кербендин төөлөрүндөй жай чубалжыган бул көчтү руханий даражаларына жараша ыкласман аалымдар, салих пенделер, көсөмдөр, ашыглыкка моюн сунган дервиштер жана башкалар толуктап келет. Алар - Жаратканга кулчулук кылуу амалын жана кайырлуу иштерди буйрулгандай аткарганы себептүү миллиондогон пенделердин арасынан тандалууга татыган. Дал ошолор буйрулган жакшылыкты чын ыкласы менен жашаганы себептүү көркөмү көңүл сүйүнтөр чанда кезикчү көөнөрбөс кенчтерди улам кийинки муундарга багыштоо менен «Изгилик Маданиятын» жаратышкан. Алардан калган изгиликтин акыйкат икаялары киши рухуна ырахат тартуулап, дарттуу жандүйнөлөргө эм болот.
Изгиликтен ибарат алууга чакыруу усулун эң оболу Курандан табууга болот. Ошол себептүү мындай икаяларды эстеп, колдон келсе жаттоо керектиги туурасында Иммамы Аазам абу Ханифа мындай деген:
«(Салих) аалымдардын дилмаегине катышуу жана алардын албан артыкчылыгынан кеп салган икаялар мага фикх-укуктук маселерден да сүйкүмдүү. Анткени бул икаялар Жаратканга жакын жүргөндөрдүн адеп-ахлагын үйрөтөт».
Кандай гана маселе болбосун адампенде ал тууралуу өрнөк өңдүү бир нерсени көрбөй туруп шыр түшүнүп кеталбайт. Анын сыңарындай жакшылык да, жамандык да өрнөктөрдүн изи менен жүз берет. Ал тургай сүйүү да өз үлгүсү менен дагы да чырайына чыгат. Сүйүлүп жаткан тараптын руханиятына сүңгүү андан көрүнгөн изги үлгүлөр менен жүзөгө ашат. Изгиликке үлгү болуу нары маанилүү, нары сыйкырлуудай оп тартып турган Кудайдын насиби болгондуктан, адамзааданы бат эле нарктуу касиетке эгедер кылат.
Малик бин Динар:
«Салих пенделердин икаялары мага кудум бейиштин белектериндей сезилет» дейт.
Демек, изгиликке чакырган икаялардын баарын тартуу кылынган баа жеткис белек деп түшүнүүдө пайда бар.
Кыскасы, маселенин төркүнү мыкты ахлакты, барча изгиликти жашоо ыңгайынын эрежеси кылып, ошого калыптандырууга барып такалат экен. Акыл-насааттардын багытына бурулуш жасай алуунун өзү чоң эрдик, бирок булардын баарын биздей эле кишилер жасап, көрсөтүп өткөн. Демек, муну биз деле орундата алабыз.
Азирети Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам): «Кыямат күнү мусулман пенденин таразасында мыкты ахлактан оор отурган нерсе жок. Жаман жорук-жосундарды жасап, жаман сөздөрдү айткандарды Алла Таала жек көрөт» деген хадисин айткан (Тирмизи. Бирр, 62/2002).
Азирети Пайгамбар жана анын изинен баскан ыкласман пенделер менен достошуу аркылуу Алла буйруган изги ахлакты үйрөнүп жашоого болот. Изгиликтин алкагына кадам таштоонун алгачкы шарты мына ушул. Керисинче, Жараткандын назары түшкөн бул пенделер менен достошуудан бой качырып же байланышты үзүп, кайдыгерликтин туңгуюгуна сүңгүү - адеп-ахлактын начарлыгын, тарбияны сүйбөөчүлүктү каңкуулайт. Кудсий-хадисте ушул акыйкатка ишаратталып минтип айтылат:
«Кимде-ким (чын ыкласы менен Мага кулчулук кылган) досума душмандык кылса, Мен ага каршы согуш ачам. Пендем Мага Мен буйругандан башка эч бир жол менен жакындай албас. Пендем Мага (парздарга кошумчалап аткарган) напил ибадаттар менен жакындай алат. Ошондо Мен аны сүйөмүн. Пендем Мени сүйсө, Мен анын угар кулагы, көрөр көзү, басар буту, акылдашар жүрөгү жана сүйлөр тили болом! Эмне каалаган болсо, аны сөзсүз берем. Мага калкаланса, коргойм. Мен жалгыз гана момун пендемдин рухун алууда арсар абалда калам. Башка эч бир иште эки анжы болуп такалбайм1. (Анткени) ал өлүмдү сүйбөйт, ага жакпаган нерсени Мен да сүйбөйм» (крз. Бухари, Рикак, 38; Ахмад, VI, 256; Хайсами, II, 248).
Кудай Тааланын даргөйүндө кабылданар изгиликке жетүү үчүн Азирети Пайгамбарга жана Алланын досторуна чын дилден сүйүү бапестеп, алар менен ажырагыс бүтүндүккө баруу кажет.
Акыркы Элчи (саллаллаху алейхи васаллам) жашап өткөн доор менен биз жашап жаткан замандын аралыгында далай кылым кайталангыстыкка житип кеткен. Биз пайгамбарды көрө албайбыз. Бирок аны таануу үчүн далилдер менен такталган тарыхый маалыматтар ого эле көп, мүмкүнчүлүк жетиштүү деп айтсак туура болор. Ал тууралуу китептер өтө көп жазылган. Тээ Адам Атанын доорунан бери ушу күнгө чейин эч бир адамдын өмүр тажымалы, жашоосунун ар бир майда бараты, сүйлөгөн сөзү Азирети Мухаммадчалык (саллаллаху алейхи васаллам) изилденген эмес. Биз бүгүн аны таанысак, кыямат күнү махшар майданында ал бизди тааныйт. Ага түз көз менен карап, көөдөн көзүбүз менен аңдап сүйөр болсок, ал бизге назар салат. Аны угуп, сөзүн карманчу болсок, кыяматта биздин аянычтуу абалыбызга кол сунат. Мына ушундай өңүт менен башка адамдар үчүн үлгү болорлук абалды багынта алабыз. Баарыбыз үчүн нукура изги маданият мына ушул!
***
Урматтуу окурман, колуңуздагы бул «Исламдын изги маданияты-1» аттуу чыгарма жогоруда сөз болгон изгиликтин өрнөктөрүн маалымдап жеткирүү үчүн колго алынган. Мындагы изгиликтин өрнөктөрү Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бийик сапатындагы мисалдар жана ушул мисалдардын кынтыксыз күзгүсү өңдөнүп, албан жетишкендик менен жашап өткөн сахабалардын, олуялардын, аалымдардын жана салих пенделердин жол көрсөтөр иш аракеттери менен толукталган.
Жана ошондой эле пайгамбарлардын же такыба пенделердин ибараттуу икаялары менен эле чектелип калбастан, саясий башкаруучулук жана социалдык окуялардын чордонунда бышып жетилген тырыхый залкарлардын жана тарыхта аты калган, адамзатка багыт берген каармандардын көптөгөн үлгүлүү изги иш-аракеттерин жазууну да туура көрдүк. Максат - келечекте журт башкарып же элдин камы үчүн кызмат кылар улан-кыздарыбыз мына ушундан өздөрүнө керектүү ибарат алса.
Албетте, нечен кылымдан бери жазылса да, айтылса түгөнбөй керисинче, улам бир жаңылыгы табылган Ааламдардын Ардагын (саллаллаху алейхи васаллам) толук бойдон түшүндүрүп берүү же бир китепке сыйдыруу биз өңдүү дили алсыз, тили жакыр пенделер үчүн мүмкүн эмес. Анын өмүр жолунун ар бир кадамын изилдеп, аныктап-тактап элге жеткире албасак да болгону анын чексиз берекелүү дайрасынан бир тамчы болсо да даамын татуу, ага бир кадам жакындоо, ага болгон сүйүүбүздү жаңылап жандандыруу, ага моюн сунуп жашаганыбызды тастыктоо, шапаатын алууга жан далбас урууну максат кылдык...
Бизди эч кандай акы төлөөгө кириптер кылбай Өзүнүн сүйүктүү Пайгамбарына үммөт кылган Кудай Таалага сансыз алкоону айталы!!! Билсек, мунун өзү чоң шарапат! Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) калтырып кеткен баа жеткис мураска бекем болуп, мураскерлери саналган олуя заттар сымал (алыбызга жараша) пайгамбарлык ахлакты бек тутунуп жашоо аркылуу гана Алланын ыроосунун акыйкатын аңдап, Алла Элчисинин сүйүүсүнө жана «биртуугандарым» деген жакындыкка арзый алабыз.
Ошондуктан эртең кеч болуп кете электе айтылып кеткен улуу инсандар сымал жүрөктү сүйүүгө толтуруп, анын изги ахлагын окуп үйрөнүүнү талап кылышыбыз керек. Кылымдар көөнөрүп, нечендеген маданияттар, не деген гана ооматтуу «...изм»дер эскирип кургуйга житип кетсе да, оболку тазалыгын сактап келген Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагынын, сүннөтүнүн азыр абадай зарыл болуп турган чагы. Андыктан ахлактуу жашап, аны башкаларга үйрөтүү мындан кабардар пенделердин милдети. Анткени - бул Ааламдардын Ардагынын (саллаллаху алейхи васаллам) чыныгы үммөтү болуу шарапатына эгедерликтин акысы.
Ушундай ой-сезимдер менен жазылган бул эмгектин даярдалышына көмөк көрсөткөн Мурат Кая жана Акылбек Халбеков баш болгон жалпы академиялык жааттагы ишмер бирбоорлорума ыраазылыгымды билдирип, алар көрсөткөн көмөктүн ачык кайырым болуп кабылданышын Жараткан Алладан тилейм...
Өз ыраазылыгына төп келген жакшы амалдарды жана изгилик менен көктөп өнгөн өмүрдү өткөрүүнү Кудай Таала баарыбызга насип кылсын. Эки дүйнөдө тең сүйүктүү Элчисине жакын дос кылсын, анын шапаатын буйрусун!...
Оомийн!...
Осман Нури ТОПБАШ
Стамбул-Үскүдар 2006.
1.ЫЙМАНДЫ АШЫГЛЫК, ЫНТАА МЕНЕН ЖАШОО
Ыйман - бул акылдын нуру, аң-сезимдин куту жана жүрөк туюмдарынын көркү. Бул оопасыз дүйнөдөн түбөлүктүү ааламга ыймандын жетеги менен гана таалайлуу болуп өтүүгө болот.
Пайгамбарлар, Алладан келген китептер жана алар көрсөткөн жолдо ыкластуу жашаган олуялар ыймандуулуктун жолбашчылары. Тарых - тарых болуп башталганы пайгамбарлар, олуялар жана салих пенделер ыймандын жетеги менен гана жашап, изгиликтин жандуу көрүнүшү болуп келишет.
