ТАСАВВУФ
Осман Нури Топбаш
Published by Erkam Publications at Smashwords
Copyright © 2010 by Osman Nuri Topbas
Smashwords Edition, License Notes
All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying, recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.
E-mail: english@islamicpublishing.net
Web site: http://www.islamicpublishing.net
МАЗМУНУ
2. Тасаввуф – бул напсини теске салуу жана жан дүйнөнү тазалоо
3.Тасаввуф–булаягыжокруханийкүрөш
6. Тасаввуф – бул шүгүрчүлүк жана моюн сунуучулук
Ж. ТАСАВВУФТУН БАШКА ИЛИМДЕР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ
1. Тасаввуф жана Исламий илимдер
а. Тасаввуф жана калам
б. Тасаввуф жана тафсир
в. Тасаввуф жана хадис
г. Тасаввуф жана фикх
4. Тасаввуф жана көркөм өнөрлөр
а. Мукам үн
б. Архитектура
в. Хусни хатт
З. ИЛМ-У НААФИ (Пайдалуу илим)
ТАСАВВУФТУК ТАРБИЯ (Сайру сулуук).
А. НАПСИ ЖАНА АНЫН ТЕСКЕ САЛЫНЫШЫ
а. Нафсу аммаара
б. Нафсу лавваама
в. Нафсу мулхама
г. Нафсу мутмаинна
д. Нафсу раадия
ж. Нафсу мардиййа
з. Нафсу каамила
а. Адал азык
б. Жаратканга алакан жая дуба кылуу, кечирим тилөө
в. Куран окуу жана анын өкүмдөрү менен өмүр сүрүү
г. Ибадаттарды «хушуу» менен аткаруу
д. Түнүчүндө туруп Жаратканга ибадат кылуу
ж. Зикруллах жана мураакаба
з. Алланын акыркы Пайгамбарына салават айтуу
и. Өлүм жөнүндө ой толгоо
к. Такыбаа адамдар менен бирге жүрүү
л. Адамгерчиликтүү болуу
4. Аруу жан дүйнө менен ааламга назар салуу
В. ТАСАВВУФТУК ТАРБИЯНЫН НЕГИЗГИ ТҮРКҮКТӨРҮ
Г. МУРШИД-У КААМИЛ ЖАНА РУХАНИЙ ТАРБИЯНЫН УСУЛДАРЫ
2. Руханий тарбиянын усулдары
а. Сүйүү жана раабыта
б. Дилмаек (сукбат)
в. Кызмат
г. Таважжух
д. Дуба
1. Туура жол жана ырайымдуулуктун ыкмасы
2. Кичи пейилдиктин жана боорукерликтин ыкмасы
МАРИФАТУЛЛАХ жана ЖАРАТКАНДАН БЕЛЕКТЕР
3. Марифатуллах жана анын олуя-аарифтердеги мисалы
ТАСАВВУФТУК АЙРЫМ БИР МАСЕЛЕЛЕР
ЖАРАТКАНДЫН ОЛУЯ ПЕНДЕЛЕРИНЕН АКЫЛ-НАСАТТАР
Жаратканга моюн сунуу, кызмат жана насаат
Олуя пенделердин кичи пейилдиги
Жакшылыгыңды эл эмес, Жараткан Алла билсин!
Алланын алдында кабыл болчу жакшылык иш
Мага Жараткандын ыраазылыгы керек
Алдыда жүргөндөрдүн жоопкерчилиги
Адам баласына жан салып, ой-жүгүртүүгө жөндөмдүү аң-сезим, акыл-көрөңгө сыяктуу баа жеткис жакшылыктарын ыроологон Улуу Жараткан Алла Таалага миң мертебе шүгүр!
Жараткандын адал жолун көргөзүп, жалгыз Алла Тааланы таанууга, ак менен караны, адал менен арамды айырмалоого үндөгөн Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга, анын бүлөсүнө жана ардактуу сахабаларына дубай салам! Жараткан Алла аларды Өзүнүн учу-кыйырсыз ыраакымына, мээримине бөлөсүн!
Тасаввуф – бул Ислам дининин руханий өңүтү. Тасаввуф мына ушул өзгөчөлүгү менен Исламдын илим дайрасынын тунуктугу, аруулугу жагынан эң бир бийик, эң бир таза жана эң бир аруу өңүтүн камтыйт. Ырас, бүгүнкү күнгө чейин тасаввуф жөнүндө жазылган китептер негизинен Ислам дининин аруулугун, улуктугун даңазалап, «мусулман баласы канткенде аны менен жуурулуша жашап, түбөлүк бакыттын жолоочусуна айлана алат» деген маселени көтөрүп, ал үчүн куттуу аят-хадистердин негизинде белгиленген бир катар усул-эрежелерге кайрылган. Бул багыттагы китептер элдин даражасына карата жалпысынан үчкө бөлүнөт;
- аалымдарга карата жазылган китептер.
- аалымдарга да, жалпы журтчулукка да арналып жазылган китептер.
- карапайым элге карата жазылган китептер.
Маселен, «Фусуусул Хикам», «Инсан-ы Каамил»1 сыяктуу китептер маани-маңызы жана тили жогорку деңгээлде жазылган. Ал эми Мавлянанын «Маснави» аттуу эмгеги кээ бир жагдайларда аалымдарга, айрым учурларда катардагы адамдарга да түшүнүктүү тил менен берилген. Булар менен бирге карапайым калкка карата жөнөкөй, жатык тил менен жазылган «Анваарул-аашикиин», «Мухаммадия» жана «Нафахаатул-Унс» сыяктуу эмгектер да бар.
Тасаввуфтук китептердин ар түрдүү деңгээлде жазылышы – бул, коомдук талап. Себеби жалпыга маалым болгондой, коомдо ар түрдүү адамдар жашайт. Ошондуктан бул өңүттөгү китептер илими жогору адамдарга да, карапайым журтчулукка да өз деңгээлдерине жараша Ислам динин туура, так жана түшүнүктүү тил менен жеткирүүгө багытталган.
Мына ушундай өңүтү менен коомдун ар бир катмарына кайрылган тасаввуф учурунда экономикалык, социалдык жактан болсун, маданият жагынан болсун, айтор, жогору деңгээлге жеткен Ислам дүйнөсүнүн кайрадан төмөнгө карай кетишине тоскоол болуп, руханий дем-күч берип келген. Ошондой эле ал коомчулук баскынчылардын өкүмзордугунан, оторчулдугунан запкы жеп, алапайын таппай калган кезде мусулмандын жаралуу жан дүйнөсүнө жан азык болуп берген. Ал бир жагынан ыйманы бекем ыкластуу момун-мусулмандарды жөнөкөйлүктүн, такыбаалыктын сересине үндөп, текеберликтен, бой көтөрүүчүлүктөн, көрсөтмөлүүлүктөн оолак болууда өзүнчө күч берсе, экинчи жагынан күнөөгө белчеден баткан канчалаган пенделерге кечиримдүүлүктүн, мээримдүүлүктүн каалгаларын көрсөтүп, Жараткандын адал жолуна түшүүлөрүнө себепчи болгон. Ырас, моңголдордун кыргынынан кийин бүтүндөй Ислам дүйнөсүн чулгаган каран күнгө дуушар болгондорго тасаввуфтук аңтүшүнүктүн кошкон зор салымына, ошол учурда улуу аалымолуялардын2 коомчулукка руханий жактан берген дем-күчүнө тарых өзү күбө.
Учурда адамзат руханий жактан жапа чегип, түркүн түстүү азгырыктардын артынан сая кууп кетип баратат. Ыйман булагына зар болуп, чаңкап турган мына ушундай чакта адам баласынын жан дүйнөсүнө жан азык болчу Ислам дининин өзөгүнө, анын руханий өңүтүнө болгон муктаждык эч качан четке кагылбайт. Ырас, атеизмдин укуругунан эми гана кутулуп, ыйман булагына суусаган канчалаган боордошторубуз руханий жактан дарыланууга аша муктаж абалда турат. Материализмден жан дүйнөсү какыраган чөлгө айланган нечелеген адамдар Исламга бет алып, аны ар тараптуу таанууга, анын улуулугун, анын аруулугун аңдоого жанүрөшүүдө.
Мына ушунун баары тасаввуфтун ыймандуулар үчүн баа жеткис байлык, көөнөрбөс кенч болгондугун айгинелейт. Бул өңүттөн ал мусулмандардын такыбаалыгын жогорулатууга, адашкандардын туура, адал жолго түшүшүнө себепкер болгондугу менен өтө зор мааниге ээ.
Себеби чыныгы тасаввуф Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) өрнөктүү өмүр кенчинин береке-кутун кыяматка чейин келчү муундарга жеткирүүнү көздөйт. Мына ошондуктан Жараткан Алланын улуу Ислам дининин рухун, кутун кан-жанына сиңирген Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз аркылуу өткөн ошол руханий өзөктү (б.а. дин Исламдын өзөктүк рухун) кутман сахабалар, андан кийинки муундагы аалым-олуялар кылымдар бою жандуулугун да, аруулугун да жоготпой сактап келишти, ал бүгүн да сакталууда жана эртең да сакталуу бойдон калмакчы.
Ошол себептен Ислам дини учурда мусулмандардын материалдык жактан төмөн болгонуна карабастан дүйнө коомчулугунда өзүнүн аруулугун сактап, зор таасирин берип келет.
Учурубузда Исламдын ачык-жашыруун душмандары тасаввуфту Исламдан такыр бөлөк нерсе сыяктуу көрсөтүү үчүн ар түрдүү долбоорлордун үстүндө иштеп, күчтөрүнүн жетишинче жан далбас урушууда. Ислам менен тасаввуф бул жан менен дененин мисалы сыяктуу. Тасаввуфту Ислам дининен ажыратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бүгүнкү күнү маселенин төркүнүн түшүнө бербеген айрым бир адамдар тасаввуф жөнүндө жаңылыш жана толук эмес маалыматтары менен кимдир бирөөлөрдүн чырагына май тамыза турган орунсуз талаштартыштарга жол ача тургандыктан бул багытта туура, так жана түшүнүктүү маалыматтарды элге жеткирүү учурдун талабына айланып олтурат. Албетте, тасаввуфтун зарылчылыгы муну менен гана чектелбейт. Ал ыйман булагын бүтүндөй адам баласынын жан дүйнөсүнө жеткирүүнү көздөгөн аруулуктун, сулуулуктун жана улуулуктун мухит-океаны сыяктуу.
Мына ушул океанга биз дагы дал ошол аруу максаттар менен аттанып, чама-чаркыбызга жараша жакшылыктын камын көрүүгө аракет кылдык. Тасаввуф эң ириде «сөзгө» эмес, адамдын жан дүйнөсүнө, жүрүм-турумуна, иш-аракетине, адеп-ахлагына багытталгандыктан бул эмгегибиз кимдир бирөөлөрдүн Жараткандын алдына жарык жүз менен барышына себепкер боло алган болсо, өзүбүздү бактылуу деп билебиз.
Колуңуздардагы эмгекте тасаввуфтун жалпы маанимаңызы, анын негизги темасын түзгөн «марифатуллах3 – жалгыз Алла Тааланы таануу», «мухаббатуллах-жалгыз Алла Тааланы сүйүү», «тазкия-у нафс – напсини тарбиялоо», «тасфия-у калб – жүрөктү, жан дүйнөнү тазалоо» ж.б.у.с. түшүнүктөр жана тасаввуфтук усул-эрежелер жөнүндө маалымат берүүгө аракет жасадык. Алгач ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын жана анын жолун жолдогон аалым-олуялардын уюткулуу жүрүм-турумдарынан мисалдарды келтирдик. Учуру келгенде тасаввуфтун тереңинде жаткан айрым бир өзөктүк түшүнүктөргө карата айтылган жаңылыш пикирлерге жооп иретинде маалыматтарды бердик. Ошону менен катар тасаввуфта талап кылынган руханий тарбиядан алыс айрым бир адамдардын жакшы ниет менен, бирок илимсиздигинен улам орунсуз кадамдарынын бул жолго эч кандай байланышы болбогондугуна да кайрылдык.