Ыйман Кудай Тааланын ыроосу. Сыноо ыймандын саламаттыгын текшерген тараза. Момун мусулмандан күтүлгөн сабыр, моюн сунуучулук жана ыйманды коргоо пенденин Кудайы сыйлыктарга болгон кайырымы. Ыймандын баалуу немат экендигин аңдоо үчүн Жараткан бизден кайырым этүүнү талап кылат.
«Акыйкатта, Алла момундардын жанын жана мал-мүлкүн бейишке алмаштырган» (Тооба, 111). Бул аят жогоруда айтылган кайырым маселесине далил.
Ушул себептен ыраазылыгын табуу үчүн талап кылынган аманаттарды (жан, мал-мүлк ж.б.) Анын жолуна сарптоо керек. Кайра эле ушул ыкма ыйманды баралына жеткирүүнүн жолу болуп саналат.
Сынактардын бардык машакаттарын сабырдуулук, ыраазылык жана моюн сунуу менен ашып өтүп Алланын буйругу, Азирети Мухаммаддын жолу менен өмүр кечирүү ыймандуулуктун белгиси. Ар бир момун мусулман ыйман деген улук нематтын кайырымын Жаратканга кайтарууга милдеттүү. Анткени кайырымы төлөнбөгөн бир нерсеге ээ чыгуу же төлөбөй туруп бир нерселерди талап кылуу акылга сыйбас жорук.
Момун-мусулмандын ыймандуулуктун туучокусуна карай көтөрүлүшү Алланын ыраазылыгын көздөгөн ниетинин, ибадатынын жана иш-аракетинин тууралыгы менен изгиликтерди жүзөгө ашырышына байланыштуу. Бул изгиликтердин баарын салих-амал-жарамдуу амалдар деген кең алкактуу айлампадан көрүүгө болот. Анткени Ыйык Куранда да, куттуу хадисте да ыйман менен салих амал дээрлик чогуу айтылат. Ыйман тек гана кургак билим же көзкараштар менен эмес, туюлуп сезилген, жүрөккө ширелген, натыйжада жүрүм-турумдан, иш-аракеттен көрүнгөн акыйкаттар менен коштолушу кажет. Момун-мусулман ааламдагы Теңирий кудуреттин агымына ой жүгүртүп жана ошол эле учурда ибадаттарды буйрулгандай аткаруунун натыйжасында ыймандын чыныгы даамын алат, изгилик коштогон көп ажайып нерселерге күбө болот.
Ыйман-бардык ибадаттардын эң улугу да, эң бийиги. Анткени ибадаттар ыйман менен гана бар. Ыймансыз ибадаттын кабылданышын элестетүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө ибадаттар күндүн, же аптанын, же жылдын белгилүү гана учурларында аткарылат. А ыйманга келе турган болсок, ар дайым парз болгондуктан, аны ар убак демдүү, таза кармоо керек. Ушу себептен Куранда да, хадисте да жүрөктү кайдыгерликке сала турган ар кандай жаман тузактардан оолак болуу буйрулган. Арийне, аскерди жоонун огунан соот же калкан сактайт эмеспи. Анын сыңарындай, салих-амалдар менен ыйманыбызды коргоого алышыбыз зарыл.
Ыйман-момун мусулмандын эң кымбат мүлкү. Шайтандын адампендеге ашынган душман экени Куранда ачык билдирилген. Ал каргыш ургур ошо Адам Ата жаралган күндөн тарта санмиң түргө кубулган өзүбүздүн эле айланабыздагы ортоктоштору менен оңтойлуу учурду мелжеп, айла-амалга салып олтуруп момундардын жүрөгүндөгү акакка алмашкыс ыйманды уурдаганга талыкпай аракет кылганы кылган. Андай болсо, жарамдуу амалдан урабас чеп куруп ыйманыбызды, ыймандан нур алып турган акылыбызды сактык менен коргоо эң зарыл озуйпабыз экенин унутпайлы.
Ыйманды күзгү сымал тазалап, ал аркылуу Жараткандын ажайып кудуретин көрүү үчүн «Алланы зикир» кылууга муктаждык бар. «Алла» деген улуу сөздү жүрөкө сүйдүрүп, жүрөккө саймалап жазмайын, тил менен кайталап дилге жат кылмайын кылынган зикир татыктуу баасын ала албас. Эгер бул нерсеге белсенер болсок, жүрөк бүт нерседен тазаланат, кайдыгерликтин кара тактары өчөт. Башка нерселерге алагдылыктан кутулуп жаны жай ала баштаган жүрөктүн ыймандын теңдешсиз таттуу даамын татканын көрө бер...
Мындай рухий баралга жеткен өзгөчө пенделердин ыйманынын кубанычы жамы убактылуу жыргалчылык-лаззаттарды ашып өткөн болуп эсептелет. Ошол эле учурларда мындай деңгээлди багынткандар үчүн бу дүйнөгө таандык бардык кыйынчылык каргашалар жана булардын жан кейиткен натыйжалары түккө турбаган нерселерге айланат.
Бул нематты кыяматка чейин жеткирем деп албан күч-кайратты, бир бүтүн өмүрдү сарптаган Алла Элчисинин жана салих момундардын сабырынын бекемдигинен, парасатынын кыраакылыгынан, берилгендигинен жана туруктуулугунан кеп салган санмиң мисалдардын айрымдарына чогуу назар салалы:
Изгилик элестери
Азирети Мухаммад он эки жаштагы тестиер бала экен. Бахира аттуу кечил:
«-Ай балам, Лат менен Уззаанын урматы үчүн суроомо жооп берип койчу, бай болгур!2» дейт.
Азирти Мухаммад жаш болгонуна карабастан дал ошол жаштарда эле тайманбас чынчыл экенин минтип далил дейт:
«-Лат менен Узаанын урматы үчүн деп менден эч нерсе сураба! Кудайга ант болсун, мен аларды абдан жек көрөм!»
Азирети Мухамад бул жообу менен бутпарастыктан таптакыр таза, ыймансыздыктан оолак экенин ачыка чыгарган. Ал эми пайгамбарлык келгенден тарта ыйманды элге жайып сүйдүрүү жана таалим берип үйрөтүү жаатында жетишкен ийгилиги, кажыбас кайраты жана башка көптөгөн изги иш-аракеттери бардык момун мусулмандарга белгилүү.
***
Муса пайгамбардын доорунда каапырлыкка белчеден баткан Фараон өзүнүн Кудай экендигин жар салган. Бирок өзүнүн эле букаралыгындагы сыйкырчылар анын пикирин жокко чыгарышат. Арданган Фараон жан чыдагыс азапка салат аларды. Сыйкырчылар:
«-Сенин азабың будүйнөгө гана таандык, ушул тапта кандай өкүм чыгарба, убактылуу эркинсиң, биз болсо Жаратканга кайта беребиз!» деп ыйман менен таакат көрсөткөн. Ызага буулуккан каардуу фараон араа бычак менен сыйкырчылардын колун кесип, дарака асып салууну буюрат жасоолдоруна. Сыйкырчылар көрпенделик кылып ыйманды аттап өтүп кетпейли деген кооптонуу менен алакан жайып минтип жалбарышкан:
«... Оо Жараткан! Үстүбүзгө сабырдуулук жаадыр, мусулман экенибизде жаныбызды ала көр!» (Араф, 126). Муса пайгамбардын ажайып мужизасын көрүп аз убакыт мурда мусулман болгон пенделер ошентип шейиттиктин шербетине тамшанып Алланын алдына жөнөп кетишкен.
***
Иса пайгамбардын Жаратканга жан дилден ишенген алгачкы үммөттөрү үйрөтүлгөн арстандарга зордук менен салынып берилген. Бирок алар да ыйманды коргоп шейит кетишкен. Мусулмандар арстандын айбатынан да, арсайган тишинин сүрүнөн да айбыкпай, ыймандын даамы таттуу экенин кашкайта тастыктап кетишкен.
***
Ыйманды сүйүп өткөн каармандардын катарында күйүп жаткан отко тирүүлөй ташталган момун мусулмандар да бар. Төртүнчү кылымда Йемен аймагын Зу Нуваш аттуу жөөт падыша башкарып турган. Ал тавхид ишенимин тутунуп жүргөн христиандардын Нажран бүлөсүн бул ишенимден баштартууга мажбурлайт. Падышанын жосунсуз жоругуна көпчүлүк каршы чыгып, наалат айтышат. Элди эсине келтирип койоюн дедиби, айтор, казылган чуңкурларга от жактырып, каршы чыккандардын бирканчасын жалыны алоолонгон отко таштатып, тирүүлөй өрттөп жиберет. Залым падыша мына ушундай жаза менен жыйырма миңден ашык адамды жазалаган экен.
Бул карөзгөйлөр Кудайдын жалгыздыгына бекем ишенген момундарды өрттөө үчүн киши чыга алгыс көп ор казып, ага от жаккандыгы үчүн «асхабы ухдуд» деген атка конгон. Адамды канчалык каарга алып, куйкалап жок кылбасын, пенденин кан-жанына сиңип калган ыйманды өрттөй алышкан эмес. Керисинче, Кудай Тааланын каарына, адамдардын каргышына калып, азабына дуушар болуп, бушаймандыкка буулугуп тынышкан.
«(Момундарды өрттөө үчүн) ор казып, от жакканухдудчулар наалатка калган!» (Буруж, 4-5).
***
«Таалайлуулуктун кылымы» эми башталган кезде ыйманын жандан артык сүйгөн Азирети Сумайя «Исламдын алгачкы шейити» деген наамга татыйт. Мурунку мезгилдерде колуна ийне сайылып кетсе, жаны чыгып кетчүдөй коркчу экен. Ыймандын теңдешсиз даамын ала баштагандан тарта мушриктер (Алланын жалгыздыгына шек келтирип, бутка сыйынган каапырлар) темирди кызытып денесине басса да эринди кырча тиштеп ыйманынан чегинген эмес. Мындан башка дагы көптөгөн азап-кордуктардын оорлугун, ачуулугун ыйманынын таттуулугу басып турган. Акырында мушриктер эки бутунан эки төөгө байлап жырткычтарча эки бөлүнүп жанын алып тынган. Сумайянын абышкасы Ясир дагы улгайып калганына карабастан карамүртөз мушриктердин азабына кылт эткис сабырдуулукту көрсөткөн. Натыйжада Ясир да шейит болгон. Ошентип Ясирдин бүлөсү дин Исламдын алгачкы шейиттери болушат 3. Ыймандын кайтарымын аны берилүү менен сүйүп төлөөнүн таасын үлүгөрү ушулар! Булар уламыш эмес, тарыхта болуп өткөн кашкайган чындык. Андыктан ар кимибиз ибарат алышыбыз абзел.
***
Эми Азирети Билалдын аянычтуу абалына назар салалы. Каапыр мушриктер бул күнөөсүз пендени да тынч койгон эмес. Күн кайнап турган маалда кызыган кумга жаткырып үстүнөн таш менен бастырып, миздүү темир ширетилген балак менен чапкылай берип денесин тытып жиберишкен. Килкилдеген эти көрүнүп, шырылдап каны аккан. Бирде эстен танып, бирде эсине келе калганда жан соогалабай «Ахад, ахад, ахад - Алла жалгыз, Алла жалгыз, Алла жалгыз..» деп дилине жат болгон ыйманын тили менен кайталай берген4. Көшөрүп олтурп акырында мушриктердин кандуу колунан аман кутулуп кеткен. Эми элестетип көрүңүз, ошончолук кыйноого эмне туруштук бере алышы мүмкүн? Албетте, ыймандын сөзгө сыйгыс таттуу даамы!
***
Агезде Азирети Умар халифа болуп турган. Маектешип олтуруп дин Ислмдын алгачкы мусулмандарынан болуу бакытына тушуккан Хаббаб бин Араттан сурап калды:
-Алланын жолунда тарткан азап-кордуктарды айтып берчи бизге?
-Эх, ал азаптуу күндөр ай. Кадырлуу халифам, мына артымды карачы! -деп көйнөгүн өйдө көтөрдү. Бир бүтүн жери калбай тилинген эр денесин көргөн Азирети Умар айран таң калат:
-Ушу жашка келип кишинин ушунчалык тытылган денесин көргөн эмес элем. Сен анык сырттан экенсиң!
-Каапырлар отту жагып мени ага жаткырышчу. Терим күйүп, анча-мынча майлар ээригенде гана оттун чогу өчөр эле5-деп болгон окуяларды сыдыра көздөн өткөрүп айтып берди.
Мушриктер Азирети Хаббабды көмкөрүсүнөн жаткырып чокто кызытылган таштарды үстүнө басчу экен. Жабыркап күйүп калган эти кадимкидей ыпырап түшө баштаганына карабай каапырлар талап кылган сөздү айтпаптыр (Ибн-и Асийр, Усдул Гааба, II, 114).
Анткени ыймандын жылуу толкуну бу дүйнөнүн кыйынчылыктарын сездирген эмес. Хаббаб сөз учугун андан ары минтип улады:
«Күндөрдүн биринде Алланын Элчисин издеп барсак, Каабанын көлөкөсүндө ибадат кылып олтуруптур. Мушриктердин айосуз кордугунан азап чегип жатканыбызды, күн өткөн сайын кыйноо кайра күчөп жатканын даттандым. Мындан кутулуу үчүн Алладан жардам сурашын талап кылдык. Көзүнөн кайраты жанган Пайгамбар бизге буларды айтып дем берди:
«Сиздерден мурда кармалып орго ыргытылган, араа менен баштан аяк экиге бөлүнүп, темир тарак менен эти таралса да, дининен кайтпаган момундар жашап өткөн. Аллага ант болсун, Ал бул динди толуктайт, бүт нерсеге ээ кылат. Ушунчалык даражага жеткизет дейсиң, катардагы пенде койлоруна ит-куш тийишинен сарсанаа эле болбосо башка эч бир нерседен кооптонбостон Санадан Хадрамавтка беймарал барып келет. А сиздер болсо сабырсыздык кылып жатасыздар!..» (Бухари? Манакыбул Ансар 29, Манакыб 25, Икрах 1; Абу Давуд, Жихад 97/2649).
***
Мусулмандардын арасында Сухайб аттуу ыкластуу сахаба боло турган. Исламдын жолун бууп салуу үчүн бардык мүшкүлдү жасоого жанталашкан мушриктер Азирети Сухайбга да катылган. Эсинен тангыча токмоктоп, уруп-сабашар эле. Мындай кордук Улуу Көч мезгилине чейин уланган. Не мушриктер сабаганын койбоду, не байкуш сахаба алардын айтканын орундатпады. Оңтоюн күтүп жүрүп Азирети Сухайб Азирети Пайгамбарыбыздын артынан Мединага карай жол тартты. Тилеке каршы, мурунтан аңдып жүргөн мушриктер көп узатпай артынан жете келип жолун тороп калышты. Арадан бирөө үн салат:
-Эй, Сухайб! Сен биздин элге келгенде итке минген кембагал элең. Биздин колдоого таянып көп байлык топтогонсуң! Эми аны барчу жагыңа кымырып гана кеткиң барбы? Буттарга ант болсун, биз буга жол бере албайбыз!
Артка чегине берип унаасынан жерге түшүп саадагынан жебе алып жол торогон куугунчуларды мелжейт:
-Эй Курайш баскынчылары! Менин көзгө атар мерген экенимди баарың жакшы билесиң. Кудайга ант болсун, ушу саадактагы жебе түгөнгөнчө атышам да, анан кылычты кындан сууруйм! Ушул экөө колумда турганда бириң да мага жолой албайсың! Кокус колдон таяр болсо гана катыла алышыңар мүмкүн. А бирок ниетиңер эптеп байлыкты алып калыш окшойт. Мүлктүн катылган жерин айтып, аны силерге таштай турган болсом, койо бересиңерби?
Сунуш мушриктерге майдай жаккандыктан дароо кабылданат. Байлыгынын катылган жерин тактап айтып берген соң Азирети Сухайб жолун улап Рабиулаввал айынын орто чендеринде Кубага жетип келип Алланын Элчисине жолуккан.
Азирети Пайгамбарыбыз аны көрөрү менен жылуу жылмайып, ыйманынын саламаттыгы үчүн бүт баалуу байлыгын тапшырып баса бергенин ишаараттап:
«Сухайб утту! Сухайб утту! Эй Яхянын атасы! Соода пайдалуу болду! Соода пайдалуу болду!6 » деген.
Баяндоолорго караганда төмөндөгү аят ошол окуяга байланыштуу:
«Адамдардын арасында Алланын ыраазылыгына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар. Алла пенделерине (абдан) Ырайымдуу!» (Бакара 207).
***
Зиннура айым да динсиз каапырлардын сөөкө өткөн кордугун көп тарткан. Мыкаачы Абу Жахил анын көзүн көр салат. Карөзгөйлүгү аз келгенсип шылдыңдачу:
-Мына, көрдүңбү? Лат менен Узаа көзүңдү көр кылып таштады!
-Жок! Кудайга ант болсун, менин көзүмдү алар көр кылган жок. Лат менен Узааңдын мага не күкүмчөлүк пайдасы, не зыяны жок. Бирок менин Улуу Кудайым көзүмдү кайтарып бергенге кудуреттүү!
Түркөйлүктүн сазына баткан мушриктер ошол күндүн эртеси эле Зиннура айымдын көзү көрүп калганына күбө болуп, таң калуудан башкага жарабады7.
***
Мусулманчылыкты эң алгачкылардан болуп кабылдаган дагы нечелен момундар карөзгөй каапырлардын жанчыдагыс кордуктарына кабылбады! Булардын арасында Амир бин Фухайра, Абу Фукайха, Микдад бин Амр, Умму Убайс, Лубайна, Нахдия өңдүү Азирети Пайгамбарыбыздын сахабалары бар эле. Мушриктер буларды күн так төбөгө келип, аптап кайнап турган кезде жылаңачтап, колу бутун таңып, отун сүйрөгөнсүп көчөлөрдө ары-бери сүйрөп, анан кумдуу чөлгө алып барып, чоң-чоң таштарга бастырып жазалоону эрежеге айландырып алышат. Бул аз келгенсип кекиртектен муунтуп, деми чыкпай калгандарды өлдүгө чыгарып басып кетишер эле8. Арабстандын аптабында кызыган кумга бастырылганда акыл-эсин жоготуп, айрым учурларда деми кыстыгып жан бергендер да болгон.
Ардактуу сахабалар ыроолонгон ыйманды коргоп калуу жана бул Теңирий нематты бизге жеткирүү үчүн жогоруда айтылган жана айтылбай калган оор кыйноолорду баштан кечирип, мал-мүлкүн, кара жанын каржаган. Ошо доордо жашап турса да, Ислам деген белектин улуулугун, ыйыктыгын жана зарылдыгын аңдай алышкан. Ошентип бул кайраттан баар таап Жараткан Алланын жакшылыгына бөлөнүшкөн. Аманат өмүрлөрү «Эй ыйман келтиргендер! Алладан астейдил корккула жана мусулман болгон тейде жан бергиле!» (Аали Имран, 102) деген буйруктун негизинде Акыйкат Ээсине арнап салып, түбөлүктүүлүккө кадам ташташкан.
***
Саад бин Абу Ваккас энесин абдан урматтачу. Энесинин айткандарын эки кылбаган, көзүнүн агы менен тең айланган жароокер перзент эле. Жараткан насип буйруп Саад да дин Исламды кабылдайт. Уулунун мусулман болгону алекизаматта күбүр-шыбыр менен энеге жетет. Каарданган эне уулун коркутууга өтөт:
-Ай уулум! Бул эмне кылганың? Эгер бул динди таштабай турган болсоң, мен тамак ичпей койом, ачкадан өлөм! натыйжада сен «Энесинин канкору!» деген наалатка каласың!
Алдастаган Саад жылуу-жумшак айтып энесин көндүрө албай койот. Көшөргөн эне эки күн, эки түн эч бир наар албайт. Үчүнчү күн дегенде алсырап саламаттыгы бир кыйла начарлай түшөт. Бир жагынан энесинин кашкөйлүгүнө жаны күйсө, бир жагынан сүйүктүү энесинин кайгыга батып алсырап баратканына сарсанаа болот. Акырында Алланын Кудуретине тобокел кылып чечкиндүү түрдө минтип айтат:
-Энеке! Кудай Таалага ант болсун! Эгер сизде жүз жаныңыз болуп, жүзү жүз жерден чыккан күндө да, мен бул динден баш тартпаймын!
Уулунун чечкиндүү жообу эненин шаабайын суутат. Ансыз да башы кеңгиреп, ашказан ачышып чыдатпайт, же жандын таттуулугу белем мурункусундай тамактанып тирилигин улаган.
Лукман сүрөсүнүн он төртүнчү жана он бешинчи аяттары ушул окуяга карата түшүрүлгөн:
«Биз инсанды ата-энесине дайыма жакшылык кылсын деп буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: «Мага жана ата-энеңе ыраазы бол. Кайтуу Мага».