Бул китеп мына ушундай өңүттөрү менен сыртынан авторго таандык болсо да, ырасында Жараткандын сүйүктүү пенделеринин китеби. Жайлоодогу бетеге-чөптү алып чыккан жазгы жамгыр сыяктуу мындагы бардык изгиликтер да ошол залкар инсандардын жан дүйнөсүнөн агып түшкөн «жамгырдын» түшүмү. Ал эми биздин бул жердеги милдетибиз учурдун талабына жараша ошол түшүмдү жыйноо гана болду.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бул эмгекте аты эскерилген Алланын сүйүктүү пенделерине, китептин жарык көрүшүнө салым кошкон досторума чын ыкласыман терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.
Оо, Жараткан Алла! Илимибиздин аздыгына жана аңтүшүнүгүбүздүн тайыздыгына карабастан алп тасаввуф ааламы жөнүндө сөз түрүнө түшүрүүгө батынып билдирген ой-пикирлерибиз, сезимдерибиз ардактуу окурмандарыбызга жалгыз Өзүңдүн адал жолуңдан тайбай жүрүшүнө жардам берсе экен...
Оо, Жараткан Кудурет! Арзыбаган кызматыбызга берекеңди жаадырып, бизге кадырман окурмандарыбыз менен бирге түбөлүк бакыттын мөлтүр булагынан даам сызууну насип буюра көр... Бизди адал жолуңдун туруктуу жолоочусуна айлантып, түбөлүк бакытка жеткире көр...
Оомийин!..
Осман Нури Топбаш Үскүдар / 2002
Улуу Жараткан Алла Таала адам баласына ыроологон сан жеткис жакшылыктарына кошумча:
![]()
«Ага өз рухуман (рух, жан) салдым»4 деп буюруу менен баасы бычылгыс өзгөчө белек тартуулагандыгын билдирет. Жараткан Алла мунун ордуна андан кулчулук озуйпасын аткарышын талап кылуу менен жүрөктүн төрүнө Өзүнө (Аллага) болгон улуу сүйүүнү орнотуп, чексиз Ыраакымына бөлөнүшүн каалаган.
Жараткан Кудурет адам баласын адал жолго салуу үчүн ага айбандан айырмалап бир катар жогору сапаттарды ыроологон. Буга кошумча адамзатынын ичинен өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон кээ бир пенделерине «пайгамбарлык» озуйпасын жүктөө менен адамзатына дагы бир чоң жакшылыгын көрсөткөн. Пайгамбар болбогон учурларда «пайгамбарлар мураскору» деп аталган аалым-олуя пенделери аркылуу береги жакшылыгын уланткан.
Жараткандын бул жакшылыгы Азирети Адам ата менен башталган. Жалпыга маалым болгондой, азирети Адам алгачкы инсан жана алгачкы пайгамбар.
Бул куттуу жол Жараткандын кудурети менен өзүнчө бир шамчырактын шоолалары сыңары тизмектелип келген жүз жыйырма миңдей пайгамбарлар аркылуу тастыкталып бекемделе берди. Учурдун шартына жана адамдардын аң-түшүнүгүнө жараша түзүлгөн бул тизмек акыркы пайгамбар азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) менен баралына келип, туу чокусуна жетти.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) нуру жагынан Адам (алейхиссалам) атадан мурун жаралып, ал эми денеси жагынан бардык пайгамбарлардан кийин келүү менен пайгамбарлык тизмектин алгачкы жана акыркы алкагы болгон. Тагыраак айтканда, ал убакыт өңүтүнөн акыркы, ал эми жаралуу өңүтүнөн алгачкы пайгамбар.
Бүтүндөй жандуу-жансыздын жаралуу агымы «Мухаммад Нуру» болгондугу үчүн Алла Таала азирети Пайгамбарыбызды «сүйүктүү пайгамбарым» деген алкышка ылайык көргөн. Жараткан Алла анын көөнөрбөс өмүр кенчин ар өңүттөн эң жогорку деңгээлде шөкөттөп көрктөө менен аны бүтүндөй адам баласына өзгөчө белек катары тартуулаган.
Акыркы Элчинин (саллаллаху алейхи васаллам) өмүр таржымалы жана адамдык касиети, кулк-мүнөзү адам баласынын акылына сыйа турган таризде болуп, адамдык адеп-ахлактын туу чокусунда турат. Себеби Жараткан Өзү аны бүтүндөй адам баласы үчүн «усватун хасана» б.а. адамдык асыл сапаттын үлгүсү катары жараткан. Ошондуктан Алла Таала аны коомдун эң төмөнкү катмары «жетимдиктен» тартып, эң жогорку катмары өлкө башчылыгына, пайгамбарлыкка чейинки бардык катмарга жооп бере алгыдай жөндөмгө эгедер кылган.
Жараткан Алла анын пайгамбар болушунан тарта кыямат күнүнө чейин келчү бүтүндөй адам баласына «теңдешсиз үлгү» болгондугун маалымдайт. Бул багытта аяттардын биринде мындай делет:

«Ант болсун! Алланын Элчиси силер үчүн, Аллага жана акырет күнүнө ишенгендер, Алла Тааланы көптөн-көп эстеп зикир кылгандар үчүн теңдешсиз үлгү» (Ахзаб сүрөсү, 21-аят)
Бул деген сөз ишеним өңүтүнөн болсун, адеп-ахлактык өңүтүнөн болсун, айтор, адамдык эң негизги улуу максатка ылайык бышып-жетилүү үчүн ошол куттуу инсандын өрнөктүү өмүр кенчинен, анын жүрүм-турумунан, кыймыл-аракетинен үлгү алуу зарылчылыгы кескин түрдө талап кылынаарын туюнтат. Анын өмүр таржымалын, куттуу сөздөрүн окуган мусулман баласы андан өзүнүн шык-жөндөмүнө жараша пайдаланып насип алууга умтулуп, анын акыйкатына жетүүнү көздөгөнү дурус. Бул ага бапестелген сүйүүгө, анын руханиятынан насип алуунун өлчөмүнө жараша жүзөгө ашат. Анын руханияты менен камыр-жумур болуу аркылуу сан жеткис ырыскы-кутка тунуу мүмкүн. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын адамдык касиетинен жана анын руханий жашоосунан күчүбүздүн келишинче насип алуу, анын кулк-мүнөзү менен жүрүм-турумубузду оңдоо – эки дүйнөлүк бакыттын белгиси.
Бүтүндөй аалам-атпайды жараткан улуу Кудурет «аалам ардагы» деген алкышка ылайык көргөн ардактуу Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ар өңүттөн эң жогорку деңгээлде жаратып, ага Өзү тарбия берген. Акыркы Пайгамбар бул багытта: «Мени Алла Таалам Өзү тарбиялады...» деген (Суйутий, ЖамиусСагийр, 1, 12).
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бул жарыкка көз ачкандан тарта 40 жыл бою караңгы коомдо өмүр сүрдү. Ошого карабастан өзүнчө көзөмөлгө алынып, өзгөчө тарбия менен чоңойду. Караңгы коомдун эч бир дартына чалынбады. Бала чагында пайгамбарлыкка даярдык иретинде көкүрөгү ачылып жүрөгү тазаланып, руханий нур менен береке-кутка тунду.
Ардактуу Пайгамбарыбыз пайгамбарлыкка чейин эле Жараткандын жалгыздыгын жар салган «тавхид» ишениминин алкагында адал, таза өмүр кечирген. Ал эми пайгамбарлык озуйпасына кыска мөөнөт калган кезде көпчүлүк убагын Нур тоосуна барууга бөлүп, өзүн Алла Таалага чыныгы кул болууга арнап, терең ойжүгүртө баштаган. Элден алыс тоого барып жүрүшүнүн себеби элинин адал жолдон адашып, өзүнчө койуу туңгуюкка баратканына, зордук-зомбулук, адилетсиздик күч алып, акыйкатка кара көө жабылганына кан-жаны менен азап чегип, сай сөөгүн сыздаткан нерсе анын кең мээрими эле. Бул ырасында адамзат дүйнөсүнө түбөлүк шамчырак боло турган ыйык Курандын Жараткан Алла Таала тарабынан ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын жан дүйнөсү аркылуу адам баласынын аң-сезимине, акылына сыйа тургандай таризде берилиши үчүн өзүнчө даярдык баскычы болучу. Мына ушундай баскычтар менен анын рух дүйнөсү аруулуктун сересин багындырып, вахийди5 кабыл алууга даяр абалга жетти. Вахийге даяр болгон ошол аруу жан дүйнө алты ай аралыгында «садык»6 түштөр аркылуу руханий ар кандай илхамдарга жана белгилерге кез келди. Ошентип ага руханий ааламдын миң бир сырлуу көшөгөлөрү ачылды.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бардык пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүн жана озуйпаларынын өзөгүн өзүнүн кишилигинде топтогон. Ал тукумунун асылдыгы, адамдык сапатынын бийиктиги, озуйпасынын оорлугу жагынан туу чокуда турган. Ал Жараткандын адал жолун көргөздү. Тасаввуфтун өзөк маселесин түзгөн жан дүйнөнү тазалоонун, напсини теске салуунун жол-жобосун үйрөтүп, аруу жан дүйнө менен Улуу Жараткан Аллага кулчулук кылуунун үлгүсүн көрсөттү. Эң бир бийик адамдык сапаты, жүрүм-туруму менен, салмактуу сөздөрү менен адам баласына эң жогорку деңгээлде үлгү боло алды. Өмүрүнүн кыркынчы жылы өзү үчүн да, жалпы эле адамзат үчүн да өтө зор маанилүү жыл болду.
٭٭٭
Тасаввуф адам баласынын рух дүйнөсү жай таап, «марифатуллах»тан7 жана «мухаббатуллах»тан8 өзүнө жараша үлүш ала тургандай даражага жетишин, Жараткандын алдына жарык жүз менен бара тургандай абалга айланышын көздөйт. Бул бизге Пайгамбарыбыздан калган ыйык мурас. Ырас, ардактуу Пайгамбарыбызга вахийди кабыл алышы үчүн берилген бул руханий тарбия жан дүйнөнүн аруулугун жана напсинин тазалыгын талап кылган.
Вахий келгенге чейин руханий өңүттөн белгилүү даражага жеткен Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) таза, адал өмүр сүргөн. Ал Нур тоосундагы Хира үңкүрүнөн Жараткандын таалимин алып кайткан сайын мурунку жашоосундагы абалынан алдаканча жогору даражаларга улам көтөрүлө берген. Улуу Жараткан Алла менен руханий жактан байланышып, тавхид9 жана марифатуллах нурун кан-жанына сиңирген. Ал түнкүсүн буту шишип кеткенге чейин көзүнөн жашын куюлтуп ибадат кылган. Көзү уктаса да, жүрөгү ар качан ойгоо болуп, Алланы эстөөдөн, зикирден10 жана муракабадан11 бир саам дагы оолак калган эмес.
Ал куттуу инсан өзүнө түшүрүлгөн Ыйык Курандын шарапаты менен өз учурундагы мен-мен деген илимдүү адамдарды дагы артка таштап, ага чейин болуп көрбөгөн жана кыяматка чейин да болбой турган өзүнчө мужиза-керемет дайрасына айланган. Ошондуктан кыяматка чейин чыга турган эч бир окумуштуу аны бул жагынан жалганга чыгара албайт жана эч бир инсан анын даражасына жете албайт.
Убакыттын өтүшү менен ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз ошол руханий даражадан дагы да жогорулап, Жараткан Алланын чексиз сыйына, тагыраак айтканда, «мираж»га12ээ болуп «чексиздиктин сапарына» аттанган. Ошол түнү ал Жараткандын өзгөчө коногу катары башка жайга өтүп, аятта буйрулгандай:
![]()
«Факаана кооба кавсайни ав аднаа»13 деген сырга туш болгон.