А эгер алар сени сен билбеген нерселерди мага шерик кылууга үндөй баштаса, анда аларга баш ийбе. Аларга мээримдүү бол! Мага моюн сунгандардын жолу менен бол! Андан соң кайтууңар Мага! Мен силердин эмне кылганыңар тууралуу кабар берем!» (Лукман, 14-15) (Муслим, Фадаилус-сахаба, 43-44; Ибни-Асийр, Усдул-Гааба, II, 368)
***
Азирети Пайгамбар Абу Бакирге (Алла ага ыраазы болсун) даярдык көрө берүүсүн айтып, Азирети Алини (Алла ага ыраазы болсун) чакырды жанына. Көчүүгө буйрук келгенин билдирип, ээлерине тапшырып кою үчүн мойнундагы аманаттарды тапшырды. Анткени Мединалыктар өз бүлөсүнө ишенбей, сактоо үчүн кымбат баалуу буюмдарын ишенимдүү пайгамбарга берише турган. Агезде Меккеде ага аманат таштабаган эч ким жок болсо керек эле.
-Али! Бул түнү менин ордума сен жатасың. Мына бул чепкенимди үстүңө жаап ал, коркпо! Алар сени эч нерсе кыла алышпайт!» деп кол кысышып коштошуп жөнөй берди (Ибн-и Хишам, II. 95-98).
Азирети Али жандай сүйгөн Пайгамбарынын сунушуна муюду. Ыйман толкуну ошого түрттү. Болбосо мыкаачы мушриктер басып кирерин, Азирети Пайгамбырдын көзүн тазалоо мерчемделгенин ал да биле турган. Ууга сугарылган найзалардын көкүрөгүнө кадаларына кайыл болуп анын ордуна жатты. Чай кайнам убакыт өтпөй мушриктер жулунуп кирип келип төшөктө жаткан адамды басып жыгылды. Бетине жабылган жуурканды ача салып башка адамдын жатканын көргөн баскынчылардын күйбөгөн жери күл болду окшойт. Алини жулкулдатып Азирети Мухаммаддын (саллаллоху алейхи васаллам) кайда кеткенин такып сурашты.
-Билбейм анын кайда кеткенин! Мен анын кароолчусу эмесмин! Силер аны «Бизге жолобо!» деп казаптап кубалаганыңарды унуттуңарбы?! Мына эми, ал өз мекенин таштап кетүүгө мажбур болду! -деп күнөөнү мушриктерге жүктөдү. Азирети Али аларга болгон чындыкты айтты.
Ойлогон ойго жетпей каратып туруп олжону колдон чыгарганына жаны кашайып жаалданган баскынчылар Азирет Алини (Алла ага ыраазы болсун) аябай токмоктоп, Каабага алып барып бир кыйлага чейин камап коюшту9.
***
Нажид уруусунан келген өкүлдөр Ислам менен таанышкан соң динди үйрөтүү үчүн мугалим жөнөтүүнү суранышат. Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) алардын өтүнүчүн орундатуу үчүн Курандын дээрлик бардык бөлүгүн жаттаган каарылардан жана динден жакшы кабардар болуп калган Суффа өкүлдөрүнөн жетимишке жакын адамды жөнөтөт. Алланын ыраазылыгы үчүн жолго чыккан мусулмандар Бир-и Мауна деген жерге келип тыныгуу үчүн жол боюндагы үңкүргө киришет. Ысыктан салкынга кирип эми эле көчүк баскан жолоочуларды капыстан балээ басат. Бул мурунтан мерчемделген, мурунтан уюшулган кутумдук эле. Жаббар бин Сулма аттуу мушриктин обочодон мелжеп урган найзасы үңкүрдүн ооз жагынан орун алган Амир бин Фухайранын көкүрөгүн тешип өтөт. Дал ошол мезгилде Амирдин жашы кырктын кырында болгон дешет. Заматта эсин жыйган сахаба шейиттиктин шербетин ичип жатканын болжоп жылмайыңкы түрдө:
«Аллага ант болсун! Мен утуктамын!» деп кыйкырат. Арт жакта жашырынып турган жоон топ мушриктер чыга келип Ислам дининин алгачкы шам чырактарын чекеден өчүрүп кирет. Төбө чачты тик тургузган кыргынды жетектеген ибн-и Туфайл тирүү калтырылган бир мусуланды тажаалданган канкорлоруна сүйрөтүп келет да алгачкы шейитти кылычы менен көрсөтөт:
-Ким бул?
-Бул Амир бин Фухайра!
-Мен ал өлтүрүлгөндөн кийин денесинин асманга карай көтөрүлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Жерден көккө көтөрүлгөнү азыр дагы көз алдымда турат. Бир топтон кийин жерге түшүрүлүптүр.
Ага чейин эле акындыгы менен кыйла белгилүү болуп калган ибн-и Туфайл окуяны өз көзү менен көргөнүнө карабай мусулман болгон жок. А Амир бин Фухайраны шейит кылган Жаббар окуянын таасиринен улам мусулман болгон.
Күү менен урулган найзасынын көкүрөктөн тешип чыгышы көз алдынан кетпей койот. «Аллага ант болсун! Мен утуктамын!» деген аянычтуу үн кулагына улам жаңыра берет, жанын жай алдырбай. Мээсинин ичиненби бир жерден чыккан жаңырык кулактын кужурун алат, бир чети аны жүрөксүнтсө, бир чети түйүнү чечилгис табышмак болот. «Өлтүрүп жаткан мен болсом, утукка чыккан ал болсо?! Бул эмне деген иш?» деген ой мээсин кемирет. Күндөрдүн биринде атактуу каарман Даххак бин Суфянга барып мээсине мыктай маталган көйгөйдү айтып, жандырмагын сурайт. Даххак «Бейишке жеттим!» деген турбайбы, кайран киши дейт. Бул жандырмак Жаббарды кайдыгерликтин уйкусунан ойготуп мусулман кылат10.
***
Ухуд согушу аягына чыккан күнү эле. Азирети Сафия денесинин бир бүтүн жери калбай жарадар болуп шейит кеткен биртууганы Азирети Хамзаны (Алла ага ыраазы болсун) акыркы ирет көрүп калуу ниети менен шейиттер тизилген жайга карай басат.
Алдынан уулу Зубайр тосот:
-Алланын Элчиси сенин артка кайтышыңды өтүнүп жатат.
-Эмне үчүн биртууганымы көрбөй кайтып кетишим керек? Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билем. Ал Алла үчүн мындай акыбетке кабылды. Ансыз деле бизди мындан башка нерсе тынчыта албаса керек эле. Буйруса сабыр кылып үзүрүн Алла Тааламдан күтөмүн.
Зубайр Алланын Элчисине барып энесинин айткандарын билдирери менен көңүлү жайлана түшкөн Пайгамбар көрүүгө уруксат берет. Шейиттердин мырзасы деген улуу шарапатка арзыган Азирети Хамзаны көргөн биртууганы көз жашын төгүп, Жаратканга жалбарып дуба кылат (крз. Ибн-и Хишам, III, 48; Ибни Хажар, ал-Исааба, IV, 349).
***
Дин Исламдын данакери Азирети Мухаммаддын башка элдердин өкүмдарларына жазган каттарын жеткирген элчи сахабалардын ыйманынын күчтүүлүгү, тайманбас эрктүүлүгү кылымдардан бери унутулгус казалга айланган. Анткени алардын көбү алдыда оор азап-кордук алтургай ажал күтүп турганын жакшы билишкен. Ошентсе да, Алланын динин, Азирети Пайгамбарыбыздын катын жеткирүүнү асыл өмүрдөн баалуу деп билгендиктен тобокелге салышкан. Мойнуна кош миздүү албарс кылыч такалып турса да, кашкайтып чындыкты саймедирешкен. Ошол орошон окуялардын айрымдарын кыскача айта кетели.
Күндөрдүн биринде сахабалар жыйналып олтурган жерге Алланын Элчиси келет:
- Сахабаларым! Үзүр сообун Алладан тилеп Искендериянын (Египет) Мукавкысына (ажосуна) мына бул катты кимиңер алып барасыңар?
Хатиб бин Абу Балтаа (Алла ага ыраазы болсун) ордунан ыргып турат:
-Пайгамбарым! Мен алып барам!
-Эй, Хатиб! Алла бул озуйпаны сага кайырлуу кылсын! деп ак батасын берет Пайгамбар.
Хатиб Алла Элчисинин катын Искандария Мукавкысына алып барат. Катта мындайча жазылган эле:
«Бисмиллахир-Рахманир-Рахим.
Алланын кулу жана Элчиси Мухаммаддан Кыптилердин ажосу Мукавкыска. Ак динге моюн сунуп, туура жолго түшкөндөргө саламаттык тилейм!
Сени дин Исламга чакырам. Мусулман бол да бактыңды тап, Алла сага сыйлыгыңды эселеп берсин. Эгер бу чакырыктан баш тартсаң, кыптилердин күнөөсү сенин мойнуңа жүктөлөт.
«Айткын (Мухаммад): Эй, Китеп ээлери (жөөт жана христиандар), бизге да, силерге да теңдеш болгон бир сөзгө келгиле – жалгыз Аллага гана сыйыналы, Ага эч нерсени (шерик) тең кылбайлы жана бири-бирибизди кудай кылып албайлы. Эгер алар (китеп берилгендер) ушул чакырыктан баш тартышса, анда силер (момундар): «Күбө болгула, биз мусулмандар – Жалгыз Аллага моюн сунуучуларбыз» деп айткыла!» (Али Имран, 64).
Мукавкыс Пайгамбарыбыздын катын окуп, Хатибди (Алла ага ыраазы болсун) жанына чакырат. Андан соң дин адамдарын да чогултат. Окуянын калганын Хатиб (Алла ага ыраазы болсун) өзү мындай түшүндүрөт:
Мукавкыс менден көп нерселерди сурады:
-Сенден айрым түшүнбөгөн нерселер тууралуу сурайм.
-Угуп жатам, айта бериңиз.
-Сенин Төрөң пайгамбарбы?
-Ооба, ал Алланын Элчиси!
-Ал акыйкат пайгамбар болсо, аны өз ата-журтунан кууп чыгып, башка жакка баш калкалоого аргасыз кылган коомго каргыш айтып эмне үчүн Алладан жардам сурабады?
-Сен Иса бин Мариямдын Алланын пайгамбары экендигине күбөлүк бересиң, туурабы? Ал дагы акыйкат пайгамбар болгон соң коому аны кармап, айкаш жыгачка аса турган маалда, коомун жок кылууну Алладан тилесе болбойт беле?
Мукавкыс сөз таппай калды. Тынымча унчукпай турду. Саамдан соң:
-Сөзүңдү кайтала!
Кайталадым. Мукавкыс дагы унчукпай калды. Анан кайра:
-Жакшы сөз айттың. Сен акылмансың, ар бир сөзүң орундуу экен. (Анткени сен) Кеменгер инсандын жанынан келатасың
-Сенден мурун бул жерде бир адам өзүн Кудай деп чыккан. Алла Таала ал Фараонду дүйнө жана акырет азабына дуушар кылган. Сен өзүңөн мурункулардан ибарат-үлгү ал, ал эми кийинкилерге жаман үлгү болбо.