Ислам тарыхында «Исра жана мираж» деген аталыштагы бул улуу сый дүйнөлүк бардык көшөгөлөр алынып, акылдын ары жагынан жана толугу менен Жараткандын чен-өлчөмүнүн негизинде жүзөгө ашкан өзүнчө баа жеткис белек болгон. Биздин ааламдагы «жер» жана «убакыт» деген түшүнүктөр токтоп, миллиарддаган адамдардын жашоосуна сыйбай турганчалык узун сапар өтө кыска убакыт аралыгында жүзөгө ашкан. Ошентип акыркы элчи ааламатпайды, курсийди, аршты жана сидратул-мунтахааны ашып, Жараткан Алла менен ортомчусуз сүйлөшүп, Жараткандын өзгөчө жакшылыгына туш болгон.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Алланын өзгөчө жакшылыгы аркылуу жеткен жан дүйнөсүнүн аруулугу, адамдык асылдыгы менен бүтүндөй инсаният дүйнөсүнө Жараткандын адал жолун көргөзүүгө бүт күч-кубатын салып, жан дили менен жанүрөгөн. Өзүнө жүктөлгөн аманатты жеткирүү ышкысы аны туу чокуга чыгарган. Жараткандан алган озуйпасына бөгөт боло турган дүйнөлүк б.а. акча, байлык, мансап-бийлик сыяктуу бардык сунуштарды дароо четке кагып, жалгыз Аллага гана кулчулук кылууну бүт нерседен жогору койгон. Пайгамбарлыктын алгачкы жылдары болгон төмөнкү окуя муну тастыктап турат:
Бутпарастардын аттуу-баштуулары Абу Талиб (Пайгамбарыбыздын абасы) аркылуу Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) учурда аткарып жүргөн ишин токтотушун билдиришкен эле. Азирети Пайгамбарыбыз аларга жооп иретинде абасына мындай деген:
-Аба! Валлахи,14 Алланын динин жайуудан кайтышым үчүн Күндү оң колума, Айды сол колума беришсе дагы мен бул жолдон түк кайтпайм! Же Алла Таала аны бүтүндөй ааламга жайып, озуйпам бүтөт, же мен бул жолдо өлүп берем!15
Коомдо Ислам дининин күн өткөн сайын кулач жайып өсүп баратканына ичи күйгөн бутпарастар Абу Талиб аркылуу билдирген кабарлары жыйынтыксыз калгандыктан бу сапар акыркы элчиге (саллаллаху алейхи васаллам) өздөрү келип:
- Бай болгуң келсе, каалаганыңчалык мал-мүлк топтоп берели. Биздин эң бай адамыбыз сен бол! Ал эми элди башкарам десең, сени өзүбүзгө башчы кылып алалы. Меккенин акими бол! Эгер асыл кандуу аялга үйлөнгүң келсе, Курайштын эң сулууларынан кимисин кааласаң, сага ошону алып берели. Эмне кааласаң ошону аткарууга даярбыз, болгону мынабул ишиңди токтот! дешет
Анда ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) алардын мындай утурумдук жана адамды адал жолдон азгырчу сунуштарына:
- Мен силерден мал-мүлк да, мансап-бийлик да, сулуу аял да талап кылбайм. Мен жанагы алсыз буттарыңардан (сыйынып жүргөн идолдоруңардан) кайтып, жалгыз Жараткан Алланын Өзүнө гана кулчулук кылышыңарды каалайм! Менин жападан жалгыз тилегим ушул...16деп жооп кайтарган.
Эч калетсиз, бүтүндөй инсаният үчүн өрнөк боло турган бул окуя бекем ыймандын таасын үлгүсү. Эң бир таза, эң бир аруу ишенимдин далили.
Себеби акыркы элчи үчүн мындай орунсуз сунуштар «түбөлүк баа жеткис акыреттик бейпил жашоону беш күндүк арзыбаган азгырыкка сатуу» дегендикке жаткан. Ырасында эле адамзат тарыхы бул дүйнөдө адал жолдун багытын чанып, акка кара көө жапкан азгырыктын сазына белчеден батып, жердин жети кат кургуйуна житип, түбөлүк бактысына өз колу менен балта чапкан ийри жолдун эчендеген жолоочуларына күбө болбогон...
Алгач сан миң ааламдын Жаратуучусуна шүгүр келтирүү менен башталып, терс сезимдерден, жат түшүнүктөрдөн, азгырыктардан арылып жан дүйнөбүздү аруулап жалгыз Аллага гана баш калкалоого чакыруу менен аяктаган Ыйык Куран кыяматка чейин келчү адам баласына сөз түрүндөгү эреже-мыйзам болсо, Пайгамбарыбыз дал ушул эреже-мыйзамдын иш жүзүндөгү үлгүсү. Ошондуктан анын баскан изине түшүү менен Жараткан Алланын ыйык адал жолун жолдоо адам баласынын эки дүйнөлүк бактысы үчүн жападан жалгыз себеп болуп эсептелет. Андыктан аны мындай баа жеткис жакшылыктан кайтууга кайсы нерсе түртүшү мүмкүн эле?!...
Ыйык Куран акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу бүтүндөй адамзатка тартууланган түбөлүк бакыттын ачкычы. Ыйык Куран адам баласын өзүн-өзү таанып, изден издин ээсин, себептен себептин ээсин, жандуу-жансыздан алардын Жаратуучусун таанууга чакырат. Анда адам уулу жалгыз Жараткан Алланы таанып, жашоонун ар бир саамында Анын көзөмөлүндө тургандыгын эстен чыгарбай, өзүн-өзү теске салып таза жолдо өмүр кечирүү аркылуу Жараткан Алла Тааланын аруу сүйүүсүнө арзып, ыраазылыгын таап, Анын чексиз ыраакымына бөлөнүүгө болоору баса белгиленет.
Жараткан Аллага бапестелген эң улуу, эң аруу сүйүүнүн дайрасына алып бара турган жалгыз булак – бул, азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз. Азирети Пайгамбарыбызды сүйүү – бул Алла Тааланы сүйүү, Пайгамбарыбызга баш ийүү – Жараткан Аллага баш ийүү, ага каршы чыгуу – Улуу Алла Таалага каршы чыгуу, дегенди түшүндүрөт. Демек, Жараткан Алланы сүйүп, анын акыркы пайгамбарын сүйбөө Алланы сүйбөө дегендик. Себеби Алла Таала муну өзү талап кылган. Сүйгөн адам сүйгөнүнүн талабын аткарбаса, ал аны сүйбөйт деген тыянак чыгат.
Жогоруда белгиленгендей, жандуу-жансыздын жаралуудагы себеби эң алгач жаратылган азирети Мухаммаддын нуруна бапестелген Улуу Алланын сүйүүсү болгон. Бул өңүттөн Алла Таала бүтүндөй ааламды эң алгач жаратылган Мухаммад Пайгамбардын нурунун шарапаты үчүн жараткан. Мына ушундай негизде жаратылган ааламдын сересинде Кудайы17 жакшылыктарга туш болуу өңүтүнөн инсан турат. Инсан мынабул алп ааламдын өзүнчө бир мисалы. Ал өзүнчө бир кичинекей аалам. Ал данектин ичинде катылуу чынар терек сыяктуу өз бейнесинде оң жана терс жөндөмдүүлүктөрдүн топтондусун камтыган өзгөчө өзөк жан. Ушул касиети менен «жандуу-жансыздын кадырлуусу» деген наамга ээ болгон адам баласынан эч ким чыга албаган, эч бир жан толук түшүнө албаган туу чоку бар, ал туу чоку – Азирети Пайгамбарыбыздын өзү. Аны менен жүз көрүшүп, анын куттуу сөздөрүнө кулак төшөгөндөр акыркы Пайгамбарды өздөрүнүн аң-түшүнүгүнө, дараметине жараша жана ошондой эле ага карата сүйүүсүнө же душмандыгына жараша кабылдашкан. Ага бапестелген сүйүү нурга бөлөсө, ага душман болуу адамды тозокотко сүйрөгөн. Азирети Абу Бакир менен Абу Жахилдин ортосундагы айырманы мына ушул жерден байкасак болот. Азирети Абу Бакир ардактуу Пайгамбарыбызды мал-жанынан артык сүйүп, ага арналгандыгы үчүн өзөк максат (т.а. «канткенде Жараткан Аллага эң жогорку деңгээлде кул болуу мүмкүн?» деген суроонун жандырмагы) менен жакындан таанышып тасаввуфтун алтын тизмегинин төрүнөн орун алуу шарапатына ээ болгон.
٭٭٭
Тасаввуф мына ошол куттуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өрнөктүү өмүр кенчинин ичи-сырты менен камыр-жумур болуп, андан Жараткан Алланын адал жолунун ачкычын алууну көздөйт. Тасаввуф – бул акыркы Элчинин (саллаллаху алейхи васаллам) ички жана сырткы жашоосу, анын баскан изи, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, айтор, анын алган багыты. Мына ошондуктан бул жол ардактуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) руханиятынан кандайдыр бир үлүш ала билүүдөн жана руханий өңүттөн аны менен камыр-жумур болууга умтулуудан гана турат. Башка сөз менен айтсак, тасаввуф – бул сүйүүдөн бүткөн ыйман, ыкластан турган ибадат жана адамдык бийик сапат. Кыскасы, тасаввуф Адам атага (алейхиссалам) жан салынгандан тарта келе жаткан улуу насип акыр заман Пайгамбары (саллаллаху алейхи васаллам) менен баралына келип, андан улуу сүйүүгө18 арзыган аруу жан дүйнөлөргө агып түшкөн өзүнчө бир мөлтүр булактын сыңары.
Тасаввуфтун өзөгүн түзгөн мына ушундай улуу насиптин кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жашоосунда жүрөктөн жүрөккө, адамдан адамга өтүшүн түшүнүү үчүн ошол куттуу Пайгамбардын өмүр таржымалы, жасаган иштери, жүргөнтурганы, амал-иши менен жакындан таанышуу зарылчылыгы күч.
Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) жашоонун ар бир айдыңында «усватун хасана» т.а. «теңдешсиз үлгү» болуу менен адам баласын руханий жактан тарбиялап, напсини теске салып, жан дүйнөнү сан миң терс сапаттардан оолак кармоого үйрөткөн. Ал пайгамбар катары көптөгөн укукмилдеттерге ээ болгон. Алардын эң негизгилерин мынабул төрт мерчемде белгилөө мүмкүн:
1. Жараткан Алланын вахийин алуу. Азирети Пайгамбарыбыз Алла Тааланын сөзүн негизинен Жабраил периште (алейхиссалам) аркылуу алган. Вахий Пайгамбарыбыздын одүйнө салышы менен аягына чыккан.
2. Ыйык Курандагы өкүмдөрдү, мыйзам-эрежелерди элге түшүндүрүп чечмелеп берүү. Пайгамбарыбыздын бул укугу мужтахид19 аалымдар тарабынан улантылган.
Жараткан Алланын өкүмдөрүнүн түшүндүрмөсү адамзат жашоосунун шартына, муктаждыктарына карата «ижтихад» 20 деген аталыш менен уланып келе жатат. Мужтахид аалымдар болбогон кездерде бул жагдай кээде китеп бетинде гана калгандай көрүнсө да, ага тиешелүү зарылчылыктар ар качан жандуулугун сактаган. Бул озуйпа «ижтихад» даражасына жеткен аалымдарга таандык.
3. Ислам дининин негизинде коомчулукту башкаруу укугуна ээ болуу. Бул озуйпа да учурунда халифалар тарабынан жүзөгө ашырылган.
4. Руханият. Адамдарга руханий жактан тарбия берүү, напсини теске салууда, жан дүйнөнү таза, аруу кармоодо көмөкчү болуу. Алланын акыркы Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) таандык вахийди жеткизүү озуйпасынан сырткаркы милдеттердин анын жолунан жүргөндөр тарабынан улантылышы кандай зарыл болсо, анын адамдарга руханий жактан тарбия берүү озуйпасынын да токтобошу жана муршиддер21 тарабынан кыяматка чейин улантылышы дал ошондой эле өзгөчө талап. Себеби жалгыз Жаратканга ишенип, адал жолдо жүрүүгө умтулган мусулмандар ичи-сырты менен таза болуулары үчүн бул жагдайды эстен чыгарбоолору кажет. Ырас, тасаввуф Ыйык Куранда жана куттуу хадистерде белгиленген дал ушул пайгамбарлык озуйпанын ар дайым жана ар жерде жандуулугун сактап, муундан муунга өткөзүүгө багытталган. Муршиддердин ордосу жана алардын үзгүлтүксүз удаама-удаа уланып келе жатышынын кайнар булагы мына ушул талапка такалат.
٭٭٭
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) ибадаттагы, эл менен болгон мамиледеги жана адамдык сапаттагы изгиликтин чордонунда турат. Анын Меккедеги он үч жылдык адал жолду жайуудагы талыкпас эмгегинен, ак кызматынан кийин Мединага жер которууга бел байлаган кезде ага «савр» үңкүрүнө багыт берилди. Бул жерде сырлуу да, коркунучтуу да окуялар болуп өттү. Бул үңкүр Жараткандын бир катар хикмат-сырларына туш болуучу, жан дүйнө эмдөөчү өзүнчө жай эле. Пайгамбарыбыз савр үңкүрүндө үч күн, үч түн конок болду. Жанында досу азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) бар эле. Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) ошентип үңкүрдө анын үч күндүк сапарлаш досу болуу шарапатына ээ болгон эле.