Мукавкыс:
-Биздин бир динибиз бар. Андыктан өз динибизден да кайырлуу дин көрмөйүн биз бул динден кайтпайбыз!
-Дин Ислам сенин диниңден жогору экендиги кадиксиз! Биз сени Алла Тааланын адам баласына дин катары тандаган Исламга чакырабыз. Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) сени эле эмес, бүтүндөй инсаниятты чакырып жатат. Алардан ага эң катуу, аша орой мамиле жасаган Курайш уруусу болду. Ага каршы жөөттөр катуу душмандык кылышты. Христиандар ага жылуу мамиле көрсөтүштү. Муса пайгамбар Иса пайгамбар жөнүндө кандай куш кабар берген болсо, Азирети Иса да Азирети Мухаммад (алейхиссалату вассалам) тууралуу куш кабарын айтып кеткен. Куранга амал кылууга чакырып жатканыбыз, сенин Тооратка моюн сунгандарды Инжилге чакырганың сыяктуу. Ар бир адам өз учурунда келген пайгамбарга үммөт болушу керек. А сен болсо Азирети Мухаммаддын доорунда жашап жатасың. Андыктан сени Исламга чакырабыз. Биз муну менен Азирети Исанын дининен алыстаткан болбойбуз. Керисинче, анын көздөгөн максатына ылайыктуу түрдө амал-иш кылууңду сунуштап жатабыз.
Мукавкыс:
-Мен бул пайгамбардын дининин төркүн түшүндүм. Анда жашоо-өмүрдөн, дүнүйөдөн баш тартууга үндөлбөгөнүн аңдадым. Ал (Мухаммад) жолдон тайган сыйкырчы да, кайыптан аян алганын айтып чыккан жалганчы да эмес экен. Тескерисинче, анда кайыпты көрүп кабар алып келүү өңдүү пайгамбарлыктын белгилери бар. Ошентсе да, дагы бираз ойлонушум керек болуп турат.
Андан соң Пайгамбарыбыздын катына кыскача жооп жаздырды.
Мукавкыс мындан ашыкча эч нерсе кылбады. Мусулмандыкты кабылдаган да жок. Мага: «Абайла! Кыптилер сенин оозуңан бир да сөз угушпасын!» деп эскертүү берди11.
Шаан-шөкөтү бийик, нары сүрдүү, нары кооптуу падышанын алдында ыйманынын толкуну менен айткан акылга бай ажайып сөздөрү ыйманды жандилден сүйгөн момун Хатиптин баам-парасаттуулугун, кайратын даңазалаган мисал.
***
Чакырык катты Ирандын өкүмдары Кисрага Абдуллах бин Хузафа (Алла ага ыраазы болсун) алып барат. Бирок Кисра Мукавкыстан башкача кадам шилтейт. Катта Азирети Пайгамбарыбыздын ысмы өзүнүн атынан мурун жазылганына ачууланып, катты тытып салат. Келген элчиге акаарат кылып, катуу жектейт.
Абдуллах (Алла ага ыраазы болсун) Кисрага жана жалпы эле перс жамаатына кайрылып мындай дейт:
-Эй, перс жамааты! Силер пайгамбарсыз, (Кудайдан келген) китепсиз жана жер жүзүндө өзүңөргө гана таандык жерге ээ болуп, оомал-төкмөл дүйнөдө түш сымал өмүр-жашооңорду өткөрүп жатасыңар! Бул дүйнө силер ээлик кылган жерден алдаканча чоң.
-Эй, Кисра! Сенден мурун дүйнөнү же акыретти эңсеген эчен өкүмдарлар келип, бийлигин жүргүзүп кеткен. Акыретти эңсегендери дүйнөдөн пайдаланып, өз насибин алып кетишкен. Ал эми убактылуу жыргалчылыкты гана эңсегендер акыреттеги бактылуулуктан кур калышкан. Сага сунуш кылып жаткан мына бул динди теңсинбей жатасың, бирок, Кудайга ант болсун, кай жерде болсоң да, азыр алымсынбай жаткан нерсе келгенде жүрөгүң түшүп, коргоно да албай каласың!»
Кисра буга жооп иретинде бар байлык-бийликтин өзүнө таандык экендигин, эч качан жеңилүүгө дуушар болбостугун, өзүнө тең келчү эч бир күчтөн коркпостугун айтып, Абдуллах бин Хузафаны сарайынан чыгартып салат12.
Абдуллах (Алла ага ыраазы болсун) Кисранын сарайынан чыгар замат атына минип Мединаны көздөй жол тартат. Өзүнө-өзү күбүрөнөт:
«Аллага ант болсун, мен үчүн эки жолдон (өлүм же аман калуу) кайсынысы болсо да кайгырбайм. Анткени Алла Элчисинин катын тиешелүү адамга жеткирип, озуйпамды орундаттым»13
Мына, Азирет Мухаммеддин бир өтүнүчүн орундатуу үчүн өлүмгө да кайыл болуп аттанган Ислам каарманынын абийринин бейпилдиги...
***
Абдуллах бин Хузафанын (Алла ага ыраазы болсун) ыймандуулугу, кайратынын курчтугу жөнүндө баяндамаларда бир топ окуялар жазылып калган.
Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) халифалык доорунда Шамдын Кайсария аймагындагы Римдиктерге Ислам кошууну жөнөтүлгөн эле. Кошуунда Абдуллах бин Хузафа да бар эле. Ал Римдиктердин колуна туткунга түшүп калат. Аскербашчысы падышасына алып барып: «Бул Мухаммаддын жөөкөрлөрүнөн!» деп тапшырат.
Падыша Азирети Абдуллахты кыйла күн бою суу да, тамак да бербей ээн үйгө каматат. Акырында Абдуллах жаткан үйгө шарап менен доңуздун этин киргиздирип, үч күн көзөмөл койот. Абдуллах жемек мындай турсун шарапка да, этке да жакын жолоп койбойт. Жан-жөөкөрлөр падышага:
-Мусулман туткун катуу алсырап калды. Аны үйдөн чыгарбасаңыз сөзсүз өлөт! дешет.
Падыша аны алдына алдырып:
- Сен эмне үчүн жеп-ичүүдөн баш тартып жатасың? деп сурайт.
Абдуллах:
-Чынында мындай оор-зарылдык учурларда (шарапты, доңуз этин) жеп-ичсем болот эле. Бирок сен мени жана Исламды шылдыңдашыңды каалабадым! Падыша анын бул салабаттуу жообунан соң:
-Мүлкүмдүн жарымын сага берип, сени байлыгыма, бийлигиме ортоктош кылсам, кызымды да сага никелесем, христиан болосуңбу? дейт.
Абдуллах :
-Сен мага Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) дининен көз ачып жумганчалык кайтышыма мүлкүңдүн баарын жана бардык араптардын байлыгын берсең да макул эмесмин.
-Андай болсо сени өлтүрүүгө туура келет.
-Ал сени эркиң!
Ошентип, жан-жөөкөрлөр Абдуллахты айкаш жыгачка асып салышат да, алгач мергендер ага атайын тийгизбей жебе тартып коркутушат. Андан соң падыша дагы бир жолу христиан динине кирүүнү сунуштайт. Кутман сахаба кыпындай да жылыш көрсөтпөйт.
Падыша:
-Же христиан болосуң, же болбосо сени кайнак сууга салдырам дейт. Падыша Абдуллахтын айтканынан кайтпасын баамдаган соң жез казанына суу толтуруп кайнаттырат. Падыша мусулмандардан бир туткунду алдырып, ага да христин динин сунуштайт. Туткун падышанын сунушунан баш тартканы себептүү аны казанга салдырат. Бул окуялардын баары Абдуллахтын көз алдында өтөт. Казанга салынар замат бечаранын эти сөөгүнөн шылынып түшөт.
Падыша Абдуллахка христиан динин дагы бир ирет сунуштайт. Бул ирет да кабылдабаган соң ачуусун жан-жөөкөрлөрүнөн чыгара, буркан-шаркан түшүп казанга салууну буюрат. Азирети Абдуллах казанга салынардан алдын көз жашын төгүп жиберет. Кылдат карап турган падыша мына эми эпке келди го деп ойлоп, дароо токтотот. Дагы бир ирет христиан динин сунуштайт. Сунушун кескин четке какканын көрүп, таң калып сурайт:
-Андай болсо эмне ыйлап атасың?
Азирети Абдуллах бин Хузафа (Алла ага ыраазы болсун):
-Жасап жаткан мыкаачылыгымдан коркуп ыйлады деп ойлоп турасыңбы? Жок, андай эмес! Мен Алла жолунда берчү бир гана жаным бар болгондугу үчүн ыйладым. Ичимден өзүмө: Сенде азыр бир гана жан бар, мына бул казанга кирип, ошол замат Алла жолунда жан бересиң. Ал эми мен денемде канча кыл болсо ошончо жаным болушун, алардын ар бири ушундай зомбулук менен Алла жолунда удаама-удаа шейит кетишин жан дилим каалар элем! дедим.
Падыша Азирети Абдуллахтын ыйманынан жаралган тайманбастыгын, тайбастыгын, салабаттуулугун көрүп, ыраазы болуп, аны эркиндикке чыгарууга ичинен чечим кылат да:
-Башыман өпсөң, сени эркиндикке чыгарам - дейт.
Мүмкүнчүлүктү пайдаланган Абдуллах падышага тике карап:
-Мага кошуп бардык мусулман туткундарды азаттыкка чыгарасыңбы?
-Ооба, кое берем!
-Жарайт, бул башка кеп.
Кийин Азирети Абдуллах:
«Өзүмө-өзүм: Өзүмдүн жанымды да, мусулман туткундардын жанын да аман алып калууга себепкер болуу үчүн Алла душмандарынан биринин башын өпсөм эмне экен? Өпсө, өбөйүн» дедим.
Ошентип, ал күнү сексен мусулман азаттыкка чыккан экен. Туткундан бошонгон мусулмандар Азирети Умардын алдына келип болгон окуяны айтып беришет. Азирети Умар:
«Абдуллах бин Хузафанын башынан өбүү ар мусулман үчүн милдет! Муну эң алгач өзүм баштайм» деп өзү баштап Абдуллахтын башынан өпкөн экен14.
Ыйман чындап ишенген ыкласман мусулманды адаттан тыш кыраакы, көрөгөч кылат. Ушундай деңгээлге жеткен момун мусулман боло турган же болуп жаткан окуяларга акырет өңүтүнөн назар салат. Алар ошондуктан турмушта ар качан пайда-зыянга эш жүрүшөт. Айтайын дегеним, пайданы да табыщат, зыянды да тартышат. Биз өңдүү жөнөкөй мусулман үчүн дал ушундай көрүнөт алар. Болбосо, бул дүйнөдөгү убактылуу кыйынчылык-машакаттын, өтөр-кетер азап-кайгынын момундар үчүн эч кандай оордугу жок.