Бул учурда кутман Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) досуна:
![]()
«... Коркпо, Алла Таала биз менен!..» деп, Алла Таала менен бирге болуу (маиййат) сырын ачып берип жаткан эле. Бул абалды арифтер22 ошол эле учурда хаафий (жашыруун) зикир таалиминин башталгычы жана жан дүйнөнүн Алла Таала менен бирге болуу ырахатынын алгачкы кадамы катары баалашкан. Ислам тарыхында жүрөктөн жүрөккө өткөн сырдын алгачкы жүзөгө ашкан жери катары Савр үңкүрү, ал эми буга тушуккан таалайлуу адам катары азирети Абу Бакир кабыл кылынган. Ошондуктан Ислам дүйнөсүндө азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) кыяматка чейин улана турган «Алтын тизмек»тин азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздан кийинки алгачкы алкагы катары таанымал болгон.
Ошондой эле жазма булактарда азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жахрий (ачык) зикирди азирети Алиге (Алла ага ыраазы болсун) үйрөткөндүгү маалымдалат.
Зикирдин таалими тасаввуфтун эң маанилүү негиздеринен бири. Мына ушул зикирдин таалими азирети Абу Бакирге (Алла ага ыраазы болсун) жана азирети Алиге (Алла ага ыраазы болсун) берилген.
Негизи, тасаввуф Исламдын өзөгүн түзүү өңүтүнөн азирети Адам ата менен башталып Мухаммад Пайгамбарыбыздын дооруна чейин бардык пайгамбарлардын жашоолорун көркүнө чыгара келген. Ар бир пайгамбардын жашоосунан тасаввуфка тиешелүү көптөгөн эрежелерди табууга мүмкүн. Бирок тасаввуф бүгүнкү күндөгүдөй өзүнчө илим катары, өзүнчө бир ыкма катары хижрий жылсанак боюнча экинчи кылымда белгилүү бир калыпка түшкөн.
Ырас, Пайгамбарыбыздын учурунда «калам», «итикад» (ишеним) жана «фикх» (Ислам укугу) сыяктуу Ислам илимдери өзөзүнчө илим катары пайда боло элек эле. Ошентсе да бул учурда ишенимге, фикхка таандык өкүмдөр бар болгон. Аларды Алланын элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) кутман сахабаларына өзү үйрөткөн. Бирок булар агезде белгилүү бир илимий негизде системага салынган эмес. Арадан бир кыйла убакыт өткөн соң мисалы «фикх» илими боюнча терең билими бар аалымдардын ижтихаддары шакирттери тарабынан бир тартипке салынган. Мына ушундай түрдүү усул-ыкмалар «мазхаб» деп аталган. Мазхабдар ошол улуу Ислам аалымдарынын ысымдарына карата аталышка ээ болгон. Ханафий (Имам Аазам), Шаафий, Мааликий, Ханбалий сыяктуу... Бул мазхабдар укуктук маселелерди жөнгө салуу жагынан өзүнчө усул-ыкма катары жалпы мусулман журтчулугу тарабынан кабыл алынган.
Ошондой эле тасаввуфтун негизги темасы болуп эсептелген такыбаалык, Жаратканга жакын болуу өңүтү да Пайгамбарыбыздын доорунда негизги маселелердин башынан орун алган. Арадан убакыт өткөн сайын мына ушул жашоону уланткан Жараткан Алланын сүйүктүү пенделери адамдардын дүнүйөнү жүрөктүн төрүнө чыгарып алышына, кайдыгер жашоолоруна тоскоол болуу максатында Алланын ыраазылыгы үчүн аларга эскертүү беришкен. Бул пенделердин өзүнчө бир чыйыр салуу, белгилүү бир жашоо таризин түзүү жана башка ушул сыяктуу максаттары болгон эмес. Алардын максаты – Ислам динин өзөгүнө ылайык өмүр кечирүү, ибадаттарды Куранда жана сүннөттө баса белгиленген «хушуу»23 таризинде аткаруу гана болгон. Алардын дилмаектеринен, насааттарынан пайдалануу, алардын жүрүм-турумунан, ал-абалынан үлгү алуу максатында бир катар адамдар бул адамдарды руханий устат катары кабылдашкан. Булар алардын насааттарын, б.а. мусулман адамды адал жолдо руханий жактан баралына келтирүү үчүн напсини тарбиялоонун, жан дүйнөнү ар түрдүү рухий ыпластыктардан тазалоонун усул-эрежелерин белгилүү бир тартипке салып, руханий усул-ыкмалардын пайда болушун шарттаган. Натыйжада мына ошол устаттардын ысымдары менен аталган тарикат-жолдор пайда болгон. Каадирия, Мавлавия, Накшибандия ж.б. сыяктуу...
Алла Тааланын алдына жарык жүз менен баруу, аалам, жашоо жөнүндө ой-жүгүртүү жана «ихсан»24 сезими менен Жаратканга гана ибадат кылуу сыяктуу жагдайлардагы тасаввуфтук усулыкмалар «тарикат» деп аталып калган. Тарикаттар метод-усулуна жараша үчкө бөлүнөт:
1. Тарик-у Ахйаар: Ибадатка жана такыбаалыкка басым жасаган тарикаттар.
2.Тарик-у Абраар: Напсини ар түрдүү кыйынчылыктар менен, кызмат менен тизе бүктүрүүгө басым жасаган тарикаттар.
3.Тарик-у Шуттар: Терең аруу сүйүү менен улуу максатка жетүүнү көздөгөн тарикаттар.
Бул өңүттөн мусулман адам руханий жактан тазаланып, баралына келүү үчүн өзүнүн кулк-мүнөзүнө жараша бир тарикатка кирсе болот. Кулк-мүнөздөр ар түрдүү болгондуктан тарикаттардын да ар түрдүүлүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Алла Таала аяттардын биринде:
![]()
«Биз ар бириңер үчүн бир жол-жобо, «минхааж» дайындадык» деп буюрат (Маида сүрөсү, 48-аят).
Араб тилинде «минхааж» сөзүнө «жарык жол, нурлуу жол» сыяктуу маанилер берилет. Бул сөз Жалгыз Жараткан Аллага жакын болуу максатында белгиленген кулчулуктун жолу дегенди түшүндүрөт.
Тасаввуф аалымдары бул багытта:
«Жараткан Аллага жарык жүз менен алып барган жолдор жандуулардын деминин санынчалык көп» дешкен.
Курандагы өкүмдөр негизинен үчкө бөлүнөт:
1.Итикад (ишеним негиздери)
2.Фикх (Ислам укугу)
а. Ибадаттар
б. Мамилелер
в. Укубат.
3. Адеп-ахлак (фикх-у калбий)
Фикх-у калбий жан дүйнөнүн аруулугу, б.а. адеп-ахлак. Ал ишеним негиздеринин жана амал-иштердин ички өңүтүн карайт. Куранда жан дүйнөнүн эң жогорку сапаттары катары такыбаалык, зухд жана ихсан сезимдери белгиленет.
Такыбаалык – бул Жараткан Аллага карата жоопкерчилик сезими менен Анын жарлык-буйруктарын орундатуу аркылуу жан дүйнөнүн аруу сакталышы.
Зухд – Жараткан жалгыз Алладан башка бардык нерсенин жан дүйнөдө маанисин жоготушу.
Ихсан – бул мусулман адам өзүн Жараткандын көзөмөлүндө тургандыгын сезип, ошого жараша кадам шилтеши.
Куттуу хадисте бул багыт төмөнкүчө маалымдалат:
![]()
«Ихсан – бул, Алланы көрүп тургандай Ага ибадат кылууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат!» (Бухарий, Иман, 37; Муслим, Иман, 1). Жан дүйнөнүн руханий жактан жогору даражаларга жетиши үчүн ар дайым дал ушул сезим менен жашоо, өмүрдү ушул ишеним менен тартипке салуу зарылчылыгы күч. Бул өңүттөн тасаввуф – бул рух дүйнөнүн баралына келишинин түйүнү.
٭٭٭
Ислам дининин негизги максаттарынын бири – адамдык сапаты бийик, жан дүйнөсү аруу адамды тарбиялоо. Ал эми бул максат Жаратканга кулчулук кылуунун кадырына жетүү менен жүзөгө ашат. Ислам дини боюнча, пайгамбарлардан сырткары идеал инсан катары жалгыз Жараткан Аллага ыйман келтирип, Анын акыркы Элчисинин көөнөрбөс адеп-ахлагынан эң көп үлүш ала алган адам эсептелет. Мындай идеалдуулукка жетүүнүн жолу жан дүйнөнү тазалоо аркылуу өтөт.
Жан дүйнө Жалгыз Жараткан Алланы гана зикир кылуу менен тазаланат. Рух дүйнөнүн ушундай аруулугу менен Жаратканга бет алышы ыймандын бекемделип баралына келишине себеп болот.
Жогоруда белгиленгендей, пенденин Жараткан Алланы ар качан көрүп тургандай өзүн-өзү теске салып, бүт өмүр-жашоосун ошол багытка бурушун туюндурган «ихсан» сезимин бир жагынан алып караганда, Аллага жакын пенделердин руханий жактан Алла Таала менен кездешүүсү, десек да болот. Ихсан бул өңүттөн руханий акыйкат. Тасаввуф жолундагылар дал ушул акыйкатка жетүүнү көздөшөт. Бул жагдай Алла Таала менен түзүлгөн руханий терең байланышты (рабытаны) талап кылат. Байланышты бекем түзгөн адам Жараткандын сүйүктүү пендесине айланат. Ошентип ал Жараткан Алла буйурган адал жол менен сапарын улайт.
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүнөн, өрнөктүү руханий өмүр кенчинен кутман сахабалар, сахабалардан кийинки муундар үлгү алып, бул жашоонун ички жана сырткы, көрүнгөн жана көрүнбөгөн жагын мурунку муун кийинки муундун өкүлдөрүнө өткөрүп бере келген. Мына ушул таризде жандуулугун сактап келген руханий жашоо аз сандагы адамдар тарабынан эмес, жалпы мусулман коомчулугу тарабынан жылуу кабылданат.
٭٭٭
Тасаввуфту Исламдан өзүнчө карап, ага терс көз карашта болгон адамдар анын мааниси, мазмуну, пайда болушу, жаралышы жөнүндө ар түрдүү калпыс пикирлерди айтышкан.
Алардын айрымдары аны үндөшүү жагынан окшош деп гректин «акылмандуулук, даанышмандуулук» деген маанини туюндурган «софос» сөзүнө такаса, кээ бирлери жөөттөргө, кээ бири индустардын мистикасына такаган. Булар сөз же маани жагына басым жасалган орунсуз көз караштар болуп эсептелет.
Ырасында «тасаввуф» сөзүнүн кайсы уңгудан келип чыккандыгы жөнүндөгү Ислам аалымдарынын көз караштары анын толугу менен Исламдын өзүнө таандык болгондугун айгинелейт. Бул багыттагы пикирлердин биринде тасаввуфтун уңгусу «арылуу, тазалануу» деген маанилерди туюнткан «сафаа», «сафват» жана «истифаа» деген сөздөргө такалат. Ошондой эле ага таандык усулыкманын алгачкы таризи «ахлу суффа» деген ат менен таанымал кутман сахабаларга такалып, «тасаввуф» сөзү ошол сахабалар кийген «сууф» делген жүндөн жасалган желбегейден алынгандыгын аалымдардын басымдуу бөлүгү туура көрүшөт.
Жалпы Ислам дүйнөсүнө «ахлу суффа» деген ат менен белгилүү болгон ошол сахабалардын тобу илим, ирфан25 жана руханият жагынан жогорулоо максатында Набави мечитинде баш калкалап, азирети Пайгамбарыбыздын таалими менен такыбаалыктын нукура үлгүсүн ала алышкан. Бул жагдай Пайгамбарыбыздын сүннөтүндөгү тасаввуфтук усул-ыкманын ордун көрсөтүп, анын акыркы Элчи тарабынан тастыкталышын далилдеген талашсыз чындык.
Азирети Пайгамбарыбыздан кийин сахабалардын доорундагы саясий оюндардын алдында «ахлу суффа»дан калган сахабалар эч бир тарапка кошулбай, ортодо гана болушкан. Мындай пикир келишпестиктер мусулмандар арасында боордоштук сезимине белгилүү өлчөмдө өз залакасын тийгизгендиктен, алар андан өзүнчө сабак алышып такыбаалык багытына дагы да басым жасоого умтулушкан. Саясий талаш-тартыштарга катышууну руханий жактан кооптуу деп сезген кутман сахабалар да өз замандаштарына кошулуп, бейпил жолдо өмүр улашкан.
Ошентип «сууф» сөзүнөн «ахлу суффа» жана убакыттын өтүшү менен «тасаввуф», «мутасаввыф» сөздөрү пайда болуп белгилүү бир калыпка салынган.
٭٭٭
Ислам аалымдары Куранга жана сүннөткө таянууну негиз катары кабыл алышкандыктан такыбаалыктын жолунда жүргөн мутасаввыфтар жазган китептеринде тасаввуфтук көзкараштарды ошол мужтахид-аалымдар сыяктуу шарият өкүмдөрү менен тастыкташкан. Ошону менен бирге бул жолдо муршиддер сырткы илимдерди түшүнгөн адамдардан тандалбаган бир катар тарикаттарда «нашва-у сууфиййа»нын басымдуулугу себептүү анча-мынча кемчиликтер кеткен. Бирок тарикаттар арасында муршиддерди негизинен илимдүү аалымдардан, Исламдын сырткы илимдерин да алган аалымдардан чыккан муршиддер мындай анча-мынча кемчиликтерге жол берген эмес. Тасаввуф тарыхында Ыйык Курандын жана Сүннөттүн негизинде жандуулугун сактап келе жаткан Нашибандий тарикаты сыяктуулар шарият өкүмдөрү үчүн өзүнчө ыкма болушкан.
Бул багытта Мавляна олуя мындай деген:
«Шарият өзүнчө шамчырак сыяктуу. Ал жарык чачып, жол көрсөтөт. Шамчыракты кармап койуу менен жол арбыбайт. Аны көтөрүп алып жүрүү кажет. Аны колго албай туруп жолго чыгууга болбойт. (Ошондуктан шамчыракты колго алып жолго чыгуу керек). Шаряттын негизинде жолго түштүңбү, мына ушунун өзү тарикат болуп эсептелет»

Тасаввуф жашаган сайын ырахаты тереңдеп кете берген өзүнчө илим болгондуктан чектелүү сөздөр менен анын аныктамасын толук берүү оор. Ошондой болсо да, олуялар, аалымдар тасаввуф жөнүндө ар түрлүү аныктамаларды беришкен.
Бул жолдун жолоочулары ар бири өзүнүн шык-жөндөмүнө, күч-кудуретине жараша руханий өңүттөн жогорулоого аракет кылышат. Ошондуктан руханий ааламдагы даражаларына жараша тасаввуфту ар кандай кабыл алышат. Бирок тасаввуфка аныктама берген мындай адамдардын бардыгы тең өзүнүн аң-түшүнүгү, кабылдоосу боюнча туура. Биз бул аныктамаларды кароо менен тасаввуфтун маани-маңызы жөнүндө болгону жалпы өңүтүнөн гана маалымат ала алабыз.
Бул аныктамалардын ортоктош өзгөчөлүктөрү жагынан тасаввуфка төмөнкүчө корутунду чыгарсак болот: тасаввуф – бул мусулман баласынын жан дүйнөсү менен алектенип, аларды руханий жактан жогорулатууга, Жалгыз Алла Таалага гана кулчулук кылып, Ага жакын пенде болууларына жана ушул калып менен «марифатуллах» даражасына жетүүлөрүнө себепкер болгон өзүнчө таалим.
٭٭٭
Аалым-олуялар тарабынан тасаввуфка берилген аныктамалардан айрымдары төмөнкүдөй:
Адеп – бул ыйманды терс адаттардан арылтып, ихсан сезимин жүрөккө бекем жайгаштырып, тагыраак айтканда, ар качан Алла Тааланын көзөмөлүндө тургандыгыбызды эстен чыгарбай, ошого жараша өмүр кечирүү.
Абул-Хусейн ан-Нурий:
«Тасаввуф көрсөтмөлүүлүк да, илим да эмес. Ал болгону изги адеп. Тасаввуф – бул Алла Тааланын буйругу менен жуурулуша жашоо» деп анын адеп-ахлактан бөлүнгүс өзгөчөлүгүнө басым жасаган.
Тасаввуф азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын доорунда «тасаввуф» деген ат менен аталбаса да, маани-маңызы, өзгөчөлүгү өңүтүнөн жандуулугун аруу сактаган. Бул жерде изги адеп-ахлак дегендин төркүнү ардактуу Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагына негизделет. Анын адеп-ахлагы Жараткан Алла Таала тарабынан Куранда:
![]()
«Шек-күмөнсүз, сен изги адеп-ахлактын сересиндесиң!» делип, алкоого алынат (Калам сүрөсү, 4-аят).
Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзү жөнүндө суралган суроого:
«Анын ахлагы – Куран эле» деп жооп берген (Муслим, Мусафириин, 139).
Адам баласы Курандын негизинде, анын өкүмдөрү менен жуурулуша жашоо аркылуу өзүнчө «жандуу Куран» болуу даражасына жетүүгө жөндөмдүү. Ыйык Куранды мааниси менен түшүнүп окуу жана анын өкүм-эрежелери менен жашоо – адамдык бийик сапаттын туу чокусун талап кылат.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык озуйпаны алгандан тарта кыяматка чейин келчү бүтүндөй адамзатына жүргөн турганы, сүйлөгөн сөзү менен адал жолду жеткирүүгө милдеттендирилген. Бул жагынан анын өмүр таржымалы өтөсүнө чыгарыла ийне-жибине чейин иликтелип, бизге жетип, анын берекеси менен эчендеген адамдар адал жолдун жолоочусуна айланбады. Арийне, анын өмүр кенчи кыяматка чейин келчү адам баласы үчүн да өзүнчө дилазык болуу өзгөчөлүгүн улай бермекчи. Акыркы Пайгамбардын өмүр таржымалына үңүлө назар салган адам анын адамзатынын улугу жана адамдык бийик сапаттын жеткен чегинде турганын байкай алат. Себеби ал:
«Мен изги адеп-ахлакты өтөсүнө чыгаруу үчүн жиберилгем» (Имам Малик, Муватта, Хуснул-хулк, 8) деп айтуу менен улуу озуйпасынын максатын билдирген. Жана да ал озуйпасын толук орундатуу аркылуу мүлдө инсаният үчүн «эң мыкты үлгү» боло алган.
٭٭٭
Ыйык Куранда акыркы Пайгамбардын адеп-ахлагы жөнүндө төмөнкүчө буюрулат:
«Ант болсун! Алланын Элчиси силер үчүн, Аллага жана акырет күнүнө ишенгендер, Алла Тааланы көптөн-көп эстеп зикир кылгандар үчүн теңдешсиз үлгү» (Ахзаб сүрөсү, 21-аят)
Улуу Жараткан Алла өзүнчө жакшылык катары изги адепахлактын үлгүсүн Азирети Пайгамбарыбыздан тарта «пайгамбарлардын мураскорлору»26 аркылуу кыяматка чейин үзгүлтүксүз улантмакчы.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
«Мусулмандардын арасынан эң бекем ыймандуусу – бул адамдык сапаты эң бийик мусулман эсептелет» (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 2, 250) деп айтуу менен адеп-ахлак – ыймандын өзүнчө бир талабы, баралына келген ыймандын белгиси болгондугун маалымдаган. Олуя пенделер дал ушул Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын адамдык бийик сапаты менен жуурулушуп, өздөрүнө жараша насип алган өзүнчө руханий дарыгерлер болуп эсептелет.
Абу Мухаммад Жаририй:
«Тасаввуф – бул изги адеп-ахлак менен жуурулушуп, терс мүнөздөрдөн арылуу» дейт.
Ал эми Абу Бакир ал-Каттаний мындай деген экен:
«Тасаввуф – бул адеп. Адеп-ахлагы жагынан сенден бийик адам руханий жактан да жогору»
Жан дүйнөнү изги сапаттар менен көрктөп, терс сапаттардан арылтуу түбөлүк бакыттын өзгөрбөс талабы болгондуктан ал оор иш. Абу Хашим бул багытта:
«Жан дүйнөгө отурукташып калган текеберлик сезиминен арылуу – опол тоону омкоруудан дагы оор» дейт.
Адамзат тарыхынан адам баласын Жараткандын адал жолуна чакырып, адамдык бийик сапаттары менен элге үлгү болгон нечелеген пайгамбарлар өтпөдү. Мына ошол пайгамбарлардын бири азирети Юсуф (алейхиссалам). Ал аяттардын биринде маалымдалгандай, учурунда өзүнө жамандык каалаган бир туугандарына:
«Бүгүн силер айыпталбайсыңар. Алла силерди кечирээр. Ал – мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!» (Юсуф сүрөсү, 92-аят) деп, кечиримдүү болуунун ачык-айкын үлгүсүн көрсөтө алган.
Суфийлердин максаты – азирети Ибрахим (алейхиссалам) сыяктуу дүнүйөнү жүрөктөн алыс кармап, Жараткан Алланын буйруктарына толук моюн сунуу, азирети Исмаил (алейхиссалам) сыяктуу Жараткандын ар бир жарлыгына ыраазы болуу, Аййуб (алейхиссалам) сыяктуу сабырдуу болуу. Момун-мусулман адамдын кайгысы – Давуд (алейхиссалам) пайгамбардын кайгысы сыяктуу болушу керек.
Суфий – бул, азирети Мусанын (алейхиссалам) Жаратканга жалбарышындагы ысык ыйманга, көлкүлдөгөн жан дүйнөгө ээ болууга, ошондой эле «аалам ардагы» деген алкышка татыган азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын чын ыкласынан, Жараткан Аллага бапестеген эң жогорку сүйүүсүнөн насип алууга умтулган адам.
Мавляна Жалалиддин ар-Руми адеп жөнүндө мындай дейт:
«Адеп – бул адам баласынын денесиндеги рух. Адеп көздүн жана жан дүйнөнүн нуру. Эгер шайтанды ташбараңга алгың келсе, көзүңдү ачкын да, көрүп ал, адеп шайтанды кандай ташбараңга алганын. Адам баласында адеп болбосо, ал чыныгы адам болуп эсептелбейт. Адам менен айбандын ортосундагы айырма бул адеп»
«Акылым жүрөгүмөн: «Ыйман деген эмне?» деп сурады. Жүрөгүм: «Ыйман – бул, адеп» деп жооп берди»
2. Тасаввуф – бул напсини теске салуу жана жан дүйнөнү тазалоо
Адам баласы бул дүйнөгө кулчулуктун сынагы үчүн келгендиктен одүйнө салганга чейин миң түрлүү терс өңүттүү «напси» делген дарт маңдайынан жазбайт. Адам баласы руханий жактан канчалык баралына келбесин, напсинин жана шайтандын ар түркүн азгырыктары менен дайыма кез келет. Ырасында кулчулуктун кадыр-баркы беш күндүк дүйнөнүн азгырыктарына алданбай Жараткан Аллага бет алуу аркылуу билинет.
Ошондуктан адам өзүндөгү терс мүнөздөрүнөн арылып, жан дүйнөсүн көркүнө чыгаруу үчүн напсини теске салып, жан дүйнөнү тазалашы зарыл. Ал үчүн ар бир адам өзүнүн күч-кудуретине, аң-түшүнүгүнө жараша Жараткан Алланы таануу жана ушул түшүнүгүн «ирфан» абалына алып келип, жакшылык иш-амалдары менен Жараткандын улуулугун, аруулугун даңазалоого милдеттүү. «Кулчулук» деген сөздүн кыскача аныктамасы мына ушул жерде жатат. Кулчулуктун максаты адам баласы напсинин миң түркүн тоскоолдуктарынан өтүп, анын тизгинин колго алуусуна жана жүрөгүн рухий ыпластыктардан арылтып, аны көркүнө чыгарышына жараша орундалат.