***
Ыйманды чын жүрөктөн сүйө жашап өткөн каармандардын арасында Вахб бин Кабша аттуу сахаба болгон. Азирети Пайгамбарыбыз бул кутман сахабаны дин Исламды үгүттөө үчүн Кытайга жөнөтөт. Вахб бин Кабша озуйпаны токтоосуз кабылдап сапарга аттанат. Ошол дооорлордо Медина шаары менен Кытай өлкөсүнүн аралыгы бир жылдык машакаттуу жол экен. Кутман сахаба көздөгөн жерге жетип милдетин өтөйт. Ийгиликтерге жетет. Көптөгөн адамдар анын үгүттөөсү менен мусулман болот. Бир топ мезгилден кийин кусаланып Азирети Пайгамбарыбызды сагынат, көргүсү келет. Көөдөн көксөөсүн тынчытып келүү үчүн батышка карай сапар тартат. Пайгамбарга болгон сүйүү, динге болгон ашыглык, кусалык бир жылдык жол азабын сездирбейт. Бирок жол азабы-көр азабы кишини өңдөн аздырат, кан-сөөлүн качырат, алсыратып чаалыктырат. Тилеке каршы, Ааламдардын Ардагы дүйнө салгандыктан Мадинатул Мунавварага келген кусадар сахаба Пайгамбарын көрө албай калгандыгы үчүн кусалыгы эселеп артат, кайгы-муңга батат. Кулагына Алланын Элчисинин тээ муруңку жылдардагы тапшырмасы жаңырат, өмүрүнүн эң шаңдуу, эң бактылуу ошол учуру көз алдына тасмадай тартылат. Сабырдуу сахаба ошол тапшырманы ара жолдо өксүктө калтыргысы келбей Кытайга кайра кайтат. Озуйпасын аткарат. Жараткан Алланын сабырдууларды жана динге ак дилден кызмат өтөгөндөрдү сүйөрүн ушундан билиңиз, динди жайып жүргөн жеринен Вахб бин Кабшанын рухун алып кетет.
Ошентип Вахб бин Кабша Алланын Элчисинин Кытай өлкөсүндөгү алгачкы өкүлү болуп, улуу шарапатка татыган. Маркум сахабанын сөөгү Кытайда калган экен15.
***
Султан II. Байезид менен анын иниси Жем Султандын ортосунда жараян эткен төмөнкү окуялар бабаларыбыздын ыйман ырайын, Ислам дини ширеткен изгиликти жана артыкчылыктарды айкын чагылдырып турат.
Байезид Вали 1481-жылы падышалык тактыга келет. Падышалыгынын алгачкы он төрт жылын иниси Жем Султандын Осмон мамлекетинин тактында адилеттикти жактап, ошонун натыйжасында пайда болгон бир топ оор көйгөйлөр менен алектенип өткөргөн. Мындай абал II. Байезиддин христиандарга болгон таасирин азайтат. Жем Султан агасы Байазидке кеңеш салат:
-Өлкөнү экиге бөлөлү. Жарымын сен башкар, жарымына мен өкүм жүргүзөйүн!
Кыраакы падыша инисиин бул сунушун орунсуз эсептеп четке кагат:
«-Иним, бул өлкө үммөттүн мүлкү. Эгер аны экиге бөлө турган болсок, өлкө көз көрүнөө күчүн жоготот. Бөлүнүп олтуруп бүлдүрүп албайлы. Бөлүнгөндү бөрү жейт эмеспи. Денем экиге бөлүнсө бөлүнсүн, үммөттүн мүлкү, үммөттүн мекени бөлүнбөйт эч качан!»
Ушундан көп өтпөй Родос шовалясы (Европада берилген алгачкы наамды тапшыруусу комиссия) бал тилге салып Жам Султанды сыйга чакырат. Чакырыкты жерге таштабай камынып жөнөп калат. Чакырган шовалялар жылуу тосуп алганы менен убаданы бузуп мейманга акаарат айтып катуу мамиле жасашат. Алданып кутумдукка кабылганын кеч аңдайт. Шовалялар аны Папанын адамдарына сатып жиберишет. Папалык аны Осмон мамлекетине карата боло турган кресттүүлөрдүн жүрүшүнө колдонууну мерчемдеп жатышкан. Бирок жүрүшкө таакаты дал келбеген Папа Жамга христиан болууну сунуштайт. Анын сунушу мусулман Жамга өтө оор тийет. Эрин тиштеп катуу өкүнөт. Анан Папага минтип айтат:
-Осмон мамлекетинин тизгинин гана эмес, бүт дүйнөнү берсеңер дагы динимди алмаштырбаймын!...
Христиандар дин Исламды бүлгүнгө учуратуу үчүн колдонорун аңдаган туткун Жараткан Аллага минтип жалбарат:
«-Оо Улуу Кудай Таалам! Каапырлар мени Ислам ааламына зыян келтирүү үчүн курал катары колдонгулары келип жатса, бул пендеңди көпкө кармаба! Жанымды тезирээк ала көр!..»
Бул жалбаруу анын динге болгон кайратын далилдөөгө жетиштүү.
Сураныч-тилек кабылданып отуз алтын жаштагы Жам Султан Наполиде көз жумат. Жалган дүйнө менен кош айтышып жатып жанындагыларга минтип осуят калтырып кеткен экен:
«Мен өлгөн соң кабарды бүт өлкөгө жайгыла! Айткандарым өзүм менен кошо кетпесин, сөзсүз түрдө аткаргыла, мени колдонуп мусулмандарга жасала турган каапырлардын жамандыгы ишке ашпай калганын бүт журтчулук билсин! Андан соң агам Султан Байезидке баргыла. Кыйындыгына карабай менин сөөгүмдү өз мекениме алып барып койсун! Каапыр өлкөдө көмүлүүнү эгерим каалабаймын. Болор иш болду. Айта баргыла, менин өтүнүчүмдү жерге таштабасын! Биртуугандык кылып бардык карыздарымды төлөсүн. Карызга малынган абалда Алланын алдына кантип барарымды ойлонсун, баргым келбейт. Үй-бүлөмдү, перзенттеримди жана кызматкерлеримди кечирсин. Жагдайга жараша аларды жетимсиретпесин».
Суук кабарды уккан падыша инисинин керээзин орундатат.
Мынаке, дин Ислам киши баласын ушинтип кыябына келтирген. Бул эки биртууган бири-бирине болгон мамиледе; ыйманга ашыгылык менен бек болуу, мекенчилдик, үммөттүн саламаттыгы үчүн өмүрүн садага чабуу, ак көңүлдүк, кеч болсо да, катасын аңдап абийрин соттоо, адамдын акы-укугуна аяр мамиле, айкөлдүк жана мээримдүүлүк өңдүү дагы далай изгиликтерди көрсөтүшкөн.
***
Иляз, Орозо жана Кызыр аттуу биртуугандардын Осмон мамлекетинин деңиз күчтөрүнүн тарыхында орчундуу орду бар. Биртуугандар Акдеңизде жихат байрагын желбиретпестен мурда деңиз аркылуу соодагерлик менен алектенишкен. Убакыт өткөн сайын Акдеңизде иш жүргүзүү өмүргө, мүлккө коркунуч туудура баштайт. Күндөрдүн биринде Орозону Родос каракчылары колго түшүрөт. Бул кабарды уккан Кызыр биртууганын бошотуп алуунун чарасын издөөгө өтүт. Айтылган өлчөмдөгү салыкты жиберсе да, куру убадага жедеп көнгөн каракчылар Орозону бошотушпайт. Убакыт зымырап өтө берет. Каапырлар бир попту жөнөтүп Орозого христиан болууну сунушташат.
«-Эй, наадандар! Мен эч качан таза динди таштап тамтыгы чыгарылган динге өтпөймүн!» деген жоопту уккан каракчылар:
«-Көрөлү! Мухаммадың келип сени куткарып алар бекен!» деп Орозону кагып-силкип, дининен кайтар деген ниетте сандалга таңып салышат.
Орозо Жаратканга жалбарып, каапырлардан кутултууну тиленет. Аңгыча туткундун жанына ак чепкенчен, жашыл селде оронгон адамдар пайда болуп аны бошоткон соң көздөн кайым болушат. Ошентип Орозонун кутулушуна ырыстуу ыйманы, Аллага кынтыксыз моюн сунганы себеп болот.
Мына ушул окуядан көп өтпөй Орозо биртууганы Кызыр менен Акдеңиздин каракчыларына каршы айосуз күрөштү баштайт. Булардын катарына каракчылардан запкы жеген көп мусулмандар жыйналат да:
-Казат башталды. Алга! Алланын аты менен! деген ураан менен деңизди каракчылардан тазалашат.
***
Чанаккале согушуна аскер башы болуп катышып жарадар болгон сардар (офицер) ыйманды көз карегиндей сактап, сүйө жашоонун ажайып көрүнүшүн минтип эскерген:
«Чанаккале согушу кызуу жүрүп жаткан эле. Душмандын күчү бизге караганда алда канча күчтүү болгонуна карабастан ал күнкү урушта кечке жуук биздикилер үстөм келе баштаган. Көзөмөлчү орунда уруштун акыркы кадамына көз салып турам. Биз тараптын «Алла... Алла...» деген урааны жер менен асмандын ортолугун жаңыртып жаткандай туюлду мага. Алардын бул урааны коркунучтуу маданияттын бар айбатын сезбирген ажаан айкырыктарды да басып алгандай сезилип турду.
Аңгыча мага карай бирөөнүн басып келе жатканын кулагым чалды. Артымды карасам, Али Чавуш экен. Ыраңынын кан сөөлү качып, кубарганынан ажайып кыйналууну окудум. Ал-абалын сурай электе оң колу менен сол колун көрсөттү. Чынын айтсам көрөрүм менен тулку боюм титиреп кетти. Анткени таамай тийген ок билегин талкалап кетиптир. Талкаланган жагын канга чыланган анча мынча териси гана кармап турганын көрдүм. Байкуш Али колунун жан чыдатпас ооруусун басуу үчүн тиштенет эрдин кымтып .
-Мобуну кесип салчы! деп жалбарган тейде оң колундагы макисин узатты.
Анын сөзүнөн чымыраган эрктүүлүктү, аргасыздыкты сездим. Сунулган макини аргасыз алып, салаңдап турган терини кесип жибердим. Канга чыланган колу денесинен ажырап кала берди. Мен анын суранычын аткарып жатып:
-Али кайгырба! Алла Таалам амандык берсин, айыгып кетесиң! деп кайрат берген болдум.