Жан дүйнө бул «Жараткандын назары түшчү жай» болуп эсептелет. Кансарайдагы тактыга падышадан башка бирөөнүн отурушу кандай мүмкүн эмес болсо, жан дүйнө да Алла Тааладан башка бүт нерседен, напсинин азгырыктарынан, рухий ыпластыктардан оолак болушу зарыл. Болбосо, жан дүйнө Жараткандын учу-кыйырсыз ыраакымына, жакшылыгына карата жабык болот. Бирок бул Алладан башкага сүйүү бапестелбеши керек деген маанини туюнтпайт. Ислам дини мусулман баласынан ата-энесин, баласын сүйүүнү талап кылат. Бул сүйүүлөрдүн ар биринин өзүнчө чеги бар. Бул сүйүүлөр Жаратканга болгон сүйүүдөн жогору болбошу керек. Жүрөктүн эң төрүндө Алла Таалага болгон сүйүү турушу кажет, дегенди түшүндүрөт.
Жан дүйнөнү тазалоонун маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн анын материалдык жана руханий жашоодогу ордуна назар салуу жетиштүү. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жүрөктүн маанилүүлүгү жөнүндө мындай деген:
«...Адамдын денесинде кичинекей бир эт бар. Ал жакшы болсо, дененин бардыгы жакшы, жаман болсо дененин бардыгы жаман болот. Ал эт – жүрөк!» (Бухарий, Иман, 39).
Мавляна олуя мүшөктүн түбүндөгү тешикти бекитпей туруп, аны толтурууга аракет кылуунун бекер болгондугун айтат. Анын сыңарындай, тазаланган жүрөк, аруу жан дүйнө менен жасалган амал-иштер адам баласынын бактысына себеп болоору бышык. Ал эми амалдар ниетке жараша болот. Андыктан ниет чын ыклас менен бекемделиши кажет.
Бул жагдай жан дүйнөнүн баралына келгендеги абалы. Алланын сүйүктүү пенделеринин жан дүйнөнү тазалоодогу максаты – жан дүйнөнүн ар дайым Улуу Алла Таала менен бирге болуу сезимине (ихсанга) жетиши. Жан дүйнөнүн мындай калыпка келиши үчүн ал Алла Тааладан сырткаркы бардык нерседен арылышы зарыл.
Мындай калыпка жеткен жан дүйнө аяр жана терең купуялуу акыйкаттарды көрүү бактысына эгедер болот. Жан дүйнө кайдыгерликтен арылып көркүнө чыккандагы даражасына жараша Жараткандын улуктугун, аруулугун, кудуреттүүлүгүн даңазалап чагылдырчу өзүнчө күзгүгө айланат. Бул учурда Жараткан Алланын жүрөк менен таанылышы, дегенди туюнткан «марифатуллах» даражасы багындырылган болот. Бул жагдай «илимдин ирфанга айланышы» деп аталат.
٭٭٭
Жараткан Алланын алдына таза жан дүйнө менен, т.а. ар түрдүү рухий ыпластыктардан арылып, жалгыз Жараткан Аллага бапестелген эң тунук сүйүүгө тунган аруу жан дүйнө менен баргандар түбөлүк бакыттын каалгасын аттай тургандыктары жөнүндө Алла Таала:

«Ал күнү мал-мүлк да, бала-бакыра да пайда бербейт. (Кыямат күнү) Алланын алдына таза жүрөк менен келгендер гана пайда табат» дейт (Шуараа сүрөсү, 88-89-аяттар).
Ошону менен бирге напсисин теске сала албай, Жараткан Алланы даңазалоодон, зикир кылуудан оолак болуп, катып калган жүрөктөр а күнү зыянга учурай тургандыгы тууралуу куттуу аяттардын биринде төмөнкүчө маалымдалат:
«Жүрөктөрү Алланы эстөөдөн алыс болуп катып калгандарга азап болсун! Алар анык адашууда» (Зумар сүрөсү, 22-аят)
Абу Саид ал-Харраз ушул аяттарга таянып:
«Баралына келген адам – бул жүрөгүн тазалап нурга толтурган адам эсептелет» дейт.
3.Тасаввуф – бул аягы жок руханий күрөш
Жунайд Багдадийдин бул аныктамасы тасаввуфтун напсиге каршы өмүр бою улана турган өзүнчө чоң күрөш болгондугун тастыктайт. Напсиге каршы күрөш – бул напсинин адал жолго туура келбеген бардык арзуу-каалоолоруна каршы туруу дегенди түшүндүрөт.
Согуш белгилүү учурда жана белгилүү жерде болуп бүтөт. Ал эми напсиге каршы күрөш өмүрдүн ар бир өңүрүндө, ар бир көз ирмеминде, айтор, көз жумганга чейин уланат. Аяттардын биринде:
«...Сага якиин (өлүм) келгенге чейин Жараткандын алдындагы ибадат (кулчулук) озуйпаңды аткар!» (Хижр сүрөсү, 99аят) деп буюрулат.
Жараткан Алла напсинин араанына жана азгырыгына шарт түзгөн «кайдыгерлик» дартынан арылып, дайыма ойгоо болуп жалгыз Өзүнө гана кулчулук кылуусу үчүн мындай буюрат:

«Жараткан Эгеңе өз ичиңден купуя түрдө эртең менен жана кечинде жалбар! Аны корккон абалда (чын ыкласыңдан) зикир кыл (даңазала)! Алланы даңазалап-эстөөдө кайдыгерлерден болбо!» (Аараф сүрөсү, 205-аят).
Алланын акыркы Элчиси өзү кошо барган «газватул-усра» (оор казат) деп аталган Табук казатынан кайтып келе жатып кутман сахабаларына:
«Азыр жеңил күрөштөн оор күрөштү көздөй баратабыз» деп айткан сөзү аталган аныктаманын кайнар булагы болуп эсептелет.
Чынында эле бул жүрүш башка казаттарга салыштырмалуу алдаканча оор болгон. Жүрүштү башынан акырына чейин эки жүздүүлөрдүн ар түрдүү оюндары, бузукулугу, бир жагынан шайтандын азгырыгы коштогон. Ошол жылы күн өзгөчө ачуу тийип, кургакчылык өкүм сүрүп турган. Ошондой эле Табук Медина шаарынан алыс болгондуктан, жөө баруу өтө кыйын болгон. Анын үстүнө бул учурда түшүм жыйноо мезгили да келип калган эле.
Бул казатта мусулмандар Византия империясы менен беттешүүгө даярдык көрүп жатышкан эле. Мына ушул алп Византия империясы менен кармашуу деген кабардын өзү эле мусулмандарга өтө оор келген. Мында азирети Пайгамбарыбыз үч түмөн (отуз миң) Ислам колу миң чакырымдык жолду басып өтүп, кайра артка кайткан эле. Алар Мединага кайтып келгенде кадимкидей өзгөрүп сакал-чачы өсүп жүдөп калышкан болучу.
Мына ушундай узун жолдон кайтып келаткан сахабалар Пайгамбарыбыздын сөзүнө таң кала:
- О, Алланын Элчиси! Бизди көрүп турасыз! Мындан да оор күрөш барбы? дешет. Анда Азирети Пайгамбарыбыз:
- Ооба! Азыр биз жеңил күрөштөн оор күрөшкө напсинин азгырыгы менен күрөшүүгө баратабыз!27 деген экен.
Учурубуздагы изилдөөчүлөрдөн Р. Гарауди Ислам дининдеги жеңил жана оор күрөштүн тең салмактуулугунун маанилүүлүгү туурасында мындай дейт:
«Тасаввуф – бул толугу менен Исламдык руханий тарбия болуп, адам баласын жаралуудагы максатынан алыстаткан ар түрлүү терс арзуу-каалоолорго каршы өзүнчө чоң күрөш десем болот. Бул Ислам терминологиясында «чоң жихад» деп аталат. Мусулмандарды Алланын жолунан алыстатып, өзүнө тарткан ар кандай бийликмансапка, байлыкка жана жаңылыш маалыматтарга каршы, ошондой эле мусулман коомчулугунун биримдиги, ынтымагы үчүн аракет кылуу болсо «жеңил жихад» делет. Ал эми жеке адамдын жана жалпы коомчулуктун бейпилдигине, тынчтыгына шарт түзгөн нерсе – бул дал ушул эки жихаддын ортосундагы тең салмактуулук болуп эсептелет»
4.Тасаввуф – бул чын ыкластуулук
Тасаввуф – бул Жараткан Аллага карата ак ниеттүүлүк, чын ыкластуулук. Амалды жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн гана аткаруу диний терминологияда «чын ыклас» деп аталат. Жараткандын ыраазылыгынан тышкаркы бардык максаттарды жүрөктөн чыгаруу өзүнчө чоң ыроо.
Ал эми амалдарды Алладан башка бирөө үчүн аткаруу ыклассыздык же көрсөтмөлүүлүк болуп, Жараткандын алдында эч кандай баага арзыбайт. Ал нерсе адамдын өзүнө эле өзүнчө жүк болгондон башка эч бир пайдасы болбойт. Бул жагдай Жараткан Алланын алдында амалдардын (жасалган жакшылык иштердин) кабыл болушу үчүн негизги шарттардан эң маанилүүүсү – бул «чын ыклас» экендигин тастыктайт.
Ыклас – бул Жараткан Аллага жакын болуу ниети менен дүнүйөлүк ар түрлүү кызыкчылыктардан жан дүйнөнү коргой билүү.
Ыклас – бул пендени эң чоң жакшылыкка, б.а. «Жараткан Алланын ыраазылыгына» ээ кылуучу асыл касиет.
Алла Таала мусулман баласынан амалдарды жалгыз Өзүнүн ыраазылыгына гана ылайыктуу түрдө чын ыклас менен орундатышын талап кылат. Аяттардын биринде:
«(Элчим!) Акыйкатта, бул Китепти сага чындык менен түшүрдүк. Эми Аллага гана берилип, (чын ыкластан) ибадат кыл!..» (Зумар сүрөсү, 2-аят) делет.
«(Мухаммад!) Акыйкатта, мен динде бир гана Аллага берилип, ибадат кылууга буйрулганмын» дегин» (Зумар сүрөсү, 11-аят)
«(Иблис айтты): «Оо, Жараткан! Мени адаштырганың үчүн аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баарын сонун көргөзүп, алардын баарын азгыра берем. Бирок сага берилген чын ыкластуу пенделериңден башкаларын» (Хижр сүрөсү, 39-40-аяттар)
Тасаввуф – бүт нерсени Аллага гана арноо, жакшылыкты Андан деп билүү жана «менменсинүү» сезиминен арылуу. Адам кандай абалда жана руханий жактан кайсы даражада болбосун, өзүнөзү жогору сезбеши кажет. Жараткан Алла Таала Бадр казатындагы жеңиштен улам акыркы Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) төмөнкүчө эскертүү берген:
![]()
«Аларды силер өлтүргөн жоксуңар, Алла өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда,28 сен чачкан жоксуң, Алла чачты...» (Анфал сүрөсү, 17-аят)
Ошондуктан адам баласы өзүнүн алсыздыгын жана кулчулугун дайыма сезип, ар түрдүү жакшылык-ыроо, ийгилик, жетишкендик Алла Тааладан буюрулган өзүнчө насип болгондугун билиши кажет.
٭٭٭
Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дегенин айткан:
«Кыямат күнү эң биринчи шейит кеткен адам суракка тартылат. Алла Таала алгач ага ыроологон жакшылыктарын эсине салат. Ал аларды эстеп, мойнуна алат. Андан соң Алла Таала:
- Бул жакшылыктарга карата эмне кылдың? – дейт.
Ал адам:
- Шейит кеткенге чейин Сенин жолуңда күрөштүм – деп жооп кайтарат.
Алла Таала:
- Калп айтасың. Сен «кандай гана баатыр адам» дешсин деген ниетте согуштуң. Ырас, бул ниетиң жүзөгө ашты – дейт. Андан кийин Жараткандын буйругу менен ал пенде көмкөрөсүнөн жаткырылып тозокко ыргытылат.
Бул сапар илим алган, илимин элге жеткирген жана Куран окуган адам алынып келинет. Алла Таала ага ыроологон жакшылыктарын эсине салат. Ал дагы Жараткандын жакшылыгын эстеп, баарын мойнуна алат. Алла Таала ага:
- Ырас, Мен ыроологон жакшылыктардын кайрымында эмне иш кылдың? деп суроо салат.
Ал:
- Илим алдым, алган илимимди элге жайдым, Сенин ыраазылыгың үчүн Куран окудум деп жооп берет.
Алла Таала:
- Калп айтасың! Сен өзүңдү эл «аалым дешсин» деп илим алдың, «кандай гана мукам үндүү» дешсин деп Куран окудуң! Ошондой эле сенин бул көздөгөнүң жүзөгө ашты дейт. Андан соң Жараткан Алланын буйругу менен көмкөрөсүнөн жаткырылат да, тозокко ыргытылат.
Андан кийин кезек бардар адамга келет. Алла Таала ага да ыроологон жакшылыктарын эсине түшүрөт. Ал дагы берилген жакшылыктарды эстеп, баарын мойнуна алат.
Алла Таала:
- Ал эми сен бул жакшылыктардын кайрымында эмне иш кылдың? – деп сурайт.
Тиги адам:
- Байлыгымды Сен ыраазы боло турган жерлердин баарына бердим. Жалгыз гана Сенин ыраазылыгың үчүн бердим, каржадым – дейт.
Алла Таала:
- Калп айтасың. Аныгында сен ошол жакшылык иштериңди эл «кандай гана берешен, кайрымдуу жоомарт адам» дешсин деп аткардың. Ырасында эле эл дагы ошентип айтты – дейт. Ошентип бул адам дагы Жараткандын буйругу менен көмкөрөсүнөн жаткырылып, тозокко ыргытылат» (Муслим, Имара, 152).
Мавляна олуя ибадаттарын ыклассыз кылган пенделерге кайрылып:
«Ээ, кайдыгер! Жүзүңдү саждага койгон кезде чын жүрөктөн Жараткан Аллага бет алып «Эң улук Жараткан Эгем бардык кемчиликтерден аруу!» деп айтуунун маанисин ылайыктуу түрдө түшүнгөнүңдө кана! Ошонун кадырына жете билсең кана... аттигиниң-ай!..» дейт.
Ыклассыз ибадаттарга руханий ыпластыктар аралашкан болот. Чын ыклассыз орундалган ибадаттын пендеге пайда алып келиши кыйын. Төмөнкү аяттарда Ислам дининин ыймандан кийин эле эң маанилүү буйругу болгон намаз ибадатына анчейин деле маани бербей окугандарга карата катуу эскертүү берилет:
«Азап болсун, ошол намаз окугандарга! Анткени алар намаздарына маани беришпейт. Ошондой эле (алар намаздарын) эл көрсүн үчүн окушат...» (Маауун сүрөсү, 4-6-аяттар).
Жунайд Багдадий олуя мындай дейт:
«Ыклас – бул амалды руханий ыпластыктардан арылтуу»
Алланын дагы бир сүйүктүү пендеси:
«Өзүнүн чын ыкластуулугуна ишенүү – бул өзүнчө ыклассыздык» дейт.
Бул багытта Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«Өзүңдүн Ислам диниңде чын ыкластуу бол! Чын ыкластуу болсоң, аз амал дагы сага жетиштүү болот» (Хаким, Мустадрак, 4, 341).
«Алла Таала силердин кебетеңерди, же мал-мүлкүңөрдү карабайт! Ал силердин жүрөгүңөрдү жана амалыңарды карайт» дейт (Муслим, Бирр, 34).
Исламда Ыйык Куран жана сүннөт менен жуурулуша жашоо «истикаамат» деп аталат. Жараткан Алла Таала бул багытта акыркы Пайгамбарына жана ал аркылуу жалпы мусулмандарга төмөнкүчө буйрук берген:

«Сен жана сени менен бирге тообо кылган адамдар да (Алладан) буюрулгандай туура адал жолдо болгула! Чектен ашпагыла!...» (Худ сүрөсү, 112-аят).
Акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам):
«Мени Худ сүрөсү карытты...» (Тирмизий, Тафсир-и суура, 56/6) деп айтышына себеп болгон бул буйрукка29 муфассир30 аалымдар тарабынан төмөнкүчө түшүндүрмө берилген:
«Эй, Пайгамбар! Курандын өкүмү боюнча аракет кылып, сен жөнүндө айтылган өйдө-ылдый жалган сөздөрдүн негизсиз болгондугун таасын далилдей турган таризде адал жолдун эң жогорку үлгүсү болушуң керек. Сен бутпарастардын, эки жүздүүлөрдүн сөздөрүнө кулак салба! Аларды Аллага тапшыр! Коомдук болсун, жеке өздүк болсун, айтор, ар бир озуйпаңды толугу менен сага буйрулган таризде ийине келтире аткар! Туура жолдон алыстаба! Сага түшкөн буйруктун жүзөгө ашышы канчалык оор болсо да, аны аткарууда эч бир тоскоолдукка алдырба! Жараткан Эгең сага ар дайым арка-жөлөк болот»
Абдуллах ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун):
«Ыйык Куранда Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) үчүн бул куттуу аяттан дагы оор кайрылуу болгон эмес» дейт (Нававий, Шарху Сахих-и Муслим, 2, 9).
Бул жердеги буйрук канчалыгы менен акыркы Пайгамбарга карата түшүрүлгөн болсо да, аны тек өзүнө гана байланышкан жагдай убайым тарттырган эмес. Себеби ал:
«(Элчим!) сен туура жолдосуң...» (Ясин сүрөсү, 4-аят) деген аят менен алкоого алынган пайгамбар эле. Бул жерде аны ушунчалык кайгыга салып, чачына ак түшүргөн нерсе – бул өзүн ээрчиген мусулмандардын камы, биз мусулмандардын адал жолго карата мамилебиз болгон.
٭٭٭
Ырас, акыркы Элчи (саллаллаху алейхи васаллам) көргөзгөн жолдон башка эч бир жол адам баласын Жараткандын алдына жарык жүз менен алып бара албайт. Алла Таала өзүнүн чексиз сүйүүсүнө, кечиримине, учу-кыйырсыз мээримине ээ болуу үчүн акыркы Пайгамбарга баш ийүү шартын талап кылган. Бул багытта куттуу аяттарда төмөнкүчө буюрулат:

«(Элчим!) “Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле! Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Алла – Кечиримдүү, Боорукер! дегин» (Аали Имран сүрөсү, 31-аят).
«(Аларга) «Аллага жана Анын пайгамбарына моюн сунгула! .... Эгер акыркы пайгамбарга моюн сунсаңар, анда туура жолду табасыңар» деп айт!» (Нур сүрөсү, 54-аят)
Зуннуун-у Мысрий олуя бул багытта:
«Акыркы Пайгамбардын сүннөтү менен жүрүм-турумун, терс кулк-мүнөзүн оңдогон адам Жараткан Аллага болгон сүйүүсүн далилдеген болот» дейт.
Ал эми Баязид Бистамий олуя:
«Абада малдаш токунуп олтурган адамды көрсөңөр, ал адамдын Алланын «адал-арам» деген эрежесин кармангандыгын, сүннөткө баш ийгендигин, адал жолдо жүргөндүгүн көрмөйүнчө мунун керемет болгондугуна ишенбегиле!» дейт.
Адал жолдо жүргөн пенделер жөнүндө Ыйык Куранда төмөнкүчө буюрулат:
«Ким Аллага жана Анын Элчисине баш ийсе, анда ал Алла Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн пайгамбарлар, ыраскөйлөр, шейит болгондор жана салих-такыбаа пенделер менен бирге (болушат). Алар Жаратканга кандай гана жакын пенделер!» (Ниса сүрөсү, 69-аят).
Бул аяттан да байкалгандай, адал жол – бул тандамал пенделердин жолу. Адал жолдун негизин бекем ыйман жана такыбаалык түзөт. Мына ушул эки баа жеткис дөөлөттүн орду – жүрөк, жан дүйнө. Бул өңүттөн адал жол бул жан дүйнөдөгү ошол ыйман менен дененин жуурулушуусу. Жүрөктөгү ыйман, ыклас адам баласы үчүн адал жолдун туруктуу жолоочусу болушуна мүрөктүн суусу болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз:
«Тил туура болмоюнча жүрөк, жүрөк туура болмоюнча ыйман-ишеним туура болбойт» деген (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 3, 198).
Учурунда Пайгамбарыбыз акыл-насаат сурап келген бир адамга:
«Жалгыз Аллага ишендим, дегин да, адал жолдо түз жүр!» деп насаатын айтып, Ислам динин корутундулаган (Муслим, Иман, 62).
٭٭٭
Адал жолду кармануу сыяктуу эң жогорку даража жана андан тайбай, түз жүрүү сыяктуу оор эч бир буйрук жок. Анткени адал жол ибадат кылууда эрежелерди так сактоо, буйрулган нерсени ошол буйрулгандай таризде жана күчтүн жетишинче эң жогорку деңгээлде орундатуу, дегенди түшүндүрөт. Адал жол – бул акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) нурлуу жолу менен жүрүү. Ошондуктан ушул адал жолдо жүрүүнүн өзү эң чоң керемет болуп эсептелет.
Атактуу олуялардан Мавляна Жалаладдин Руми:
«Бул жан денемде турган чакта мен Курандын каралымын, Мухаммад Пайгамбарыбыздын жолунун топурагы, бутунун чаңымын. Эгер кимдир бирөө менин бул сөздөрүмдү башка мааниге өзгөртүп айтса, ошол сөздөн да, ал адамдын өзүнөн да мен алысмын»
«Ким акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) «дасторконунан» (б.а. сүннөтүнөн) башка дасторконго барса, анда анын шайтан менен бир табактан даам сызаарын эсиңе түйүп ал!» дейт.
6. Тасаввуф – бул шүгүрчүлүк жана моюн сунуучулук
Араб тилинде «Ислам» сөзү «са-ли-ма» деген уңгуга такалып «коопсуздукта, тынчтыкта болуу, баш ийүү, моюн сунуу, кабыл алуу» деген маанилерди туюнтат. Тасаввуф пенденин Жараткандын адал жолунда өмүр улап, ар бир көз ирмемде Жаратканга жакындап турушу үчүн Алла Таалага шүгүрчүлүк жана моюн сунуучулук сезимдерин жан дүйнөгө бекем отургузууну көздөйт.
Анткени мынабул утурумдук дүйнөнү чырмап турган миң бир түрлүү кыйынчылык-машакаттардын таасири жана напсинин терс арзуулары жалгыз Жараткан Аллага ыраазы болуп шүгүр келтирип, моюн сунуу аркылуу гана басаңдайт. Тагыраак айтканда, Аллага шүгүр келтирип, моюн сунуунун берекеси менен машакаттар сезилбес абалга келет. Алтургай кыйынчылыктар дагы Жараткандын өзүнчө бир жакшылыгы катары кабылданып калат.
Моюн сунуучулук – бул тагдырдын ар түрлүү сыноолорун Жаратканга ыраазы болуп шүгүр келтирүү менен кабыл алуу, ошондой эле ошол сыноолорго карата колдон келген аракетти көрүп, жыйынтыгын Жаратканга тапшыруу жана жүзөгө аша турган натыйжага толугу менен ыраазы болуу, дегенди түшүндүрөт. Мунун эң сонун үлгүсүн Алланын буйругу менен өзүнүн кан-жанынан бүткөн уулун курмандыкка чалууга алпарган Ибрахим (алейхиссалам) пайгамбардан жана Жалгыз Алланын гана ыраазылыгы үчүн өз жанын аябаган азирети Исмаил пайгамбардан таасын көрүүгө болот. Жараткан Алла бул эки пайгамбардын моюн сунуучулугун бүтүндөй адам баласына үлгү катары көрсөтүп:
«Экөө тең Алланын буйругуна толук моюн сунушкан эле...» деп буюрат (Саффаат сүрөсү, 103-аят). Алар ушундай моюн сунуучулугу менен өзүнчө бир ибадаттын түркүгүн түзө турган таризде Жараткан Алланын чексиз ыраакымына бөлөнүшкөн.
Улуу максатка карай кеткен жолдо Жаратканга моюн сунуу, Алла буюрган тагдырга, кыйынчылык-сыноолорго сабырдуулук менен ыраазы болуп шүгүр келтирүү зарылчылыгы талап кылынат. Себеби адам баласынын баралына келишинин ачкычы ошол кыйынчылык-машакаттар болуп саналат.
Аалым-олуялардан Шакик Балхий:
«Машакаттын акыбетин билген адам андан арылгысы келбейт» дейт. Бул жагдайды жакшы түшүнгөн Алланын сүйүктүү пенделери кайгы-кубанычка бирдей мамиле жасашкан. Ошентип алар «шүгүрчүлүк жана моюн сунуучулук» даражасына жетүүгө аракет кылышкан.