Колун таңдырган соң тосконго карабай уруш майданына кайра кирип кетиптир. Ошондон көп өтпөй Али Чавуш колун гана эмес мекен үчүн жанын арнаптыр. Кайраты байып, көздөрү жумулуп баратканда минтип каалоо айтып кеткен экен:
«-Мекенибиздин кыйыры бузулбасын! Алла ыймандан ажыратпасын!..»
Мынаке, Чанаккале урушунда мекенди коргоону багышталган ыймандын акысы деп билген ырыстуу мусулмандар бул карызды жаны менен өтөөдөн чегинген эмес. Алар ошондуктан куралга жабышкандай динге бекем болуп, ыйманы сыңары куралды бек кармаган...
***
Чанаккале согушу. Кара таандай каптаган душман күчү Румели Межидийенин аскер күчтөрүн быт-чытын чыгарып, чеп мына-мына талкаланды деп жаткан кез. Коргонуу күчүнүн басымдуу көпчүлүгү жардырууга кабылып, он алты замбирекчи окко учуптур. Чоң түмөндөн бир жүзбашы, эки аскер жана түтүгү сынып ок салгычы жараксыз абалга жеткен замбирек калыптыр.
Жүзбашы артта калган аскердик топко кабар берүү үчүн узап бараткан. Каарман Кожа Сеййид жалын бүркүп илгерилеп келаткан душмандын кемелерине тигиле карап улутунуп жиберди. Көзү жашка толду. Душмандын баскынына алсырап күчтөн ажыраганына көөдөнү өрттөнүп, алакан жайып Жаратканга жалбарды:
«Кудуретиңден айланайын Кудай Таалам! Сенин Күчүңө тең келчү эч бир күч жок! Мага ушу тапта эч бир пендеңе багыштабаган бир ажайып күч бер!»
Жүрөгү Аллага ушунчалык жакындап баргандыктан өзүн башка бир ааламда жүргөндөй сезди... Кудай Тааланын алдында тургандай таризи. Көзүнөн аккан жашы бетинен ылдый салаалады. «Лаа хавла валаа куввата илаа биллаах» деп көпкө кайталады дилинде да, тилинде да.
Анан капыстан «Оо Аллахым!» деп катуу кыйкырып алып болжол менен 276 килограмм салмактагы ядрону белдеп көтөрдү. Буга күбө болуп турган аскерлер көкүрөк жана ийин сөөктөрүнүн кадимкидей кычыраганын угушкан. Кожа Сеййидди кара тер каптады. Тысырап эриндери жарылды. Ошого карабай «Оо Кудайым Күчүңдү менден аяба!» деп жалбара берди.
Акырында замбиректин оозуна коюлган ооматтуу үчүнчү ядронун атылышы менен согуштун тагдыры өзгөрдү. Англичандардын «Oкеан» аттуу ок өтпөс кемесине таамай тийип катуу жарылуу болду. Заматта кеме кыйрап деңиз үстү тозоктун элеси сымак көрүнүшкө айланды.
Өлкө башчысы Жевдат Пааша окуядан кабардар болгон соң Аллага алкоо айтты. Куттуктоо үчүн Кожа Сеййидди сарайга чакыртат. Баатырды жылуу куттуктайт да, сынамакка согуш тагдырын башка нукка бурган ядронун салмагынчалык башка ядрону көтөрүп көрүүнү сунуштайт.
-Падышам! Мен ал окту көтөрүп жаткан кезде жандүйнөм Аллага ушунчалык жакындап барган, Анын амири менен адаттан сырт дөө күчүндөй күч пайда болгон эле менде. Өзүмдү бир башкача сезип жаткам ошондо. Кудай Тааладан тилеген тилегим кабыл кылынып Анын албан Кудурети менен өзгөчө ырайымы колдогон. А азыр болсо муну көтөрө албаймын, мени туура түшүнүңүз!..
Падыша:
-Элимдин эрени! Сен ошондо эң чоң ишке жарапсың, ошон үчүн кандай гана каалооң болбосун менден сура, орундаталы.
Жаратканга кулчулук кылуудан башка напси семиртер нерселерди көңүлдөн чыгарып салган алп каарман, рухуна катып жүргөн экинчи каармандыгы менен минтип жооп айтты падышага:
-Элатасы эр ажом! Анүчүн эч нерсе сурабайм! Көрүп турасыз менин денем бираз олбурлуу болгондуктан күнүнө бир тоголок нан каруу-күчкө дем бере албай жатат. Эгер мүмкүн болсо душманга каршы кубаттуу болушум үчүн күнүнө экиден нан бердирсеңиз!...
Падыша Сеййиддин ал каалоосуна кошуп аскери онбашылык даражаны ыйгарат.
Кечки тамактануу маалы келип калган. Күндөгүдөн өзгөчөлөнүп Сейиддин табагында эки тоголок нан турат.Калган аскерлердин алдында демейдегидей эле бир тоголок нан. Сеййид бул абалдын ыңгайсыздыгын эми сезди. Оңтойсуздукка кептелди. Ашпозчуну чакырып абалды түшүндүрүп, экинчи ирет муну кайталабоону өтүндү.
Караңызчы, кандай гана таза, кандай гана аруу көңүл... Ырас, Кожа Сеййиддин бул абалы ыйман ышкысынын, ыкластуулуктун жана берилгендиктин айкын ибараты.
***
Ыйман -бул супурасы кургак ой-сезим эмес. Ыйман-момун жүрөгүн байырлаган улуу байлык. Ыйман - жүрөктүн тазалыгынын жана даражалуулугунун күбөсү. Берилгендик жана ыкластуулук ыймандуулуктун белгиси. Ыйман-бул түбөлүктүүлүктүн кенчи. Аны күчтөндүрүп жана коргоп калуу үчүн тээ көөнө тарыхтардан бери нечелеген жан кыйылган, ыйманына сак нечен жандар каапырлардын каарына, азабына туруштук берген. Алланын ыраазылыгы үчүн чен-өлчөмү белгисиз изгилик жана каармандыктар көрсөтүлгөн. Учурда бүт нерседен оболу ыроолонгон ыйманды баштан бери айтып келе жаткандай көлкүгөн ашыгылык жана эңсөө менен коргоп өтүүгө муктаждык бар. Ыйманды ашыгылык менен сүйүп, аруу туткан пенде кайдыгерликтин сазынан чыгып коомчулуктун абалына, тагдырына өзүн жоопкер сезет. Эгер биз ушу дүйнөдө ыйманыбызды коргоп, баралына жеткирүү үчүн кайрат сарптасак, Алланын алдына барган чакта акыбетин жакшылыктан табаарбыз буйруса!
Алла Таалам баарыбызды ыйманын коргоп баралына жеткирген жана өмүрдү Өзүнүн ыраазылыгы үчүн сарптаган пенделерден кылсын!...
Оомийин!..
«Амалдар ниеттерге жараша бааланат» (Бухари, Иман, 41; Муслим, Имара, 155).
Бул хадис ибадат баш болгон жамы кайырлуу амалдарды Алланын ыраазылыгы үчүн орундатуу зарыл экендигин эске салат. Бул жерде орундатуу зарыл деп жатабыз. Бирок ошол аткарыла турган иш-аракеттер дилдеги ыкластуулук менен гана жогорку баага арзып, кабылданарын жогорудагы хадис айтып турат. Ошол себептен Алланын даргөйүндө ибадаттарыбыздын кабылданышынын негизги шарты ыкластуулук болуп эсептелет.
Ыклас ибадат болсун, башка кайырлуу иш-аракет болсун, Алланын ыраазылыгын көздөө жана аларга напсинин көлөкөсүн түшүрбөө. Дене турпат үчүн жан канчалык маанилүү болсо, ибадат менен амал үчүн ыклас ошончолук зор мааниге ээ. Ыклассыз кылынган амал соопсуз чарчоодон башка эч кандай баага арзыбайт.
Кудай Таалага жакындоону максат кылып напси азгырыгына алдырган бүт нерседен жүрөктү тазалоо ыкластуулукка болгон биринчи кадам.
Ыклас - бул амалдарды элкөрсүн, менменсинүү же текеберлик сыяктуу руханий кирден коргонуу. Анткени аталган жагымсыз сыпаттар пенде ыкласын алсыратып жок кылчу дарт болуп саналат.
Алла Тааланын ыраазылыгына кайчы келген бардык ышкы сезимдерди көңүлдөн сүрүп чыгаруу мусулмандын айныгыс озуйпасы.
Напсинин азынаган азгырыгы ыкласман мусулмандардагы ыклатуулукту жою үчүн ар убак аларды тооруп жүрөрүн эстен чыгарбоо кажет. Тактап айтканда, ыкластуулук сапатын кокус жоготуп алуу коркунучу пендени ар дайым жандап жүрөт. Бийик тоого чыгуу жана анын чокусунда кылт этпей кыймылсыз туруу канчалык кыйын болсо, бул изги сапатты сактап өтүү да ошончолук оор. Зуннун-и Мысрийдин ушул өңүткө карата айткан береги сөзү абдан ибараттуу:
«Жамы пенде өлүм уйкусунда. Аалымдар ойгоо, аалымдар тирүү. Бардык аалымдар уйкуда. Бар илимине амал кылгандар ойгоо. Илимине амал кылгандар да алданышы толук мүмкүн. Бирок ыкластуулар алданбайт. Ошентсе да, ыкласман пенделерди (бу дүйнөнүн ар бир көз ирмеминде) чоң коркунуч жандап жүрөт...16»
Ушунчалык нары кыйындыгына, нары оорлугуна карабай ыкласты сактай алган мусулмандар Алла Тааланын сөз кудурети чагылдыра алгыс улуу сыйына ээ болушат.
Жыйынтыктап айта турган болсок, ыкластуулук момун мусулманды жакшылыктардын эң улугу саналган Алланын ыраазылыгына жеткирет. Анткени Алла Таала пенделеринин амалдарынан күткөнү, Өз ыраазылыгына багыттанган биздин ыкласыбыз, анын тазалыгы же салмагы. Куранда минтип буйрулган:
«(Мухаммад) Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Эми динде Аллага гана ыклас менен ибадат кыл!» (Зумар, 2)
«(Мухамад!) «Акыйкатта, мен динде бир гана Аллага берилип (Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн) ибадат кылууга буйрулганмын» дегин» (Зумар, 11).
Ыклас момун пендени шайтандын азгырыгынан куткарат. Анткени шайтан ыкластуулукта бекем болуп, чыдай алгандардан оолактайт.
«(Иблис айтты): Оо, Эгем! Мени адаштырганың үчүн Сага берилген ыкластуу пенделериңден башка бардык пенделериңе жер жүзүндө күнөөнү сонун көрсөтүп олтуруп, алардын баарын адаштыра беремин!» (Хижр, 29-30).