Моюн сунуучулуктун дагы бир өңүтү – бул «Жаратканга болгон эң аруу сүйүү» болуп эсептелет. Анткени сүйгөн адам сүйгөнүнөн келген «ачуу-таттуу» нерсенин баарын жылуу кабыл алып, сүйүүсүнүн аруулугун далилдөөгө жанүрөйт.
Абу Али Рузбари бул багытта мындай деген экен:
«Тасаввуф – бул куулса дагы сүйгөнүн эшигинин алдында тизе бүгүп, чөк түшкөн абалда баарына кайыл болуп олтурган адамдын мисалы»
Жан дүйнөсү Жаратканга болгон аруу сүйүүгө толгон пенде Жараткан Алладан келген сыноолордун бардыгын сүйүүсүнө жараша кучак жая тосуп алат. Маселен, Ибрахим пайгамбардын моюн сунуучулугу, Аллага болгон сүйүүсү албырттаган отжалындын соймоңдогон тилин көз ирмемде гүлбакчага айланткан. Якуб (алейхиссалам) пайгамбар Жараткандын тагдыр-сыноосуна карата ыраазы болуп, толук моюн сунуу менен өзүнчө үлгүлүү өмүр сүргөн.
Тасаввуф пайгамбарлардын Жаратканга болгон моюн сунуучулугун жашоонун баа жеткис үлгүсү катары кабылдайт. Учурунда аялзатынан чыккан атактуу олуялардан Рабия ал-Адавиййа:
«Сүйгөн адам сүйгөнүнө баш ийет»деген экен.
Кутман сахабалар дагы жалгыз Жараткан Аллага бапестеген эң аруу сүйүүлөрүн жүрөктүн төрүндө сактай алышкандыктан ардактуу Пайгамбарыбызга болгон сүйүүлөрүнө, анын ак сүннөтү менен жуурулуша жашоолоруна жараша баралына келишкен. Алар ошол аруу сүйүүсү жана моюн сунуучулугу менен бүтүндөй үммөт үчүн ар бири өзүнчө үлгү болууга жетишкен.
٭٭٭
Жогоруда берилген тасаввуфтун аныктамаларынан төмөнкүчө корутунду аныктама чыгарсак болот:
Тасаввуф – бул материалдык жана руханий ыпластыктардан арылып, адамдык асыл сапаттарга ээ болуу менен Ислам динин өзөгүнө ылайыктуу түрдө кармануунун аракети. Жан дүйнөнү ар түрлүү руханий ыпластыктардан арылтып, напсинин бийик ашууларын ийгиликтүү ашууга умтулуу.

Тасаввуфка ар түрлүү түшүндүрмөлөрдүн жана аныктамалардын берилиши анын тематикасынын тереңдигин, ар тараптуулугун айгинелейт. Тагыраак айтканда, тасаввуфтун тематикасы өзүнчө бир океан сыяктуу өтө терең жана ар тараптуу маанини камтыйт. Себеби ал адамдын жан дүйнөсүнө жана напсисине байланышкан ар түрлүү жагдайлар менен алектенет. Адам баласы руханий сапарында басып өткөн аралык-жолдор, башынан өткөргөн миң түрлүү жагдайлар жана акыры аалам-атпайдын Жаратуучусу Алла Тааланы жүрөк менен тааный билүү, Ага кулчулук кылуу сыяктуу нерселер менен байланыш курат.
Тасаввуф алгач напсини тарбиялап, жан дүйнөнү аруулоо менен адамды баралына келтирүүдөгү баскычтар, даражалар жана эреже-усулдар жөнүндө кеп салат. Башкача айтканда, тасаввуф Жалгыз Жараткан Алланын ыраазылыгын таап, түбөлүк бакытка жетүү үчүн напсини теске салып, жан дүйнөнү тазалоо аркылуу адам баласынын ичи-тышы менен таза болушуна себепкер болууну көздөйт. Күнүмдүк турмушта «ихсан» сезимин жандуу кармоо менен бейпил жашоого багытталат.
Бул өңүттөн тасаввуфтун негизги тематикасы Улуу Жараткан Алла Тааланын заты, сыпаттары жана ушул сыпаттарынын бүтүндөй ааламды кучагына алган хикмат-сырларынын аңдалышына багытталган усулдар, ыкмалар менен аныкталат.
Кыскасы, тасаввуф Алла Тааланын ысым-сыпаттарына жан дүйнө менен күбө болуу аркылуу марифатка (б.а. марифатуллахка) умтулуунун жолдору, ошондой эле адам, аалам жана Куран аяттарында берилген маалыматтар менен руханий ааламдагы баскычтар жана ушул баскычтардын жыйынтыгында бышып жетилүүнүн жол-жоболору жөнүндөгү билгилик.

Тасаввуфтун ар тараптуу тематикасына назар салганыбызда анын адам баласы үчүн өзгөчө маанилүү улуу максатка багытталганын байкоого болот. Бул ошол эң алгачкы пайгамбардан тарта бардык пайгамбарлардын, Жараткандын сүйүктүү олуя пенделеринин жан дүйнөсүн көркүнө чыгарган «жалгыз Улуу Алла Таалага эң жогорку деңгээлде кулчулук кылуу» деген максат. Бул максат эң улуу, эң аруу максат. Тагыраак айтканда, Жараткан Алланын ыраазылыгына ээ болуу үчүн руханий илдеттерден арылып, акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) асыл сапаттары менен жуурулушуу, ошол баа жеткис үлгүдөн күчтүн жетишинче насип алуунун камын көрүү. Напсини Ислам динибиздин эрежелери менен тарбиялоо, ибадаттарды супсак, жансыз эмес, «ихсан» сезими менен аткаруу, жан дүйнөнү руханий жан азыктар менен көркүнө чыгаруу аркылуу тазалап, жалгыз Жараткандын ыраазылыгын табуу.
Адамзат тарыхы ушул күнгө чейин күбө болуп келгендей, адам баласы өзүнүн жаралуудагы максатына ылайык өмүр кечиргенинде, Курандын тили менен айтканда, «ахсану таквим»ге (жандуужансыздын эң ардактуусуна) айланууга, ал эми улуу максаттан алыстап, адал жолдон адашканында «бал хум азалл»га (б.а. айбандан да төмөн даражага) түшүүгө да жөндөмдүү. Адам баласынан «адам» деген атка татыктуу өмүр сүрүшүн талап кылган жападан жалгыз себеп – бул ыйман. Ыймандан кийин адеп турат. Пайгамбарлардын негизги озуйпа-милдеттеринин бири адамдардын жан дүйнөсүн дал ушул көөнөрбөс баалуулуктар менен көркүнө чыгарууга себепчи болуу, болгон.
Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мураскорлору, б.а. олуя-аалымдар жана ошол инсандардын куттуу пайгамбарлык мөлтүр булактан алган жан дүйнө илими Алла Элчисинин ошол озуйпасына карата өкүлчүлүк кылат.
Тасаввуф жолундагылар адамдык асыл сапаттын туу чокусунда турган Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) сүннөтү менен толук жуурулушуп жашоого умтулушат. Ошентип аларды бул жолго багыттаган Алланын олуя пенделери ардактуу Пайгамбарыбыздын (алейхиссолаату вассалаам) бул дүйнөдө аткарган бир кызматын улантышып:
«Чыныгы аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору» (Абу Давуд, Илим, 1) деген куш кабарга тушуккан болушат.
Андыктан тасаввуфтун негизги максаты болгон руханий жактан бышып жетилүү Пайгамбар көздөгөн улуу максатка такалаарын айтууга мүмкүн. Маалым болгондой, бул максат адамды ыйман нуру менен напсинин түркүн-түстүү азгырыктарынан арылтып, руханий өңүттөн баралына келтирүүгө багытталат.
Кудсий хадистердин31 биринде Жараткан Алла:
«Бул Мен ыраазы болгон дин. Бул динге жоомарттык жана изги адеп гана жарашат. Бул динди кармануу бактысы башыңарга конуп турган чакта аны ушул эки дөөлөт менен даңазалагыла!» дейт (Хайсамий, Мажмауз-Завааид, 8, 20).
Тасаввуф бул өңүтү менен мусулман баласынын жашоосун мээримдүүлүк, боорукерлик, жоомарттык, кечиримдүүлүк, шүгүрчүлдүк сыяктуу адамдык асыл сапаттар менен көркүнө чыгарууну көздөйт.
Ошону менен бирге тасаввуфтун дагы бир максаты шыкжөндөмү бар адамдарды такыбаалыктын жолунда ошол жөндөмүнө жараша жогорулатып, руханий жактан баралына жеткен, өзүн да, Жараткан Алланы да тааныган, Жаратканга жакын болуу бактысынын кадырына жете билген, напсинин акка кара көө жапкан ар түрлүү азгырыктарына каршы күрөшүп Алла Тааланын сүйүктүү пендесине айлантуу үчүн аларга белгилүү ашуулардан ашууларына багыт берүү болуп эсептелет.
Ыйык Куранда:

«Биз аманатты асман-жерге жана тоолорго сунуш кылдык. Алар аны аркалоодон баш тартышты, андан (аманатты алуудан) коркушту. Аны адам баласы аркалап, мойнуна алды. Чындыгында ал абдан заалым жана наадан» (Ахзаб сүрөсү, 72-аят) деп буюрулгандай, караңгы туңгуюкка кептелген адам баласын «зулумдук» жана «наадандык» деген терс сапаттардан арылтып, «адам» атка татыктуу баралына келген адамга айлантууга себепкер болуу.
Имам Газалий (Алла аны өз ыраакымына бөлөсүн):
«Пайгамбарлардын мураскорлору материалдык жана руханий илимдерди алгандар эсептелет» дейт.
Адам баласынын түбөлүк бакытка жетиши напсинин терс сапаттарынан арылышына, ибадат-амалдарынын чын ыкластан аткарылышына, илиминин элге пайдалуу болушуна байланыштуу. Тасаввуф мына ушул багытта белгиленген эреже-усулдардын, ыкмалардын жүзөгө ашышын максат кылат.
Бул максатты жүзөгө ашырган Жараткандын сүйүктүү олуя пенделери ыйманы бекем такыбаа адамдар болуп эсептелишет. Жараткан Алла алар жөнүндө мындай дейт:

«Ооба! Албетте, Аллага жакын пенделер үчүн коркунуч жок. Алар кайгырышпайт. Алар Аллага ыйман келтирген такыбаа пенделер» (Юнус сүрөсү, 62-63-аяттар)
Көөдөндөгү ыйман адам баласын ар түрлүү калпыс ишенимдерден арылтып, жалгыз Жараткан Аллага жакындатса, такыбаалык жан дүйнөнү Алла Тааланын Өзүнө гана бапестелген аруу сүйүүгө толтурат. Мындай даражага жеткен пенденин жан дүйнөсү бул учурда Жараткандын назары түшчү жайга айланат.

Тасаввуф – бул Ислам дининин руханий өңүтү жана өзөгү. Ал мөмөнүн даамын чыгарган нукура ширеси сыяктуу.
Жалпыга маалым болгондой, адам баласы денеден жана рухтан турат. Бул экөөнүн тең өз табиятына ылайык талаптары бар. Ислам дини адам баласынын табигый өзгөчөлүктөрүн четке какпайт. Тасаввуф Ислам дининин эрежелеринин негизинде оң өңүттүү жөндөмдүүлүктөрдү өөрчүтүүгө, ал эми терс өңүттүүлөрүн мүмкүнчүлүктүн жетишинче төмөндөтүүгө басым жасайт.
Адам баласы эгер жашоосун дене муктаждыктары менен гана чектөө аркылуу жан дүйнөсүнүн талаптарына жооп бербесе, руханий жактан бейпилдикке жетиши мүмкүн эмес. Ислам дини адам уулуна материя менен рух дүйнөнүн ортосундагы тең салмактуулукту сакташын сунуштайт. Ал адам баласын бир жагынан руханий багытка беттесе, экинчи жагынан материалдык дүйнөнүн талаптарын да аткарууга үндөйт. Адам дүйнөгө материалисттик көз караш менен гана назар салса, толук кандуу руханий өңүттү дагы жансыз жана конкреттүү калыптын алкагында кабыл алат. Ырас,тасаввуфка каршы көз караштардын төркүнүндө жаткан эң негизги себептердин бири дал ушул жагдай.