Ыкласман пенделер тозоктун азабына түшпөйт. Жараткан Алланын: « Алланын ыкластуу пенделери гана (азаптан) аман болушат» (Саффат, 40) буйругу бул чындыкты сүйүнчүлөгөн.
Аз болсо да ыкластуулук менен аткарылган амал ээсинин акырет азабынан кутулушуна өбөлгө. Анткени Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«Диниңе ыкластуу бол! Ыкластуу болсоң аз амал да сага жетиштүү» деп буйруган (Хаким, IV,341).
Ыклас Алланын назарын жана мээримин кишиге бурат.
«Алсыздардын дубасы, намаздары жана ыкластуулугу себептүү Алла Таала бул үммөткө жардам этет» деп айткан Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) (Насаи, Жихат, 43).
Ыкластын көп нерседен жогору турарынан шек санабоо керек. Ыкластуунун кайраты текке кетпейт, ар убак Адилеттүү Алланын жадында болот. Тарыхка көз чаптыра турган болсок, сабырдуу, ыкласман адамдардан турган аз сандагы кошуундар кубат жагынан да, сан жагынан да өздөрүнөн алда канча көп согушчандарды Жараткандын амири менен жеңип алышкан. Демек, ыклас жеңиштердин пайдубалы экендиги айдан ачык.
Изгилик элестери
Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) өмүр жолу ыкластуулуктун сересин чагылдырган мисалдар менен шөкөттөлгөн. Ислам дини жаңы көз ачып, чакырык эми башталган кезде болуп өткөн төмөнкү окуя бул чындыкты таасын айгинелейт:
Ислам динине Меккенин мушриктери башынан эле каршы чыгышат. Азирети Мухаммедди чакырыктан кайтаруу үчүн агасы Абу Талиптен кабар айтып көрүшөт. Алардын пикирин уккан пайгамбар агасына минтип жооп айткан:
"-Абаке! Ант болсун! Оң колума күндү, сол колума айды алып беришсе да, Алланын динине чакыруудан баш тартпаймын! Же бул динди Алла Таала бүт ааламга жайат, менин озуйпам бүтөт; же болбосо ушул жолдо жан берем!"17
Алгачкы кадамдын жыйынтыксыз болушу мушриктердин түн уйкусун бузат. Өз араларында кеп-кеңеш куруп, чечимге келген сон Азирети Пайгамбарыбызга келишти да, жибип кетер деген ниетте берегидей сунуш киргизишти:
"«-Сен таза урпактан чыккан, бизге караганда тукумуң да, өзүң да мартабалуу адамсың! Ушу убакка чейин арап элинен бир да адам жасай албаган нерсени жасап, айта албаган нерселерди айтып келатасың. Бирок ушул чоң уруунун арасын бөлүп жарып, бизди бири-бирибизге каршы коюп жатасың. Ушинтип эле көшөрүп эмне тапмакчысың, максатың эмне?
Эгерде байыгың келип, көшөрүп жаткан болсоң, каалашыңча дүнүйө-мүлк берели. Ушунча уруулардын ичинен эң байыбыз сен бол!
Эл бийлегиң келип жатса, сени дароо башчы кылып алалы, Меккенин акими болуп ал!
Эгерде ниетиң асылзат бир аялга үйлөнүү болсо, өзүң каалаган Курайштын эң сулуу кызын алып берели!
Эгер жин-шайтан жармашып, бир балээге кабылган болсоң, бакшы чакыртып айыктыралы. Сени куткаруу үчүн бүт нерсени жасаганга даярбыз.
Эмнени кааласаң аткаралы! Болгону ушул чакырыгыңды ташта! деп бал тилге салып, айла-амал кылып көрүшөт.
Азирети Пайгамбарыбызды өздөрүндөй ойлоп мал-мүлк, байлык-бийлик жана аял берип, жолунан кайтарып алабыз деген мушриктердин акыркы үмүтү эми чындап таш капты.
Алар адамды уулоо үчүн эң ийги каражат катары колдонуп жүргөн ушул үч сунушка «жок!» дей албайт деген ойго өздөрүн ынандырып алышкан эле.
Дүнүйө, мансап жана шакыбат адампендени көбүнесе жолдон чыгарган, адамдын эркин ээритип, напсиге чүлүк салган тузак болуп саналат.
Бирок тиги айбанчалыш мушриктер Алла Элчисинин жаркыган-нурдуу жашоосунда береги убактылуу азгырыктардын эч бир орду жок экенин аңдоого акылдары жеткидей эмес?!..
Анткени Алла Элчисинин айдан ачык жообу, мына ушул чындыкты кашкайта даршан кылган:
«-Мен силерден мал-мүлк, мансап же бийлик сурап жаткан жерим жок! Менин силерден жалгыз өтүнүчүм: буттарга сыйынбагыла, жалгыз Аллага гана ибадат кылгыла!18».
Алланын Элчисинин бар кайраты, бүт ыкласы динди жаюу эле. Ан үчүн чакырылып жаткандардан жеке өз кызыкчылыгына эч нерсе талап кылган эмес. Башка пайгамбарлардай эле ал да:
«Менин ушул чакырыгым үчүн силерден эч кандай акы талап кылбайм. Мага акыбетти Ааламдардын Раббиси Алла берет!19» деген.
***
Азирети Мусанын төмөндө кеп кылына турган сапаты ыкластуулуктун ажайып көрүнүшүн даана чагылдырып турат:
“Муса Мадяндын суусуна барган кезде ал жерде (жандыктарын) сугарган бир топ адамды көрдү. Жана алардан обочороокто (жандыктарын суудан) имерип турган эки аялды көрдү. Аларга: Маселе эмне? деди. Алар мындайча жооп беришти: Чабандар сугарып кайтмайын биз (алардын арасына кирип жандыктарыбызды) сугара албайбыз; атабыз улгайып калгандыктан (койлорду сугарганга дарманы жетпейт)” (Касас, 23).
Бул эки аялзаты Шуайб пайгамбардын кыздары Сафура жана Суфайра эле. Азирети Муса сегиз күн бою курсагы ач жүргөнүнө карабай кыйналып болсо да кудуктан суу тартып, Сафура менен Суфайранын койлорун сугарды. Кыздар Азирети Мусага ырахмат айтышып жөнөп кетишти.
“Анан алардан бири ийменүү менен басып келип: “Атам сени бизге (койлорубузду) сугарып бергениңдин акысын берүү үчүн чакырып жатат” деди. Анан (Муса Шуайбдын алдына) келип, ага өз аңгемесин баяндаганда ал:Коркпогун. Сен ал заалым коомдон кутулдуң деди” (Касас, 25).
Азирети Шуайб үйүнө келген ардактуу коногуна ак дасторконун жайып, сыйын көрсөттү. Бирок Муса (алейхиссалам) курсагы ач болуп турганына карабай тамак жегенден кыжаалат болуп жатты. Шуайб пайгамбар жигитти кыжаалат кылып жаткан нерсени астейдил сурады. Муса (алейхиссалам) өзүн кыжаалат кылып жаткан көйгөйдү айтып берди:
-Бүт дүйнөнү алдыбызга жайып таштаса да, биз аны акыреттик нематка алмаштырбаган бүлөбүз! Мен тамак үчүн эмес Кудай Тааланын ыраазычылыгы үчүн жардамдашкан элем.
Коногунун мындай кеменгер жообуна ыраазы болгон Азирети Шуайб анын көңүлүн башка жука бургусу келди:
-Андайды оюңа ала көрбө, мырзам! Алдыңдагы сый тамак жардамың үчүн эмес, Кудайы коногум болгондугуң үчүн, ал, ала кой, эч тартынба!
Улгайган инсандын көңүл жибиткен сөзү Азирети Мусанын жүрөгүндөгү санааны ээритип жиберди.
Алла ыраазылыгы үчүн жасалган жакшылыктардын акыбетин жоготуп албоо үчүн дүнүйөлүк акы талап кылып же кандайдыр бир акы үмтөтүп ниеттеги ыкласка көлөкө түшүрүп албоо зарыл экендигин мына ушул окуя чагылдырып турат.
***
Табук жүрүшүндө көрсөтүлгөн ыкластуулуктун мисалын Васила бин Аска минтип баяндаган:
Табук жүрүшүнө чыга турган күн да келип калган. Дармансыз экендигим аз келгенсип, казатка минер унаам дагы жок эле. Нары сооптуу, нары куттуу казаттан куру калбоо үчүн чара издей баштадым. Мединанын көчөсүнө чыгып жар сала баштадым:
-Ким мени унаасына учкаштырып казатка ала барат? Бөлүнө турган үлүшүмдөн акысын берем!
Мединалык Ансардын бир аксакалы үнүмдү угуп калганбы, айтор, кезектешип минип баралы деген келишим менен мени казатка ала бармай болду. Аксакалдын пикирин угарым менен макулдугумду билдирдим.
«Андай болсо Алланын берекесине карай жөнө!» деди.
Ошентип мен кайырлуу жолдош менен казатка бет алдым. Казат ийгиликтүү аяктап, мага бир топ төө үлүшкө тийди. Алдыма салып айдап алып Ансардык аксакалдын короосуна киргизейин деп жатсам, ыкласман аксакал таарынгандай кол жаңсады:
-Ой жигит! Алып кет буларды, бул эмне деген тамашаң?
-Казатка аттанардан алдын экөөбүз макулдашпадык беле? Мен сизге унаа акысын берем деген эмес белем?!
-Ай, тууганым ай, бул сага үлүштөнгөн олжо. Мен сенден дүнүйөлүк үлүш талап кылган эмесмин! Мен тек гана сооп үмүт кылып, руханий пайдаңа ортоктош болсом деп тилек кылган элем! деп өкүм жооп кылды (Абу Давуд, Жихат, 113/2676).
Алланын ыраазылыгын табуу үчүн жан берүүгө да кайыл нечен сахабалар Кудай жолунда казатка чыгарда, момун-мусулман бирбооруна жардамын көрсөтөрдө ыкластуулуктун сырына кунт коюшкан. Кудай Таала үчүн жасаган жакшылыктарга көрпенделиктин, көмүскө кызыкчылыктын кылчалык көлөкөсүн түшүрбөөгө бүт дилден аяр кадам жасашкан.
***
Азирети Аишадан кайыр-садага алган кембагал ага акбатасын берер эле. Кызыгы, дал ошондой дубаны Азирети Аиша кембагалга да берчү экен. Күндөрдүн биринде бир адам Аишадан мунун сырын сурайт:
-Сиз эмне үчүн кайырмыңызга кошуп батаны да бересиз?
-Кайырчынын батасы мен берген садаганын акысы болуп калабы деп корком. Кайырымым калыс болсун, акыбетин Кудай Тааламдын Өзүнөн күтөйүн деген тилек менен мага кандай бата берген болсо, кайырчыга да дал өзүнүкүндөй батамды берем!20.